Menu

Депутат Самат Исманов Спорттук федерациялар саясаттын куралы болуп жатканын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору спорт жаатында иш алып барган юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоону жөнгө салууга багытталган.

Талкуу маалында депутат Самат Исманов спорттук федерациялар саясаттын куралы болуп жатканын белгилеп: “Федерациялардын ишин Өкмөт өз көзөмөлүнө алышы керек. Анткени, федерациялар ортосунда да пикир келишпестиктер көп”, – деп кошумчалады.

Депутат Кожобек Рыспаев да спорттук уюмдарды, клубдарды жана федерацияларды каттоо боюнча жобо так жазылышы керектигине токтолуп: “Спорт багытында түзүлгөн биримдиктер спорт тармагында гана иш алып барышы зарыл”, – деди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев каттоо мөөнөтүн мыйзамда так көрсөтүү керектигин кошумчалады.

Андан сырткары, депутат Умбеталы Кыдыралиев олимпиада оюндарына карата кыргызстандык спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулушу шарт экенин билдирди.

Жыйында айтылгандай, Кыргызстанда 300дөн ашуун спорттук федерация иш алып барат. Алардын 77си гана бирдиктүү реестрде катталган.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: