Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Түштүк Корея Түндүк Корея менен аскердик сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр

Түштүк Корея Түндүк Корея менен аскердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана чек арага жакын аймактарда душмандык ишмердүүлүктөрдү токтотууну сунуштады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын коргоо министринин орун басары Су Чху Сок билдирди. Июлдун башында Пхеньян ракеталарын сынагандан кийин эки өлкө ортосундагы мамиле курчуп кеткен.

Сок чек ара аймактарында кырдаалды курчуткан душмандык бардык аракеттерди токтотуу үчүн 21-июлда Тонгилакта Түндүк Корея менен аскердик сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Тонгилгак – буга чейин эки Корея сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген Панмунжом айлындагы түндүк кореялык имарат. Эки өлкө 2015-жылдын аягынан бери өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрө элек. Түштүк Кореянын жаңы президенти Мун Чжэ Ин Түндүк менен мамилени жакшыртууга ынтызар экенин билдирген.

Пхеньян 4-июлда континент аралык баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынагандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курчуп кеткен. Түштүк Корея президенти чыңалууну азайтуу үчүн 6-июлда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр экенин айткан.

Түштүк Корея Кызыл Чырым линиясынын алкагында 1-августта ушул эле жерде кеңешме уюштурууну демилгелеген. БУУ Түндүк Кореянын ракеталык программасына тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сириядагы согушкерлердин айлык маянасы канча

Ирак полициясы Мосул шаарынын батыш тарабынан “Ислам мамлекетинин” (ИМ) террорчуларына айлык төлөө боюнча отчеттор жазылган бухгалтердик документтерди таап алгандыгы тууралуу “Sputnik Arabik” агенттиги жазды. Андагы маалыматтар боюнча эң төмөнкү айлык 72 доллар же 95 миң ирак динарын түзгөн. Бирок анын 40 доллары тамак-ашына кармалып, колуна 32 гана доллардан тийген. Ал эми уюмдун командирлери болсо 500 доллардан жогору айлык акыдан тышкары, өздөрү басып алган имараттардагы эмеректерди сатуудан түшкөн акчаларды дагы алышкан. Алгачкы жылдары согушкерлер 600-1300 долларга чейин алып турушкан. Кийин мунай заводдоруна ээлик кылган аймактарынан айрылгандан соң, айлыктары кескин кыскарган.

Булак: “Фабула”

Монголиянын жаңы президенти мамлекеттик резиденцияда жашоодон баш тартты

Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулга өзүнүн статусуна ылайык Их Тэнгэрдеги мамлекеттик резиденцияда монгол парламентинин спикери Миеэгомбын Энхболд жана премьер-министр Жаргалтулгын Эрдэнэбат менен катарлаш жашоодон баш тартты. Бул туурасында “Монголия азыр” маалымат агенттиги билдирет.

Акыркы 63 жыл ичинде Монголиянын жетекчилери — Юмжагийн Цэдэнбал, Жамбын Батмунх, Пунсалмаагийн Очирбат, Нацагийн Багабанди, Намбарын Энхбаяр и Цахиагийн Элбэгдорж баары Богдо уул деп аталган тоодо өзгөчө кайтарылган аймакта жашашкан.

Баттулга болсо Борбордук почтага карама-каршы жайгашкан мурда Ю.Цеденбалдын кышкы квартирасы болгон үйгө турууну чечти.

Мамлекет башчы жумушка жөө барып келүүнү чечти, ал үйдөн жумушка жолдун аралыгы болгону 400 метрди түзөт.

Президенттин администрациясы бул окуядан кийин көптөгөн башка чиновниктер дагы сабак аларына, килтейген джип унаалардан жана башка кымбатка турган ысырапкерчиликтен баш тартаарына ишенүүдө.

Видео -Трампты Франциянын 1-айымы Бриджит Макрондун кымча белин одоно мактап жатканда видеотасмага тартып алышкан

АКШнын президенти Дональд Трамп дагы бир жолу сексисттик оюн айтып жатып сынга кабылып калды. Бул жолу ал Франциянын биринчи айымы Бриджит Макрондун кымча белин одоно мактап жатып айтты. Мындай маалыматты германиялык журнал Focus билдирди.

Окуя америкалык лидер өз жубайы менен бүгүн, 14-июлда Францияга болгон мамлекеттик сапарында болду. Эмануэль жана Бриджит Макрон конокторго майыптардын үйүн көрсөтүшкөн жана коштошоор убагы келгенде Трамп “убакытты жакшы өткөргөнүн” билдирип Бриджит тарапка карап, колу менен анын белин кайталаган жаңсоо жасаган. “Сиз билесизби, сиз ушунчалык жакшы формадасыз. Керемет!” – деп да кошумчалаган Трамп. Бул окуянын эң эле кызыгы дал ошол учур француз президенти Макрондун Facebookтагы баракчасында түз эфирде көрсөтүлүп жаткан.

Бриджит Макрондун ал учурдагы жүзүн көрүүгө мүмкүн эмес болуп калды, себеби ал камерага арты менен турган. Бирок “Трамптын сөзүнөн кийин ал Мелания Трамптын колунан кармап артка кичине кадам жасады” деп билдирет кабарчы.

Мындай сөздөр официалдуу сапар менен чет өлкөдө жүргөн саясатчылар үчүн туура эмес экени макалада жазылган жана соц.тармактагы колдонуучулар да буга кыжыры келгендерин билгизишкен. Ал эми аялдар Трамптын мындай сексисттик ишараатын катуу сынга алышкан.

Видео - Трамп менен Макрон Парижде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү

Франция жана АКШ президенттери Эммануэль Макрон менен Дональд Трамп чогу өткөргөн маалымат жыйынында Париждеги жолугушуу маалында Сирия менен Украинадагы абалды, АКШнын климат тууралуу келишим боюнча позициясын жана Орусия менен болгон мамилелерди талкуулагандыктарын билдиришти.

Макрон Париж менен Вашингтондун дүйнөлүк көйгөйлөр боюнча позициясындагы окшоштуктар менен карама-каршылыктар жөнүндө айтып, көпчүлүк маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Трамп эркиндиктин идеалдарын бекемдөөдөгү Франциянын тарыхый ролун белгиледи. АКШ президенти эки өлкө ортосундагы көп жылдык достукка жана союздаштыкка көңүл бурду.

Трамп АКШнын климат боюнча Париж келишимине кайтып келүү ыктымалдыгы жөнүндөгү суроого жооп берип, Кошмо Штаттар келишимге катышып жаткан башка өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүндүктөрүн караштырып жатканын айтты.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Трамп Макрон менен талкуулаган башка темаларды, анын ичинде Украинадагы абалды атады. Бирок аларга кеңири токтолуп, сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын айткан жок,

Журналисттер тараптан Трамптын уулунун орусиялык адвокат менен жолуккандыгы боюнча дагы суроолор берилди. Трамп ММКлар ал жолугушууну көбүртүп-жабыртып жиберишкенин айтып, уулун жөнөкөй орус адвокаты менен жолукканда маанилүү эч кандай маалымат албаган таза киши деп атады. Бирок демократтар Трамптын уулу тарабынан жарыяланган твиттер жазышууларында кеп Орусия өкмөтүнө байланышы бар адвокат жөнүндө болгонуна көңүл бурушууда.

Макрон бир катар маселелерди, анын ичинде Сирия көйгөйүн чечүү үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен кызматташуу маанилүү экенин билдирди. Француз президенти Башар Асад тууралуу айтып жатып, Париж бекем саясий чечимге жетишүү үчүн бардык тараптар менен тыгыз иштеше турганын билдирди. Ошол эле маалда француз лидери химиялык курал колдонууга жол берилбеши керектигин белгиледи.

Соңунда Макрон журналисттерге эки президент ортосундагы талкуулар бейформал жагдайда улана турганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Путинди Акүйгө чакырууга даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путинди Вашингтонго азыр эмес, кийинчерээк чакырарын айтты.

Кошмо Штаттардын лидери бул тууралуу Франция президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Вашингтондон Парижге бара жатып учактын бортунда берген маалымат жыйыны учурунда билдирген.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жакшы тил табышканын” ишара кылган. CBN телеканалынын негиздөөчүсү Пэт Робертсонго курган маегинде америкалык лидер АКШ Орусия сыяктуу эле күчтүү өзөктүк держава экенин, ошондуктан бул эки мамлекетке “кандайдыр бир мамиленин” кереги жоктугун айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин алгачкы жеке жолугушуусу “Чоң жыйырманын” Гамбург саммитинде кулуарда болуп, пландалган 35 мүнөттүн ордуна эки сааттан ашык убакытка созулган. Путин Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишпегенин билдирген. Эки лидер бул маселенин тегерегинде 20-25 мүнөттөй сүйлөшүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытайдан Өзбекстанга жаңы жүк ташуучу поезд каттай баштады

Кытай менен Өзбекстанды бириктирген жаңы жүк ташуу каттамы Кытай-Европа темир жолу аркылуу жүк ташуу долбоорунун алкагында ачылды.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, каттам Өзбекстанды Кытайдын чыгышындагы Цзянси провинциясы менен байланыштырып турат.

Поезд өткөн жума күнү Ганьчжоу шаарынан чыгып, Ташкентке 12 күндүн ичинде жетет деп күтүлүүдө. Ал Өзбекстанга жалпы баасы 1,8 миллион АКШ долларын түзгөн болот чыгырыктарды, кийим-кече жана күнүмдүк тиричиликте пайдаланылчу товарларды алып баратат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

БУУ Сириянын түндүгүнө кургактык аркылуу гуманитардык жүк жеткире баштады

Сириянын Мансура шаарындагы жана коңшу райондордогу миңдеген качкындарга азык-түлүктөн турган алгачкы жардам жеткирилди. Өткөн айда Башар Асаддын режими БУУнун Алепподон Камишли шаарына барчу жол аркылуу гуманитардык жардам жеткирүүсүнө уруксат берген.

Провинциянын аталган райондорунда Раккадагы жана анын айланасындагы согуштук аракеттерден качып келген адамдар топтолушкан. Ал жактарда АКШ башында турган коалициянын колдоосу менен көтөрүлүшчүлөр «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерин сүрүп чыгаруу аракетин көрүүдө.

БУУнун маалыматы боюнча, ушул жылдын апрелинен бери Раккада 190 миңден ашык киши үйүн таштап кетүүгө мажбур болсо, 50 миңдейи курчоодогу шаарда калууда.

Провинциядагы жолдордун көбү анын административдик борбору Ракканы ИМ тобу басып алып, өзүнүн Сириядагы халифатынын борбору деп жарыялаган 2014-жылдан бери буулган бойдон калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Путин менен "тил табышканын" билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жакшы тил табышканын” билдирди.

CBN телеканалынын негиздөөчүсү Пэт Робертсонго курган маегинде америкалык лидер АКШ Орусия сыяктуу эле күчтүү өзөктүк держава экенин, ошондуктан бул эки мамлекетке “кандайдыр бир мамиленин” кереги жоктугун айтты.

Трамп Путин менен жолугушуусунун маанилүү жеткишкендиги катары Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарда жарашуу тууралуу келишимге жетишкенин белгиледи. (АКШ Сириянын куралдуу оппозициясын, ал эми Орусия Башар Асаддын режимин колдоп келет).

Андан сырткары АКШ лидери Путин үчүн Кошмо Штаттардагы шайлоодо демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун жеңип чыгышы пайдалуураак болмоктугун, анткени ал учурда коргонуу чыгашаларын көбөйтүүнү көздөп жатканын билдирди.

Трамп менен Путиндин алгачкы жеке жолугушуусу 7-июнда “Чоң жыйырманын” Гамбург саммитинде болуп, пландалган 35 мүнөттүн ордуна эки сааттан ашык убакытка созулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Конгрессте Трампка импичмент жарыялоо сунушталды

Шаршембиде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, калифорниялык демократ Брэд Шерман Конгресске президент Трампка импичмент жарыялоо сунушун киргизди.

Шерман бул талабын Трамп Орусиянын өткөн жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтөөнү жетектеген ФБРдин директору Комини кызматтан алып, мыйзамды одоно бузгандыгы менен түшүндүрдү.

Конгрессмен ФБРдин кызматтан алынган мурдагы директорунун айткандарына шилтеме кылууда. Ал президент улуттук коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Майкл Флинндин Орусиянын өкүлдөрү менен болгон байланыштарын иликтөөнү токтотууга аракет кылганын айткан.

Бул Трамптын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу алгачкы мыйзам чегиндеги формалдуу демилге. Учурда аны болгону эки гана конгрессмен колдоп жатат. Демократтардын жетекчилиги мунун өз убагында жасалган кадам деп эсептебейт. Анткени импичмент сунушун төмөнкү палатанын көпчүлүк мүчөсү колдоп бериши керек. Бирок азыр анда республикачылар 46 добуш артыкчылыкка ээ. Оппозиция буга альтернатива катары Конгресске көз карандысыз комиссия түзүп, ага шайлоо өнөктүгү маалында Трамптын командасы менен Кремлдин ортосунда байланыш болгон-болбогонун аныктап чыгууну тапшырууну сунуштап жатат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Хакаби-Сандерс калифорниялык демократтын сунушун «анык келесоолук» деп мүнөздөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню