Menu

Кытайдын бир эле районунан 22 миң кыргыз кармалып, лагерлерге жөнөтүлгөндүгү айтылууда

Бөлүшүү:

Кытайдагы Синьцзянь уйгур автомондук районунун Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусундагы бир эле Акчий районунан  тарбиялоочу лагерлерге 22 миң кыргыз  жөнөтүлгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Кытай Эл Республикасындагы кыргыздарды коргоо комитетинин төрагасы Алманбет Осмон уулу билдирген.

Акчийде жалпысынан 40 миң кыргыз жашайт. Алманбет Осмон уулунун айтымында, кыргыздар туткан дининен улам кармалууда. Бирок, алардын арасында динге берилбегендер дагы бар. Мисалы, профессор Мамбеттурсун Мамбетакун жана  журналист Нурманбет Осмон.

Коргоо комитетинин өкүлү кармалган кыргыздардын, ошондой эле,  буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдон жардам сурап кайрылгандардын өмүрү коркунучта экенин билдирди. “Биз эркиндиктен ажырап калышыбыз мүмкүн экенин билебиз. Бирок,   мындан ары унчукпай отура албайбыз. Кытай Кыргызстандан бизди аларга өткөрүп берүүнү  талап кылышы мүмкүн. Бирок,  Кыргыз Республикасы ага жол бербейт деп ишенебиз” – деген Алманбет Осмон уулу.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: