Токмок шаарында баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ыкчам маалыматтардын негизинде, каттого алынган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Чүй ОИИББдин жана Токмок шаардык ИИБдүн баңги заттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында баңги затын мыйзамсыз сактоого шектүү кармалган.
Токмок шаарындагы 1975-жылы туулган Д.Б. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ага кызматтык ит колдонулган. Тинтүү учурунда сандыктын ичинде айнек идишке салынган беш даана оролгон өзгөчө жыты бар баңги затына окшош зат табылган. Алынган заттын салмагы 61,72 граммды түзүп, ага экспертиза дайындалган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты Токмок шаарынын ИИБнө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ