Menu

Бекен Назаралиев: “Мандикерлерге” жооп – Атамбаевдин “чөөлөрү” чабуулга өтүштү

Бөлүшүү:

Биздин гезиттин № -19 (592) (1-июнь 2018-жыл.) санында Толгонай Стамалиеванын ишмердүүлүгү боюнча “Президенттин катчысы” деген сын материал жарыкка чыккан эле. Ошондон бери, Толгонай менен “атамбаевдин” жазмакерлери мени “шыбап” тизеге чапсак, баш көтөргүс кылып салсак деп түн уйкулары бузулган учур. Кечээ эле Атамбаевге жагалданып, аны айга-күнгө теңеп келип, бүгүн жалпы кыргыз элине акыл үйрөткөнү жаткан “жазмакерлерди” журналист деп айтууга да ооз барбайт. Алмаз Атамбаев кызматтан кеткенден бери анын “мандикер” журналисттери атасыз калган баладай, баштары маң болуп, эмнени жазышты билбей жумушсуз калышкан эле. Айлалары кетип, эми С. Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын көйнөгүнүн этегин кармап, кошоматка кой союшуп, “экзаменден” өтө баштаган кези окшойт. Кантсе да булардын түпкү “тамыры” максаттары бир эмеспи. Мага асылган К. Сапаров менен Т. Рыскулов өздөрүнүн карманган бекем позициясы жок адамдар экени журналисттер чөйрөсүнө, коомго деле белгилүү. Буларга өзүлөрүнүн деңгээлине түшүп жазбасаң түшүнүшпөйт.

Өзүнүн жазуу стили менен жазганда, сайда саны жок, журналист сөрөй Каныбек Сапаров дегенди кеч билип калдым. Мен аны журналист катары деле билбейт экенмин. Журналист дейин десең, ушул кезге чейин көзгө толумдуу бир макаласын окубаптырмын. Журналисттердин арасында Каныбек мырзаны акыр-чикирге аралашып жүргөн, “пок чукугуч” деп айтышканы да бекер эмес экенине эми ынандым. Бирок, ара жолдо “Айбат” деген гезит чыгара койгон. Ошол гезитинде редактор болуп жүрүп, төбөлдөрүнө жагынам деп мени аябай “боктоп”, каралап жазып, соттошкон жайыбыз бар. Ошол бойдон көргөн да эмесмин. Бечара ”жазмакер” өзү да мени көргөндө ат чабым алыс качып жүрөт. Себеби бар. Атамбаевдин доорунда АШАга кошомат кылып, тизеси жыртылганча мени өкүртө мазактап гезитинин бир канча санында шыбап жазганы бар. Бул бечара суу жүрөккө, көзү жалдырап эле турса ошондо боорум ооруган. Каныбек иним сөз кыла турган журналист да, “жазмакер” да эмес экенине ошондо ынандым. Бирөөлөрдү каралап “рэкеттик” кылып, эптеп “кожоюндарына жагынып жан баккан шоркелдей тура. Сотко келбей, бир канча жолу гезиттин жооптуу катчысын жөнөтүп, өзү качып жүргөн күндөрүн унутуп калса керек. Ошондо, гезит бетине жазгандарына, жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албай, какап-чакап, балык болуп отуруп берген. Мындай “тупой” жетекчини көргөн эмес элем. Соттон менден утулуп калып, ушул убакка чейин 20 000 сомду төлөбөй качып жүргөнү ачуу чындык. Калп болсо айтсын! Ошол, “эски боктомой” адатын дагы баштаптыр да деп койдум эле. Чындыкты жазган журналист болсоң, кечирим сурап, калпты жазып соттон утулбайт элең. Бакиевге жармаштырганыңдан башка, менден эмне таптың! Журналист катары президенттер Курманбек Бакиевге, Аскар Акаевге да барып маектешип келгеним чын. Ал менин журналисттик милдетим деп билем. Кабинетте ушак жазып отура бербестен, кыйын “жазмакер” болсоңор силер да Акаевге, Бакиевге барып жазып келгиле. “Багыт” гезити “Назаралиев жеткен трайбалист экен” деп макала жарыялаптыр. Бирок менин кандайча трайбалист экенимди далилдей албаптыр. Каныбек мырза бирөөлөргө акыл үйрөтүп, макала жазгандын ордуна соттон утулуп калган 20 000 сом карызыңдан кутулсаң боло!

Кечээ эле “мөлтө-шөлтө” “Багыт”, “Фабула” гезиттери Атамбаевди айга-күнгө теңеп, АШАнын “эшик ырчысы” болуп жүргөнүн элдин баарысы эле билет. Силер байдын кызындай мактаган Атамбаев жана анын командасы четинен камалып, кыргыз элинин, мамлекеттин казынасын уурдаган коррупционерлер болуп чыгууда. Буга эмне дейсиңер? Чыныгы журналист болсоңор, анда Атамбаевдин коррупционерлерин жазгыла. Балким, биз ошолордун жүзүн ачканыбыз, силерге окшогон АШАнын кошоматчы журналисттерине жакпай жатса керек. Азыр АШАнын жалданма жазмакерлери, кимдин эшигин шыпырып эптеп тиричилик кылсак деп баштары катып жүргөн учуруңар экенин да түшүнөм. Ал өзүнүн “Багыт” гезитинде “Сооронбай Шариповичтин колуна кол, бутуна бут болуп жүргөн Толгонай Стамалиеваны эле шыбап бүтө албай жатат…”-  деп жазыптыр. Кошоматчылыкты туу туткан, керек болсо “жазмакер” да боло албаган Каныбек Сапаров, Стамалиеваны коргомок турсун өзүн коргоп алсынчы! Стамалиеванын коргоочусу Каныбек Сапаров болсо, анда бүткөн экен. Өзүн өтө акылдуу сезген К. Сапаров арыдан-бери болуп, куюшканга кыпчылган “поктой” болбой, өз тиричилигин кылып жүрө бербейби. Эң таң калыштуусу, АШАнын эгиздин түгөйүндөй кошоматчы гезиттери “Багыт” гезитинде, (№ 20(102) 13-июнь, 2018-жыл)“Назаралиев жеткен трайбалист экен” деп жазса, ал эми “Фабула” гезитинде (№ 44 (261) 12-июнь, 2018-жыл.)“Бекен Назаралиев трайбалисттик деңгээлден көтөрүлсө”-деп жазышты. Эки гезитте тең жазылган макалалардын коёндой окшоштугу, жазуу стилдери да таң калтырат. Тим эле бир аялдын юбкасынан, “Форумдан” чыккандай көрүнүп кетти.

“Фабула” деген гезиттин редактору Тилек Рыскулов деген аты-жыты билинбеген “чала-була” журналист бар. Атамбаевдин ырын ырдап, тирилик кылып күн көрүп келген “өзүн классик” сезген жазмакер. Мени трайбалистке теңептир. Өзү трайбалист деген сөздү деле дурустап түшүнбөйт. Сындап койгон журналисттердин жүрөгүнүн үшүн алган Текебаевди менчелик эч кимиңер сындай алган жоксуңар. Өмүрбек экөөбүз, эк-үч атадан биригебиз, эгер мен трайбалист болсом аны сындабайт элем го. Жашабай жатып, өздөрү трайбалисттер экенин билишпей, мени трайбалист кылгандарына таң каласың. Журналистиканын эшигин кечээ эле ачышкан, “чимкиригин” арчый албаган бу балдар мага жазганды үйрөткөндөрүн окуп, жакамды кармадым. Бай болгурлар, менден трайбалист издебей эле койгула. Дагы да өз атын коё албаган автор, “Өзү тийишкен бала ыйлабайт демекчи, дагы айта турган сөздөр алдыда…”- деп ыйынып отуруп жазыптыр. Өзүн-өзү ойноп бирөөлөргө курал болуп жатканын билбей жатышат. Тилек мырза, өзү орозо кармап, Кудай жолунда жүргөн пакиза адам болумуш болуп, анан эле “көчө балдарындай” коркутуп койгонуна жол болсун. Бул мадыра баш кимди коркуткусу бар! Жок дегенде макалаңардын заголовкасын оңдоп койбойсуңарбы! Эми, силердей аты-жыты жок журналист сөрөй адамдардан коркуп жашаганча, колума ручка кармабай койгонум оң го. Андан да үч гезитте тең коёндой бул окшош материалдардын авторлорунун жоктугу өкүндүрөт. Мен өзүм жазган макалама дайыма өз фамилиямды коюп жазам. Анткени өзүм жазган макалама ишенем. Өзүнө ишенген журналист гана ушундай кадамга ачык бара алат. Бирөөнүн тапшырмасын аткарып, эптеп күн көргөн силерге боорум ооруйт.

”Ачык саясат” гезитинин башкы редактору, мен сыйлаган карындашым Назгүл Мамытова тиги эки “кошоматчыга” салыштырмалуу маданияттуу жазганга аракет жасаптыр. Анын гезитиндеги автору жок чакан макалада “Толгонай Стамалиеванын ордуна кызыккандар ага карата каралоо иштерди башташты. Болгондо да Бакиевчил адамдар тарабынан сокку урулуп жатканы абдан өкүнүчтүү”- деп жазыптыр. Назгүл карындашым, сен колдомуш болгон Толгонай Стамалиеванын өзү Бакиевчил болгонун билбейт белең? Накта Бакиевчил Толгонай айым… Мен Бакиевдин колунда бир күн да иштеген адам эмесмин. Ал сөздү Бакиевдин бийлигинен айлык алып иштегендерге айт. Убагында Толгонай айым менен Алмаз Үсөнов, Фарид Ниязов мырзалар Бакиевдин колунда иштегендер. Ошолор Бакиевди коргошуп, президенттин басма сөз кызматында ак кызмат кылышып оппозицияны “боктоп” жүргөндөр ушулар эле го. Карындашым, ошону кантип билбей калдың? Бакиевди колдогонум чын, керек учурунда “Балаңыз Максимди тыйбасаңыз болбойт! Андай болбосо Аскар Акаевдей болуп өлкөдөн качып кетпеңиз!”- деп ачуу сынды мен айта алган адаммын. Аны эмнеге айткыңар келбейт! Ошол эле Алмаз Үсөнов, Фарид Ниязов, азыр жетинчи кабатта отурган Досалы Эсеналиев, Султан Раев, Турдуназир Бекбоев, анан Бакиев бийлигинин тушунда Премьер-министр болгон Алмазбек Атамбаев ж. б. Бакиевчилер десең болот. Өкмөттө министр болуп, ЖКда канча Бакиевчи депутаттар отурушат. Эми, кесиптештерим менин журналистикадагы басып өткөн жолума, кандай журналист экениме силер баа бербей эле койгула. Силердин бааңарга муктаж да эмесмин. Ичиңерди күйгүзүп айтайынбы, силерден ат чабым узап кеткенмин. Баа бере да албайсыңар, таарынбагыла, ачык эле айтсам деңгээлиңер да жетишпейт. Силердин бере турган бааңарга муктаж да эмесмин. Мага академик Абдыганы Эркебаев өз баасын берген, ошол эле жетиштүү. Жактырбасаңар да окуп койгула. “Майдан” гезити (№ -07 (344) 28.02.2018-жыл). Академик Абдыганы Эркебаев өзүнүн “Эркин басма сөздүн эрлери” аттуу кенен макаласында “Ушундай эле абалга “Аалам” менен “ Кыргыз руху” туш болду. Бул эки гезиттин туңгуч редакторлору Чолпонбек Абыкеев менен Султан Раев — ​талантуу инсандар. Биринчисинин “Бриллиант жылан” деген аты да, заты да кызыктуу жаңычыл романы убагында карапайым окурмандардын зор кызыгуусун туудурган. Экинчиси С. Раев — ​ар тараптуу талантка эгедер: мыкты журналист, кара сөздүн жана драматургиянын устасы. Анын чыгармалары чет тилдерге которулуп, Лондондун жана башка шаарлардын театрларында ийгилик менен коюлуп келатат. Экөө газеталарын жетектеп турганда иш кызуу жүргөн, көптөгөн окурмандардын назарына арзыган. Кийин экөө тең М. Эшимкановго окшоп, саясатка, мамлекеттик кызматка аралашканда колдон колго менчикке өттү, акыры жабылып тынды. Бирок, бактыга жараша, “Кыргыз рухунун” жолун улантып, рухун сактап калган Бекен Назаралиев болду. Ал дагы көп кырдуу талантка ээ. Адегенде С. Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, ошол адистиги боюнча тажрыйба топтоду, 1991-жылы биз “Кыргыз рухун” уюштурганда С. Раевдин орун басары болду. Б. Назаралиевдин башка журналисттерден (ал бул кесип боюнча билимди улуттук университеттен алган) айырмасы сөз менен сүрөттү айкалыштыра билет, коллаж тартуу жагынан жакшы чебер. Эгер С. Раев жумшак, ишенчээк, интеллигент мүнөзгө ээ болсо, Б. Назаралиев анын карама-каршысы: батыл, тартынбас, өжөр. Ошол себептен кан төгүлүп жаткан Чеченстанга жана Тажикистанга барып, А. Масхадов, З. Яндарбиев, Ш. Басаев, М. Удугов, тажик бириккен оппозициясынын башчысы Абдулла Нури менен жолугуп, маек курган жана акыркынын тил катын алып, Кара-Тегин өрөөнүндө жашырынып жүргөн Жума Наманганиге тапшырган, кийин Баткенге келген жоочулардын башчылары менен да кездешкен. Ушул жагынан караганда Б. Назаралиев — ​согуш майданында коркпой жүргөн жападан жалгыз кыргыз журналисти десек болот. Бул анын журналисттик кесипти чындап сүйөөрүн, ачык кесипкөй экенин күбөлөйт. Ушул сапатын (батылдык, тайманбастык, өжөрлүгүн) ал мамлекеттик ишмерлерди иликтеп-сындаган макала, маектеринде да көрсөттү. Мындан улам, А. Акаевдин убагында кысымга, куугунтукка алынып, редакциялаган “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз ордо” газеталары жабылып жатты. “Жаңы Ордо” аталган акыркы газетасы, кудайга шүгүр, он беш жылдан бери үзүлбөй чыгып келе жатат. Албетте, пенде, кесипкөй катары жактырган жана жактырбаган мамлекет жетекчилери, саясатчылары бар. Маселен, А. Масалиевге, К. Бакиевге, А. Мадумаровго жан тартканы, А. Акаевге, А. Атамбаевге, Ө. Текебаевге каршы экени белгилүү. Бирок ал чыныгы журналист катары андай бир беткейликтен өйдө чыгып, жаман көргөн адамдарын да баалай, урматтай билет. Мунун айкын далили Москвага атайын учуп барып, А. Акаев менен узун маек кылганы жана өзүнүн газетасында такай жамандалып келген Ө. Текебаевди камакка алынган соң “Өткөн жылдын мыкты саясатчысы”-деп жарыялашы. Бул анын журналисттик калыстыгынын, адамгерчилигинин белгиси…”-деп мага берген калыс баасы бар. Бир кездеги журналист, адабиятчы, сынчы, министр, губернатор, Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, парламенттин төрагасы, Кыргыз илимдер академиясынын президенти, көрүнүктүү коомдук саясый ишмер, илимдин доктору, академик Абдыганы Эркебаевдин мага берген баасынан жогору баа болобу? Жок! Кыргыз журналистикасында силер каалайсыңарбы, жокпу өз изим, өз үнүм, өз чындыгым, журналистикада маңдай тер менен тапкан өз бийиктигим бар экенине сыймыктанам. Атамбаевдин “мандикерлери” мени канчалык каралап, киндиктен төмөн жазгандарыңар менен менин кыргыз журналистикасындагы ордумду жокко чыгара албайсыңар! Кердегейдин (К. Жусубалиевдин) тили менен айтканда погума куурай сая албайсыңар. Орой айтылып калса кечирим сурайм!

Акыркы күндөрү Стамалиева туурасында бир топ сөздөр болду. Ал эми, ак үйдө үлкөн чиновниктер мага телефон аркылуу байланышып “Толгонайды жазбай эле койчу! Ал президенттин өз тандоосу да!”-дегендер да болду. Толгонайдын жеке өзүнө, эч кандай жаман оюм жок. Адам катары жакшыдыр. Бирок, Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси катары өз ишин алып кете албай жатат. Бул ачуу чындык! Кызматтан кетиши керек, мен азыр деле ошол эле пикиримдемин.

Бекен НАЗАРАЛИЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: