Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Женевада Сирия өкмөтү менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү башталды

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура Женевада Сирия өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын ачып, Сириядагы согуштук аракеттерди деэскалациялоо тууралуу макулдашуу өлкөнүн бөлүнүшүнө алып келбестен, убактылуу чара болушу керектигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасынын башталышы өткөн жумада АКШ, Орусия жана Иордания тарабынан макулдашылган ок атууну токтотуу режиминин биринчи күнүнө туш келди. Дональд Трамптын президенттиги тушунда алгачкы тынчтык орнотуу боюнча макулдашуу Женева сүйлөшүүлөрүнүн алкагында эмес, башка жерде жетишилди. Де Мистура Амманда Сириянын түштүк-батышында ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөнүн билдирди.

БУУнун чабарманы макулдашуу негизинен бузулбаганын белгиледи. “Бардык макулдашууларда белгилүү бир мөөнөттөр каралган, биз абдан көңүл коюп байкоо салуудабыз”, – деген Де Мистура макулдашуунун сакталышына жакшы мүмкүндүктөр бар экенин белгиледи.

Оппозиция өкүлү Яхья ал-Аридиа “Франс пресс” агенттигине кезектеги сүйлөшүүдөн өтө көптү күтпөй турганын айтты. Мындан мурда дагы Мистуранын катышуусунда Женевада өткөн алтынчы айлампа сезилерлик натыйжа берген эмес.

Оппозиция кандай гана макулдашуу болбосун президент Башар Асад кызматтан кетиши керек деп талап коюп келатат. Ал эми Сирия өкмөтү Асаддын ролу талкууланбай турганын билдирүүдө.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары ушул жылдын январынан бери Орусия, Түркия жана Ирандын кепилдиги менен Казакстан борбору Астанада дагы сүйлөшүүлөр өтүп келет.

Сириядагы кагылышуулар башталган 2011-жылдын мартынан бери 320 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Азиянын алдыңкы 5 паракор өлкөсү

Азия аймагынын 16 өлкөсүндөгү паракорчулуктун деңгээлин иликтөөгө алган “Transparency International” эл аралык уюму коррупцияга белчесинен баткан 5 өлкөнү атады. Биринчи орунду коррупциянын деңгээли 69 пайызды түзгөн Индия ээледи. Индиялыктарда “бара бербей, пара берген” көрүнүш кадимкидей эле адатка айланган. Экинчи орундагы паракор өлкө деп 65 пайыздык көрсөткүч менен Вьетнам аталды. Кийинки тизмеде 41 пайыз менен Таиланд жана 40 пайыздык бирдей көрсөткүч менен Пакистан, Мьянма жайгашкан.

Булак: “Фабула”

Ирак премьери Мосул ИМден толук бошотулганын жарыялады

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади өкмөттүк армияны сегиз айга созулган Мосул шаарын террорчулардан бошотуу үчүн жасалган чабуулдагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөт башчынын аппаратынын билдирүүсүндө айтылат.

Ирактын аскерлери АКШ баштаган эл аралык коалициянын колдоосу менен Мосулду бошотуу операциясын 2016-жылдын октябрь айында баштаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2014-жылы өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган террорчулардын карамагына өтүп кеткен Мосул шаары үчүн салгылашуу миңдеген жай тургундардын өмүрүн алып, миллиондой адамды үй-жайын таштап качууга аргасыз кылды.

Бийлик Мосул үчүн негизги согуш аяктаганы менен, шаардын айланасындагы айылдарда “Ислам мамлекети” радикалдык террорчу уюмунун жоочулары мындан кийин да кол салууларды уюштура бериши ыктымалдыгын эскертти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сирияда АКШ, Орусия жана Иорданиянын ортомчулугунда жарыяланган ок атышпоо режими сакталууда

АКШ, Орусия жана Иордания өлкөлөрүнүн ортомчулугу алдында жарыяланган Сириядагы ок атууну токтотуу режими жекшемби күнү бузулган жок. Бул тууралуу байкоочуларга шилтеме кылып Франс пресс агенттиги билдирүүдө.

Ок атуу өлкөнүн түштүгүндөгү Дараа, Кунейтра жана Свиида провинцияларында токтоду. Сириядагы адам укуктарынын сакталышына байкоо салуу боюнча британ тобунун башчысы аталган үч аймакта өкмөттүк күчтөр менен оппозициялык топтордун ортосундагы согуштук аракеттер жекшемби эртең менентен тарта токтоп, ок атышпоо режими сакталып жатканын билдирди.

Макулдашуу тууралуу жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген. Дүйшөмбүдө Женевада Сириянын өкмөтү менен оппозиция делегациясы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүшү керек.

Май айында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдө Башар Асад режиминин союздаштары Орусия менен Иран жана козголоңчуларды жактаган Түркия өлкөдө төрт «деэскалация аймагын» түзүүнү макулдашкан. Бирок азырынча ал макулдашуу күчүнө кире элек, анткени тараптар Сириянын түштүгүндө жайгашкан коопсуз аймактардын бирин ким көзөмөлдөшү керектиги боюнча бир пикирге келише элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Орусия менен бирге киберкылмыштуулук боюнча топ түзүү ыктымалдыгын четке какты

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен биргеликте киберкылмыштуулук боюнча топ түзүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазган Трамп Орусия президенти Владимир Путиндин бул боюнча айткандарын четке какты.

Гамбургда жыйынтыкталган «Чоң жыйырмалык» саммитинен кийинки маалымат жыйынында Путин Трамп менен болгон жолугушуусунда киберкылмыштуулук маселелери боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашууга келгендиктерин айткан.

Путиндин бул билдирүүсүн АКШ сенатору, Чет өлкөлүк иштер боюнча комитеттин мүчөсү, демократ Бен Кардин катуу сынга алган.

Анын айтымында, Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишүү менен саясий Перл-Харборго тете чабуул жасаган. Ал орусиялык хакерлердин АКШга карата жасаган көптөгөн чабуулдарына жана Кремлдин өткөн жылкы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсүнө жооп катары тез арада Москвага жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Араб өлкөлөрү Катардын жообуна нааразы

Катар өз саясатын өзгөртмөйүнчө төрт араб өлкөсү Доха менен дипломатиялык жана экономикалык мамилелерин калыбына келтирбейт. Бул тууралуу шаршембиде аталган төрт араб өлкөсүнүн ТИМ башчыларынын Каирдеги жыйынынан кийин Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр билдирди.

Анын айтымында, Катарга карата кошумча чаралар тууралуу жакынкы убактарда кабарланат.

Жолугушуунун катышуучулары тарабынан кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө Катар террорчулук топторду колдоосун жана аймактагы өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотушу керектиги айтылат. Документте ошондой эле коюлган талаптар боюнча Катардын «терс жообу» аларды нааразы кылгандыгы жана бул ага карата араб өлкөлөрүнүн мамилесинин өзгөрүшүнө негиз болбостугу жазылган.

Коюлган талаптарды аткаруу үчүн Катарга берилген мөөнөт 5-июлда аяктаган. Алардын негизгилери – Иран менен кызматташууну токтотуу жана “Аль-Жазира” телеканалын жабуу болгон.

Шаршембиде Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдул Рахман Аль Тани блокаданы эл аралык укуктарды бузган жана Батышта Дохага каршы терс маанайларды жаратууга багытталган “ачык агрессия” деп атаган. Бирок ошол эле маалда ал Катар мурдагыдай эле сүйлөшүүлөр үчүн ачык экенин белгилеген.

Июндун башында Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Египет Катарды терроризмде колдоого айыптап, аны менен дипломатиялык жана экономикалык мамилелерин бузган. Андан сырткары Катарга бир канча талап коюлган. Бирок Доха ал талаптарды аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирген.

Булак: “Ачык саясат”

Трамп Польшада коопсуздук маселелерине көңүл бурду

АКШ аймакты туруксуздаштырып жаткан Орусиянын аракеттерине каршылык көрсөтүү үчүн Польшага жардам берет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Польшанын лидери Анжей Дуда менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Трамп Вашингтон НАТО боюнча милдеттенмелерин аткара турганын ырастады. «НАТО менен Польшанын ортосундагы күчтүү ымала мурдагыдай эле жаңжалдарды ырбатпай кармап туруу, ошондой эле мындан ары улуу державалар ортосундагы согуштун Европаны бүлүндүрбөөсү жана анын коопсуз аймак болуусу үчүн чечүүчү мааниге ээ»,-деди ал.

Москванын аймактагы аракеттери, анын ичинде Крымды аннексиялап, Украина чыгышындагы жикчилдерди коргоосу, ошондой эле АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрүндөгү шайлоого ыктымал кийлигишүүсү Орусияга жакын жайгашкан Польшанын тынчсыздануусу күчөтөн.

Трамп Польша президенти менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү тууралуу дагы айтты. Менимче, ал Орусия болгон, ошол эле маалда башка өлкөлөрдөгү башка адамдар да болушу ыктымал», -деди Трамп.

Мындан тышкары Трамп Түндүк Кореядан келген коркунучтарга каршы чечкиндүү күрөшүү ниетин билдирди. АКШ президентинин айтымында, Пхеньян эл аралык коомчулук айыптап жаткан баллистикалык ракеталардын сыноолорунун кесепетин сезиши керек. Ошол эле маалда Трамп НАТОгө мүчө өлкөлөрдү аскердик биримдиктин бюджетине көбүрөөк каражат бөлүүгө чакырды.

AppleMark

Сириядагы согуш тууралуу кеп кылып жатып, Трамп Башар Асад режими тарабынан химиялык куралдын колдонулушун айыптады.

Трамп Варшавага Чыгыш жана Борбордук Европанын лидерлеринин саммитине катышуу үчүн 6-июлга караган түнү келген.

Коопсуздук тармагындагы кызматташуу – Дональд Трамптын Варшавадагы сүйлөшүүлөрүнүн башкы темасы. Сапардын алкагында Польша АКШдан “Патриот” ракета системасын сатып алуу келишимине кол койду. Бул орусиялык “Искандер” системасына каршы турууга мүмкүнчүлүк берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меркель менен Трамп жолугушту

ермания канцлери Ангела Меркель менен АКШ президенти Дональд Трамп Гамбургда өтө турган “Чоң жыйырмалык” саммитинин алдында жолугушуп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды, Түндүк Корея жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.

Гамбургдагы мейманканалардын биринде өткөн жолугушуу эки саатка созулду. Негизинен сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү.

Бүгүн баштала турган G20 саммитинин күн тартибинде дүйнөлүк соода жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелер талкууланат. Бул эки тема боюнча тең Германия менен АКШнын ортосунда келишпестиктер бар.

Буга чейин эки саясатчы Вашингтондо жолугушкан. Журналисттер Меркель менен Трамптын ортосунда солгун мамиле болгонун жазып чыгышкан болчу.

“Чоң жыйырманын” саммитин утурлай глобалдашууга каршы миңдеген демонстранттар Гамбургдун көчөлөрүнө чыкты. Аларды көзөмөлдөөгө жыйырма миңдей полиция кызматкерлери тартылды. Саммит маалында да калаага сегиз миңдей адам нааразылык акцияларына катышуу үчүн келери күтүлүп жатканын жергиликтүү расмийлер маалымдашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Путин президенттик шайлоого өз алдынча катышат

Орусия башчысы Владимир Путин 2018-жылы президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат. РБК көз карандысыз булактарга таянуу менен Кремлде бул приоритеттүү сценарий катары каралып жатканын айтты.

Басылманын маектештери Путинди “Бирдиктүү Орусия” партиясы гана эмес, коомчулуктун ири катмары колдой турганын белгилеген. Буга байланыштуу РБКнын булактары Путин шайлоого партиянын атынан эмес, өз алдынча барарын айтышкан. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартта өтөт. Путин өзү шайлоого катышар-катышпасын айта элек.

Булак: “Ачык саясат”

Ооган президенти "Таза коом" долбоору менен кызматташууга кызыктар

Ооганстан президенти Ашраф Гани Кыргызстан менен “Таза коом” долбоору боюнча кызматташууга дилгир. Ал жаңы долбоорду ишке ашыруу демилгесин колдой турганын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстанда жолугушуу учурунда билдирди.

Дүйшөмбүдө күн мурун CASA-1000 долбоорунун катышуучуларынын саммити өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча Ашраф Гани энергетикалык тармак менен катар санариптик технологиялар тармагында, анын ичинде “Таза коом” долбоору менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Ооганстан президенти мындан тышкары ооган студенттеринин Кыргызстандагы окуу жайларда окуусуна мүкүнчүлүк берүүнү сунуштады.

“Таза коом” долбоорунун бет ачары 2017-жылы мартта болгон. Бул убакыт ичинде өкмөт аны эл аралык коомчулукка тааныштырууга үлгүрдү. Өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы планды Huawei телекоммуникациялык гиганты, өкмөттү жана мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча дүйнөлүк лидер болгон Эстония жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш колдоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню