Menu

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур менен жүргөн айдоочуну кармады

Бөлүшүү:

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 4-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:30 чамасында Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Lexus LS 460 ” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда А.И. аттуу айдоочусу авто унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: