Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Орусия Түндүк Корея боюнча резолюцияны четке какты

6-июлда Орусия Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракетаны учуруусун айыптаган АКШ түзгөн резолюция долбооруна каршылыгын билдирди.
Орусия 4-июлда сыналган ал ракеталар алыска эмес орто аралыкка гана жете аларын белгилеп, Коопсуздук кеңешинде талкууланган резолюцияга өзгөртүү киргизүүгө аракеттенерин айтты.

Вашингтон Пхеньянга каршы санкцияларды катаалдаштырууну көздөп жатат. Элчи Никки Хэйли АКШ өз сунуштарын жакында берерин билдирди.

Түндүк Корея бийлиги континенттер аралык баллистикалык ракеталар технологиялык жактан мурдагылардан алда канча заманбап деп ырастап жатат. Кошмо Штаттар бул чындыкка жакын деген пикирде. Резолюциянын жактырылышы үчүн Коопсуздук Кеңешинин бардык туруктуу мүчөлөрү мунасага келүүгө тийиш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЮНИСЕФ менен Европа Биримдигинин иши Борбор Азия жана Түштүк Кавказдагы 700 000 баланын табигый кырсыктарга туруктуулугун камсыздай алды

Балдарга багытталган он жылдык программа кийинки айда соңуна чыгат. Европа Биримдигинин колдоосу менен ЮНИСЕФтин программасы аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча жер титирөөлөр, сел жана көчкү жүрүү коркунучу жогору болгон Борбор Азия жана Түштүк Кавказдын сегиз өлкөсүндө жашаган 1 миллион адам, анын ичинде 700 000 бала түрдүү табият кырсыктарына жакшы даярдана алышты.

Европа Биримдиги салым түрүндө ЮНИСЕФтин Кырсыктар тобокелдигин азайтуу боюнча программасына (КТА) 7 млн АКШ долларын бөлгөн. Бул каражат Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук билим берүүнүн системаларына кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча программаларды интеграциялоого көмөктөшүүгө багытталган.

Балдарга багытталган он жылдык программа бир нече маанилүү жыйынтыктарга жетүү менен кийинки айда соңуна чыгат. Анын ичинде:

  • Программа ишке ашырылган бардык сегиз өлкөдө билим берүү жаатындагы улуттук саясатка, мектеп программаларына жана мугалимдерди даярдоо системаларына кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча стратегияларды интеграциялоо.
  • Кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча мектептер үчүн комплекстүү колдонмолорду түзүү. Аларга табигый кырсыктарга туруштук бере алган мектептерди куруу, кырсыктарды азайтуу жана башкаруу боюнча мектеп комитеттерин түзүү, кырсык тобокелдиктерин баалоо механизмдерин жана өнүгүү пландарын иштеп чыгуу, табият кырсыктары тууралуу алдын ала эскертүү системаларын түзүү жана балдардын катышуусу менен өзгөчө кырдаалдарда өзүн алып жүрүү боюнча окууларды өткөрүү кирет.
  • Мектептерде жана жамааттарда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы чечимдерди кабыл алуу жана аларды ишке ашыруу процесстерине балдар менен өспүрүмдөрдү тартуу.

«Чукул кырдаалдар жаралган учурда өзгөчө балдар башкаларга салыштырмалуу кооптуу абалда калышат. ЕБнын, Борбор Азия жана Түштүк Кавказдагы өлкөлөрдүн бийлигинин колдоосу менен балага багытталган өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу планы иштелип чыкты. Мындай мамиле жаратылыш кырсыктары болгон учурда балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүн өмүрүн сактап калат», – деп айтты ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан. «Биз өкмөттөрдү бул иштерди улантууга жана мындан ары да өзгөчө аярлуу жамааттар менен үй-бүлөлөрдү көбүрөөк тартууга үндөйбүз».

«Чукул кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктары балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө олуттуу таасир тийгизерин четке кагууга болбойт. Борбор Азия жана Түштүк Кавказдагы улуттук билим берүү системаларына кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча программаларды интеграциялоону колдоо менен, ЕБ мындай кырдаалдарга жакшыраак даярданууга жардам берүүдө. Бул иштер алардын келечекте ар кандай кырсыктарга туруктуулугун арттырат», – деп айтты Гуманитардык жардам боюнча Европа бюросунун (ECHO) регионалдык директору Андрулла Каминара.

Борбор Азия жана Түштүк Кавказ региондорунда дүйнөдөгү жер титирөө тобокелдиги жогору болгон өлкөлөр бар. Акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу селдер жана жер көчкүлөрү көп болууда.
ЮНИСЕФтин программасын жыйынтыктап жатып, ЕБ жана улуттук өнөктөштөр Кыргызстанда жолугушат. Алар негизги жетишкендиктерди жана учурдагы кыйынчылыктарды карап чыгып, бардык аймакта табият кырсыктарына даярдыкты жогорулатуу боюнча чараларды мындан ары күчөтүү жолдорун макулдашат.

Булак: Кыргызстандагы Евробиридиктин пресс-кызматы

Сирияга агылгандар дале көбөйүүдө

Расмий маалымат боюнча, Жакынкы Чыгыштагы террордук топтордун катарында согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат.

Бирок, эл аралык уюмдардын эсептөөсүндө соңку жылда бул статистика кескин өстү. «Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористгик борборунун маалыматы боюнча 2016-жылдын башында «Ислам мамлекети» уюмунда Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келген согушкерлердин саны 2 миң 600 адам делет. Кыргызстандан баргандар 860 делип жатат. Алардын 180дейи аялдар» деген саясат талдоочуЧынара Эсенгул буга чейинки экстремизм жана терроризм боюнча өткөн иш-чарада.

Айтымында, ШКУ эсептөөсүндө Сирия, Ирак өлкөлөрүндө согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргыз жарандарынын 77,5%ы Кыргызстандын түштүк облустарынын тургундары.

Булак: “Азия Ньюс”

Сирияда Асаддын каршылаштары Ракка шаарына чабуул жасоодо

Сириянын куралдуу оппозициясы менен күрд отряддары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун тиреги болгон Ракка шаарына чабуул жасоодо.

АКШ жетектеген эл аралык коалиция жихадчылар катуу каршылык көрсөтүп жатканын билдирди.

“Ислам мамлекети” Ракканы 2014-жылдан бери кармап турат. Асаддын режимине каршы түзүлгөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” 2016-жылы Ракка шаарына чабуул жасоону баштаган.                                                                   Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Дүйнөдөгү адаттан тыш фонтандар

МЕТАМОРФОЗ ФОНТАНЫ

Метаморфоз фонтаны чех скульптору Давид Черныйга таандык. Фонтан түндүк Каролиндеги Шарлотт шаарында жайгашкан. Бийиктиги 7 метр бийиктиктеги жана 16 тонна салмактагы бирдей формадагы миң пластинадан куралган, баш формасындагы укмуштуудай керемет кубулуш болуп саналат. Көз жоосун алган метаморфоз фонтанын канча карап турсаң да көз жоосу канбаарын айтышат.

ИСПАНИЯДАГЫ КРАН ФОНТАНЫ

Магиялык касиети бар деп аталган бул фонтан Испаниянын Кадис шаарында жайгашкан. Абада калкып турган сымал бул фонтанды көргөн адам, жерге кайсы тарабынан бекитилгенин таба албай убара болоору анык. Бирок мунун жандырмагы жөнөкөй эле. Суу агып жаткан крандын оозу менен жерге ичке труба орнотулган. Бул кран ошол трубага бекитилген. Муну суунун ичинен көпчүлүк көрө албайт.

ЫРГА АЙЛАНГАН ФОНТАН

Барселонада жайгашкан бул фонтан жөнүндө канчалаган ырлар жазылган. Эң мыкты фонтандардын тизмесинин алдыңкы сабынан түшпөй келет. Ар бир классикалык музыканын сабына жараша бийлеген түзүлүштө абага атып чыккан бул фонтан, ар бир көргөн адамды кайдигер калтырган эмес.

АСАН-ҮСӨН ФОНТАНЫ

Сеулдагы Гиннестин китебине кирген дүйнөдөгү эң узун Асан-Үсөн фонтаны. Ханган дарыясынын агымында жайгашкан эки каттуу бул фонтан күндүзү көлөмү менен элди таң калтырса, түнкүсүн ал аймак фонтандын көркүнө, сулуулугуна суктангандарга толот.

ВАЛЕНСИЯДАГЫ КАЙЫК ФОНТАНЫ

Испаниянын Валенсия аймагында көптөгөн кызыктуу имараттар жана кызыктуу кайык фонтаны жайгашкан. Күндүз аппапак өңдөгү бул фонтан кечкисин алтын түстүү болуп кубулат.

БАЙЛЫК ФОНТАНЫ

Бул фонтан 1998-жылы Гиннесстин рекорддор китебине көлөмүнүн чоңдугу боюнча жана кооздугу менен кирген. Бул фонтан фэн-шуйдун бардык эрежелерин эске алуу менен курулган. Коло менен куралып, ар бир суунун асманга атылып чыгышы жана ал кайра кандай жол менен кайра кирээри, бардыгы жашоодогу байлыктын адам баласына келишин элестетүү менен бул фонтан “байлык” аталышын алган.

Булак: “Фабула”

БУУнун Коопсуздук кеңеши Катар чырына кийлигишпейт

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Катар менен Перси булуңундагы бир нече өлкөнүн ортосундагы талашка кийлигишүү ниети жок. Бул тууралуу Кеңеште төрагалык кылып жаткан Кытайдын БУУдагы өкүлү Лю Цзеи билдирди. Ал Катарга коңшулары менен сүйлөшүү жана кеңешүү аркылуу маселени өз алдынча чечип алууну сунуштады.

5-июнда Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Египет Катарды терроризмди колдоого жана Иран менен кызматташууга айыптап, дипломатиялык жана соода мамилелерин токтотушкан. Кийинчерээк алар Дохага «Мусулман агайындар» кыймылы менен байланыштарын токтотуу, «Аль-Жазира» телекомпаниясынын штаб-квартирасын жабуу, Иран менен дипломатиялык байланыштарды кыскартуу жана өлкөдөгү түрк аскердик базасын жабуу шарттарын коюшкан.

Катар бул талаптарды орундатуу мүмкүн эмес деп билдирген.

Коюлган талаптарды аткаруу үчүн Катарга берилген мөөнөт 5-июлда аяктайт. Ал күнү төрт араб өлкөсүнун тышкы иштер министрлери Каирде жолугуп, абалды талкуулашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Макрон парламентти үчтөн бирге кыскартууну сунуштады

Франциянын президенти Эммануэль Макрон парламент депутаттарынын санын үчтөн бирге кыскартуу ниетинде. Мамлекет башчынын пикиринде, мындай кадам парламентарийлердин чечимдерди тезирээк кабыл алып, зарыл болгон реформаларды жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берет.

Макрон ошондой эле армияны жаңылоо тууралуу ойлонуп жатканын да билдирди. Айтымында, бул Франциянын кызыкчылыктарын коргоо жана башка өлкөлөр менен эл аралык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн керек.

Француз президенти эгер парламент ушул жылдын ичинде керектүү реформалар үчүн добуш бербесе, анда жалпы элдик референдум өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Версалдагы бүгүнкү салтанаттуу жыйынга Улуттук жыйындын 577 депутаты жана Сенаттын 348 мүчөсү чакырылган. Президенттин кайрылуусу үчүн парламентти чогултуу — Франция үчүн жаңы саясий практика. Макрон мындай жыйынды жыл сайын өткөрүп турарын айтты.

4-июлда Улуттук жыйында Франциянын премьер-министри Эдуар Филипп министрлер кабинетинин ишинин программасын тааныштырышы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Путин Кремлде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди кабыл алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди кабыл алды. Кечкиге эки өлкө лидеринин бейформал тамактануусу пландалган.

Си Цзиньпиндин Москвага болгон эки күндүк сапары маалында 40ка жакын эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат деп күтүлүүдө.

Кытай Орусиянын башкы соода өнөктөшү болуп эсептелет: өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу 65 миллиард долларды түзгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Голливудда Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу тасманын премьерасы болду

“Unfallen” тасмасын тартуу маалында

Голливудда тажик актеру жана продюсери Жайхун (Жеймс) Насиминин «Багынбас» (“Unfallen”) тасмасынын премьерасы болду. Анда Тажикстандагы жарандык согуштун кесепеттери тууралуу айтылат.

Жайхун (Жеймс) Насиминин билдиришинче, “Unfallen” – Тажикстандагы жарандык согуш ажыраткан бир туугандар Рустам менен Сухробдун баштарынан өткөргөн окуясын баяндайт. Согуш аяктагандан бир канча жыл өткөн соң алар Ооганстанда кезигишет — бири талиптердин, экинчиси ооган аскерлеринин тарабында согушуп жүргөн болот.

«Батышта чыгыш элдери тууралуу жаңылыш стереотип жашап келет. Мен аларга жаман диндин же жаман улуттун жоктугун, болгону тигил же бул дин менен улут тууралуу жаман ойлорду калыптандыра турган адамдардын бар экенин айткым келет», — деди тасманын режиссеру, сценарийинин автору жана башкы каармандын ролун жаратуучу Жайхун Насими.

Тасманын айрым көрүнүштөрү Тажикстанда тартылган. Бирок Ооганстандагы коопсуздук абалына байланыштуу, согуш тууралуу эпизоддорун АКШнын Вашингтон штатында тартууга туура келген. Башкы ролдордун бирин «Кутурган иттер», «Донни Браско», «Биллди өлтүрүү» өңдүү тасмалардагы ролу менен белгилүү актер Майкл Мэдсен аткарды. Андан тышкары тасмага голливуд жылдызы Жеймс Хонг дагы катышкан.

Жайхун Насими 2000-жылдан бери Голливуда иштеп, бир канча тасмага, анын ичинде Оскарга ээ болгон «Операция Арго» тасмасында эпизоддук ролду жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Астана: сирия оппозициясы сүйлөшүүлөргө катышарын ырастады

Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катыша тургандыктарын ырасташты. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 4-5-июлга белгиленген сүйлөшүүлөрдүн курамы буга чейинки жолугушууга чогулган курам менен дээрлик окшош болот. Анда Сирияда «деэскалация зоналарын» түзүү тууралуу меморандумга кол коюлган.

«Астана жараянына кепил болгон Орусия, Түркия жана Иран өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегацияларынын, ошондой эле Сирия өкмөтүнүн делегациясынын жолугушууга келе тургандыктары ырасталды. Андан тышкары сүйлөшүүлөргө Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү да катышарын ырасташты», — деди Абдрахманов.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 3-июлда Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы натыйжалуу болот деген үмүтүн билдирип, өлкө жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча түзүп берүүнү улантууга даяр экенин айткан.

Казакстан ТИМ башчысынын айтымында, сүйлөшүүлөргө АКШ мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Стюарт Жонс менен БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистуранын катышары күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню