Түркмөнстан (архив сүрөт)
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жакшы берилбей жатат. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы жазды.
«Бир нече жолу келип батареяларды текшерип кетишти. Анда суу бар экени угулуп жатат, бирок эч кандай басым, жылуу суу деген жок. Түнкүсүн -10 градуска чейин суук болууда. Айрым тургундар жылынуу үчүн түнү бою ашканадагы газ плиталарды күйгүзүп коюп жатышат», — деди ашхабаддыктардын бири.
Ал мындан улам газ түтүктөрүндөгү басым төмөндөп, тургундар газга ууланган учурлар катталганын кошумчалады.
Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү адистердин бири шаардагы инфраструктуралык курулуштардын көбү авариялык абалда экенин билдирди. Анын айтымында, мындан улам көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар бир нече жылдан бери үйлөрүн жылыта албай кыйналып келишет.
Ошол эле маалда абанын температурасынын кескин төмөндөшүнөн улам Ашхабаддын Дарганата районунда, Лебап жана Халкабад облустарындагы бир нече айылда суу түтүктөрү тоңуп, тургундар кыйынчылыктарга кабылып жатканы кабарланууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ