Menu

ИИМ: Алмаз Бейшеналиев алган $110.000 парасын өз ыктыяры менен кайтарып бергендиги жана өнөкөт ооруларга чалдыкканына байланыштуу үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.
2022-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индия Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча 2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда А.Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал  ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди.
Ал эми, А.Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн  үй камагына өзгөртүлдү.
Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан  толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: