“Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз” деген билдирүүлөр келип жатат. Эми, эмне дейм. Кандай нотада мен бул жашоо менен коштошом, аны Аллах гана билет. Менин бир сөзүм – чоң талкууга дароо түшөт экен да …”, – деп жазды ырчы айым Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.
“Ар ким өзү-өзү менен, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп жашаш керек экен. Адамдык сапаттар көптөрдө жоюлуп бара жатат. Мага эч качан , эч ким болушуп, жаңылсам, же сөзгө калсам колдогон эмес. Балким, ырчылар ынтымака, биримдике келип, наамдарын бердиртпей алып калабыз дегем. Кесиптештерим ватсап группаларда гана талкууга кошулушуп, элге келгенде кээ бирлери гана үн катат тура”, – деди ал.
Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.
Ырчы айым кесиптештерин колдоп, министрликке өзүнүн сыйлыктарын тапшырып берүүгө даяр экенин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ