Пабло Пикассонун “Терезенин жанында отурган аял” (“Мария Тереза”) картинасы аукциондо 103,4 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Christie’s аукцион үйүнүн сайтында маалымдалды.
1932-жылы тартылган картина 19 мүнөттүн ичинде сатылды. Акыркы баа 90 миллион долларды түзгөн, бирок бардык кошумча төлөмдөрдү эске алганда, сатып алуучу 103,4 миллион доллар төлөйт. Аукционго чейин эксперттер аны 55 миллион долларга баалашкан.
Акыркы жолу “Терезенин жанында отурган аял” картинасы аукционго 2013-жылы коюлган. Анда аны анонимдүү адам 44,8 миллион долларга (комиссия менен) сатып алган.
#AuctionUpdate Pablo Picasso, 'Femme assise près d'une fenêtre (Marie-Thérèse)' realizes $103,410,000 after over 19 minutes of bidding! pic.twitter.com/G7oVzG5KMA
— Christie's (@ChristiesInc) May 14, 2021
Ошондой эле, аукциондо башка сүрөтчүлөрдүн эмгектери да сатылды: Клод Моненин 1899-1903-жылдар аралыгында тартылган «Ватерлоо көпүрөсү. Туман эффектиси” картинасы 48 миллион доллардан ашык акчага сатылды, Марк Ротконун 1970-жылы тартылган “Аты жок” сүрөтү 38,1 миллион долларга сатылды. Ошондой эле сатылган чыгармалардын арасында: Ван Гогдун “Тринкветейл көпүрөсү” (37,4 миллион доллар), Энди Уорхолдун “Эки Мэрилин” сүрөтү (15,8 миллион доллар), Марк Шагалдын “Флутист” (1,6 миллион доллар) сүрөтү бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ