Menu

Дарига Назарбаева парламент депутаттыгына көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

«Нур Отан» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөндөрдүн катарында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига да бар. Ал тизмеде 41-орунда турат.

Андан тышкары Мажилистин азыркы спикери Нурлан Нигматулин, саясат таануучу Айдос Сарым, журналист Жанарбек Ашимжан да бар.

57 жаштагы Дарига Назарбаева өткөн жылдын май айына чейин Сенаттын спикери болчу. Кийин анын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаев өз буйругу менен токтотуп койгон. Себеби айтылган эмес. Назарбаева буга чейин да өкмөттө жана парламентте жогорку кызматтарды ээлеп келген.

10-январдагы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, президенттик «Нур Отан» партиясы 71% жакын добуш топтоду. Бийликке жакын «Ак жол» – 11% жана Казакстан элдик партиясы – 9% добуш топтоп, парламенттен орун алат. Шайлоого бийликчил беш партия катышкан. Оппозициялык саясий күчтөр бул шайлоого бойкот жарыялап, ага катышкан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: