Menu

УКМК: Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Суюмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча изделүүдө

Бөлүшүү:

Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Суюмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Б.Суюмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган.

Б.Суюмбаевдин суракка келбей жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-беренесинин 2-бөлүмү (экономикалык кантрабанда) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, ага издөө жарыяланган.

“Б.Т.Суюмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсеңиздер болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: