Түркмөнстандын башкы прокурору Аманмырат Халлыев ишкерлерден Азия оюндарын каржылоого акча чогулта албагандыгы үчүн кызматтан алынды. Аны менен бирге прокуратуранын бир нече кызматкеринин дагы иштен айдалганы айтылууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, ушундай эле себеп менен ИИМ башчысына катуу сөгүш жарыяланды. Андан сырткары Азия оюндары үчүн акча берүүдөн баш тарткан ондогон ишкерлер камалып, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
Маалыматка караганда, буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акчалар табылган. Ошол эле маалда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун Азиадага каражат тартуу боюнча көрсөтмөсү аткарылган эмес.
«Абал өтө начар, буга байланыштуу президент жеке өзү ири ишкерлерге кайрылып, Азия оюндарын өткөрүүгө акча жагынан жардам берүүлөрүн өтүнгөн. Кийин прокуратура жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринде накталай миллиондогон доллар акча бар экени аныкталды», – деп билдирген булак.
Бүгүнкү күнгө карата Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына 8 миллиард долларга жакын каражат жумшалды. Анын 5 миллиарддан ашыгы Олимпадалык шаарчанын, 2,3 миллиарды жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна сарпталды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”