Артем Новиков Мамлекеттик бажы кызматын эмес, башка көзөмөлдөөчү органдарды сынга алган. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу КРнын Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Чүй облусу боюнча жумушчу иш-сапарынын алкагында “Чалдовар” контролдук-өткөрүү пунктун карап чыгып, “Жыйынтыктоочу пост” бирдиктүү маалымат системасын түзүү зарылчылыгын белгилеп кеткен.
Премьер-министрдин болгон жумушчу сапарынан кийин 2020-жылы 30-ноябрда саат 09:45те “Вечерний Бишкек” маалымат сайтында “Новиков бажыга жабдыктарды көрүүгө келсе, ал жок экен (видео)” аттуу макала жарыяланган. Андан кийин ушундай маалымат башка интернет басылмаларында да чыгып, социалдык тармактарда жайылып кеткен.
Аталган материал боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы буларды билдирет, 2015-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон жана КРнын Өкмөтүнүн 11.08.2015-жылдын №385-р буйругу менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы контролу алынып салынган, анын ичинде “Чалдовар – автожолу” контролдук-өткөрүү пунктунда да алынган. Ушундан улам айтылган сын-пикир Мамлекеттик бажы кызматына эмес, башка контролдоочу органдарга карата багытталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ