“Ош электр” ААКнын мурунку башкы директору Дыйканбай Даминов 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, аталган факты тууралуу “Б” Жабык акционердик коомунун директору Финансы полициясына кайрылып, “Ош электр” ААКнын мурунку башкы директоруна чара көрүүнү суранган.
Бул факт КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча катталган.
“Б” Жабык акционердик коомунун өкүлдөрү келишим боюнча көрсөтүлгөн ишти аткарганы үчүн 6 миллион сомду которуу өтүнүчү менен “Ош электр” ишканасына кайрылган. Бирок ишкананын жетекчиси ал акчаны которуусу үчүн жеке банктык эсебине 1 миллион сом которууну талап кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ