Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу- композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.
Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2020- жылдын 12-январында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын салтанаттуу иш- чара уюштурду.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков катышып, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына токтолуп, бүгүнкү күндө кыргыз маданиятындагы ордун баса белгиледи.
Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ