Бүгүн, 10-январга карата Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтсүз шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталды. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын ичинен 975 971 шайлоочу 18 жаштан 29 жашка чейинки курактагы жаштар, ал эми 891 686 шайлоочу 30 жаштан 39 жашка чейинки куракта.
Эң аз сандагы шайлоочулар – 175 400 жаран же 4,92%ын түзгөн улуу кишилер 70 жаштан жогорку курактагы жарандар болуп эсептелет.
“Бул Кыргызстандагы бүгүнкү шайлоонун негизги өзгөчөлүгү – шайлоочулардын тизмесиндеги жаштардын көпчүлүктү түзүшү. 1 млн 708 миң шайлоочу 18 жаштан 39 жашка чейинки жаштар болуп саналат”, – деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ