Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөевага карата дагы бир арыз жазылды. Бул тууралуу жериликтүү ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, жабырлануучу арызды Башкы прокуратурага жазган.
Учурда Гүлзат Кантөрөевага карата козголгон алдамчылык боюнча негизги кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тергеп жатат. Арыз ээси Гүлзат Кантөрөева мүлктү мыйзамсыз ээлеп алгандыгын айткан. Көзөмөлдөө органы фактыларды текшерип жатат.
Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы (Кантөрө Жээнбековдун кызы) Гүлзат Кантөрөева алдамчылыкка шектелүүдө. Учурда ал үй камагында кармалып жатат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ