Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев ооруканада жатат. Бул тууралуу журналисттерге коопсуздук кызматынын кызматкерлери билдирди.
Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы расмий түрдө 6-январда Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы, 1975-жылы туулган Замирбек Тургунбаев кармалгандыгын билдирген. Ал Киров айылындагы мектепти курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 24 миллион сомдон ашуун зыян келтиргендиги үчүн камакка алынган.
Бирок кармалгандан кийин Тургунбаев ооруп калып, жеке клиникага жаткырылган. Ал бүгүнкү күндө дагы ооруканада жатат.
Белгилей кетсек, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Замирбек Тургунбаев Кыргызстандагы белгилүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары катышкан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ