Бишкекте жарандык күйөөсүнө кол салган аял кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, 47 жаштагы Д.Т. аттуу эркек киши сүйүктүүсү менен урушуп кеткен. Натыйжада аны чогуу жашаган аялы үтүк менен уруп, колун бычак менен кесип салган.
Аялынан таяк жеген киши милиция чакырган. Окуя болгон жерге милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган. 1973-жылы туулган эркек киши чогуу жашаган 1981-жылы туулган Ж.Энин үстүнөн арыз жазган.
Бул факт КЖБРге катталган. Кармалган адам киши милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ