Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Фото - ММКлар Александр Лукашенкону жандап жүрө баштаган 21 жаштагы сулуу кыздын ысымын такташты

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко өзү төрөлгөн Александрия кыштагында “Купалье” фестивалына катышты. Бул жылы өлкө президентинин жанында чиновниктер менен кичүү уулу Колядан башка дагы кара чачтуу, сулуу бийкеч да отурду. «Наша Нива» басылмасынын жазганына караганда, ал кыз 21 жаштагы модель жана студентка Кристина Неверо, ал бир нече жолу көптөгөн конкурстардын лауреаты жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулган президенттик балдын катышуучусу болгон.

БРСМ өкмөттүк жаштар уюмунун сайтында  жарыялангандай Кристина комсомолка, активистка жана болочоктогу финансист.

Төмөндө Александр Лукашенко уулу Николай, вице-премьер Николай Корбут жана модель Кристина Неверо менен.

gazeta.ru сайтынан кыргызчаланды

Amnesty International: Мосул үчүн күрөштө гуманитардык укуктар бузулган

Amnesty International укук коргоо уюму Мосул шаары үчүн күрөштө Ирак армиясы менен АКШ башында турган эл аралык коалиция эл аралык гуманитардык укуктарды бузган болушу мүмкүндүгүн билдирди. Уюмдун кызматкерлери айрым жол берилген укук бузууларды «аскердик кылмыштарга» теңөөгө болорун билдиришүүдө.

Amnesty International 11-июлда жарыялаган баяндамада «Ислам мамлекети» тобунун командирлери тарабынан дагы гуманитардык укуктар одоно бузулганы белгиленген. Андагы маалыматка ылайык, жихадчылар жай тургундарды тирүү калканч катары пайдаланышкан.

10-июлда Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосул шаары «Ислам мамлекетинин» жоочулары басып алынгандан үч жылдан кийин толугу менен жихадчылардан бошотулганын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ ракетага каршы коргонуу системасын сынады

Кошмо Штаттар шейшембиде ракетага каршы THAAD коргонуу системасын сыноодон өткөрдү. Мүнөздөмөсү боюнча Түндүк Кореянын орто аралыктагы баллистикалык ракетасын элестеткен Альяскадан учурулган ракета Тынч океандын үстүндө атылып түшүрүлдү.

Муну менен АКШ орто аралыктагы ракеталарды токтотуу боюнча THAAD системасынын натыйжалуулугун алгачкы жолу текшерүүдөн өткөрдү.

Бул сыноолор Түндүк Кореянын жакында эле континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учургандыгынын фонунда чоң аскердик жана дипломатиялык резонанска ээ болду.

Ал ортодо АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө Пхеньянга карата киргизилген санкцияларды кеңейтүүнү сунуштаган жаңы резолюция долбоорун жөнөттү. Анда Түндүк Кореянын валюталык маанилүү киреше каналдарын тосуу, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен өнөр жай комплекстерине күйүүчү май жеткирүүнү чектөө чаралары сунушталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Могерини: ЕБ Орусиядан Минск келишимдеринин аткарылышын күтөт

Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Могерини жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 11-июлда Брюсселде жолугуп, Ливиядагы кырдаалды, Перс булуңундагы чыңалган абалды талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндөтараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасыздыгы, Түндүк Кореядагы абал, Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу да сөз кылышты.

Биргелешкен маалымат жыйынында Могерини көптөгөн суроолор боюнча тараптардын түрдүү көз карашы сакталып жатканын белгилеп, маселе чечүү үчүн жалпы пикир зарыл экенин айтты.

Евробиримдик менен Орусиянын мамилеси 2014-жылы орустар Крымды аннексиялап алгандан кийин бузулган. Брюссель Москва Минск келишимдериндеги милдеттенмелерин аткарат деп күтүүдө.

Могерини Орусия жана АКШ президенттери Сириянын түштүк-батышында ок атышууну токтотуу боюнча Гамбургда жетишкен келишимди да белгиледи. Сергей Лавров Евробиримдик менен АКШны Башар Асаддын режимине каршы санкцияларды жокко чыгарууга чакырды. Айтымында,бул Сириядагы гуманитардык көйгөйлөрдү тереңдетүүдө.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Видео - Биринчи жолу гей-мусулман эркектердин үйлөнүү тою өттү

Улуу Британиянын Уолсолл шаарында тарыхта биринчи жолу мусулман эркектер баш кошту. 24 жаштагы Жайд Чоудхури менен 19 жаштагы Шон Роганд 2015-жылдан бери мамиледе болуп келген, деп маалымдады «Express and Star» басылмасы.

Алар Чоудхури ыйлап отурган жерден Дарластон шаарынан таанышкан.

Бангладеш өлкөсүндө мусулман үй-бүлөдө өскөн Жайд бул тууралуу: «Отургучта ыйлап отурсам Шон капыстан келип, “бары жакшыбы?” деп сурады», – деди. Анын айтымында, ага жашоосундагы оор күндөрдө моралдык колдоо көрсөткөн Шон ар кандай кыйын учурларда дайыма жанында болуп келет.

Чоудхуринин айтымында, ал дайыма коомчулуктан бөлүнүп турчу. Ага эч качан футбол ойногон жакчу эмес. Анын ордуна сыналгыдан модага байланыштуу телеберүүлөрдү көргөн кызыктуу болчу. Жада калса атасы ага кыз таап берип, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Айланасындагы адамдар аны дайыма жаман көргөнүн да сезип турчу.
Ал өзүнүн сексуалдык ориентациясын өзгөртүү максатында дары-дармектерди колдонуп, Сауд Арабиясына ажылыкка да барган. Мындай аракеттер менен өзүн өзгөртө алган эмес.

Чоудхуринин үй-бүлөсү үйлөнүү тойго катышкан жок. Анын пикиринде, бул кадам мусулман калкы жана ЛГБТ-коомчулугу үчүн өтө маанилүү кадам болот.

«Мындай кадам менен мен айланадагы адамдардын пикири маанилүү эмес экенин көрсөтөм. Менин үй-бүлөм азыркыга чейин бул оору, андан дарылануу керек деп эсептешет. Ушундай абалга кабылгандардын барына, бардыгы жакшы деп айткым келет. Биз дүйнөгө гей-мусулман болуу мүмкүн экенин көрсөтөбүз», – деди Чоудхури.
ЛГБТ аббревиатурасы англисчеден кыскартылып алынган. Лесбиянкаларды (Lesbian), гейлерди (Gay), бисексуалдарды (Bisexual) и трансгендерди (Transgender) түшүндүрөт.

Булак: “turmush.kg

Фотобаян - Путин АКШнын 1-айымы Меланья Трамп менен кантип таанышты

“Чоң жыйырмалыктын” саммитинин аянтында Россия президенти Владимир Путин биринчи жолу АКШнын президенти Дональд Трамп менен гана жолукпастан анын жубайы Меланья Трамп менен дагы жолугушту. АКШнын биринчи айымы менен россиялык президент бири-биринин колдорун кысышып учурашышты.

Экөөнүн таанышуусу кандай болгондугун «Газета.Ru» түзгөн фотобаяндан көрө аласыздар.

Фото - Түсү менен өзгөчөлөнгөн белгилүүлөр

Көзү менен дүйнөнү багынткан Абаш

Эрик Лаффорг аттуу саякатчы эсинде калган учуру катары Эфиопиядагы сейрек кездешүүчү жаш бала менен жолуккан учурун айтып келет. Абаш аттуу жаш баланын күйүп турган асман өңүндөгү көздөрүнөн Эрик Лаффорг алгач көргөндө чочуп кеткенин айткан. Саякатчы бул бала жөнүндө кенен билгиси келип изилдөө жүргүзгөндө, 300 миң адамдын бирөөндө кездешүүчү Ваарденбург синдрому менен жабыркаары белгилүү болгон. Эрик Лаффоргдун жардамы менен Абаш белгилүү асман көздүү бала болуп дүйнөгө аты чыккан.

Сепкил беттүү сулуу

Америкалык модель Никиа Феникс бетиндеги майда кара тактарынын жашоосун башка багытка буруп койгондугун айтып келет. Бетинин чаар ала болгондугуна уялбастан, тескерисинче көпчүлүктөн айырмалуу экендигине сүйүнөт. Никиа кафеде кофе ичип отурган жеринен “Alternative Apparel” компаниясынын жетекчилигинен бирөө көрүп калып чогуу иштешүүгө чакырган. Ошол күндөн тартып белгилүү рекламалык компаниялардын жүзү болуп келүүдө.

Түн ханышасы

Суданда жарыкка келген Ниаким Гатвеч терисинин сейрек кездешүүчү өңү менен моделдик карьерасын баштап, сенсация жаратып жаткан учуру. 24 жаштагы африкалык моделди терисинин өңүнөн улам “Түн ханышасы” деп аташууда. Ниаким каралыгынан улам бир топ шылдың сөзгө да кабылып, баарына чыдап келгенин жашырбайт. Сулуу селки терисинин өңүн “бекем ишенимдин жана чоң сыймыктын түсү” деп эсептейт. Ал: “Мен эч кимге окшошпойм. Бул жөн эле көрүнүш эмес, бул Кудайдын берген белеги”, — деп сыймыктанып турат. Ниаким учурда АКШда жашап, подиумга чыгып, кара түстүү кыз-келиндердин укугун коргоп келет.

Кара барби

16 жаштагы Лола Чуил Лос-Анджелесте мектепте окуйт. Лола терисинин өзгөчөлүгү менен дүйнөнү таң калтырган кыздардын бири. Анын терисин көмүрдөй кара деп атап келишет. Бул өзгөчөлүгү менен белгилүү болуп “Кара барби” аткан конгон Лола 8 тилде эркин сүйлөөрүн да баса белгилеп коюшубуз керек.

Ала оорусуна чалдыккан модель

Канадалык фотомодель Винни Харлоу витилиго оорусу менен жабыркап келет. Бул оору теридеги пигменттердин бузулушу. Азырынча бул ооруга даба табылбагандыктан, Винни кол куушуруп отуруп калбай бул нерсени өзгөчөлүк катары алып чыгууну каалаган. Бул тилеги ишке ашып «Топ-модель по американски» аталышындагы ток-шоуга катышып, ал жерден 6-орунга илинген. Бул баштапкы ийгилигинен кийин келечектеги моделге сунуштар биринин артынан бири түшө баштаган.

Кокустан белгилүү болгон Томпсон

Карьераны эч ойлобогон Стивен Томпсон, келечекте ийгиликтүү адам болуп калаарын сезбесе керек. Кайсы бир фотографтын ийгиликтүү сүрөттөрүнүн бирине кокусунан түшүп калган Стивен жылдыз болуп чыга келген. Ал фотограф сүрөттөрдү журналдарга таратып жүрүп Стивендин сүрөтү талашка түшүп калат деп ойлогон эмес. 2011- жылы Стивен “Givenchy” мода үйүнүн жүзү болууга жетишкен. Бул күндөн тартып Стивен Томпсондун өзгөчө сулуулугуна зарыл болгондор көбөйүүдө.

Булак: “Фабула”

 

Ак үй Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусия менен Иранга карата жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду. Бирок учурда Конгресс тарабынан каралып жаткан мыйзам долбоору президенттин ыйгарым укуктарын кыйла чектейт. Бул тууралуу журналисттерге Ак үйдүн мыйзам чыгаруу маселелери боюнча өкүлү Марк Шорт билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, эгер АКШ президенти санкцияларды алып салуу же жеңилдетүүнү кааласа, анда ал чечим үчүн Конгресстин добуш берүүсү керек болот.

14-июнда АКШ Сенаты Орусиянын Кошмо Штаттардагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкендиги жана Сирия менен Украинадагы аракеттерине жооп катары Москвага киргизилген санкцияларды кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.

Жаңы санкциялар Орусиянын чалгындоо жана коргонуу мекемелеринин кызматкерлерине каршы багытталган. Санкциялардын жаңы пакетине Орусияда адам укуктарын бузгандарды жазалоого мүмкүндүк берген жобо киргизилген.

АКШнын айрым мунай жана энергетикалык компаниялары Орусияга каршы санкцияларды катаалдатуу тууралуу мыйзам долбоорун сынга алышууда. Алардын пикиринде, бул чаралар америкалык компаниялардын дүйнөдөгү абалын начарлатып, атаандаштарга артыкчылыктарды түзүп берүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Стамбулда өзбекстандык эки кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылды

Түркия, АКШ жана Орусия өлкөлөрүнүн активисттери Стамбулда кыздарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган өзбекстандык аялдан Хорезм жана Фергана облустарынан барган эки кызды куткарышты. Чет өлкөлөрдөгү сойкуканаларды жетектеген аял Стамбулга кыздарды бала багуучу жумушуна орноштурам деп алдап алып барган.

5-июлда Өзбекстандын Хорезм облусунун 25 жаштагы тургуну Халима Хайитбаева IMO мессенджери аркылуу Санкт-Петербургдагы мурдагы жумуш берүүчүсүнө билдирүү жазып, аны Түркияга бала багуучулук жумушка чакырган аял сутенер экенин билдирген. Бул окуя коомчулукка белгилүү болгондон кийин дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндөгү активисттер биригип аны куткарууну чечишкен.

Маалыматка караганда, 8-июлда Түркиядагы жеке күзөт кызматтарынын биринде иштеген хорезмдик бала Халима Хайитбаеваны куткарууга жетишкен. «Хайитбаева дагы бир курбусу менен үйдөгү кийимдери менен качып чыгышты. Азыр алар коопсуз жерде. Эми жардам сурап Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугуна кайрылганы жатышат», – деди ал.

Кыздарды куткарууга катышкан дагы бир активисттин айтымында, алар Халима Хайитбаевадан тышкары сутенерлордун колуна 20 күн мурда түшкөн ферганалык Мадина аттуу дагы бир кызды куткарышкан:

– Мадина дагы Халима сыяктуу эле Стамбулга алданып келгенин айтты. Кыз Түркияга келгенде сутенерлор аны бул жакка алып келүүгө 4 миң доллар короткондуктарын айтып, ал сумманы карыз катары кыздын моюнуна илишкен. Мадина 20 күндүн ичинде 15-20 кардарды тейлеп, 3 миң доллар карызынан кутулган. Андан соң ал Халима менен бирге качып кеткен. Азыр кыздын Өзбекстанга кайтып баргысы келип жатат, бирок жакындары Стамбулдагы окуясын билип калат деп коркуп жатат, – деди активист.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШда аскерий учак кулап 16 киши каза болду

Миссисипи штатындагы аскерий учактын кулашынан 16 киши мерт болду.

Маалыматтарга караганда, KC-130 аскерий учагы Черри-Пойнт базасынан (Түндүк Каролина) учуп чыккан.

Азырынча кырсыктын себептери белгисиз.

Аскерлер учактын ичиндеги бардык 16 кишинин тең каза болгонун ырасташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню