Menu

КООМ

Чагымчыл делген Игорь Трофимов камакка алынды

Улут аралык кастыкты козутту деген айып менен укук коргоочу аталган Игорь Трофимов кармалып, камакка алынды. Бул эргул көптөн бери өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу улут аралык кастыкты козуткан публикацияларды жарыялап келгендиктен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камалды. Тергөө иштери жүрүүдө. Ырасында, акыркы кездери улут аралык жаңжал чыгарууга жол чаап, ар кандай тескери маалымат тараткан ниети арам бузукулар көбөйдү. Ошолорго сабак болуш үчүн бул шумпайга мыйзам чегинде катаал жаза бериш керек.

Булак: “Фабула”

8 миң эмес 25 миң доллар пара менен кармалышты

ӨКМге караштуу Авиациялык ишканасынын кызматкер-лери пара алып жаткан жеринен кармалды. Экономика-лык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы-на Бишкектин тургуну аталган ишкананын жетекчилиги 25 мин доллар талап кылып жаткандыгы боюнча кабар бер-ген. Ушундан улам атайы операциянын негизинде 1-июнь күнү бул ишти иликтөөнүн натыйжасында, Өзгөчө кырдаал-дар министрлигинин авиациялык мекемесинин директору, директорунун орун басары жана юристи 8 мин доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголуп, тергее башталды.

Абдыганы Эркебаевдин арты таза эмеспи?

Башкы прокуратура Улуттук илимдер академиясынын Суу жана гидроэнергетика боюнча институтунан 720 миң сом мамлекетке зыян келгенин жар салды. Аталган институтта 2013-жылдан ушул жылга чейин бир нече иштебеген адамды “иштейт” кылып, алардын ордуна башкалар айлык алып келишкен. Бул аралыкта академияны Абдыганы Эркебаев жетектеп турганын эске алсак, «иттин өлүгү» кайда көмүлгөнүн аңдоо кыйынга турбайт. Демек, бул жагдай жыл башында өз каалоом менен деп кызматын тапшырып берип, үлгү көрсөтүмүш болуп жаткан Эркебаевдин «арты» таза эместигинен кабар берет.

Булак: “Фабула”

Видео - Астанада EXPO-2017нин алдында турак-жайдын ижара акысы жогорулоодо

Астанада EXPO-2017 көргөзмөсүнүн ачылышына бир жумадан аз убакыт калганда шаардагы турак-жайдын ижара акысы кыйла жогорулап кетти. Ижара берүүчүлөр болсо «кардарлар баары бир алат» деп эсептешүүдө.

Астанада эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнө карата жалпысынан 1300 батирлүү алты жана сегиз кабаттуу 42 үй курулган. Көргөзмө башталганда аларга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген туристтер кирип жашайт деп болжолдонууда. Бирок учурда иш-чарага келген чет өлкөлүктөр хостелдерге да жайгашып жатышат.

Шаардагы хостел ээлери турак-жайга болгон ижара акысынын жогорулашы болжолдонгон эле көрүнүш экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, эгер буга чейин хостелдеги бир орун 3 900 теңге (12 доллардын айланасында) болсо, азыр алар 6 000 теңгеге чейин (19 доллардын айланасы) көтөрүлдү.

Астаналык риелторлор шаарда турак-жай ижарасы болжол менен бир жарым эсеге жогорулаганын, ал эми көргөзмө башталганда эки эсеге өсүшү мүмкүндүгүн айтышууда. «Эгер мурда сол жээктен бир бөлмөлүү батирди 130 миң теңгеге (400 доллардан ашык) ижарага алып келсек, учурда 150-170 миң теңгеге (500 доллардан ашык) алабыз. Ал эми эки бөлмөлү батирди 200-250 миңге теңгеге (800 доллардын тегереги) алып келген болсок, азыр 300-350 миң теңгеге (1100 доллардан ашык) ала алабыз», – деди Малика Тайшытаева аттуу риелтор.

Казак ММКлары Астана акимине шилтеме кылуу менен атайын көргөзмө үчүн деп курулган батирлерди кошкондо иш-чара башталганга чейин Астанада жалпысынан 35 миң адам сыярлык бир канча турак-жай пайдаланууга берилерин билдиришүүдө. Көргөзмөнүн уюштуруучулары 10-июндан 10-сентябрга чейин улана турган иш-чарага беш миллионго жакын турист келе деп болдолдошууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте студенттин өлүмүн иликтөөнү талап кылган акция соцтүйүндөргө өттү

Ташкенттин тургундары интернетте #СправедливостьЖасуру хэштеги менен «Ибрагимов Жасурбектин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазалансын» деген петицияга кол топтоо боюнча массалык акция өткөрүштү.

Боровский атындагы Ташкент медициналык колледжинин 2-курсунун студенти ушул жылдын 3-майында катуу сабалып, беш жолу операция жасалгандан кийин бир айдан соң каза тапкан.

Социалдык түйүндөрдө Жасурбектин апасынын каты жарыяланып, анда ал уулун өлтүргөн деп болжолдонуп жаткандардын аты-жөнү баарына белгилүү экенин, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын жазган. Айтымында, Жасурбек билим алган медициналык колледждин жетекчилиги менен жумушчулары уулун сабаган балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп алып, алардын кылмышын жашырып жатышат.

Бул иш боюнча тергөө 31-майда, Жасурбектин каза болоруна бир күн калганда башталган. 4-июнда Ташкенттин жашоочулары бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен көчөгө чыгышкан. 5-июнда кылмышка шектелген окуу жайдын беш студенти суракка алынды. Алардын аты жөнү Жасурдун апасы жазган каттагы балдардын аты-жөнү менен туура келет.

Ташкент ШИИБсинин тергөө бөлүмү тарабынан медициналык колледждин студенти Исломбек Тулагановго каршы «адам денесине олуттуу зыян келтирип өлүмгө жетирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алында. Андан сырткары укук коргоо органдары петицияга кол койгон жарандар талап кылгандай, окуу жайдын мугалимдери жана медициналык кызматкерлеринин аракетине да укуктук баа бериле тургандыгын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда айрым жарандардын чет өлкөлөргө чыгуусуна уруксат бербей жатышат

Өткөн дем алыш күндөрү Ашхабад аэропортунда бир нече жүргүнчүнүн Дубай менен Стамбулга учуусуна уруксат берилген жок.

Өлкөдөн учуп кете албаган түркмөн жарандарынын бири жүргүнчүлөрдүн бардыгында жумушчу жана туристтик визалар болгонун айтты:

«Бизден эмнеге бара жатканыбызды сурашты. Мен досум менен унаага тетик алуу үчүн баратканымды айттым. Алар болсо «эс алууга эмес, иштөө үчүн баратсаңар жалган маалымат бергендигиңер үчүн 2 жылга камаласыңар» дешти».

Айтымында, андан бери аны коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бир канча жолу суракка чакырышкан. Эгер өлкөдөн чыгууга уруксат берилбесе, ал арыз менен прокуратурага кайрылууга ниеттенип жатат.

Маалыматтарга караганда, өлкө аймактарында жашаган жарандар виза алуу үчүн дайыма борборго келүүгө аргасыз, өз кезегинде бул кошумча убакытты жана материалдык чыгымды талап кылат.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы бир нече ай ичинде Түркмөнстандын жарандары биометрикалык паспортторду жана чет элдик визаларды алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Жергиликтүү байкоочулар мындай чектөөлөрдү Азиада-2017нин алдында ички жана сырткы миграцияны көзөмөлдөөнүн күчөтүлүшү менен байланыштырышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жол кире 15 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин 2-июндагы чогулушунда жол транспорту боюнча маселе көтөрүлүп, жыйынга мэр Албек Ибраимов катышты. Мэр жыйында сүйлөгөн сөзүндө: «Маршруттук каттамдарда орундуктардан сырткары туруп кетүүгө тыюу салсак, жол акыны көтөрүүгө туура келет. Андай кылбасак, айдоочулар тарабынан нааразычылыктар болот. Маршруттук каттамдарды жоюп салууга биздин мамлекет даяр эмес. Учурда элдер тарабынан маршруттук каттамдарда нааразычылык көп болуп жатат. Элдер орундуктарга отуруп кетүүнү кааласа, жол акы 15 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлөт.

Булак: “Фабула”

Өзгөндө өкмөт өкүлүнүн катышуусунда 1000ден ашык адамга  ифтарлык уюштурулду

Кечээ, Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы “Абдираим кары” медресесинде 1000ден ашык адамга ифтарлык уюштурулду. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдайт.

Аталган иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, шейх Мухаммад Хажжаж, “Имам-Аль Бухарий” Ислам институтунун ректору Абдырахман кары Атабаев, райондордун башкы имам-хатиптери жана райондун аймагынан чакырылган 1000ден ашуун тургундар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы тургундарды рамазан айы менен куттуктап, орозонун пайдалары туурасында кеңири баян жасап берди. Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов бардык ифтардын катышуучуларын орозо айы менен өкмөттүн атынан куттуктап, жалпы элге тынчтык, ынтымак жана биримдик каалады.

Жалал-Абадда сырткы мигранттардын жана кайрылмандардын көйгөйлөрү талкууланды

Жалал-Абад шаарындагы жарандык ала албай жүргөн кайрылмандар жана кара тизмеге түшүп, чыга албай жүргөн жарандар өздөрүнө тиешелүү маалыматтарга ээ болушту. КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпар Мамбетова шаардагы кайрылмандан жана кара тизмеге түшкөн мигранттар менен жолугушуп, көйгөйлөр тууралуу баарлашты. Бул туурасында шаардык мэриядан маалымдайт.

Анын берген маалыматына караганда, Россия Федерациясында расмий түрдө 710 миң кыргыз жараны эмгектенсе, ал эми расмий эмес түрдө иштеген кыргыз жарандарынын саны 1,5 миллионго жеткен. Анын ичинен кара тизмедегилердин так саны 116 миң адамды түзөт.

-Кыргызстандын аймактарын кыдырып, элге толук маалымат берүү – бул пландуу иш. Анткени, буга чейин областтык администрация тарабынан бизде мына ушундай көйгөйлөр бар деп кат жолдошкон. Биз бүгүн шаардыктар менен жолугушуп, кенен баарлаштык. Чындыгында көйгөйлөр көп экен. Алардын басымдуу бөлүгү кара тизмеге түшкөн жарандардын тизмеден чыгуу жана жарандык алуу көйгөйлөрү. Мындан сырткары, кайрылмандардын бир-эки жылдап кезекте туруп, жарандык ала албай жаткандыгына күбө болдук. Биз бул маалыматтардын баарын министрликке жеткирип барабыз. Буга чейин мындай эл менен жолугушуулар жер-жерлерде болду, эми Сузак жана Аксы райондорунда да ушундай жыйындар болмокчу. Ал жердеги жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрү менен да таанышып, маселесин чечип беребиз, – дейт ал.

Жолгушуу учурунда ар кайсы көйгөйлүү маселелер боюнча шаардыктар көптөгөн суроолорду беришти жана жоопторду алышты.

Өзгөчө баалуу дарактар породаларын кыюуга тыюу салуу алкагында кыйылган 1 дарактын ордуна 100 дарак отургузуу милдеттендирилет

Бүгүн, 5-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири катары аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты – өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу. Буга чейинки мораторийдин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын февраль айында бүтүп отурат. Мыйзам долбоору менен жогорудагы мораторийди дагы узартуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун 2-окуудагы талкуусунун өзөгүн кыйылган 1 даана өзгөчө баалуу дарактын ордуна 100 даана дарак эгүү маселеси түздү. Жыйынга катышып отурган Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлетик агенттигин өкүлү мындай сунуштка макулдугун айтып, ошол эле маалда отургузула турган 100 даракты кен казууга багытталган геология иштерин жүргүзө турган компаниялар деп тактап жазуу өтүнүчүн билдирди. Айтылган жоопторго ылайык, бул жагдай мыйзам алдындагы актыларга, жоболорго жазыла турган болду. Депутат Дастан Жумабеков кыйылган бир бакка 100 дарак тигүү маселеси жөнөкөй жарандарга тиешеси жоктугун тактады.

Ал эми Өнөржай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Айбек Асанов мындай сунуш ишкерлерге оорчулук болуп калбайбы деген кооптонуусун айтып, кыйылган 1 даана өзгөчө баалуу даракка 10 дарак тигүүнү сунуш кылды. Аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Кошоев 100 бак тигүү маселеси айрыкча, арча менен жаңгак дарагы жай өсүп, көптө жетиле тургандыгынын улам жана жаңгактын уникалдуулугун эске алуу менен сунушталып жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А. Назаров, М.Бакиров, А.Эргешов, Р.Туманбаева, И.Матраимов, С.Нышанов, А.Токторов.

Меню