“Алтуха” каймана аты менен белгилүү болгон криминалдык авторитет Алтынбек Ибраимов Ички иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо кызматынын кызматкерлери билдирет.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 11-январда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына президенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу профилактикалык сүйлөшүү үчүн чакырылган.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын 16-апрелинде ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан 1979-жылы туулган “Алтуха” каймана аты бар, мурда жети жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү, “смотрящий” статусуна ээ Алтынбек Ибраимов кармалган. Акыркы жолу ал 2013-жылы жай мезгилинде Бишкек шаарында өзүнүн шериктери менен биргеликте Бишкек шаарынын тургунун күч менен “BMW” унаасына салып, тоого алып кеткендиги үчүн кармалган. Ал жерде кылмышкерлер физикалык күч колдонуп, тургундан 80 миң доллар талап кылышкан.
Буга чейин, 2013-жылы кылмыштуу топтун мүчөсү сот жообуна тартылып, бирок кийин ал жазадан кутулуп кеткен.
2017-жылы жайында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу”, “Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу” жана “ден-соолукка залал келтирүү” беренелери боюнча айыпталган “Алтуха” деген каймана аты бар криминалдык авторитет Алтынбек Ибраимовду актаган. Бирок, ал баңгизат сактагандыгы үчүн соттолгон, бирок соттун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, ал сот ишин токтоткон.
— Aitbaeev (@aitbaeev) January 11, 2021
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ