Menu

ТАРЫХ

Тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун Ташкенттен тапкан табылгалары

Белгилүү тарыхчы Кыяз Молдокасымов тарыхчы тууралуу Ташкенттен табылган жаңы табылгаларын “Фейсбуктагы”  баракчасы аркылуу пост калтырды.

Жакында кайрадан Ташкентке архивде иштегени барам. Көпчүлүктөн: “Ташкентке эле барып жатасың, жаңы нерсе таптыңбы?”, – деген суроону, кызыгууну көп угам. Жаңы маалыматтар көп кездешүүдө. Алар тууралуу өз учурунда маалымдайм.

Азыр тек гана табылган жаңы бир маалымат тууралуу сиздер менен учкай бөлүшкүм келди. Кокон хандыгынын учурунда ордодо жашап, “Фаргана хандарынын тарыхы” деген, 1666 беттен турган, өтө көлөмдүү эмгек жазган кыргыз тарыхчысы (жердиги Ноокаттан, уруусу Төөлөс) Зиябиддин Максымды жакшы билесиздер. Мына ошол тарыхчы тууралуу да жаңы маалымат табылды. 1884-жылы аны Кокон шаарындагы Султан Мурат медрессесине жетекчи кылып дайындоо тууралуу документтер.

Башта Кокон хандыгында катчы, андан соң Кокондун казысы болуп турган өтө билимдүү аалымды медресеге жетекчи кылууга жергиликтүү падышалык админстрация каршы чыгат. Бирок шаардагы, облустагы белгилүү аалымдар Зиябиддин Максымды жетекчиликке коюуну өтүнүшүп кол топтошуп, кайрылуу жазышат. Ал гана эмес Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору Черняев да Зиябиддин Максымды мыкты аалым экенин баса белгилеп, жакшы билээрин, Самарканддагы кожолордун чечилбеген талашын ал чечип бергенин айтып, Медресеге жетекчи кылып коюу керектигин жазат. Маселе акыры оң чечилип, Зиябиддин Максым Кокондогу эң белгилүү медресеге жетекчи болот.

Бул документтин мааниси өзгөчө. Кыргыз тарыхчысынын эң алдыңкы аалым экенин, аброю өтө жогору экенин далилдеп турат.

Мына ушундай ар бир архивдик документ тарых үчүн мааниси өтө зор! Мындай архивдик документтер Ташкенттеги мен барып, эмгектенип жаткан архивде толтура. Тарых ушундай архивдик маалыматтар менен толукталат жана такталат!»,-деп жазган К.Молдокасымов.

Булак: KyrgyzToday.kg

2019-жылы - Жуучи Улустун (Алтын Ордонун) 750 жылдыгы

Бул ногой элинин кылымдарды карытып келе жаткан эң мерчемдүү күндөрүнүн бири.

Жуучи Улус, Уллы Улус – орто кылымдагы Евразиядагы эң ири мамлекет, азыркы тарыхта ал Алтын Ордо деген аталыш менен белгилүү. Бул дүйнөлүк держава көчмөн калктардын ата-бабалары тарабынан түзүлгөн. Көп элдердин тарыхый эстеликтеринде бул мамлекет Ногай журту же Ногайлы Юрт деген аталышта сакталып калган.

XIII кылымда бул өлкөнүн ички жана тышкы саясатына улуу жолбашчы, мамлекеттик ишмер Ногой хан (каан) таасир берип турган. Ал заманда Алтын Ордонун тышкы соодасы күч болуп, Византия, Египет, Персия, Орто Азиянын хандары, Киев жана Маскөө Орустарынын улуу княздары, Генуя, Венеция, Литва, Посполита менен ар түрдүү алака-катышта болгон.

Алтын Ордонун өзгөчөлүгү – таасирдүү мамлекеттик башкаруу, күчтүү экономика, шаарлардын өнүгүшү, ири рухий жана материалдуу маданият, кеңири этникалык жана диний сабырдуулук, кубаттуу почта байланышы, туруктуу акча системасы болгон. Алтын Ордонун ири шаарларына Волгадагы (Эдилдеги) Батый Сарай, Төмөнкү Поволжьедеги (Ылдый Жээктеги) Хаджи-Таркан, Уралдагы (Оролдогу) Сарайчы, Крымдагы (Кырымдагы) Сүтак, Түндүк Кавказдагы (азыркы Буденовскиге жакын) Маджар жана башка шаарлар болгон.

XIV кылымда Өзбек хандын (каан) заманында ислам дини Алтын Ордонун мамлекеттик дини болуп калган. Өлкөдө Токтомуш (Токтамыш) менен Эдигей (Эдиге) хандардын (каандардын) заманы келгенде, мусулман илими менен агартуу кенен кулач жайган.

Алтын Ордо доорунун бай эпосу менен поэзиясы азыркы заманда башка көчмөн элдердикиндей  (казан татарлары, казактар, каракалпактар, башкырлар, крым, шибер татарлары ж.б.) эле ногой элинин элдик оозеки чыгармачылык сөз берметтерине кирет.

XIV кылымдын аягы — XV кылымдын башында улуу Эдиге бек (беклербеги, бектердин беги) Алтын Ордону бекемдеп, анын кадыр-баркын эл аралык деңгээлге жеткирген. Ал атактуу “Эдиге” дастанынын башкы каарманына айланган. Эдигенин элеси ногой маданиятында, фольклорунда, өнөрчүлүгүндө аяр мамиле жасалып, көздүн карегиндей сакталып келет.

Алтын Ордонун тарыхы ногой тарыхынын ажыратылгыс бөлүгү. 2019-жылдын 23-ноябрында Орусиянын Дагестан республикасынын Ногой районунун Күнбатар айылында Алтын Ордонун 750 жылдыгына арналган ат чабыш оюндары өтөт. Программада 4 кыска аралыкка чабыш жана аламан байге 16 километрге болмокчу. Каалоочулардын бардыгына эшигибиз ачык.

Загир ЮЛБАЛДЫЕВ

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Табылды Акеров, тарых илимдеринин кандидаты: "Чыңгыз Айтматов Осмоновго Е. Пирмаков Ю. Абдрахмановдун баласы деп айткан экен"

– Табылды мырза, 7-ноябрды дайыма майрам катары белгилеп келдик. Бирок, СССРдин кулаганына 30 жылдай болуп калды. Кыргызстан бүгүн эгемендүү өлкө. 7-ноябрь майрамы эмнеси менен белгилүү жана кайсы окуялар менен байланыштырсак болот?

– Эң биринчи кезекте 1918-жылкы октябрь социалисттик революциясы кыргыздарга улуттук мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жол ачкан. Бирок, бул ошол кездеги кыргыз интеллигенциясы үчүн оңойго турган эмес. Ошол мезгилде, казак туугандар 1917-жылкы февраль революциясынан кийин эле ак падыша кулаары менен өз улуттук мамлекеттүүлүгүн куруп алышкан. Ал 1925-жылга чейин Кыргыз Республикасы деген атта болгон. Өзбектер, түркмөндөр өз мамлекеттүүлүгүн тигишет. Бизде А. Сыдыков биринчилерден болуп «Тоолуу областысын куруу» идеясын көтөрүп чыккан. Аны И. Арабаев, Ю. Абдрахмановдор колдогон. Албетте, бул адамдар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, кан-жандарын аябай күрөшүп келишти. Каргашалуу 1933 – 37-жылдары булар репрессияланды. А. Сыдыков, И. Арабаев, Ю. Абдрахмановдордун 1921-22-жылдары «Тоолуу областты» түзүү аракеттери ишке ашпай калат. Тескерисинче, бул идеянын демилгечилери А. Сыдыков баш болуп куугунтукталып, партиядан чыгарылып салынган. Бирок, бул маселе 1924-жылы кайра көтөрүлөт. Кыргыз интеллигенциясы чогулуп Сталинге кат жазышат. Бул кат кыргыз тарыхына «30чулар каты» деген ат менен кирген. Анда кат менен кайрылгандар Сталинге өз мүдөөлөрүн түз айтуудан кооптонушуп, кыйытып билдиришкен. Катта Орто Азияда казак, өзбек, түркмөндөр менен катар эле кыргыз деген эл жашаарын, кыргыздардын өз тарыхы, маданияты, тили бар экендигин айтышат. Ушуга байланыштуу Сталинге 3 мелесени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышат:

1. Кыргыздар да башка элдер сыяктуу эле орто мектепте балдарын өз эне тилинде окуткулары келээрин жана аны камсыз кылууну;

2. Сот процесстери кыргыз тилинде жүрүшүн кааларын жана аны камсыз кылууну;

3. Мамлекеттик кызматка кыргыз өкүлдөрүн да тартууну камсыз кылып берүүнү;

Катка 30 киши кол коёт. Сталин кат менен таанышкандан кийин, бул маселе ар бир эл өз мамлекеттүүлүгүн алмайынча чечилбей тургандыгына ынанат. Ошентип, СССР элдери өз улуттук мамлекеттүүлүгүн курууга мүмкүнчүлүк алышат. 1924-жылы Кара Кыргыз советтик социалисттик областы курулат. Менимче, «30чулар» көтөргөн маселелер бүгүн дагы актуалдуу. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда кыргыз тилинин маселеси толук кандуу чечиле элек.

Илгери И. Раззаковдун учурунда кыргыз тилине өтө катуу көңүл бурулганын айтышат. Бирок, Т. Усубалиевдин учурунда тескерисинче, Москванын көзөмөлүнөн улам, кыргыз тили экинчи планга жылып, орус тилине көп көңүл бурула баштаган. СССР тарыхында борбор калаабыз Фрунзеде (Бишкекте) бир эле кыргыз мектеби болгон. СССР учурунда Фрунзеде кыргыздар 17% түзгөн. Алардын балдарынын баары орус мектептерге барып, көпчүлүгү ассимиляцияга дуушар болушкан. 1989-жылы Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгон. Көп өтпөй Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө чыкты. Бүгүн эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл толуп олтурат. Бирок, «30чулардын» катындагы өтүнүчтөр, алар көтөргөн проблемалар али чечилбей келет.

Алсак, эгемен мамлекет болуп туруп, биз бүгүн Бишкекте орто мектептерде кыргыз класстарын ачтыра албай убарабыз. Сот процесстери орус тилинде өтөт, чечимдер да орус тилинде чыгат. Мамлекеттик структуралар, өкмөт, министрликтер, ведомстволор, Бишкек шаары, Чүй областынын иш кагаздары мамлекеттик тилге өтө элек.

Жогоруда келтирилген мисалдардан эле кыргыздардын улуттук мамлекеттүүлүккө болгон мамилесин билсек болот. СССР учурунда биз дайыма бул маселелер боюнча Москваны күнөөлөп келгенбиз. Бүгүн деле Москваны карап турабыз. Кыргызстанда азыноолак таанымал саясатчыдан баштап, ырчыга чейин Москваны карап көнгөнбүз. Ал эми башкалар Москвасыз эле АКШ, Кытайды, керек болсо Орусиянын өзүн багындырып келишет. Казак ырчысы Димаштын ырларын туура түшүнүш үчүн чет элдиктер казак тилин үйрөнүп, казакча ырдап жатышат. Биз болсо Кремлге концерт бергенибизди айтып бүтө албай жатабыз. Кыргыздар өтө эле кызыкпыз. 10-15 млн күрд эли, 15 млн уйгур эли улуттук мамлекеттүүлүгүн кура албай, балдарын өз эне тилинде окута албай, согушуп келишет. Биз болсо, уруулук түшүнүк менен жашап6 балдарыбызды орус мектептерге берип, мамлекеттик деңгээлде ассимиляция кылып жатабыз. Кээде таң калам, чек арада чыр чыкса, кыргыз жери кетип жатат деп чыркырап калабыз. Бирок, өз балдарыбызды орусча окутуп, мамлекеттик деңгээлде ассимиляция кылып жатканыбыз менен ишибиз жок. Ассимиляция болгон балдарга Кыргыз мамлекетинин эмне кереги бар? Учурунда келечек муун үчүн Кыргыз мамлекетин куруу аракетинде Сталинге кат жазган А. Сыдыков, И. Арабаев, Ю. Абдрахмановдор жана «30чулар» адашышканбы деген ой келбей койбойт.

– Коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатат. Бирок, буга дагы кандай жаңы саамалыкты айтсак болот?

– Менимче, биз коррупцияны түп тамырынан бери жок кылабыз десек, анда жалпы эл буга салым кошушу зарыл. Мурда коррупциялык схемалар, ар түрдүү жолдор менен талап-тоноп алгандар, мамлекеттик жана элдик мүлктү өз ыктыяры менен кайра өткөрүп бериши керек. Бул коррупционерлер үчүн өтө чоң сокку болуп калат. Мындан кийин ар бир адам мыйзамсыз иштерге баргандан мурун ойлонуп иш кылып калмак. Ошентип ар бир нерсеге жаңыча көз карашта кароого мүмкүнчүлүк алабыз. Талап-тоноо психологиясынан арылабыз. Мисалы, мэрия «Ата Түрк» паркын кайра калыбына келтирүү боюнча токтом кабыл алып, убагында таланып-тонолуп кеткен бүтүндөй жерлерди кайра парктын карамагына өткөрүп алышы керек. Бул парктан кимдер мыйзамсыз жер алса, алар өз ыктыяры менен ал мүлктү кайра мамлекетке өткөрүп берүүгө тийиш. Мына ушундай оңдоо кадамдарга барышыбыз абзел. Ошондо, бул коррупционерлерге каршы чоң сокку болуп, мындан кийин мамлекеттик чиновниктер мындай коррупциялык аракеттерге баруудан анча-мынча болсо да коркуп калат.

– Сиз кыргыз саясатчылары жөнүндө көп окуяларды билсеңиз керек. Ошолордон бирин айтып бербейсизби?

– Азыркылар жөнүндө айтсам, заказдай болуп калат го. Бул маек 7-ноябрь майрамына туш келип жатпайбы. Ошого карата Ю. Абдрахмановдун тегерегинде айтылып жүргөн сырлардын бирине токтоло кетейин. Балким, кимдир бирөөлөр изилдеп, тактап чыгаар.

Мен «Кыргызалтында» иштеген кезде, Курманбек Осмонов деген аксакал менен иштешип калдым. Өзү Москва районунун Ак айылынан эле. Илгери ЦКда инструктор болуп иштептир. Анан Горбачевдун мезгилинде белгилүү орус саясатчысы Е. Примаков ошол Москва районунан СССР Жогорку Кеңешине депутаттыкка кандидатурасын коё турган болуп, бул жакка жиберилиптир. Аны Чыңгыз Айтматов алып келиптир. К. Осмоновго бир кой союп, конокторду Нарзан суусунда тоскула деген тапшырма берилиптир, кой союп, дасторкон салып алып, конокторду тосуп жаттык дейт. Бирок, ошол жердеги кыргыз балдар башка кыргыз табылбай калгансып, эмнеге Е. Пирмаков Кыргызстандан коюп жатат деп ичтери чыкпай, кыжаалат болушат. Бир маалда Ч. Айтматов бери бөлүнүп чыгып калыптыр.

К. Осмоновду көрүп, сүйлөшө кетет. Тиги да сөз келгенде, Чыңгыз Айтматовго «балдар кыжаалат болуп жатат. Примаков эмес эле, башка эле кыргызды алып чыкпайт белек» деп жатышат дептир. Чыңгыз Айтматов ошол замат ага: «силер адашасыңар. Бул өзүбүздүн бала. Ю. Абдрахмановдун баласы» деп айтат экен. Сиз Брикти билесиз да, экөөнүн мамилеси жакшы болгонун билесиз да. Ошол Бриктин баласы деген экен. К. Осмонов ишенип, ишенбей, анан Т. Айтматов да, Ю. Абдрахманов да репрессияланган. Демек, буларга ата, апаларынын достору айтып, табыштырып коюшкан го деген ойго келиптир.

Албетте, тарыхчы болгондон кийин, мен Ю. Абдрахманов менен Бриктин таанышкан жылын карап көрдүм. Бир кабарда Абдрахманов менен Брикти Троцкий деп таанылып, Москвадан Фрунзеге куулуп келген М. Натанцон тааныштырган. Ал 1928-жылы күзгө жакын кайрадан Ленинградга кайтууга уруксат алып, кайтып кеткен. Абдрахманов Москвага командировкага барып калганда, Натанцон да келип, экөө жолугуп турчу экен. Ошол кездешүүлөрдүн биринде Натанцон Абдрахмановду Маяковский жана Л. Брик менен тааныштырган деп айтышат. Бир кабарда 1929-жылы акын Б. Кушнер, Ю. Абдрахманов Москвага командировкага келгенде, Маяковскийдин үйүнө алып барган. Экөө ошондо таанышышкан. 1929-жылы июнь айынын аягында экөө бир канча күн Ленинград жана Павловск шаарларында чогуу болушат.

Е. Примаков болсо, 1929-жылы 29-октябрда жарык дүйнөгө келиптир. Маяковский 1930-жылы каза болот. Ал эми Л. Брик ал өлгөндөн кийин, 1930-жылы аскер адамы В. Примаковго турмушка чыгат. Айрымдар буларды мурда тааныш болгон дешет. В. Примаков менен Л. Брик мурда эле тааныш болушкан. Аларды да Натанцон бир аз мурдараак тааныштырган. Бирок, Примаков Афганистанда, сыртта иштеген. Ал Маяковскийдин өлгөндүгү тууралуу маалыматты Токиодо жүрүп угат.

Кыязы, Абдрахманов менен Брикти Натанцон тааныштырган өңдүү. Себеби, Натанцон Маяковскийди жакшы тааныган. Анан калса, Натанцон Абдрахмановду 1928-жылы эле тааныштырышы мүмкүн экени анык болуп жатат. Мына ушундай кызыктуу окуялар өткөндүгү маалым болуп жатат.

Маектешкен Т. Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Видео - Медеткан Шеримкулов: "Абдыкадыр Орозбеков Кыргыз элинин 1-президенти катары 12 жыл өлкөнү башкарганда, Кыргызстандын территориясы улам көбөйүп олтурган"

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеӊеште көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.

Ага катышкан “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов “Абдыкадыр Орозбеков Кыргыз элинин биринчи президенти катары 12 жыл өлкөнү башкарган. 1925-жылдан 1937-жылга чейин улам шайланып келген. Ал Кыргызстанды башкарган жылдары Кыргызстандын территориясы жыл сайын кошулуп, көбөйүп олтурган”, деп билдирди.

 

Видео - Апас Жумагулов: "Абдыкадыр Орозбеков алгач Кыргызстанды автономиялуу облус, кийин республика кылып түзүп, 12 жыл башкарган феномен"

“Абдыкадыр Орозбеков алгач, 1925-жылы Кыргызстанды автономиялуу облус кылып түзүп, кийин аны автономиялуу республикага айлантып, 12 жыл башкарган феномен”, – деп билдирди бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеӊеште көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда экс-премьер-министр Апас Жумагулов.

Апас Жумагулов Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын республикалык деӊгээлде өткөрүүнүн мааниси өтө тереӊ экенин баса белгилеп, бул иш-чаралар тарыхта кала тургандыгына токтолду.

Өз сөзүндө Апас Жумагулов ошол оош-кыйыш мезгилде Абдыкадыр Орозбеков жаӊы республиканын курулушуна салым кошкон зор инсан экенин айтты. «Мунун сыры анын өз эл-жери үчүн талыкпай иштеген эмгекчилдиги. Биз кийинки муун ушундай улуу инсандар менен сыймыктанышыбыз керек»,- дейт ал. Ошондой эле А.Жумагулов Абдыкадыр Орозбековдун республиканын экономикасынын телчигишине кошкон салымын өзүнчө сөз кылууга арзый тургандыгын сунуш кылды.

 

Видео - Каныбек Иманалиев: «Кыргыздын тарыхында Абдыкадыр Орозбеков гана биринчи спикер, биринчи премьер-министр, биринчи президент болгон, ал башкарган жылдары кыргыздын сабаттуулугу 1%дан 67%га көтөрүлгөн"

“Кыргыздын тарыхында Абдыкадыр Орозбеков гана биринчи спикер, биринчи премьер-министр, биринчи президент болгон, ал башкарган жылдары кыргыздын сабаттуулугу 1%дан 67%га чейин көтөрүлгөн», деп билдирди бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеӊеште көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук-саясый ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда депутат Каныбек Иманалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев Абдыкадыр Орозбековдун аты биринчи делген жети тарыхый окуяга байланыштуу экенин тизмектеп берди. Анын айтымында, А.Орозбеков Кыргыз ССРинин биринчи уюштуруу курултайынын 1-спикери болгон. Ошондой эле ошол мезгилдеги аты башкача аталса дагы бүгүнкү түшүнүк менен биринчи премьер-министр, биринчи президент кызматтарында болгонун айтты. Мындан сырткары, Кыргыз ССРинин биринчи Конституциясын иштеп чыгууга катышканын, анын мезгилинде алгач жолу араб арибинен латын арибине өтүү маселеси чечилгенин тизмектеди.

Депутат К.Иманалиев Абдыкадыр Орозбековдун башкаруу мезгилинде КР ССРинде билим сапаты 68%га көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи. Эл өкүлү өз сөзүндө бүгүнкү күндө дагы улуттук аӊ-сезимди көтөрүү артта калып жатканына токтолуп, бир топ кесиптештери менен чогуу жалпы эле репресссия курмандыктары болгон мамлекет түптөөчүлөргө татыктуу баа берүү, алардын арбагын ыраазы кылып, аттарын аздектөө боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлгандыгын маалымдады.

"Легендарлуу парламенттин" легендарлуу төрагасы

Биз союз мезгилинде окуп, калыптанып калгандар 80-жылдардын орто ченинен карай кандайдыр бир көңүл калгандык, келечекке бүдөмүктөп, коммунизмдин бийик идеалдары бизди анча ишендире бербей, идеологияны тейлеген (Москвадан) адамдардын сүйлөгөн сөздөрүнөн, жазган макала-эмгектеринен жаңычылдыкты күтчүбүз. Ошол кезде «Литературная газета» деген гезитти бүт интеллигенция жантыгынан жата калып окушчу. Анткени ушул гезитте коомдун өсүп-өнүгүшү жөнүндө ар түрдүү талаш-тартыштар, көйгөйлүү маселелер басылып турар эле. Өлкөбүздө идеологияны тейлеген бөлүмдө (республиканын партия комитетинде) Медеткан Шеримкуловдун сүйлөгөн сөздөрү жана жазгандары биздин көңүлүбүздү бурчу, б.а. мен теңдүүлөр Медеткан Шеримкуловду ушундан баштап биле баштадык.

Менин баамымда жашы бир топ жогорулап калганда тарых факультетине кирип, аны кызыл диплом менен бүтүрүшү, анан аспирантураны ошол кездеги (азыр деле) өтө абройлуу МГУда бүтүп диссертация коргошу, коомдук процесске, андагы өзгөрүүлөргө өзгөчө кароого калыптанып калган көз карашка башкачараак ой жүгүртүүгө түртсө керек. Себеби, биз бүткөн тарых факультетинде официалдуу идеологиядан башкачараак ойлонгон студенттердин да чоң тобу болор эле, экинчиден, МГУда да мугалимдердин кайсы бир тобу жана Балтика боюнан келген стажер-аспиранттардын дээрлик бардыгы эле «советтик саясаттын көп жактары туура эмес» деп угузуп-угузбай айтып жүрүшчү. Ошолордун таасириби, же өзү изилдеген кандидаттык диссертациясынын темасы «буржуазиялык мамлекеттик машинанын ирип-чириши менен аягы сөзсүз социалисттик революцияга алып келет» деген жобосуна өзү да анча ишенбесе керек. Себеби, «дүйнөдөгү баардык мамлекеттерде эртеби-кечпи социализм орнойт» дегенге өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарына карай дээрлик ишенбей калган элек.

Бирок ошентсе да тыкылдаган тың жигитти КМУда окутуучулукта көпкө кармашпай, тез эле партиянын Борбордук комитетине (азыркыча президенттин аппаратына) алып кетишет. Ал жерде катардагы кызматчыдан бөлүм башчыга чейин тез көтөрүлөт. Эми азыр биз анын аки-чүкүсүн билбейбиз, Медеткан Шеримкулов Турдакун Усубалиевге эмне жагынан жакпай калганы белгисиз, аны тез эле дене тарбия институтуна ректор кылып айдап жиберди. Мүмкүн чейрек кылым республиканы жетектеген кыраакы киши болочоктогу өзүнүн орун басарын көрдүбү?.. Кийин Абсамат Масалиевдин тушунда тез эле идеологияны тейлеген катчы, б.а. республикадагы экинин бири болуп калды.

Ал кезең боюнча академик Абдыганы Эркебаев жакында чыккан китебинде «Медеткан Шеримкулов Борбордук комитеттин катчыларынан жана А.Масалиевдин өзүнөн да өзгөчө табият берген тактык, сезимталдык жана ийкемдүүлүгү менен айырмаланьш, кырдаалга так анализ жасап, анын дагы кандай вариантта өрчүшүн алдын ала алган» деп белгилейт. Чындыгында 80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында Кыргызстанда жана СССРде бир топ чоң өзгөрүүлөр жана чыр-чатактар болду. Мына ушул кезде М.Шеримкуловдун адамдык, саясый жана ири жетекчи катары чыныгы жүзүн көрдүк. Биздин али да эсибизде, тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалдар, Кыргызстандагы алгачкы демократиялык кыймылдын өкүлдөрү менен тил табышуусу, анан аягы келип 90-жылдагы Оштогу көйгөйлүү окуяны тынчтандырууда ачык көрүндү. Акыйкаттык үчүн ушул жерде баса белгилей кетейин, «Оштогу кайгылуу окуя боюнча жогорку эшелондогу партиялык жетекчилик күнөөлүү, ошонун ичинде мен дагы бармын, ошондуктан келгиле бүт командабыз менен отставкага кетели» деп чыккан жалгыз жетекчи болгон. Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына тыкыр көз салып жүргөндөр эле
эмес жалпы эле Кыргызстандын эли билген дагы бир окуяны эскере кетейин.

Азыр президенттик орунга аттуу-баштуусу деле, элдин арасында кадыр-баркы бары-жогу деле, молдо-сопусу деле, иши кылып жок эле дегенде жүзгө жакын кандидаттар чыгат. Жогорку Кеңеште алгачкы президенттик шайлоодо түндүк-түштүккө бирдей абройлуу депутаттардын арасында да таасири күчтүү Медеткан Шеримкуловдун кандидатурасын сунуш кылышканда, «Ош окуясы боюнча биздин моралдык укугубуз жок» деп кандидатурасын алып салат. Бул деген кийинки саясатчыларга үлгү боло турган көрүнүш. Айрыкча М.Шеримкуловдун жылдызы А.Масалиев отставкага кеткенден кийин альтернативалык түрдө Жогорку Кеңештин төрагасы болуп (анда легендарлуу боло элек эле) шайлангандан кийин жанды. Мына ушул жылдары Кыргыз мамлекетинде да, жеке М.Шеримкуловдун тагдырында да жүздөгөн, а мүмкүн миңдеген жылдарда бир келе турган тарыхый кырдаал түзүлдү. Бул «кокустукту» М.Шеримкулов жазгырбай пайдалана алды, анткени бул жылдарга карата ал инсан катары да, жетик саясатчы катары да, негизгиси, демократиялык көрөңгөсү сөөгүнө сиңген, ал эми мамлекеттик түзүлүш боюнча илимий потенциясы чоң адам экенин көрсөтө алды. (Мен бул жерде кандидаттык диссертациясынын темасын да кыйытып жатам). Демек, М.Шеримкулов «зарыл мезгилде, керектүү жерде пайда болду» десек болот.

Мына ушул жылдары ал КМШ мамлекеттеринин парламенттеринин спикерлеринин эле эмес, президенттердин арасында да чоң абройлуу инсанга айланды. Бирок ага чейин эле (Кыргызстан эркиндик алганга чейин эле) республика ичиндеги, Бишкектин тегерегиндеги жер маселеси боюнча чыр-чатактарды жайгарууда, ошондой эле Оштогу трагедияны токтотуу, ага реалдуу баа берүүдө, жаңыланууга бет бурган, радикалдуу маанайдагы жаштар менен тил табышууда жана башка курч кырдаалдарда өзүнүн ийкемдүүлүгү, алардын муң-зарларын угуп, чечүү жолдорун чогуу издешип, М.Шеримкулов коомдук пикирде жакшы жагынан гана сыпатталып калган.

Чынын айтыш керек, азербайжан менен армяндар ортосундагы Карабах боюнча жаңжалды токтотууда М.Шеримкуловдун ролу азыркыга чейин кеңири коомчулукта анча деле бааланбай келет. Анткени алгач Акаев атайылап эле бул окуянын маанисин басаңдатып, «көз жаздымда» калтырып келди. Ошондуктан жалпы эл бул акциянын көптөгөн нюанстарын жакшы биле бербейт. Ал эми чындыгында каршылашкан тараптарды бир столго отургузуп мунасага келтирүү, документке кол койдуруу өтө чоң талантты жана абройду талап кылган. Болбосо, бул жаңжалды токтотууга эмне деген дөө-шаарлар аракет жасашпады? Эсиңиздерде болсо керек, Нурсултан Назарбаев да атайын барып кандайдыр бир элдештиргендей болгон. Менин эсимде калганы – аларды элдештирип кайра учарда аэропорттон журналисттердин чоң тобу Н.Назарбаевден «сиз чоң иш жасадыңыз, азыр Алматыга учуп жатасыз, самолетто сиз армян коньягын ичесизби, же азербайжан коньягын ичесизби?» деп сурашканда, Назарбаев кичине буйдала түшүп, «мен орус арагын ичем» дейт эмеспи. Бирок, кийин деле бул жаңжал көпкө басылбайт.

Шеримкуловдун тикеден-тике демилгеси менен КМШ мамлекет аралык ассамблеясы түзүлөт. Мына ушул ассамблеянын алкагында Тажикстандагы жана Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар биротоло токтойт. Айрыкча «Бишкек протоколу» деген документтин 12-май 1994-жылы Бишкекте кабыл алынышына Шеримкуловдун ролу чоң болгон. Бул акция ошол кезде Шеримкуловдун эле эмес жалпы Кыргызстандын, анын парламентинин аброюн дүйнөгө таанытты. Демек, Тажикстандагы чыр-чатакты токтотууда Тоолуу Карабахтагы жаңжалды элдештирүүсү, ички чыр-чатактарды жайгарышы, ошондой эле азыркыга чейин ийгиликтүү жана жемиштүү иштеп келе жаткан КМШ мамлекеттер ортосундагы парламенттик ассамблеяны түзүүдөгү ролу жөнүндө айрым илимий эмгектерди жазса болот. Бул үчүн биз сыймыктанышыбыз керек.

Ал эми ички саясатыбызда: президенттик постту киргизүү жана тунгуч президентти шайлоо, мамлекеттин суверенитети жөнүндөгү декларацияны кабыл алуу, эгемен Кыргызстандагы биринчи Конституциясын кабыл алуу, улуттук валюта – сомдун киргизилиши, мамлекетибиздин символдору: герб, гимн, тууну кабыл алуу, борбордун атын которуу, алгачкы мыйзамдарды-мамлекеттер жана эл аралык келишимдерди ратификациялоо ж.б. ондогон тагдыр чеччү документтердин кабыл алынышы биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Медеткан Шеримкуловдун аты менен байланыштуу. Болбосо элестетип көрүңүз, демократия деген жин боштондукка чыгып, Москвадагы Верховный Советтин сессияларын эртеден кечке телевизордон көрүп, Балтика боюндагы өлкөлөрдөн келген депутаттарды туурап Сахаровдун сөзүн угуп калган биздин окумал интеллигенция: К.Бобулов, К.Акматов, М.Байжиев. А-Эркебаев, Ж.Акималиев, Б.Осмонов, Ж.Сааданбеков ж.б. баш болгон анан 300дөй сүрмө топ билсе-билбесе, түшүнсө-түшүнбөсө деле ызы-чуу чыгарып, толкуган парламентти камырдан кыл сууругандай бир нукка буруп, каалаган, мамлекет үчүн керектүү документтерди кабыл алууда М.Шеримкуловдун партиялык, мамлекеттик, коомдук иштердеги чоң тажрыйбасы жана табият берген уюштуруучулук шык жөндөмү ачык көрүндү.

Мына, Шеримкуловдун чоң саясаттан, спикерликтен кеткенине чейрек кылым болуп калса да, анын аты, анын фамилиясы такай эл оозунда. Болбосо, биз билебиз да, көп эле саясый фигура «жарк» этип чыгат да, ошол бойдон жакындарынын эле эсинде, же архив барактарында калат. Ушуларды жазып жатканымда А.Собчактын «Хождение во власть» деген китеби эске түшөт. Демократиянын шарданы менен айрым адамдар баш айланткан тездик менен депутат, министр, вице-министр болуп, эртеси эле иштен түшүп калат. Бийлик наркотик сыяктуу: бир жолу анын даамын татып калган адам дагы ошого жетем деп өмүр бою аракет кылып, же бул дүйнөдөн өтүп кетет. Ал эми Медеткан Шеримкуловдун жогоруда айтылгандай ири кызматтан кеткенине ондогон жылдар өтсө да кыргыз коомчулугунда анын аброю азыркы аракеттеги ири чиновниктерден өйдө болсо өйдө, бирок төмөн эмес. Эмне үчүн? Анткени мамлекеттин алгачкы фундаментин койгон, тагдыр чеччү тарыхый документтерди кабыл алган, кыргыз мамлекети канча жашаса ошончо убакыт Медеткан Шеримкуловдун персонасы ооздон түшпөй, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.

Эми Медеткан Шеримкуловдун саясый портретин чөп башылап айтып жатып, анын илимий иштери жөнүндө айтпай кетсем кичине тузу кем болуп калчудай. Анүстүнө ага менин моралдык укугум бар, анткени Шеримкулов парламентаризм жөнүндө жазган докторлук диссертациясын Алматыда мен мүчө болгон илимий кеңеште өтө жогорку деңгээлде коргогон. М.Шеримкуловдон кийин Казакстандын К.Бурханов, И.Тасмагамбетов, Н.Кушербаев жана бир топ министр, депутаттары, анан бизден Ж.Сааданбеков да ушул илимий кеңештен докторлук диссертацияларын коргошкон.

Шеримкуловдун калемине таандык «Парламент независимого Кыргызстана», «Парламент за мир», «Мезгил жана эл тараза» деген орусча-кыргызча китептери бизде эле эмес парламентаризмге жаңы баш бурган КМШ мамлекеттеринде да үлгү боло турган китептер. Диссертациясы баш болгон илимий жааттагы иштери өзүнчө жана өзгөчө сөз кылууга арзыйт, бирок азыр сөз бул жөңүндө эмес. Ал эми дипломатиялык ишкердигин адис дипломаттар аңыз кылып айтып жүрүшөт. Бул да башка тема.

Сөздүн ток этерин айтканда, Медеткан Шеримкуловдун жасаган иштери мезгил бизден алыстаган сайын анын нарк-насили улам даана көрүнүп, баа-баркы улам өсүп, алтынды дат баспагандай улам жаркырап бизге жол көрсөтүп келет. Мына көпчүлүк сыйлаган агабыз да эч билинбестен 80 жашты жылоолоп калылтыр. Орустарда «өз өлкөсүндө пайгамбар жок» деп коюшат, кыргыздарда «өз агасын агалай албаган” дейт. Демек, КМШ мамлекеттерине да аттын кашкасындай таанымал, өзүбүздө Бакайдай болуп азыркыга чейин кеп-кеңешин айтып, мамлекетибиздин өсүп өнүгүшү үчүн тынымсыз кам көрүп келген Медеткан Шеримкуловго Кыргыз Эл Баатырын берсе куп эле жарашат. Урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков да эгемен Кыргызстандын биринчи чакырылыштагы эл өкүлдөр жыйынынын депутаты катары парламентти легендарлуу деген наамга жеткирген легендарлуу парламенттин легендарлуу төрагасын алыстан эмес жакындан билет болушу керек. Жакында эле көздөрү өтүп кеткен С.Ибраимовго жана Т.Кулатовго баатырлыктын берилишин коомчулук жакшы кабыл алды (менин позициям башкачараак болчу). Ал эми коомдук пикирде менин оюмча Медеткан Шеримкуловдун жалпы иштеринин акыбети саясатта, илимде, дипломатияда ж.б. эл арасындагы бийик аброю баатырлык алууга төп келет деп ойлойм. Болбосо, азыр айрым маалымат булактарында чоң кызматтарда болгон, бирок артында көп сөз ээрчиген инсандардын чоң тобунда «баатырлыкты мага бер, ага бер» дегендей маалыматтар жүрөт. Бул жагынан Шеримкулов Кыргызстандагы саналуу гана таза инсандардын бири, муну коомчулук жакшы билет.

Медеткан Шеримкулов кайсы бир маегинде «улам жаш улгайган сайын идеал туткандарың деле аздай берет экен» дегендей болду эле. Туура айтасыз Медеткан Шеримкулович, азыр өзүңүз миңдеген жаштарга идеал болуп калдыңыз. 80 жаш сизге кеп бекем, сиз азыр тапталып табына келип турган аргымактайсыз, өзүңүз жазып жүргөндөй 90 жашында мамлекетине ат көтөргүс кызмат өтөгөн тарыхый инсандар бар, сиз мына ушул инсандардын когортасына киресиз. Урматтуу Медеткан ага, ушул басыгыңыздан жазбаңыз!

Жолборс Жоробеков, саясий илимдеринин доктору, профессор

Булак: «Азия ньюс»

Көрөгөч көсөмдүн мааракесине маани беришер бекен?

Мезгил баарына тараза. Мезгил баарына күбө. Мезгил баарына ортоктош. Элден өткөн калыс жок деп коёт. Анткени, эл татыктуу адамын эзелтеден бери электен өткөрүп келет. Минтип сөз учугун улаганыбыздын да жөнү бар. Себеби, биздин эчен кылымдарды карыткан чакан республикабыздын пайдубалын түптөөдө, социалдык, экономикалык абалын жакшыртууда, түпкүлүктүү маданиятын, адабиятын байытууда канча деген чыгаан, көрүнүктүү атуулдарыбыз учурунда жетекчилик жооптуу милдетти аркалады. Кыргыздын залкар жазуучусу Аалы Токомбаевдин: “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген нуска кеби астейтил маани берген адамга жашоодогу көп нерсени тастыктап тургансыйт. Калыс караган адамга журт башкаруунун да ары жоопкерчилиги, түмөн түйшүгү, машакаттуу маданияты бар. Эгер алыс барбай артта калган ХХ кылымга саресеп сала турган болсок, анда ал кылымдагы эл башкаргандардын арасынан улутубуздун залкар уулу, даанышман пендеси, улут лидери, асмандагы ак жылдызы десек да аша чаппаган болобуз, Исхак Раззаковдун жаркын элеси көз алдыбызга тартылат.

Бул ишмер инсан жөнүндө 1945-жылдардан бери биздин республикада жүрөк жылыткан көз караштар, көкүрөккө сыйбас баалуу эскерүүлөр аңыз катары айтылып келет. Ал эми ага чейинки Өзбекстанда иштеген жылдары тууралуу кошуна жайгашкан өзбек туугандар “Биздин Исхакжан!” деп ысмын өзгөчө сыймык менен оозго алганы көп нерседен кабар берет. Анан анын Өзбек өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн маалында жасап кеткен баа жеткис эмгегин кызыгып сурагандарга ирети менен баян этишет. Анткени, анын алтынга алмашкыс жаштыгы, жигиттик курчтугу, тоскоолдуктарга моюн сунбаган өткүр жаш жетекчи курагы аталган өлкөдө өттү. Мамлекеттик пландоо комитетинде катардагы инструкторлуктан, Өзбекстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин катчылыгына чейин татыктуу болду. Өзбек элинин экономикасы, социалдык абалы, маданиятынын өсүп өнүгүшү үчүн кызмат аркалады. Эгер артта калган тагыраак далилге таяна турган болсок, анда жыйырма эки жыл өмүрү өзбекстанда өткөнүнө тарых күбө.

Чындыгын айтканда биз маалында ушундай улутубуздун улуу инсанын сыйлай албаганыбызды моюнга алганыбыз калыстык болоор. 1961 жылы май айындагы Пленум көрүнүктүү мамлекеттик, партиялык жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун тагдырына балта чапты. Ошондой жыйынга катышып олтургандардын жетик жетекчини колдоп сөз сүйлөбөгөнү да жандырмагы жок табышмак сымал ушул мезгилге чейин чечилбей келет. Бирок, Исхак Раззаков пленум соңунда жыйынтык сөз сүйлөгөндө олтургандардын баары жапырт шатырата кол чаап жибергени көп нерседен кабар берет. Экинчиден бүдөмүк ой жаратат.

Эмнегедир Исхак Раззаков Москвада жашап, мамлекеттик пландоо комитетинде бөлүм башчы болуп кызмат аркалаганы, ден соолугуна байланыштуу эс алууга чыкканы, кийинки аянычтуу тагдыр таржымалы тууралуу сөз болбой келгени да түбү жок туңгуюк сыяктанып кетет. 1961 жылдан баштап асыл адам тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында учкай кеп козголбогону да бүдөмүк. Ошондуктан ХХ кылымдын алтымышынчы жылдарынан кийин төрөлгөн уул — кыздары бул ишмер инсан жөнүндө тиешелүү деңгээлде маалымат албай калганы көңүл чөгөрөт. Көрсө маалында республиканы жетектеп, артында өчпөс өрнөктүү өмүр жолу калган жетекчини унутуп салуу ошол кездеги саясат үчүн жеңил желпи нерсе экенин ким төгүнгө чыгарат. Аны тарых барагы, өткөн күндүн көкүрөктө катылуу калган жылдары кантип эстен тансын? Эмне себептен мурунку союз кезинде өзүбүздүн Кыргызстандын тарыхы мектеп программасына киргизилип, жаш муундарга окутулган эмес. Ким буга уруксат бербеди эле?. Ага ким жолтоо болду? Ушуга акыйкат жооп берчү жетекчи табылабы?

Жарыктык киши алыста калган ата журту көзүнөн учуп, топурагы алтын, киндик каны тамган туулган жерин көп элестеп, сагынычы ансайын күчөп, куса болчу экен. Ошол саам бөлмөсүн ичтен илип алып, ичтеги жүрөгүнө тынчтык бербеген бугун көз жашы менен чыгарып алчу дешет. Жанын жай алдырбаган дартынын улам мезгил санап күчөшүнө да ушул жагдай себеп болгон чыгар. Жылына алыскы кичи мекени Лейлек районунун бийик тоолорунда өскөн кийик от, жыты моокум кандырган арча, айылынын топурагын, адырларда жайнап өскөн шыбактарын алдырып, аны кыйлага моокум кандыра жыттап, саамга болсо да туулган айылына болгон сагынычын, кусалыгын кандырып, саамга болсо да өзүн бактылуу сезип, жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген сыйкыр күчтөн арылгандай туюп калар эле. “Туулган жериңдин топурагынын жыты кандай керемет. Таптакыр башкача. Өзгөчө алыста жашап жүргөндө өскөн айылыңдын топурагынын баасы дили менен туйган жүрөк аркылуу бааланат тура. Туз буйруп, өз жергеме барат бекенмин” деген көксөө, илгери үмүт жан дүйнөсүндөгү бугун күчөтүп, анан аргасыздан оор үшкүрүп тим болчу экен.

Көп жылдык өмүрү Кыргызстанда, тоскоолдуктарды тоотпогон өткүр жаштык курагы калган Өзбекстанга, кур дегенде баёо балалыгы калган Тажикстанга көчүп кеткиси келчү экен кыялында. Жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, көкүрөгүндө тумар өңдүү катылып келген ыймандай сырын аталган республика жетекчилерине телефон аркылуу билдирип, эки-үч күн телефон жанында жакшы кабар күтүп кээде уктап калганын кызы Элмира эже эскергени зээн кейитет. Ошол кездеги республика жетекчилери Москваны шылтоо кылышып, салкын мамиле менен кол куушуруп койгон дешет. Атаганат, өзүнүн туулуп өскөн айылына келалбай алыста жүргөн ошондогу асыл адамдын тагдырын ойлоп, каңырыгың түтөп, жүрөгүң сыздайт. Анан ошол кездеги улутубуздун улуу инсанын капаска салган саясатка аргасыздан наалат айткың келет. Жарыктык киши жарык дүйнө менен кош айтышаарына бир жыл калганда киндик каны тамган алыскы өрүкзардын мекени Лейлекке келүүнү ниет кылып, жалгыз өзү эмес неберелерин алып барсам деп, жатса турса кудайдан тилек кылган экен. Бирок, ал максаты жүрөгүндө катылган бойдон сөөгү менен кошо орус жергесинде кала берди. Балким, ошол үмүт уялаган ниети ишке ашып, жергесине келгенде дагы узак жашайт беле ким билсин? Канткен менен кыргыздын чыгаан уулуна ушундай салкын же болбосо суз мамиле жасалганы сай сөөгүңдү сыздатып, муундарыңды бошотуп, жашап жаткан жашообуздун ырасында эле жалган дүйнө экенине аргасыздан ынандырат.

Атаганат, пенде да сөөгүм алыста, бөтөн жерде калбаса экен деп көп бушайман тартчу экен. Нымдалган жүз аарчысын өмүрлүк жарынан жашырып, балконго жайып койчу экен. Бирок, арадан жыйырма бир жыл өткөндөн кийин сөөгү менен кошо тиги дүйнөгө кеткен тилеги орундалып, табыты өзүнүн кыял катары жүзөгө ашпай келген Ала — Тоосуна алынып келип коюлду. Эми анын сөөгү жыйырма бир жылдан кийин буйруган өзүнүн кутман жеринин топурагына берилди. Көзү өткөн адамга же болбосо маркумга байланышкан кийинки муундар тарабынан жакшы иш жасалса, “арбагы ордунан козголуп алат” дешет эмеспи. Исхак Раззаковдун арбагы бир эмес бир канча ирет ордунан козголгон болуш керек. Ал бир гана жаратканга маалым.

Башыбыздан кечирип жаткан азыркы жаңы заманда көрөсөн көсөмүбүздүн: “…Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот!…” деп айткан нуска, накыл кеби доорго добулбас каккан, мен кыргызмын деген улут атуулунун жан дүйнөсүн, аң сезимин ойготкон ураан, ар бирибиздин көкүрөгүбүзгө катылган тумар болуп калса деген ниет.

Сиздердин назарыңыздарга сунуш кылган макалада көрөсөн көсөм жөнүндө тереңирээк көз караш маалымдоо албетте мүмкүн эмес. Албетте, ал ой, максат, көз караш, ниетибиз канчалык деңгээлде жүзөгө ашты, ага өзүңүздөр калыс карап, таразалап аларсыздар деген пикирдебиз. Даанышман уулубуздун келерки 2010-жылы 110 жылдыгы. Ал канчалык деңгээлде белгиленерин алдын ала айтуу кыйын. Бирок, улут лидеринин 100 жылдык мааракеси да 2010-жылга дал келип, убактылуу Өкмөт алапайын таппай турган чакта журт күткөн деңгээлде белгиленбей калганы да өкүнүчтүү. Ошентсе да республикалык Исхак Раззаков Фонду алы келген аракеттерди жүзөгө ашырып келет. Өлкө жетекчилигне ырахмат. Кеч болсо да анын эбегейсиз эмгеги эске алынып, “Кыргыз республикасынын Баатыры” наамын беришти. Чыгармачыл атуул Алим Токторов документалдуу даректүү тасма тартып, элге сунуштады. Бул чоң эмгек экенин белгилеп кетүүгө болот. Атаганат эгер ушул кино өзбек тилине которулуп, өзбек калкына көрсөтүлгөндө кандай баага татыр эле деген илгери үмүт жаралат. Анткени, өзбек журту азыркы күнгө чейин “Исхакжандын жасап кеткен иштери!” дешип сыймык менен айтып келишкенин ким четке кагат.

Кадыр Калилов, Иноват Ниматова

Булак: “Ачык сөз”

Видео - Тынчтыкбек Чоротегин, профессор: «Кыргызстан Россияга өз ыктыяры менен кошулган деген калп идеологияны элге Турдакун Усубалиев ойлоп таап, таңуулаган"

Бүгүн, 19-октябрда, «Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине жана 50 жылдык илимий ишмердигине арналган «Манас таануунун, кыргыз таануунун жана Ата Мекен тарыхынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция профессордун 20 жыл эмгек кылган «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китебинин бет ачаары менен башталды. Аталган конференцияга казак, өзбек, кыргыз тарыхчылары жана депутаттар катышышты.

Аталган конференцияны «Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев ачып берди.

Андан кийин эле «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин сөз алып, Т.Кененсариевдин «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китеби жөнүндө баяндама жасады. Анда ал 780 беттен турган китептеги автордун жазган ар бир бөлүмүнө учкай токтолду. 1855-1917-жылдардагы Орусия падышачылыгынын Кыргызстандагы жүргүзгөн саясатын, алар Кыргызстанды кантип басып алышканын, “Кыргызстан Россияга өз ыктыяры менен кошулган” деген калпты өткөн кылымыдын 60-жылдарында коммунисттик идеология катары Турдакун Усубалиев ойлоп таап, элге таңуулаганын, чындыгында алгач түндүктү каршылыксыз тынч жол менен басып алып, андан соң түштүк аймагында айгышкан каршылыкка тушугуп, көп күч менен өздөрүнө каратып алган иш-аракеттерин автор ачып бергенин, Кокон хандыгы этникалык жактан кыргыз мамлекети болгонун жана бул китеп Кыргызстанга тарыхый жаңы барактарды ачып жатканын баса белгиледи. Автор жетимишке келип калганы менен дагы эле жигердүү иштеп, артынан мыкты шакирттерди даярдап, кылган эмгегин аларга тапшырып келатканын кошумчалады. “Ташманбет Кененсариевдин коомдук ишмердигин айтып отурсак санап бүтө албайбыз”,- деп куттуктоо менен сөзүн аяктап, камчы белек кылды. Анда да тамашалап: “Бул камчы жеңемди камчылоо үчүн эмес, дагы ачылбай жаткан тарыхтарды изилдей турган шакирттериңизди камчылаш үчүн тапшырып жатабыз”,- деди.

Тынчтыкбек Чоротегиндин конференцияда сүйлөгөн сөзүн төмөндөгү видеотасмадан көрө аласыздар:

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео - Кыяс Молдокасымов, профессор: “Ташманбет Кененсариев Кокон хандыгы, оторчулук доору жана белгилүү инсандардын тарыхын изилдөө боюнча эң алдыңкы сапта турган окумуштуу"

Бүгүн, 19-октябрда, «Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине жана 50 жылдык илимий ишмердигине арналган «Манас таануунун, кыргыз таануунун жана Ата Мекен тарыхынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция профессордун 20 жыл эмгек кылган «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китебинин бет ачаары менен башталды. Аталган конференцияга казак, өзбек, кыргыз тарыхчылары жана депутаттар катышышты.

Конференцияны «Манас жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев ачып берди. Андан кийин эле «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин сөз алып, Т.Кененсариевдин «Кыргызстан оторчулук доорунда» (1855-1917-жж.) китеби жөнүндө баяндама жасады.

Илимий иш-чараны алып барган КРнын аппаратына караштуу “Мурас» фондунун башкармалыгынын төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымовду кепке тарттык. Ал Ташманбет Кененсариевдин 50 жылдык илимий ишмердигиндеги кылган эмгеги жана бүгүнкү жаңы жарык көргөн тарыхый китебинде жазылган окуядан учкай кеп кылып, аны жаштарга кантип жеткирүү керектигин жана ЖОЖдорго жайылтуу маселесин айтты. Ошондой эле ал тарыхты изилдөө каражатка такаларын, тарыхчыларга болбогон акча бөлүнөөрүн, ал эч нерсеге жетпесин баса белгиледи.

“Ташманбет Кененсариев Кокон хандыгы, оторчулук доору жана белгилүү инсандардын тарыхын изилдөө боюнча эң алдыңкы сапта турган окумуштуубуз. Агайдын 70 жылдыгында 50 жылдык эмгегин эл аралык илимий конференцияда талкууга алып, талдап жатабыз. Жаңы китебинде ошол кездеги кыргыздардын саясий абалы, ошол кездеги доорду илимий чечмелеп берген. Агайдын артынан шакирттери келатат, бул жакшы көрүнүш. Бирок, архивди изилдөөдө маселе жаралып, каражатка барып такалат. Архивдерди кыдырып изилдөөгө он жылдык мамлекеттик, өкмөттүк программа кабыл алынып ачылган. Тилекке каршы, ал эки жыл гана иштеп, токтоп калды, эмне болгонун сурасак, “каражат жок”,- дейт. Ошондон улам, бүгүнкү күндө жаш тарыхчылар архивдерге бара албай жатат. Учурда мамлекет тарабынан тарыхчыларга Кыргыз улуттук академияга болбогон акча бөлүнөт, ал эч нерсеге жетпейт. Дал ушул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев бүгүнкү конференцияда көтөрдү. Ошол айткандарын парламентте да айтып, тарыхчыларга каражат бөлдүрүп берсе жакшы болот эле. Депутаттар тарыхчылардын каражатын бюджетке бекитип берет деп үмүт артып туралы»,- деди К.Молдокасымов.

Белгилүү тарыхчы К.Молдокасымовдун айткандарын төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Меню