Бүгүн, 8-январда 30дай адам Ак үйдүн алдына тынчтык митингине чыгышты.
Алар алдыдагы референдумда жарандарды парламентаризм үчүн добуш берүүгө үндөп жатышат.
Тынчтык митингинин катышуучулары бүгүнкү күндө парламентариз үчүн күрөшүү кыйынга турарын белгилешти.
“Бул диктатурага каршы система. Учурда бул маселе боюнча көп колдоо жок. Бирок, кийин биз ушул күндөрдү эстеп, “митингге бекер чыкпаптырбыз” деп өкүнөбүз”, – деп билдиришти митингдин катышуучулары.
Белгилей кетсек, 10-январда мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ