“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” – деп улуу акын Аалы Токомбаев тегин жерден айтпаса керек. Анткенибиз чыгаан инсандарга уучу куру эмес кыргыз элинин ар түдүү доорлорунда, заманында өз элине, жери-не, кыргыз мамлекетине өзгөчө кызмат өтөп, эмгеги сиң-ген инсандары көп эле. Бирок адатта чыгаан инсан десе, дароо эле мамлекет башчыларын, Өкмөттүн, партиянын биринчи жетекчилерин элестетишет. Ошол эле кезде кыргыз мамлекетинин элет жериндеги жетекчилери, элеттеги элдин “жеңилин жерден, оорун колдон ал-ган”, айыл-кыштактардын, алыскы райондордун социал-дык-экономикалык абалын жакшыртууга, көтөрүүгө өз-гөчө салым кошкон, ар бир элдин, жердин жергиликтүү чыгаандары бар. Октябрь айынын башында, дал ошондой элеттик лидерлердин бири, Талас жеринен, элинен чыккан, ак эмгекти барктаган, адамгерчиликти даңктаган, адилеттикти жактаган, ата наркын даңктаган, Улуу Ата Мекендик согуштун, партиянын чыныгы жоо-кери, 100 жылдык мааракеси расмий түрдө белгиленип жаткан Рысбек Айдаралиев экендиги талашсыз. Демек сөз ошол талыкпас ак эмгеги, башкача көз карашы, дүйнө таанымынын тереңдиги, кенендиги менен жалпы журтка таанылган инсан тууралуу болсун.
Даңазалуу жазуучу, ойчул, улуу гуманист Чынгыз Айтматов айткандай: “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу”. Демек, чыныгы адам болуш үчүн ар бир инсан өзү жашап жаткан коомдогу башка адамдардын ак эмгегин барктоосу, анын берекесин жана натыйжасын туура баалай билүүсү абзел. Бул биринчиси. Экинчиси, адам башкалардан адамгерчилик деген улуу ка-сиетти, сапатты көрө, аны татыктуу баалай, тиешелүү деңгээлде өзү да улай билүүсү милдет. Үчүнчүсү, кандай гана заман, доор болбосун, чыныгы адам, коомдогу адилеттикти, башкалардагы ошол касиетти, сапатты жогору баала-ган, өзү да адилеттүүлүктү туруктуу жактаган адам болуш керек. Төртүнчү-сү, ата мурастарын улай билген, каада-салтты, нарк-насилди, таалим-тар-бияны даңктаган, аларды кийинки муундарга жеткире, өткөрө алган адам болуусу талап. Бешинчиси, кара кылды как жарган калыстыкты туу туткан, мындай касиетти дайыма кастарлаган адам болуусу парз. Алтынчысы, калкына кызмат кылып, эмгек өтөп, элге-журтка кадыры сиңип, эл ишенимин актаган инсан болуусу шарт. Жетинчиси, ата-энени өзгөчө сыйлаган, тууган-уруктун, элинин улуусуна урмат, кичүүсүнө сый мамиле жасап, уул-кызда-рын татыктуу тарбиялаган, ошондой касиеттерде үлгү болуусу, урпактарын ошондой сапатта тарбиялоосу адамгерчиликтеги мыкты сапаттардын бири.
Мен бекеринен же эриккенден өз баяндамамды “Ак эмгекти барктаган, адамгерчиликти даңктаган, адилеттикти жактаган, чыныгы жоокер Рысбек Айдаралиев” деп атаган жокмун. Анткени бул инсан жогорудагы-дай касиеттерге ээ болгон мыкты адам болгонун баамдадым. Мен бул адам тууралуу тээ 90-жылдары Ошто укканмын. 70-80-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Талас обкомунда иштеп кеткен жердеш агабыз, партиялык, коомдук ишмер, кийинчерээк окумуштуу – тарых илимдеринин доктору, профессор Усөнаалы Чотонов Талас эли, жери тууралуу көп айтаар эле. Ал киши: “Таласка жетекчиликке барган адамдар – биринчилер, сөзсүз ошол областтагы 6-7 таанымал адамдардын батасын алууга аракет кылат. Ошол абройлуу аксакалдардын катарында Рысбек Айдаралиев деген бар. Өзүнчө керемет, башкалардан айырмаланган, өзгөчө ой жүгүрткөн, Таласка кайың токой өстүргөн киши” – деп калаар эле.
Туз насип буйруп кийинчерээк ал кишинин уул-кыздары менен таанышып, кенже кызы Эльмира, күйөө баласы Урмат менен жакындан дос, үй-бүлөлүк катнашта болуп, алардан чоң Болот, Искендер Айдаралиевдер менен тааныш-билиш катары, Көпүрө-Базар, Талас жергесине келип, таластыктардан Рысбек Айдаралиев тууралуу кененирээк маалыматтаврды алып калдым. Мен өзүм баам салып жүргөн жылдары, ал кишинин башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгүн, мыкты каситеттерин да көбүрөөк билип калдым.
Ошентип, биз бүгүн 100 жылдык мааракесин өткөрүп жаткан Рысбек Айдаралиевди өзүнүн өрнөктүү да, байсалдуу да өмүр жолунда: ак эмгекти даңктаган, акыйкатты жактаган, калыстыктан кайтпаган, журт ишенимин актаган, улуу сапат адамгерчиликти даңктаган, ата-бабалардын нарк-насилин, каада-салтын сактаган, улуттун улуу таалим-тарбиясын барктаган, ата-энени, тууган-урукту, уул-кызды сыйлаган, дүйнө таанымы кенен, акыл чабыты терең, бир катар өгөчө касиеттерге бай, иштиктүү кадамдары, омоктуу ойлору менен натыйжалуу иштери, эч кимдин оюна келбеген, учурда бүт Талас жеринин символуна айланган, кайың токою менен элге кадыры сиңип, миллионер колхоз башкармасы катары кызматы өтүп, кеңири маалым болгон адам катары баамдадым.
Р.Айдаралиев байсалдуу баскан жолунда ак эмгекти барктап, жогору баа-лап, өзү да тынымсыз эмгектенип, башкаларды да талыкпай эмгек кылууга үндөгөн инсан болгонун баамдадык. Жаштайынан чарчабаган эмгекчил, мээнеткеч, маңдай тери менен көп ийгиликтерге жетишип, турмуш жолунда өз ордун тапкан инсан. Билимге умтулуп, 1937-жылы 7 жылдык мектептен билим алып, 1938-40-жылдары Жалал-Абаддагы педтехникумду ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун агартуу тармагында, Көк-Ой айылынын Таш-Дөбө мектебинде мугалим болуп баштаган. Негизи, кандай гана иш болбосун – мектеп мугалими, колхоз жумушчусу, райкомдун кызматкери – биринчи катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасы, “Эмгек кызыл туу” ордендүү миллионер колхоздун башкармасы, жайыт башкармалыгынын зоотехниги, башчысы катары белсенип эмгектенип, башкаларга үлгү болуу менен, аларды да ак эмгекке, эл, жерине талыкпай кызмат кылууга үндөгөн, шык берип, алга сүрөгөнүн баамдадык.
Тынымсыз эмгектенүү менен катар эле улуу сапат адамгерчиликти даңктаган, бул касиетти өзү бийик тутуу менен башкалардан да талап кылган, адамгерчилик сапатты өмүрү өткөнчө бекем туткан инсан болгонун да байкадык. Адамгерчиликтин дагы бир сапаты “улууга урмат, кичүүгө сый” менен мамиле кылуу. Мүмкүнчүлүгү жетишсе колдон келген жардамын башкалардан аябоо, айрыкча кыйналып жүргөн үй-бүлөөлөргө. Р.Айдаралиев мүмкүн болушунча өз каражатынан, колхоздун эсебинен айылдагы алдыңкы, билим, илимге умтулган жаштарга жардам берип, аларга республикалык, борбордук жогорку окуу жайларга окууга жиберип, шарт түзүп жардам берген жайы бар. Алардын көбү жогорку билимдүү болуп, эл-жерине кызмат кылып жүрүштү, кээ бирлери өлкөбүздөгү белгилүү адамдар болушту. Бул да болсо адамгерчиликтин белгиси.
Өркүндүү өмүр жолунда Рысбек Айдаралиев Мекендин да, коммунисттик партиянын да чыныгы жоокери болду. Жоокердик, баатырдык сапатын өзгөчө сыймыктануу менен айтса болот.
Аксакалдын өмүр таржымалын изилдеп жатып кээ бир так эместиктерди баамдадык. Мисалы, урпактары ал киши 1922-жылы туулган деп билишет. Бирок, биз Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинен тапкан расмий аскердик документтерде, тагыраагы сыйлык барактарында, буйруктарында ал киши 1921-жылы туулган деп турат. Экинчи тактоону талап кылган жагдай. Белгилүү болгондой, кан төгүлгөн Улуу Ата Мекендик согушка, башкалар сыяктуу эле Рысбек Айдаралиев 1942-жылдын сентябрында аттанган – деп анын балдары, урпактары жүрүшөт. Ал эми, биз тапкан расмий архивдик документтерде, тагыраагы 1943-жылдын 17-ноябрындагы “Кызыл Жылдыз” орденинин, 1944-жылдын 20-мартындагы “Каармандыгы үчүн” – “За отвагу” медалынын сыйлык бара-гында, тиешелүү буйруктарында аскердик кызмат-ка 1940-жылы чакырылган – деп турат. Сөзүбүз курук болбосун үчүн ошол расмий архивдик документтердин маалыматын оригиналда берели:
“Айдаралиев Распек (Роспок), дата рождения: __.__.1921 г., Место рождения: Таласская обл., Таласский р-н, с. Копре-Базар”. Место призыва: Голошский РВК, Киргизская ССР, Фрунзенская обл., Дата поступления на службу: __.10.1940 г., Воинское звание: сержант, Воинская часть 1432 лап (легкий артилерийский полк – авт.). Даты подвига: 20.03.1944 г., Наименование награды: Медаль «За отвагу». Приказ подразделения №3/н от: 25.03.1944. Издан: 1432 лап.”[1] – деп турат.
Демек, анын балдары, урпактары айтып жүргөндөй 1942-жылы эмес, 1940-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка чейин, армиянын катарында бир жыл кызмат кылып койгон болот. Кандай болгондо да Рысбек Айдаралиев 1941-жылы Москваны коргоого катышып, Курск салгылашуусунда эрдик кылып, Биринчи Украина фронтунун курамында кан кечип, согуштун аягына чейин катышкан. Праганы алууга катышкан жоокер болду. Кан майданда жүрүп 1943-жылы август айында Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын катарына кабыл алынган. Согушта Биринчи Украина фронтунун курамындагы жеңил артиллериялык полкто орудиянин командири, батареянын парторгу болуп кызмат өтөп, фашисттик баскынчыларга каршы каармандык менен салгылашкан.
Мен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архиви-нен Айдаралиев Рысбек сыйланган документтерди таап чыктым. Мен тапкан Россиянын архивдик документтерде, негизинен сыйлоо барактарында, буй-руктарында төмөнкүдөй баалуу маалыматтар табылды: Айдаралиев Рыспек (кээ бир документте Роспек, Распек, Роспок – деп жүрөт. Мындай болуп калганы, ошол киши кызмат кылган бөлүктөгүлөрдүн документ толтурган командирлери, жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кулагына, тилине жак-кан варианттарды жазып коё беришкен – автор). Бирок ал киши алган орден медалдарда аты бир аз өзгөрүп калганы менен туулган жылы, жери деген маалыматы так берилген: “Дата рождения: __.__.1921. Место рож–дения: Таласская обл., Таласский р-н, с. Копре-Базар”. Демек, туулган жери аркылуу көп документтер тастыкталды. Дал ошол Талас райо-нунун Көпүрө-Базар айылында туулган жаран катары Рысбек Айдаралиев кан төгүлгөн Улуу Ата Мекендик согушка аттанган.
Ошол апааттуу согуш талаасындагы эрдиктери, күжүрмөн каармандыгы, тайманбастыгы үчүн 1432-жеңил артилериялык полктун сержанты, ага сержанты Р.Айдаралиев 1943-45-жылдары бир катар орден, медалдар менен сыйланганын архивдик документтер аркылуу тастыктап чыктык.
Төмөндө ошол баатырдыгы үчүн алган, бир катар сыйлыктары алган күнү, айы, жылы менен так берилди:
Документы о награждении
Айдаралиев Рыспек // Роспек // Распек //Роспок
Документ в учетной картотеке
Медаль «За отвагу» Орден Красной Звезды Медаль «За отвагу» Медаль «За боевые заслуги»
15.10.1943 г.[2] 17.11.1943.[3] 25.03.1944.[4] 25.04.1945 г.[5]
Медаль «За освобождение Медаль «За победу над Орден «Красной звезды»
Праги» 09.05.1945 г.[6] Германией в Великой 22.06.1945.[7]
Отечественной войне 1941-45 г..»
09.05.1945 г.[8]
Согушуп жаткан Кызыл Армиянын солдат, сержанттар үчүн жогорку сыйлыктарынын бири болгон “Кызыл жылдыз” ордени менен Р.Айдаралиев 2 жолу сыйланган. Мен тапкан Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинин сыйлоо тууралуу документтеринде, биринчи жолу 1943-жылдын 17-ноябрында, экинчи жолу 1945-жылдын 22-июнунда сыйланган. Тагыраагы Аракеттеги армиянын Суворов жана Кутузов ордендүү 37-жеңил артиллериялык бригадасынын командиринин 1945-жылдын 22-июнунда кол койгон буйрукта көрсөтүлгөндөй, СССР Жогорку Кеңешинин атынан согуштагы эрдиги, немецтик баскынчылар менен күрөштөгү баатырдыгы үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен “Старший сержант Айдаралиев Роспок – командир орудия 1432 легкого артиллерийского ордена Кутузова полка”[9] сыйланганын таап чыктым.
Баардыгы болуп, биздин каарман, «За боевые заслуги» медалы менен 2 жолу, «За отвагу» медалы менен 2 жолу, “Кызыл жылдыз” ордени менен 2 жолу, «За освобождение Праги» медалы менен 2 жолу, «За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941–1945 гг.» медалы менен 2 жолу, “Отечественной войны II степени” ордени менен бир жолу сыйланган экен.
![]() Айдаралиев Роспок, Воинское звание: ст. сержант Воинская часть: 1432 лап 37 лабр 17 адп РГК Наименование награды: Медаль «За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941–1945 гг.» Приказ подразделения от: 09.05.1946 Издан: 37 лабр 17 адп РГК Информация об архиве[10]
|
Айдаралиев Рыспек,
Дата рождения: __.__.1921 г. Место рождения: Таласская обл., Таласский р-н, с. Копре-Базар Наименование награды: Орден “Отечественной войны II степени” Номер документа: 85 Дата документа: 06.04.1985 Автор документа: Министр обороны СССР Информация об архиве.[11] |
Улуу Жеңиш менен аяктаган согуштан кийин Р.Айдаралиев 1945-жылдын июль айынан тартып Австрия мамлекетинин Кремск шаарында жайгашкан артиллериялык дивизиянын парторгу болуп кызмат өтөөнү улап, ата-журтуна, кичи мекени Көпүрө-Базарга 1946-жылдын май айында кайтып келген.
Согуштан кийинки эмгек жолу Кең-Сай айылындагы колхоздо башталган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары жер-жерлерде башкаруучу адистерге болгон талап күчөп, аларды даярдоого өзгөчө кам көрүлүп, жаш адистердди ар түрдүү адистик курстар, жогорку партиялык мектептер, курс-тар аркылуу даярдоо күчөгөн. 1948-1950-жылдары Р.Айдаралиев республикалык партиялык мектепке жолдомо алып, аны ийгиликтүү аяктаган. Партиялык мектепти аяктагандан кийин Кыргызстан Компартиясынын Талас обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө эмгектенген. Дал ошол жылдардан баштап Рыспек Айдаралиев Улуу Ата Мекендик согуштун каарман жоокери, чоң саясаттын, коммунисттик партиянын жоокери катары тынчтык жылдары, согуштан кийинки оор абалда өз элине, жерине эмгек өтөөсү башталган.
Кадимким ХХ кылымдагы улут лидери И.Раззаковдун мыкты жетекчи адистерди ротациялоо жолу менен аларды элге, жерге, Мекенге кызмат кылууга дайыма үндөп келгени үлгүлүү иш болгону маалым. Убагында Президент С.Ш.Жээнбеков айткандай: «Султан Ибраимов – Чүйдүн кулуну – Ошко барып иштеген, аны бүгүн дагы жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен гана эстейт. Мындан тышкары кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Сүйүнбаев Акматбек, Бейше Жапаров, Арстанбек Дүйшеев, Корчубек Акназаров, Рысбек Айдаралиев, Бекмолдо Ишимов ж.б. атаса болот», – деп белгилеген. Дал ошондой шартта алыскы, арта калган районго жетекчиликке барганы, ошол кездеги республикалык партиялык жетекчиликтин өзгөчө ишеними катары караса болот.
Талыкпас, күжүрмөн эмгеги менен биздин каарман, эгерде ар бир адам өз эли, жери, мамлекети үчүн чаалыкпай эмгектенсе, эл аны эч качан унутпайт – деген сөздүн өтөсүнө чыгып, зор эмгек кылды. Ошол кездеги партиялык жетекчилик жаш, уюштуруучулук жөндөмү бар, өзүнө жана башкаларга талапты катуу коюп, берилген тапшырмаларды так аткарган, энергиялуу, демилгелүү партиялык кызматкер катары Р.Айдаралиевди Кыргызстан Компартиясынын Талас Обкомунун Чаткал райондук комитетин жетектөөчү – биринчи катчы кылып дайындайт. Эскерте кетели, Чаткал району 1944-жылдан жаңыдан түзүлгөн Талас областына кошулуп, 1954-жылы кайрадан Жала-Абад облусунун курамына кайтарылган. 1956-жылы Чаткал району жоюлуп, Ала-Бука, кийинчерээк Жаңы-Жол районунун курамына кирип калган. 1959-жылы Жалал-Абад областы да жоюлуп, Ош областынын курамына кирип калган. 1990-жылы Жалал-Абад областы кайрадан түзүлгөндө, Чаткал району кайра түзүлгөн.
Рысбек Айдаралиевди Чаткал районунун партиялык комитетинин биринчи катчысы катары дайындоого кириптер болгон жетекчилердин башкысы, кадимки ХХ кылымдагы кыргыздардын улуттук лидери, 50-жылдары республиканын социалдык-экономикалык жана маданий абалын туруктуу жогорулатууга белсенип киришип, өзгөчө салым кошкон Исхак Раззаков болгону талашсыз. Ал адам, айрыкча алыскы, чет жакадагы, көп көрсөткүчтөр боюнча артта райондорго мыкты уюштуруучу, жетекчиликке жөндөмдүү, элди ынындыра ала турган, лидерлик касиеттерге ээ болгон жаш адистерди, чочулабастан эле, өзгөчө ишеним көрсөтүү менен жетекчилик кызматка дайындап турган. Албетте, дайындоо алдында ар тараптан изилдеп, иликтеп, ал кишиге баам салып, кеңири жана терең маектешип, купулуна толгон соң гана жетекчилик кызматка дайындаган. Ага кошумча ошол жылдары Ош, Жалал-Абад областында жетекчи болгон К.Дикамбаев, Т.Балтагулов, А.Сүйөркулов сыяктуу дөө-шаалар, тажрыйбалуу жетекчилер менен иштешип, аларга Чаткал районун оор абалын айтып, районду колдоого чакырган адамдардын бири Р.Айдаралиев болгон. Дал ошол, алгач Талас облусунун, кийин Жалал-Абад облусунун курамына кирген, Кыргызстандын Өзбекистан жактагы эң четки, чек арадагы районубуздун социалдык-экономикалык абалын чыңдоого, инфраструктурасын негиздеп, бекемдөөгө, алгачкы араба, машина жолун, бир катар айылдарды байланыштырган ички жолдорду курууга, көпүрөлөрдү салууга, Чаткал районун элине радио түйүндөрүн жеткирүүгө, социалдык-экономикалык, маданий абалын жогорулатууга Р.Айдаралиев өзгөчө зор салымын кошконун эл арасында азыркыга чейин аңыз кеп болуп айтылып жүрөт дешет чаткалдыктар.
Кыргыз ССРинде райком катчыларынан жалгыз Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыган Корчубек Акназаров, ошол жылдары Чаткал райкомунун 2-катчысы болуп, биринчи катчы Р.Айдаралиевди жакындан билип, ошол райондо үч жыл чогуу иштеген адам катары аны төмөнкүдөй: “Ал убакта Чаткалда техника деген жок болчу. Жетекчилердин баары атчан жүрчү, климаттык шарты оор эле. Рысбек Айдаралиев Чаткалда иштеген 4 жыл аралыгында опол тоодой эмгек кылды, Чаткал жерине, элине чоң жаңылыктарды алып келди. Ашар ыкмасында, жалаң кол күчү менен ички жана тышкы байланыштарга өбөлгө түзгөн жолдорду, көпүрөлөрдү, мектептерди, клубдарды курдурган. Табияты, кышы татаал алыскы районго булар абдан маанилүү эле. Элдин маданий турмушу колго алынып, жаңы тепкичке көтөрүлдү. Ошондуктан Чаткал эли аны азыркы учурга чейин чоң сый-урмат менен эстешет” – деп эскерген жайы бар.
Дал ошол Чаткал районун жетектеп турганда, райондун ички жана сырткы транспорттук байланышты түзүү максатында 1953-55-жылдары ашар жолу жана жергиликтүү элдин күчү менен Ала-Бука районунун Терек Сай айылынан Чапчыма ашуусу аркылуу Чаткал районун Жаңы-Базар айылына 80 км. жол салынып, ошол кездеги чаткалдыктар үчүн чоң жаңылык болгон. Аталган жолдун ашар жолу курулушунун башында, райондун партиялык уюмунун биоринчи катчысы Р.Айдаралиев турган. Бул социалдык-экономикалык, керек болсо стратегиялык, чек ара районун эске алганда, жол бүгүнкү күнгө чейин элге кызмат кылууда. Дагы бир чоң ийгилик, Чаткал дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрөнүн курулушу болгон. Дал ошондой олуттуу эмгеги, курулуштагы жетишкендиктери үчүн ал киши азыркыга чейин Чаткал элинин эсинде. Негизи Р.Айдаралиев Чаткал районунун административдик-аймактык, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык калыптанышына, өнүгүшүнө зор салым кошкону талашсыз. Чек арада турган Чаткал районун сактап калган десек да болот, убагында Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин “Чаткал районун өнүктүрүү” боюнча атайын токтомун чыгарткан экен. Тилекке каршы, администартивдик-аймактык өзгөрүүлөргө байланыштуу, партиялык кызматтан кетип, кайрадан кичи мекенине келип, райондук Аткаруу комитетинде эмгек жолун уланткан.
1956-жылдан биз ал кишини Талас областынын Буденный районунун Аткаруу комитетинин төрагасы катар көрсөк, 1959-жылы Талас районунун “Каракол” колхозунун башкармасы болуп дайындалат. Дал ушул сапатта ал киши өзүн зор уюштуруучу, чарба ишин, эл турмушун, колхоздун социалдык-экономикалык абалын ичинен, жеринен мыкты билген инсан катары көрө алабыз. Мал чарбасында жалаң эле жергиликтүү породаларды өстүрбөй, чет жактардан, башка республикалардан асыл тукум уйларды, жылкыларды, койлорду алдырып, топоздорду өстүрүп, алардын жалпы санын, эттүүлүгүн, сүттүүлүгүн, көбөйтүүгө жетишкен. Кыска мөөнөттө артта калган колхоз чарбасын ирилештирип, зор ийгиликтерге жетишип, анын натыйжасында ал жетектеген “Караколду” миллоионер жана ордендүү колхоз даражасына жеткире алган. Бул да болсо тынымсыз, талыкпас ак эмгектен натыйжасы да, үлгүсү да болгону талашсыз.
Рысбек Айдаралиев жетектеген “Каракол” колхозунун республикадагы саналуу миллионер колхоздун бири болуп, анын ийгиликтери тууралуу 1967-жылы “Кыргызстан” басмаканасынын “Колхоз Каракол высокодоходное хозяйство” – деген китеп чыкканы бизди абдан таң калтырды. Анткени ал жылдарда бир колхоздун ийгилиги тууралуу өзүнчө китеп чыгаруу абдан олуттуу иш болгон. Демек, Р.Айдаралинев жетектеген колхоз ошондой алкоого татыктуу жетекчи, колхоз башкармасы болгону талашсыз.
Дал ошол жылдары, анын өзгөчө демилгеси, омоктуу ою, натыйжалуу ишинин натыйжасында Каракол суусун бойлой 16 чакырымга созулган 175 га Россиянын аймагына алынып келинген кайың көчөттөрү отургузулуп, жыл өткөн сайын көркүнө чыгып, учурда бүткүл Талас элинин, жеринин сый-мыгы, символу болгон кайың бакка айланды. Мунун өзү эле өзгөчө эмгек, өзгөчө керемет.
Адилеттикти жактаган инсан катары, ак караны, куру жалааны, адилетсиздикти жон териси менен тартып, акыры ак ийилет, бирок сынбайт болуп, бу турган Фрунзе эмес, тээ Москвадан акталып, партия мүчөлүгүнө кайра-дан тикеленгенин таластыктар жакшы билесиздер. Убагында Р.Айдаралиев-дин иши чоң резонанс жаратып, ошол кездеги Кеңеш доорунун адилеттүү актоосуна жетишип, андан кийин да эмгек жолун улаганы маалым. Көп жылдар жайыт башкармалыгында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Ошентип ак эмгекти барктаган, адамгерчиликти даңктаган, адилеттикти жактаган, чыныгы жоокер Рысбек Айдаралиев байсалдуу өмүр жолунда абройлуу, кадыр-барктуу, татыктуу, нарк-насилдүү турмуш кечиргени баарыбызга маалым. Эң негизгиси көзү өткөнүнө көп жыл болсо да Талас эли, жери ал инсанды унутпай, эмгегин баалап, айылдын, мектептин атын берип, эсинде сактап келе жатканы, ага болгон сый урматы бизди кубандырат. Бар болуңуздар, маараке кут болсун.
(Сүрөттөр интернетен алынды).
Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ош мамлекеттик университети
[1] РФ КМ БА (Центральный архив Минситерства обороны Российской Федерации). Фонд ист. Информации: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. информации: 3609
[2] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Картотека награждений. Расположение документа: шкаф 2, ящик 5.
[3] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Картотека награждений. Расположение документа: шкаф 2, ящик 5.
[4] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. информации: 3609. Приказ подразделения №: 3/н от: 25.03.1944. Издан: 1432 лап.
[5] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 687572. Дело ист. Информации: 2802.
[6] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Картотека награждений. Расположение документа: шкаф 2, ящик 5.
[7] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. информации: 1892. Приказ подразделения №8/н от: 22.06.1945. Издан: 37 лабр.
[8] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 9639. Опись ист. информации: 2. Дело ист. Информации: 16.
[9] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 33. Опись ист. информации: 690306. Дело ист. Информации: 1892.
[10] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Фонд ист. информации: 12851. Опись ист. информации: 2. Дело ист. Информации: 4
[11] РФ КМ БА (ЦАМО РФ). Картотека: Юбилейная картотека награждений. Расположение документа: шкаф 1, ящик 16.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ