Menu

Равшан Жээнбеков: “Көп суроолорду мурунку президентке, өкмөт башчысына, энергетика министрине бериш керек”

Бөлүшүү:

– Равшан мырза, 386 млн долларга модернизация болгон Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) суукка чыдабай, аварияга учурады. ЖЭБди модернизация кылган кытайлык ТВЕА компаниясы сиз депутат болуп турган кезде келген. Сизде ал компанияны ким алып келген, анын кызыкчылыгын ким коргогону тууралуу маалымат барбы?

– Ал компанияны ким алып келгени жөнүндө менде маалымат жок. Бирок, ошол учурдагы жана бүгүнкү маалымат каражаттарын карай турган болсок, ал компанияны ачыктан-ачык коргогон, алып келген адамдарды так эле көрсөк болот. Мисалы, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев көп жолу бул компания жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, кайра-кайра бул компания менен иштешүү керек экенин, алар жакшы ЖЭБ куруп бере турганын айтканын көрүп турабыз. Экинчиси, ошол маалдагы премьер-министр, ошол кездеги президенттик администрациянын жетекчиси, ошол учурдагы энергетика министри кытайлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чакырып, ошолор алып келген деп жалпысынан айтсак болот.

– Ошол компания депутаттарды Гонконгго алып барып келгенде сиз дагы барган экенсиз го?

– Ири компания Кыргызстанга келе турган болсо, ал компаниянын абалын, өз өлкөсүндө кандай иштеп жатат, кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин көрүп келүү тажрыйбасы бар. Өкмөт мүчөлөрү, адистер, депутаттар барат. “Лигласс” сыяктуу эч нерсеси жок эле келип алган учурлар болбодубу. Ошондой абал жаралбаш үчүн мамлекеттик кызматкерлерди, депутаттарды алып барып, көрсөтүп келген учурлар көп эле. Мени андай делегацияларга оппозициялык маанайдагы депутат болгонумдан кийин кошчу эмес. Мени отун-энергетика комитети сунуш кылып, оппозициячыл бир депутат да барсын дегенден кийин барып көрүп келгем. Чынында эле ал компаниянын Кытайдагы мүмкүнчүлүктөрү аябай эле чоң, жакшы. Алардын иштеген иштерин, жылуулукка байланышкан станцияларды өндүрүү боюнча инженердик өндүрүштөрүнүн баарын көргөнбүз. Кыргызстанга келип кандай иштерди жасады, кантип бүтүрдү ага жооп бере албайм. Аны премьер-министр баш болуп Энергетика министри, “Электр станциялары” карашы керек эле.

– 5 күндүк суук ЖЭБде 386 млн долларлык иш аткарылбаганын, акча кимдир бирөөлөрдүн капчыгын калыңдатканын ачыктап салбадыбы?

– Акыркы күндөрү дүйнөлүк маалымат каражаттарында кытайлык компаниялар катышкан ири долбоорлордо коррупция болуп жатканы айтылып жатат. Бизде дагы ЖЭБди модернизациялоого каралган акча натыйжалуу пайдаланылбай, коррупциялык схемалар иштеп кеткен деген шектенүүлөр бар. Муну азыр эч ким жокко чыгара албайт. Коңшу мамлекеттер мындан аз суммага жаңы ЖЭБди куруп ишке берип койду. Бизде болсо 30 гана пайызы ремонттон өтүптүр. Көп нерселер ачыкталбай турат. Ачыкка чыгышы да күмөн. Көп суроолорду мурунку президентке, өкмөт башчысына, Энергетика министрине бериш керек.

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: