Menu

Кудрет Тайчабаров: “Анжелика менен Аселге карапайым элдин көзү тийди”

Бөлүшүү:
“Бишкек” экономикалык аймактын башкы директору Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылган ырчылар Анжелика менен Асел Кадырбековага  көз тийгенин айтты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Кудрет Тайчабаровдун жазган постун өзгөртүүсүз беребиз.
“Кырсыктаптыр… Батыраак сакайып кетсин. Эң башкысы аман калыптыр. А мен башка нерсеге көңүл бургум келди. Албетте, кырсыктын официально себеби, унааны башкара албай калгандык болушу мүмкүн. Чолпон-Ата жактан кургак жол менен зымырап барып анан Түпкө жеткенде тайгак жол башталганда жолтандабас эчтеке болбойт деген ой менен катуу кете берген. Анжелика көптөн бери машина айдаса да, алыскы жолдо тайгакта кандай айдаш керек экенин билбегендик болушу мүмкүн (а балким рулда башка бирөө болгон. Ошентсе да, бул вариантта тажрыйбасыздык билинип турат). Бул вариант Европаны, батышты бүтүп келген, көз тийүү, динге ишенбеген типа продвинутыйлар үчүн негизги вариант.
А менин вариантым: Чубак Ажы айткан вариант.
Мен да убагында жол кырсыгына кабылганымды билесиздер да. Ошондо Чубак Ажы инстаграмымды удалитетип салышымды талап кылган. Инстаграмда силер каякта жүргөнүңөрдү, эмне жегениңерди, эмне айдаганыңарды, түз эфирге кирип үйүңөрдү, балдарыңарды көрсөтө берет экенсиңер, ал жакта бирөөнүн ийгилигин туура кабыл алууну аңдай албаган жаштар, өтө карапайым адамдар отурушат, ошолордун киренеси кирет, көзү тиет, назары түшөт, фейсбукта адам акылы менен, аракети менен мактоого алынышы мүмкүн, фейсбуктагыларды тамак-аш, кийим кече, байлык менен таң калтыра албайсың, ошол себептен инстаграмыңды токтот деп 100 миңге жетчү баракча жалко кеткен.
Ошол окуяны эстесем, кыргыз инстаграмында эң көп катталуучусу бар Асель Кадырбекова менен Анжелика окшош жол кырсыгына кабылып отурат. Экөө тең барган жерин, кийген кийимин, жеген тамагын, айдаган машинасын, балдарынын сүрөт/видеолорун жана башка карапайым адам суктана турган нерселерди жүктөп койгондон сырткары, коомчулуктун тепкисинде калган жаңылыктарын айта калышып эле “хайп” болуп калышчу эле. Ошондо Кудай сактаса экен деп койчумун.
Эл кыйналып турганда өзүнүн жашоосу менен элди суктантыштын кереги жок го дейм. Балдарыңардын сүрөтүн чыгаруу да туура эмес. Жаш балдарга кирене кирсе – диагнозу жок эле ооруп, ыйлай берет.
А эң жакшысы – бат-баттан садака берип турган жакшы. Садака любой балээден сактайт. Кирешенин бир бөлүгүн садакага бериш керек. А бул сулууларыбыз инстаграм аркылуу күн сайын киреше алып турушат. Кайрымдуулук иштерди жакшы жасашат. Бирок, күн сайын садака бергенде унутуп калышса керек.
Сыноону берген жараткан шыпаасын кошо берет. Анжелика кызы менен батыраак сакайып кетишсин.
Ал эми жогорудагы мисалдар башкаларга сабак болсун:
1. Жолтандабастар тайгакка туруктуу эмес. 10 жыл рулда болсоң да, тайгакта такшалбасаң, кыбыраганың оң.
2. Жеке жашоону көрсөтүү – көз тийүүгө алып келет. Көз тийүүдөн адам өлүп да калышы мүмкүн.
3. Бала-чаканы элге көрсөтпөй (интернетке) чоңойткула.
4. Садака ар кандай балээден, ойдо жок чыгымдардан, оору-сыркоо, кырсыктан сактайт.
5. Башка бирөөнүн башына түшкөндөн сабак алуу да – коопсуздуктун бир түрү”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: