Бүгүн, 17-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 123 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 42, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 33, Ош облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 6, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 22 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 109 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 128 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 78 994кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 52, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 40, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 7, Нарын облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 2 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1384кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ