Menu

КООМ

ОшМЮИда бүтүрүүчүлөрдүн салтанаты болуп өттү

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык коллежинде бүтүрүүчүлөрдүн аземи болуп өттү. Бул туурасында ОШМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

Салтанаттуу иш чараны ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты  Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, эң мыкты бааларга окуган  жана коомдук иштерде өрнөк көрсөткөн студенттерге алкыш баракчаларын, «Эң мыкты бүтүрүүчү» номинацияларын  тапшыруу менен келечегине ак жол каалады. Ата-энелер да катышкан салтанатта  таланттуу студенттер тарабынан бүтүрүүчүлөргө арнап даярдалган  атайын концерттик программа тартууланды.

Бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктаган коллеждин директору юридика илимдеринин кандидаты Толгонай Ураимова жаштардын келечегинен көптү үмүттөнөрүн билдирип өттү. Аземде кубанычка бөлөнүп отурушкан ата-энелер да перзенттерине билим-тарбия берген окуу жайдын окумуштуу-окутуучулар жамаатына алкышын айтып, ыраазычылыгын билдирди.  Келгендерге көтөрүнкү маанай тартуулган иш чара аягына чейин мукамдуу музыканын коштоосундагы ыр-бий жана түрдүү  оюн зооктор менен коштолду.

Жалал-Абадда коомдук унаа кандай өнүгөт?

Илгери СССРдин курамында туруп, ошондогу коомдук унаа системасын мурастап калган Жалал-Абад шаарында эгемендик жылдары бул система кыйла артка кетип калды. Мурдагы автобустар эскирди, көчөлөрдө жалаң кичи автобустар (бусиктер) каттап, коомдун аярлуу кыртышынын, балдардын социалдык укуктарын, жеңилдиктерди ишке ашыруу мүмкүндүгү чектелди.

Ырас, 2010-жылы өлкөгө Кытайдан автобус келип, анча-мынчасы шаарга да тийген эле. Ал автобустар да эскирип, азыркы тапта шаар тургундарынын керектөөлөрүн толугу менен камсыз кылып бергенге жарабай калышты. Башка өлкөлөргө окшоп, шаар тургандары кооз, ыңгайлуу, кенен жана жарык, жайында салкын, кышындасы жылуу автобустарда качан жүрүшөр экен…

Деген менен, Жалал-Абад шаары илгертен эле 40-50 миң кишиге ылайыктап курулган экен. Азыр ар кайсы эсептөөлөр боюнча 3 эсе көп эл жашап турат. Демек, шаарда ыңгайсыздыктар пайда болду. Шаарды дароо кеңейтип жиберүүгө болбойт. Бирок, акырындык менен шаарды шаарга окшотуп, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп, Кыргызстандагы эң кооз, жайлуу, төгөрөгү төп келген шаарга айландырууга болот да. Албетте, бул ар кайсы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга 10-15 миллион доллардын тегерегинде инвестициялык каражаттар керек болот.

Ушундай илгери үмүттөр менен шаар мэриясы 2016-2026-жылдарга Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү программасын иштеп чыккан. Анда бир катар келечектүү бизнеспландар камтылып, эгер алар ишке аша турган болсо, шаар болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө учурашы толук ыктымал. Шаар унаа, эс алуу, коопсуздук, ыңгайлуулук, туризм, ишкердик жагынан кыйла өсөт жана чет жактарга шаардын жакшы имиджи кеңири таркайт деген ишеним бар.

Башка долбоорлор арасында шаарда коомдук унааны шаар тургундарынын кызыкчылыгында чечүү үчүн “Коомдук унаа” программасы да иштелип чыккан. Шаардыктарга белгилүү болгондой, муниципалдык унаа базасынын азыркы автобустары эскирди жана алардын саны да жетишсиз. Анан калса, эртең эле таптакыр жараксыз абалга келиши күтүлүп турат, эгер алдын ала аракет жасалбаса, анда шаар автобустарсыз кала тургандай. Шаар бийлиги шаарда мыкты унаа тармагын түзүп, шаардагы заманбап коомдук унаа системасын түзүү үчүн наркы 268,15 миллион сом турган долбоорду иштеп чыгып, ишке ашырууга аракет кылмакчы. Ал долбоорго ылайык, шаарда 8 багытта эл ташый турган жаңы, заманбап, ыңгайлуу 74 автобусту жүргүзүүнү пландап жатат.

Эгер бул долбоор ишке ашса, анда шаар жана шаардыктар эмнеден утат? Эң биринчиден, шаарда жетиштүү сандагы заманбап, бардык ыңгайлуулуктары бар автобустар пайда болот. Шаар бийликтери бул максатты ишке ашырууда кийин сатып алуу үчүн Чехиянын, Түркиянын, Россиянын, Кытайдын же Беларусиянын автобустарын караштырууда. Автобустар шаардыктарды ташып гана калбай, өзүнүн дизайны, турпаты менен шаарга да көрк бериши керек.

Дагы бир эске ала турган нерсе – автобустарда билеттер электрондук тартипте сатылат, ким-бирөө сатпайт, ал бирөөнүн чөнтөгүнө да түшпөй, дароо казынага түшөт. Бул ачыктыкты камсыз кылып, коррупциялык көрүнүштөрдүн болбостугуна алып келет. Анан калса, автобус менен тейлөөнүн маданияты жогорулап, бул шаардыктарда жаңы жүрүм-турум маданиятынын калыптанышына шарт түзөт.

Автобустар азыркы бусиктердей салонго адамдын толушун күтүшпөйт. Ар кайсы багыттагы автобустар аялдамаларга 10 мүнөт сайын келип-кетип турушат. Жүргүнчүлөрдүн убактысы үнөмдөлөт жана аларга ыңгайлуулук түзүлөт. Аялдамаларга ар бир автобустун келер-кетер убактысы жазылып турат жана тийиштүү кызматтар автобустардын так жүрүшүн көзөмөлдөп турушат.

Шаарда жаңы, заманбап автобустардын пайда болушу менен көчөлөрдө кайнаган башка эл ташуучу унаалар саны азаят, абаны булгоо да төмөндөп, шаар көчөлөрүндө башамаламан, кымгуут унаа кыймылы иретке салынат, жол кыймылынын коопсуздугу бекемделет, казынадан бул багытка керектелүүчү чыгымдар үнөм болот, шаардын заманбап коомдук унаа паркы пайда болот.

Азыркыдай атуулдар таксиге, ыңгайсыз бусиктерге акча коротушпай, кенен, таза, ыңгайлуу автобустарда акчасын үнөмдөшөт. Эң башкысы, жеңилдик алуучу согуш ардагерлеринин, майыптардын, Баатыр энелердин, балдардын жана башкалардын социалдык укуктары камсыздалат, алар акысыз же арзантылган тарифтер менен жүрө алышат.

Албетте, ар кандай долбоор өзүн-өзү актай турган, шаар казынасына күч келтирбей турган болушу зарыл. Тескерисинче, казынага киреше алып келе турган болсо, анда эле аны Кудай жалгасын. Долбоорду иштеп чыккан жумушчу тобунун эсептөөлөрүнө караганда казынага да бир топ киреше түшөт. Эсептөөлөргө караганда, долбоорду ишке ашырган 1-жылы жүргүнчүлөр саны 7 миллион, 2-жылы 12,34 миллион, 3-жылдан баштап 17,6 миллион болушу күтүлөт. Ошондой болгон кезде 15 жыл аралыгында бул долбоор 105,1 миллион сомов киреше алып келет, анын ичинен 53,6 миллион сому салык түрүндө, 51,5 миллион сому мамлекеттик жеке менчик өнөктөштүк алкагында концессиялык тартипте келип түшөт.

Азырынча шаар мэриясынын ушундай жакшы максаттары, иштелип чыккан программалары бар. Буюрса, ошол максаттар ишке ашса, долбоорлор иштеп калса, анда кийинки бир нече жылда шаар таптакыр өзгөрүп, жашарып, кулпунуп калат деген ишеним чоң. Муну мамлекеттик – жеке менчик өнөктөштүк алкагында инвестициялоо менен ишке ашыруу толук мүмкүн.

Жалил САПАРОВ

Мамлекет кепилдикке алган юридикалык жардам алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейди

«Мамлекет кепилдикке алган юридикалык жардам алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейди. Эми жарандар жазык гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча  да сот өндүрүшүнүн бардык этаптарында жардам ала алышат», – деди Кыргыз Республикасынын юстиция министри  Уран Ахметов бүгүн, 7-июнда, «Акысыз юридикалык жардам алуучулардын тизмесин кеңейтүү. Мамлекеттик тейлөөнү өнүктүрүүнүн келечеги» тууралуу маалымат жыйынында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Уран Ахметов белгилегендей, бир нече жылдан бери юридикалык жардам жөнүндө макулдашуу иш-милдеттери бардык аймактык бөлүмдөрүнө караган  адистер алектенген юстиция министрлигине өткөрүлүп берилген. Борбордук министрликтин кызматкерлери калкка жардам көрсөтүү маселеси менен гана алек болот. Бирдиктүү координациялык борбордун ачылышы менен мамлекет  кепилдик берген юридикалык жардам алууга байланышкан бардык маселелер чечилет.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборуна, киреше көлөмү 60 эседен ашпаган ар бир жаран кайрылууга укуктуу. Жашы жете электер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жалгыз бой энелер жана аскер кызматкерлери  өзгөчө оор кылмышка күнөөлүү же шектүү болгон учурда анын кирешесинин деңгээли текшерилбейт.

Юстиция министри Уран Ахметов мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү борборунда адам укуктарын, эркиндигин жана таламдарын натыйжалуу коргоону камсыз кыларын жана  сапатын жогорулатып, мамлекеттик көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун камсыз кыларын баса белгиледи.

Ал ошондой эле юстиция министрлиги тарабынан 2015-2016-жылдары бекер кеңеш берүү боюнча борбор ачылганын маалымдады.

Учурда жарандар бекер кеп-кеңештерди алган ушул сыяктуу тогуз борбор Ош жана Чүй облустарында иштеп жатат. Анда жарандарга мамлекет кепилдикке алган юридикалык жардам системасына кирген юрист, адвокаттар кеңеш берет.

«Быйылкы жылы юстиция министрлиги Баткен облусунун Исфана  жана  Кадамжай шаарларына, Жалал-Абад шаарына жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна ошондой эле Нарын шаарына жана Нарын облусунун Кочкор районуна жарандарга бекер юридикалык кеңеш берүүчү алты борбор ачууну пландоодо. Бул борборлордун бардыгы мамлекет кепилдикке алган бекер  юридикалык жардам алуу системасына киргизилет», – деди Уран Ахметов.

Бүгүнкү күндө бекер юридикалык жардам көрсөтө турган адвокаттардын реестрине 250 адвокат кирет. 2016-жылы мамлекет тарабынан төлөнгөн жалпы суммасы 19 240 068 сомду түзгөн, 6 574 жаранга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

 

Тажикстанда кош жарандыгы барлардын милицияда иштөөсүнө тыюу салынат

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, өлкөнүн ички иштер органдарына кош жарандыгы бар адамдарды, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жокторду жумушка алууга тыюу салынат.

Мындай фактылар аныкталган учурларда милиционерлер тез арада иштен алынат.

Мурдараак парламент кош жарандыгы бар адамдардын мамлекеттик кызматтарда жана улуттук коопсуздук органдарында иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Андан сырткары башка өлкөнүн жарандыгы бар экенин жашыргандыгы үчүн кылмыш жазасы каралган Административдик мыйзам бузуулар тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөр дагы кабыл алынган.

Айрым статистикалык маалыматтарга караганда, акыркы жыйырма жыл ичинде 300 миңден 500 миңге чейинки тажикстандык Орусия жарандыгын алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбек ырчысы мамлекеттик иш-чараларда бекер ырдоого каршы чыкты

Өзбекстандын эл артисти Озодбек Назарбеков ырчылардын мамлекеттик мекемелер тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чараларда бекер ырдашына каршы экенин билдирди.

Ал өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин алдында иш-чаралар маалында ырчыларга акчасын берип турчу коммерциялык бөлүм ачууну сунуштады. Айтымында, корпоратив учурларында мамлекеттик мекемелер ырчыларга акча төлөбөгөнү аз келгенсип, аларды кемсинтүүгө да аракет кылышат.

«Мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери ырчыларды таптакыр сыйлашпайт. Мисалы, ИИМ менен Башкы прокуратура Ноорузга карата майрамдык концерттерди уюштурушат. Анда тамак-аш, суусундуктарды сатып алып, ресторандын ижарасына деп акча төлөшөт. Ырчыларды болсо бекер чакырышат. Демек, аларга кылган мамилелери да ошондой эле болот», – деди ал.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин аткаминери мекеме ырчынын бул сунушун толугу менен колдогонун билдирди.

Аты-жөнүн айткысы келбеген белгилүү өзбек ырчыларынын бири Озодбек Назарбековдун айткандарын колдой турганын билдирди. Бирок ал сунуштун ишке ашып кетерине ишенбейт. «Эгер керек болсо Озодбек дагы, Юлдуз Усманова дагы, Гуломжон Якубов дагы өзүлөрү барып корпоративде бекер ырдап беришет», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү “Абдираим кары” медресесинин кыздар үчүн курулган жаңы окуу корпусу менен таанышты

Кечээ, 5-июнь күнү КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Абдираим кары” медресесинин кыздар үчүн курулган 2 кабаттуу комплекстүү окуу корпусу менен таанышты. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдайт.

Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев, медресенин мүдүрү Абдырахман кары Атабаев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Абдырахман кары Атабаев медресенин түптөлүш тарыхы жана имараттын курулуш долбоорлору боюнча маалымат берди. Ошондой эле имараттын ичиндеги окуу жана компьютердик класстары, тигүү жана ашпозчулук кааналары, жатакана бөлмөлөрү жана жууну үчүн түзүлгөн заманбап шарттары менен тааныштырды.  Медресенин кыздар бөлүмүнүн заманбап шарттарына күбө болгон Өкмөт өкүлү Таалай Сарыбашов аткарылып жаткан иш-аракеттерге жогорку баасын берип, келечекте медреседеден коомго пайдалуу, адеп-ахлагы бийик уул-кыздар тарбияланып  өсүп чыгуусуна тилектештигин билдирди.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган медресесинин кыздар үчүн жаңы окуу корпусунун жатаканасы бир убакта 70 окуучу кыз жашоого ылайыкташтырылып курулган.

«Өзбекконцерт» Мирзиёевге арналган ырларды аткарууга тыюу салды

Мамлекеттик «Өзбекконцерт» мекемеси президент Шавкат Мирзиёевге арналган ырды аткарууга тыюу салды.

«Өзбекконцерттин» директорунун милдетин аткаруучу Азамат Хайдаровдун белгилешинче, айрым аткаруучулар өлкө президентинин ишине тиешелүү видеолорду, адабий нормаларга ылайык келбеген текстерди колдонушууда.

“Өзгөчө алар монтаж учурунда бир инсандын же өлкө жетекчисинин ишмердүүлүгүнө таандык видеолорду колдонушууда… Бул моралдык-этикалык нормаларга туура келбейт”,-деди ал.

Буга чейин 49 жаштагы киноактриса жана ырчы Дильфуза Исмаилова президент Шавкат Мирзиёевге арнап “Керемет жердин султаны ден соолукта болсун” деген ырды аткарган. Ал чыгарма 2016-жылы декабрда, Мирзиёев президент болгондон кийин жазылганын жана «жүрөгүнөн чыкканын» билдирген.

Өзбекстан композиторлор биримдигинин мүчөсү, музыка таануучу Равшанбек Матжонов биринчи президент Ислам Каримовдун тушунда мындай ырларга артыкчылык берилбегенин, айрым ырчылар жаза алганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Мегаком" дагы сатылбай калды артында кандай оюн болуп жатат?

Мамлекеттик мүлк фондунан билдиришкендей, аукционго коюлган “Мегаком” ишканасы үчүнчү ирет сатылбай калды. Анын себеби бул компанияны алууну каалагандар жок экен. Эске сала кетсек, компания биринчи жолу сатыкка чыгып жаткан жок. Буга чейин да сатыкка чыгып, анда баштапкы баасы 19млрд сом коюлган эле. Биринчи ирет сатылбай, баасы 14 млрд сомго чейин арзандатылган эле. Кийин экинчи ирет 14 млрд сомго да сатып ала турган кардар жок, 13 млрдга түшүрүлгөн эле. Мына кечээ 5-июнда дагы 13 миллиард сомго ала турган кардар жок, сатылбай калды. Мүлк фонду эми дагы баасын арзандатабы? Балким көшөгө артында оюн болуп жаткан жокпу, жасалма түрдө кардар жок деп. Анткени өзүбүздүн эле кызарган жерге тап койгон «жорулар» кирешелүү ишканалардын баасын төмөндөтүп туруп, ит бекер баага сатып алышчу эле.

Булак: “Фабула”

Аксы районундагы кырдаалды жоюуга 22 бирдик атайын техника жана 70тен ашык адам тартылды

2017-жылдын 4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 5-июнь күнү Аксы районунун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээлдери көтөрүлүп Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында сел жүргөн. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генарал-майор Кубатбек Боронов жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, жеринде атайын иш-чараларды уюштуруп, көзөмөлдөө жагын кароо КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловго милдеттендирди.

Аксы районундагы кырдаалды жоюу максатында министрдин тапшырмасы менен жеринде КР ӨКМнин ыкчам топ иш алып барууда.

Селдин кесепетинен:

Авлетим айыл аймагынын Итагар айылындагы Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп көпүрөнү жууп кеткен, 3 ички чарбалык көпүрөгө кооптуу абал жаралган. Ошондой эле дарыяга жакын жайгашкан 5 турак үйгө коркунуч жаралган.

Тескей участкасындагы 2015-жылы ашар жолу менен курулган 1 ички чарбалык көпүрөнүн сол жагындагы опорасы чөгүп, жээктин 12 метр аралыгын суу жеп кеткен. Унаа каттамы үчүн жол жабылган. Жергиликтүү тургундар үчүн жөө каттам жол бар.

Итагар айылындагы Кербен-Кашка-Суу унаа жолунун 11-чакырымында жана Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 17-22-чакырымында сел жүрүп, унаа жолдорго сел калдыктары толуп, унаалардын каттамына кыйынчылык жаралган.

Кашка-Суу айыл аймагында 7 турак үйдүн короосуна сел суулары кирип, 70 турак үйгө, 1 мектепке, 1 ФАПка коркунуч жаралган. 2365 метр ички чарбалык жолдорго, 250 метр арыктарга сел калдыктары толгон. 1 ички чарбалык көпүрө, 1 электр мамысы жана 50 даана габион торчосу жараксыз абалга келген.

Кызыл-Туу  айылына караштуу Бабаев сугат каналы шагыл таштарга толуп, каналдан ашкан сел суулары 6 турак жайлардын тамаркаларын каптаган.

Жол-Сай айылындагы Жол-Сай жана Ак-Жар участкасында ички чарбалык автожолдун 7-8 метр аралыгын жеп кеткен. Жол каттамы убактылуу жабылган.

Жылгын айылынын Капчыгай участкасында 20 метр аралыктагы автоунаа жолду бузуп, жол каттамын токтоткон.

Жалпы район боюнча 13 турак-үйдүн короолорун сел суулары каптаган, 2238 метр ички чарбалык жолдорго сел калдыктары топтолгон жана 2 көпүрө (1 ички чарбалык), 1 электр мамычасы жана 50 даана габион торчолору жараксыз абалга келген. Мындан сырткары 76 турак-үйгө, 1 мектепке, 1 ФАПка жана 5  көпүрөгө (2 ички чарбалык) кооптуу абал жаралган.

Азыркы учурда дарыялардын жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү иштерине 22 бирдик атайын техника жана 70ден ашык адам тартылып тазалоо жумуштары уюштурулуп, жүргүзүлүүдө.

Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Чыныбай Турсунбеков балдарды реабилитациялоо борборлорунан кабар алды

Кечээ, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков балдардын церебралдык паралич (ДЦП) жана аутизм менен жабыркаган балдар дарыланып, тарбиялануучу “Оберег” реабилитациялык борборунун иши менен таанышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Аталган борбордо учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тубаса илдетке кабылган 37 бала тарбияланууда. Анын ичинен 16сы күнү-түнү ушул борбордо жашайт. Мындай балдарды калыбына келтирүү, аларды кандайдыр өз алдынчалыкка үйрөтүү, мүмкүнчүлүктөрүн ачуу боюнча окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлөт. 14 жылдан бери иштеп келаткан реаблитациялык борбор мэриянын жардамы менен быйыл жыл башында ушул имаратка ээ болгон.

Аталган реаблитациялык борборду баштан-аяк кыдырып, мындагы абал менен толук таанышып чыккан Жогорку Кеңештин Төрагасы балдардын чыгармачылык өнөрүнө да күбө болду. “Балдарга, өзгөчө майып балдарга кам көрүү, аларды калыбына келтирүү иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү мамлекеттин милдети», -деп белгилеген Чыныбай Турсунбеков ары жоопкерчиликтүү, ары татаал ишти моюнуна алган жамаатка терең ыраазычылык билдирди. Ал Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, реаблитациялык борбордун керектөөсүнө деп Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды. Жолугушуунун соңунда мекеменин тарбиялануучулары, өз колдорунан жасалган картинаны Жогорку Кеңештин Төрагасына белекке беришти. Чыныбай Турсунбеков балдардын берген картинасы жашоосундагы өзгөчө баалуу белектердин бири болгондугун айтты.

Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков аталган имараттын экинчи тарабында жайгашкан «Рука в руке» балдар мекемесине баш бакты. Мында да аутизм менен жабыркаган бөбөктөр сабак алат. Бул балдар мекемесине дагы Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтүлгөн. Төрагага ал каражаттар кандай сарпталып жатканы боюнча маалымат берген мекеме жетекчиси жамаатынын жана ата-энелердин атынан терең ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Чыныбай Турсунбеков: “Мындай балдардын келечегине кайдыгер карабашыбыз керек, аларды камкордукка албасак болбойт. Бул Жаратканыбыздын эскертүүсү, сыноосу»- деди.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Токмок шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча республикалык адистештирилген борбордун ишинен да кабар алды.

100 балага эсептелген бул борбордун тарыхы терең. Ал 1950-жылдан бери иштеп келет. Адистештирилген борбордо республиканын бардык региондорунан жаңы төрөлгөн наристеден 4 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Мында тарбияланган балдардын 45и социалдык жетимдер – ата-энелери таштап кеткен, ата-энелик укугунан ажыратылгандардын балдары.

Жогорку Кеңештин Төрагасына берилген маалыматтарга караганда бул борбордун телегейи тегиз деп айтууга болбойт. Борбордун тарбиялануучулары үчүн бардык шарттар түзүлгөн, өз ишин мыкты билген адистер иштейт. Бирок, борбордун №1 корпусу эскилиги жетип, кайра курууну талап кылып калган, короосунун ичин азыркы шартка ылайык кайра жасалгалап чыгуу муктаждыгы бар.

Борбор жамааты менен болгон жолугушууда балдардын келечеги үчүн Жогорку Кеӊеште жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берген Чыныбай Турсунбеков ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки ар бир баласы үчүн 700 сом, 3 жаштан 16 жашка чейинкилерине 500 сомдон чегерүү тууралуу мыйзамдар жөнүндө учкай кеп кылды. “Балдар үчүн, алардын өсүп-өнүгүүсү үчүн, айрыкча мындай мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрам күндөрүндө эле эмес, үзгүлтүксүз кам көрүүгө тийишпиз. Балдарга кам көрбөгөн өлкөнүн келечеги күмөн»-деп баса белгиледи. Ошону менен катар бул борбордун кем-карчы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом тапшырды.

Эч нерседен капары жок, баёо наристелер Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган топко Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө даярдашкан ыр-бийлерин тартуулашты.

Меню