Menu

Эмилбек Каптагаев: “Баткендеги кыйроолорду калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам уюштуруу боюнча атайын дирекция уюштуруп, ага Матраимовду башчы кылуу керек”

Бөлүшүү:

“2-3 жылдан бери Раимбек Матраимов жөнүндө айтылбаган сөз, коюлбаган талап, берилбеген убада калбады көрүнөт… Акыры келип “атып сала тургандай күнөөсү жок экен” – дегенге токтодук… Аны жактагандар тарабынан мыкты уюштургуч, жакшы менеджер дегендей сыпаттамалар көп айтылды. Ошондуктан Баткендеги кыйроолорду калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам уюштуруу боюнча атайын Дирекция уюштуруп, ага Матраимовду башчы кылуу туура болобу дейм”, – – деп жазды бүгүн, 4-майда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-директору, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

“Биринчиден, чынында эле колунан иш келген адам болсо анысын далилдейт, ишти уюштурат, ошону менен коом алдында өзүн реабилитациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Экинчиден, курсагы ток деп атышат, ошондуктан жардамга жыйналган жана атайын казынадан бөлүнгөн акча-каражатына кол салып жибербейт, 2010-жылдагы Ош тарапты калыбына келтирүүдөгүдөй терс көрүнүштөр кайталанбайт. Үчүнчүдөн, өзү дагы каржы топтоого жакшы эле салым кошобу деп ойлойм, дос-тамырларын, бизнес өнөктөштөрүн тартып. Менин оюмча аны башка-көзгө койгулап, билгенибиз деле, билбегенибиз деле күнөөлөй бергендин ордуна бул беш күндүк жашоодо Матраимовго бир чоң ШАНС бергенибиз туура болот го дейм. Анын үстүнө жыйналып жаткан жардамдарды, болгон каржы булактарын жана башка ресурстарды бир жерге топтоп, бир нукка буруп, иштерди бир жерден уюштурбаса болбойт. Бул менин жеке пикирим”, – деп жазды ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Аса
3 years артка

Туура эле соз бир чети

Комментарий калтыруу Аса Жауапты болдырмау

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: