Menu

Бегиш Аматов, экс-депутат: «Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов 157 кишинин атынан Акаевдин мыйзамсыз ишин колдоп, өлкөнү азыркыдай мыйзамсыздыкка алып келгени үчүн телевидение аркылуу элден кечирим сурашы керек»

Бөлүшүү:

— Бегиш аке, сиз Камбар-Ата‑1 ГЭСи Өзбекстан менен бирге курулса, ГЭС Өзбекстанга карап, ал жерге өзбектердин аскери кирип келиши мүмкүн деп кабатыр болуп жатасыз. Кайсыл негиз менен кабатыр болгон жайыңызды түшүндүрүп берсеңиз?

— Биздин жетекчилердин телевидениеден берген маегинде “Өзбекстан менен болгон мамилени аябай оңдодук, Камбар-Ата‑1 ГЭСин курууга Ислам Каримов уруксат бербей жүрдү эле, азыркы жетекчиси менен келиштик. Кыргызстан-Өзбекстан биргелешип, Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу үчүн биргелешкен ишкана ачуу тууралуу сөз болду” деген сөз айтылды. Камбар-Ата‑1 жана Камбар-Ата‑2 ГЭСтер биригип 20 млрд киловатт саат энергия берет. Анын 50 пайызы Өзбекстандыкы, калган экинчи бөлүгү Кыргызстандын жараныныкы болуп калышы мүмкүн. Менин кабатыр болгонум ушул. Себеби, 2010-жылкы Конституциянын 12-статьясынын 5-пунктунда “…Земля также может находиться в частной, муниципальной и иных формах собственности, за исключением пастбищ, которые не могут находиться в частной собственности.”деп жазылып турат. Буга ылайык биздин шылуундар ГЭС курула турган жерлерди менчик кылып алса не болот? Мүмкүн эбак эле кээ бир жерлер менчикке берилип кеткендир. Орустар ГЭС курабыз деп иш баштаган учурда Ат-Башыда менчик жерлер боюнча тополоңдор болуп атпадыбы. Өзбек тарап менен менчик жери бар Кыргызстандын жараны биргелешкен ишкана курууга чыгышы мүмкүн. Андай болсо Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда келишим түзүлөт. ГЭС курулуп бүткөндө ал жерде 20 млрд киловатт саат электр энергиясы иштелип чыгып, анын 50 пайызы миң жылга чейин деле Өзбекстандын менчиги болуп, Өзбекстанга электр энергия берип турат. Дүйнөлүк баада 1 киловатт саат электр энергиянын баасы 200 доллардан болгондо, Өзбекстан 10 млрд киловатт саат электр энергиядан жылына 2 млрд доллар акча табат. Кыргызстандын шылууну да жылына кудум ошондой 2 млрд доллар пайда көрөт. Ошентип Кыргыз мамлекетине эч нерсе тийбейт. Эл тополоң кылса кыргыздын шылууну Бакиев Минскиге, Акаев Москвага качкандай, шылуун Ташкентке качып, ал жакка баргандан кийин Өзбекстандын жарандыгын алышы мүмкүн. Андай болуп кала турган болсо, Камбар-Ата‑1 жана Камбар-Ата‑2 ГЭСтери 100 пайыз Өзбек мамлекетиники болот. Өзбек мамлекети өз жарандарынын менчиги кайсыл жерде болбосун коргоого милдеттүү. Бул биздин Өзгөндөгү Кемпир-Абад суу сактагычында ачык көрүнүп турбайбы. Ал жерде өзбек аскери суунун бетин жана суу сактагычтын платинасын, электр станциясын коргоп турат. Ошондой болуп Камбар-Ата ГЭСтерине да өзбек аскерлери киргизилип, ал жерди кайтарууга алат. Мен ушундан кабатыр болуп жатам да, үка.

— Биздин аймак болгон соң өзбектер аскерин кантип киргизип алмак эле?

— Мен чоочугандай эле болуп кете турган болсо, биздикилер эч нерсе кыла албайт. Колдорунан эч нерсе келбейт. ГЭСтер Өзбекстандын менчиги болуп калса, алар өзүмдүн менчигимди коргоп турам, андан башка эч нерсе кылган жокмун деп тура берет.

— Кыргыз мамлекетинин уруксаты жок башка өлкө аскерин киргизе албайт да?

— Биздин шылуундар Камбар-Ата ГЭСтерин эмес, Токтогул ГЭСин баш кылып башка ГЭСтердин баарын сатып жибериши мүмкүн. Анткени, өлкөнү өнүктүрөбүз деп алган чоң карыздарды жабыш үчүн акча керек деп чыгышы ыктымал да. Анда Үч-Коргондон баштап ГЭСтердин баары Өзбекстандыкы болуп да калышы ыктымал. Ишенген дарыябызды дагы колубуздан алдырып жиберебиз. Азыркы Конституциянын “мыктылыгы” ушуга жол ачып берип салган.

— Ошол жер сатыла турган болсо ким сатып алышы мүмкүн? Оокатын араң кылып жаткан кара таман адам сатып албаса керек?

— Андай жерди шылуундар сатып алат. Эң мыкты деп аткан азыркы Конституция боюнча ар кандай шылуундар Кыргызстандын жерин менчиктеп сатышы мүмкүн. Мен мыйзамдуу Конституция бузулгандан берки бийликтердин баарын мыйзамсыз деп эсептейм. Азыркы бийлик да мыйзамсыз. Өзбекстан биздин мыйзамсыз бийлигибиз менен келишим түзөт да, андан кийин ГЭС курулганда “Биз силердин Конституцияңарды сыйлайбыз. Ошонун негизинде иш кылдык” деп, бул жактагы саткынчылыкты колдойт.

— Көз карандысыз өлкө дегенди ошону менен биротоло көмүп алабызбы?

— Бүтөт ошону менен. Ансыз деле көз каранды болуп калбадыкпы. Үзөңгү-Куушту кытайларга карматтык, кытайлар келип алтыныбызды казып жатат, чилденин күнүндө бизди тоңдуруп койду. Дагы эмнени айтайын, үка?

— Сиз чоочулап жаткан статьяны жокко чыгарсак жердин баары Өкмөттүкү болуп калабы?

— Жер жүз пайыз өкмөттүкү. Бирок, азыр кандай иштеп жаткан болсо ошондой иштей берет. Болгону жер сатылбайт.

— Сиз 2010-жылдагы Конституцияда жерди сатканга уруксат берген деп кабатыр болуп жатасыз. Биздин Конституциябыз оңдоло берип, жамала турган жери калбай калган тери тонго окшоп калган да. 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияда жер маселеси кандай каралган эле?

– 1993-жылы кабыл алынган Конституциянын 4-статьясынын 3-пунктунда “В случаях и размерах, установленных законом Кыргызской Республики, земельные участки могут передаваться в пользование гражданам и их объединениям. Не допускается купля-продажа земли.” деп каралган. Конституциялык сот, Конституциянын гаранты Аскар Акаев баштаган бийлик адамдары Конституцияны бузуп, 157 кишиден турган Конституциялык кеңешмени Акаевдин Указы менен түзүшкөн. Тизмеде биринчи Аскар Акаев, андан кийин Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов болуп кете беришет. 1993-жылдагы Конституциянын 96-статьясындагы “Изменения и дополнения к настоящей Конституции принимаются Жогорку Кенешом по предложению Президента Кыргызской Республики, не менее одной трети депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики и не менее 300 тысяч граждан Кыргызской Республики.” дегенди бузушкан. Ал жерде референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүү деген жок болчу. Биз өзүбүздүн элди жакшы билебиз да. Референдум өткөргөндө акимдер жогор жактагылар эмне десе ошону аткарып келе беришет. Жыйынтыгын 99,9 пайыз кыл десе, ошондой жыйынтык беришет. Биринчи мыйзамдуу кабыл алынган Конституцияда элдин ишенимине ээ болуп, ар бир округдан шайланган депутат гана талкуулоо жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизет деп жазылуу.

— Кийинки Конституциялардын баарында референдум аркылуу өзгөртүү киргизилет деп каралып жатабы?

— Туура, президент Акаев, Конституциялык сот мыйзамсыз Конституцияны бузгандан кийин, Конституцияга референдум менен өзгөртүү киргизиле берет дешкен. 1996-жылы февраль айындагы Конституциянын 96-статьясында “Изменения и дополнения в настоящую Конституцию принимаются референдумом, назначаемым Президентом Кыргызской Республики.” деп жазылып турат. Мына үка, башаламандык кантип башталганын түшүндүңбү? Биз жазган жалгыз мыйзамдуу Конституцияда толуктоолор, өзгөртүүлөр бир гана Жогорку Кеңеш аркылуу киргизилет делген. Муну ошол кездеги Конституциялык соттун төрайымы өтө жакшы билет.

— Ал учурда төрайым Чолпон Баекова болчу да…

— Ооба, Чолпон Турсуновна жана анын сот коллегиясы өтө жакшы билет.

— 2010-жылдагы кабыл алынган Конституцияда бул норма президент деген жери Жогорку Кеңеш деп гана алмашкандыктан, эч кандай өзгөрүү болгон эмес деп эсептейсизби?

— 2010-жылдагы Конституциянын 114-статьясында “Закон о внесении изменений в настоящую Конституцию может быть принят референдумом, назначаемым Жогорку Кенешем.” деп жазышкан. Эмнеси өзгөрдү үка? Элдин башын айлантып, улам референдум өткөрө берип, мыйзамсыз, эл үчүн иштебеген Конституциялар алына берген.

— Сиз биринчи Конституция мыйзамсыз бузулганын ошол кездеги Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова өтө жакшы билет дедиңиз. Ал киши мыйзамсыз иш болуп атканын билсе, неге силер айтканга көнгөн эмес?

— Аскар Акаев качып, Бакиев бийликке келгенде Конституциялык сотко гезит аркылуу сунушумду айткам. Чолпон Баекова баштаган Конституциялык соттун судьялары Кыргызстандын элинен кечирим сурап, өлкөнү мыйзам талаасына алып келиши керек дегем. Натыйжа чыкпады. Менин КГБнын полковниги Болот деген коңшум бар болчу. Ошол жигит көз жумуп калды. Дагы бир коңшум Кубанычбек Орозбаев деген генерал. Экөөбүз Кубанычбектин машинеси менен Болотту жерге берүү үчүн Токмокко бирге жөнөй турган болдук. Кубанычбек “Чолпон Турсуновна мени да ала кеткиле деп айтты эле” деп анын үйүнө барып, Чолпон Турсуновнаны да алып алдык. Ошондо машинада бара жатканда Чолпон Турсуновна “Бегиш Аматович, сиздин Конституция боюнча айткандарыңыз туура. 1994-жылы кабинетимде олтурсам Левитиндин жардамчысы Нарымбаев Данияр папканы көтөрүп кирип, ушул папкадагы документти окуп, окуп бүткөндөн кийин кол коюп берет экенсиз деди. Мен алып окусам, Конституциянын 97-статьясынын 49-статьясын өзгөртүшүптүр. Анын ичине мындан ары референдум менен Конституция өзгөрө берет дегенди киргизишиптир. Ушунун баарына кол коюп бериңиз деди. Мен ары басып, бери басып акыры кол коюп бердим” деди. Эмнеге кол коюп бересиз? Сиз Конституцияга туура келбеген президенттин Указын, Жогорку Кеңештин Конституцияга туура келбеген мыйзамын жокко чыгара аласыз. Эмнеге бул ишке бардыңыз?– деп сурасам, “Эмне, мен дагы Исановдой болуп калайынбы? Исановду өлтүрүп коюшту го” деди. Жок эже, өлбөңүз дедим. Мына ошентип, Акаев жана Конституциялык кеңешме бийликти зордук менен басып алган. Бийликти басып алуу ошондон башталган, үка. Конституцияда бийликти басып алуу өлкөдөгү эң оор кылмыш деп жазылуу. 1993-жылдагы Конституциянын 2-статьясынын 2-пункттунда “Никакая часть народа, никакое объединение и никакое отдельное лицо не вправе присваивать власть в государстве. Узурпация государственной власти является тягчайшим преступлением.” деп турат. Бийликти узурпациялоо башталганда Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргой албай койду. Мен бүгүн мунун баарын айтып жатканымдын себеби, азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде “Мен коррупцияга каршы күрөштүн башында турам” деп айтты. Мен ошол кишинин айтканына таянып, мени коргой турган күч бар деп, ушул окуяларды сага айтып жатам. Ал киши убактылуу болсо да бийликте олтурат. Коррупция менен күрөштү ушул жерден башташы керек. Акаев качып кетти. Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов 157 кишинин атынан Акаевдин мыйзамсыз ишин колдоп, өлкөнү азыркыдай мыйзамсыздыкка алып келгени үчүн телевидение аркылуу элден кечирим сурашы керек. Кыргызстан азыркыдай башаламан башкарууда болбой, 1994-жылга кайтып, мыйзамдуу талаага кайра келиши зарыл. Андан берки шайланган президенттер, өкмөт башчылар, депутаттар мыйзамсыз деп табылууга тийиш.

— Акаев бийликти узурпация кылды деп өлкөдөн куулду. Андан кийинки президент Бакиев да бийликти узурпация кылганы үчүн качканга аргасыз болду. Эки революцияда сиз айткан мыйзамдуу талаага кайтып барганга мүмкүнчүлүк бар беле?

— Акаевди бийликти басып алганы үчүн Бакиев таш-кесек менен өлкөдөн кубалап чыкты. Бакиевди Конституциялык жолго түш деп айткам. Керек болсо Бакиевди президент кылууга болбойт деп гезитке жазгам. Топчубек Тургуналиевге “Сен аталык экенсиң. Бакиевге кирип өлкөнү Конституциялык талаага түшүрсүн, айткының” дегем. Президентке кирип болбой койду деп башын чайкап чыкты. Үсөн Сыдыковичке да айткам. Ал кишиге эмне деп жооп бергенин билбейм. Башкы прокурор болуп турган Азимбек Бекназаровго айтсам “Конституция жана мыйзамдар жакшына, баарына тоскоолдук кылган Акаев болчу. Аны кетирдик, эми бизди иштеткиле” деди. Ошону менен 2005-жылы Конституциялык талаага кайтып келбей калдык. 2010-жылы революционерлер Бакиевди кетиришти. Көптөгөн адамдар өлдү. Бирок, алар да Акаевдин мыйзамсыз референдум менен кабыл алган Конституциясын мыйзамдуу дешти. Баштапкы мыйзамдуу талаага кайтып келгиле деген сөздү бирөөсү да уккан жок. Анын ордуна жер сатылат деген Конституцияны кабыл алып, Өзбекстан менен бирге ГЭС курабыз деп, Кыргызстанга өтө оор болчу процессти баштаганы туру. Камбар-Ата‑1 ГЭСи Нарын дарыясындагы каскаддардын эң чоң обьектиси. Андан кийин чоң ГЭС курулбайт. Ошондуктан, 1994-жылдан берки мамлекеттеги мыйзамсыз иштердин баардыгы мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алгандыктан келип чыкты деп табыш керек.

— Сиз ишенип, таяныч катары эсептеп жаткан Сооронбай Шарипович мыйзамдуу президентпи?

— Жок. Бирок, бул киши кандай болбосун бийликте олтурат. Коррупция менен күрөшөм деп катуу сөз берди. Ал өлкөнү баштапкы Конституциялык жолго салып кетсе, эл өзү аны мыйзамдуу президент кылып кайра шайлап алат. Ошондо чыныгы элдин лидери болуп тарыхта калат. Ушул иштин аткарылышын азыркы президент өз колуна алат деп ишенем. Бүгүн 1993-жылдагы мыйзамдуу Конституциянын негизинде бир гана Чолпон Баекова жана Конституциялык соттун мүчөлөрү мыйзамдуу сот органы деп табылат. Ушулар биринчи Конституцияны мыйзамдуу деп өкүм чыгарып, ага Баекова төрайым катары кол коюп, кетирген кемчилигин кайра оңдоого тийиш жана элден кечирим сурайт. Өлкөнү Конституциялык талаага алып келет. Жумагулов, Шеримкулов, Баекова ушул гезитти окуп чыгып, 10 күндүн ичинде катачылыктарын моюндасын.

Маектешкен Наралы АСАНБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: