Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын мурдакы директор Нурлан Каримов документтерди толугу менен мыйзам чегинде өткөрүп берди. Бул тууралуу Самара Каримова Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды,
“Директордун орун басары Бакыт Бакиевич менен биргеликте кабыл алдык. Кудай буйруса жакшылыктардын баары алдыда”, – деп жазды ал.
«Менин Самарага эч кандай дооматым жок. Ошондой, жаман сөз айтпайм. Бирөөнү каралоо деген экөөбүздүн ортобузда болбошу керек. Мен эркек башым менен андай иштерге барбаймын. Самарага ишинде ийгиликтерди каалайм”, – деди Нурлан Каримов.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ