Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдум өткөрүү процесси аяктады. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Шайлоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте тынч, ошондой эле зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.
АКШ жана Канада консулдук округунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилген 901 шайлоочунун ичинен жалпысынан 55 жаран добуш берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ