Menu

Нарында милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен шайлоого карата профилактикалык иштерди жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

Нарында милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен шайлоого карата профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 10-январь күнү өтө турган КРнын президентинин шайлоо жана референдумга байланыштуу Нарын ОИИБнин шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына шайлоого байланышкан укук бузуу, кылмыштар боюнча ыкчам маалымат чогултуу, аларды алдын алуу боюнча тапшырмалар, багыттамалар берилип, облус аймагында коомдук саясий кырдаал көзөмөлдөнүүдө.

Шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча шайлоо тилкелерине тартылуучу милиция кызматкерлери менен биргеликте, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти коопсуздукту камсыз кылуу максатында Нарын облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элдик кошуундар тартылган.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга профилактикалык түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: