-Тынчтык агай, президенттин демилгеси менен түзүлгөн “Мурас” коомдук фондунун жетекчилигин эмнеге кесиптешиңиз Кыяс Молдокасымовго өткөрүп берип салдыңыз?
-Жобо (устав) боюнча 3 жыл башкаруум керек эле, мен 3 жарым жылдан ашуун башкарып калдым. Былтыр күзүндө кетейин дегем, бирок тарых жылы аяктагыча иштей турууга туура келди.
Андан соң өзүм сурандым. Кыяс Молдокасымов агайың менен 1988-89-жылдары аспиранттык турмуш, Кыргызстанда жаш тарыхчылардын башын кошуп уюм түзүү аракетибиз менен байланыштуу коомдук жана илимий турмушта үзөңгүлөш болуп иштеп келебиз. “Мурас” фонду көтөрө турган быйылкы жана болочок иштерди ал мыкты билет. Өзү да жетекчилик жана уюштуруучулук чоң тажрыйбага ээ инсан. Тарыхчы катары да архивдерден далай жаңы нерселерди таап, Курманжан датка, Токтогул, Канаат хан жана башка инсандар тууралуу өзгөчө баалуу маалыматтарды илим чөйрөсүнө киргизген, Кыргызстан тарыхын жаңыча кароо жаатында чоң салымы бар талыкпас илимпоз. Демек, ал фонд ишин татыктуу улантып кете алат.
-Сиздерге айлык акы төлөнүп берилеби, штаттык орундар ачылды беле, фонддо штаттык орунда жалпы канча киши эмгектенет?
-“Мурас” фонду өтө чакан коомдук фонд, анда 5-6 эле киши иштейт, бирок Тарых комиссиясынын илимий иш-чараларына Кыргызстанда гана эмес, сырткы дүйнөдө да далай тарыхчы жана башка чыгармачыл шериктер кызматташып жаткандыктан, уучубуз куру эмес. Тиешелүү иш-чараларга жергиликтүү университеттер, “Түрк академиясы”, Шинжаң “Манас” изилдөө борбору, “Кереге” фонду, өз алдынча ишкерлер, жергиликтүү коомдор жана бийлик өкүлдөрү ж.б. далай шериктер көмөк көрсөтүштү. Албетте, президент А.Атамбаевдин ырааттуу колдоосу болуп келди жана боло бермекчи.
-Аталган фонд сиз жетектеп турган үч жыл аралыгында кандай маанилүү иштерди аткарды?
-Биз “Ыйман” фонду, КРУИАсы, Улуттук китепкана, Мамлекеттик архив агенттиги, жергиликтүү музейлер, өлкөнүн Билим берүү жана маданият министрликтери ж.б. менен да тыгыз кызматташтык. “Мурас” фондунун иш-чаралары тууралуу интернеттеги “Фейсбук” баракчасынан да алдын ала биле аласыздар.
-Бүгүнкү шартта мындай фонддор аба менен суудай керек болсо керек?..
-Коомдук корлор (фонддор) өзгөчө керек жана алар моралдык ж.б. колдоого муктаж. “Айтыш” фонду, Саякбай Каралаев атындагы фонд, Азамат Алтай фонду, “Ыйман” фонду, “Кереге” фонду, Кыргызстан Сорос фонду жана башка бир далай корлор мыкты иштеп жатышат.
Булак: “Фабула”