Menu

Таш-Көмүрдө мыйзамсыз труба казып жаткандар аныкталды

Бөлүшүү:

Таш-Көмүрдө мыйзамсыз труба казып жаткандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын апрель айынын аягында Таш-Көмүр ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан чара көрүү максатында билдирүү түшкөн. Анда Таш-Көмүр шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз адамдар тарабынан оор техникалардын жардамы менен жерде көмүлүп турган темир трубаларды уруксатсыз казып жатышкандыгы боюнча маалымат берилген. 

Аталган маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, далил буюм катары болжол менен 70 метр диаметри 325 мм темир трубалар унаа менен кошо алынган.

Бул факт маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар чогултулган. Окуяга объективдүү толук баа берүү максатында КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган темир трубалардын ээси жергиликтүү  ЖЧКга тиешелүү экендиги такталып, ал жеке уюмдун аткаруучу жетекчилиги окуя боюнча келтирилген зыянды толуктап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, милицияга арыз менен кайрылган.   

Жогорудагы уурулук фактысынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1961-ж.т. Б.С.  кармалган. Жерде көмүлүп турган темир трубаларды меники деп сатып жаткан. Ал 2021-жылдын 25-май күнү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Таш-Көмүр ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары дагы ушул сыяктуу уурулук фактыларга (труба жана рекламалык щит) тиешеси бар деп шектелип жатат. 

Алынган маалымат боюнча бул жаран өзүн “Элдик таза муун” укук коргоо кыймылынын Таш-Көмүр шаары боюнча координаторумун деп атап жүргөндүгү белгилүү болду. Дагы кошо кетүүчү нерсе, мурда дагы  аталган Б.С. башка фактылар боюнча шектелип, ал жөнүндө убагында жалпыга маалымдоо каражаттары макалаларды жазып чыгышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: