Бүгүн, 13-январда шайлоодон жеңип чыккан президент Садыр Жапаров Инстаграм баракчасына билдирүү жасады.
Анын айтымында, “Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” – дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
“”Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.
Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери!
Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт“, – деди Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ