Menu

Самат Токтоболотов: “Казакстанда 35 миң кыргызстандык бар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу маалында депутат Аалы Карашев Казакстандын аймагында жүргөн мекендештерибиздин санын жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин сурады.

Жыйында баяндама жасап жаткан Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 35 миң кыргызстандык бар экенин билдирди. Муну менен катар сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу эки өлкө ортосундагы миграциялык маселелерди биргелешип чечүү, маалыматтарды алмашуу каралганын маалымдады.

Өз кезегинде Аалы Карашев: “Өз ишиңерге гана ыңгайлуу сунуштарды көтөрүп келип жатасыңар. Тескерисинче, ошол жактагы мекендештерибиздин жашоосун жеңилдеткен келишимдерди алып келишиңер керек болчу. Анткени, алардын чек арадан өтүү маселеси, каттоогө туруу көйгөйлөрү өтө көп”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат Евгения Строкова башка өлкөлөр менен сүйлөшүүдө Мамлекеттик миграция кызматынын статусу төмөн болуп калган учурлар арбын экенин белгилеп, мекемени агенттик катары кайрадан түзүү зарылчылыгына токтолду.

Ал эми депутат Рада Туманбаева 35 миң мекендешибиз жашаган Казакстанга Мамлекеттик миграция кызматы кызматынын өкүлчүлүгүн да ачуу керектигин белгиледи.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: