Menu

КООМ

Жогорку сотто ММК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ММК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өттү. Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Тегерек үстөл “Сот тутумунун ачык-айкындыгы” деп аталып, өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына арналды. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева расмий ачып, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

“Сот реформасынын негизги талаптарынын бири – бул сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү! Учурдагы коомдун талабы да ушундай. Сот реформасынын багыттары жана башкы максаттары: сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу, кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын адам укуктары жагындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, бул жарандардын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.

Жогорудагы талаптардын ишке ашуусу үчүн, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыгып, ошонун аркасы менен реформа ишке аша баштады. Атайын жумушчу топтор түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Жоруктар, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстери жана “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу”, “КРдагы юридикалык жардамдын мамлекеттик кепилдиги тууралуу” мыйзамдары жаңы жазылып, КР Жогорку Кеңеши тарабынан  кабыл алынып, КР Президенти тарабынан кол коюлду. Аталган кодекстердин бир бөлүгү 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирсе, калгандары ушул жылдын 1-июлунан тарта иштей баштайт”.

Тегерек үстөлдө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева сот тутумунун ачык-айкындыгы, сот реформасынын жүрүшү боюнча бет ачаар жасады. Ал эми IDLO программасынын кызматкери Нурлан Дүйшеев “Сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетүү механизмин кеңейтүү” темасындагы баяндамадаwww.sot.kg сайтынын аткара турган функциясы тууралуу кеңири түшүндүрдү.

Адилет сот мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Александр Юрьев болсо аталган сайттын техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорго жооп берди.

Тегерек үстөлдү өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту демилгелеп,  USAID – IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө жана EWMIнин аткаруусундагы USAIDдин Биргелешип башкаруу программаларынын колдоосу менен өттү. Бул программалардын жетекчилери Фред Хьюстон менен Гарри Лэдбеттэрда тегерек үстөлдүн катышуучуларына сөз сүйлөштү.

Бишкекте "Альфа-секьюрити" коопсуздук агенттигинен 21 ок аткыч курал уурдалды

Сабыр МУКАНБЕТОВ, коомдук ишмер: “УУЧУБУЗ КУР ЭМЕС, ЭЛИМ ДЕП ЭҢГИРЕЙ ТУРГАН АЗАМАТТАР ЖЕТИШТҮҮ!”

20-кылымдын токсонунчу жылдарындагы кайра куруу заманында баш көтөрүп, адилеттүүлүк, теңдик, көз карандысыздык ураанын айкайлаган кыргыз жаштарынын “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанылып, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК), андан берки өлкөнү демократташтыруу процесстеринин, эки жолку элдик төңкөрүштүн активдүү катышуучусу, коомдук турмуштагы талаш-тартыш маселелерде ар дайым чындыктын, элдин кызыкчылыгын коргоо менен таанымал болгон, белгилүү коомдук ишмер Сабыр МУКАНБЕТОВ менен болгон баарлашуу салтка айланып, сандан-санга уланып бара жатат.

Бүгүн дагы Сабыр байке менен коомдогу көйгөйлөрдү талкуулоону туура көрдүк. Кеп албетте алдыдагы президенттик шайлоо, мураскер жана башка талапкерлер, коом ичиндеги биримдик, журналисттер жааматындагы ынтымак тууралу болмокчу.

-Сабыр агай, кеп башында сиздин Коомдук каналдын Байкоочу Кеңешиндеги (БК) ишмерлигиңизден баштагым келип турат. Сиз мөөнөтүңүз бүтөөрүнө эки-үч ай калганда БКдан чыгып кеттиңиз. Бирок КТРК, анын БК тууралуу кескин сын пикирлер башталганда унчукпай отуруп алгандай болдуңуз. Сын көз менен карап, нааразы болуп чыгып кеткенден кийин аягына чейин катуу турушуңуз керек эмес беле? Эмне үчүн КТРКнын акыркы кездеги чектен чыккан каралоолоруна, бир жактуулугуна үндөбөй отурасыз?

– Төрт жылдан ашык КТРКнын БКсында колумдан келген аракеттерди кылып, каналдын накта коомдук болушуна салымымды кошуп келдим. Аягында БК таптакыр алсырап, жыйыныбыздын күн тартибин беките албай калган деңгээлге жетти. Башкача айтканда

 

Сизди трайбалист катары “Жаны Ордо” гезити, белгилүү журналист Бекен Назаралиев сындап чыкканы маалым. Бул сын пикирди кандай кабыл алдыңыз? Сынды моюндайсызбы? Макул-сузбу?

– Бекен Назаралиев экөөбүз көп жылдан бери тааныш, жакшы сана-алаш болуп бири-бирибизди сый-лап, аялы аркалык болгондуктан мен аны “күйөө бала” деп тамаша-лап келген жакшы жолдош элек. Ал трайбалистик коз караштагы санаалаштарынын тилине кирип, мага ыксыз асылып, көңүлүмдү калтырды. “Манас” аэропорту-нун кашындагы Дача СУ айылына учак кулап түшүп, Кыргызстандын 39 жараны набыт болгондо Меда-кадемиянын бир тантык кызмат-кери өлгөндөрдү “түштүгүндө эле жүрө беришпей биякка эмне кели-шет, сооп эле болуптур” дегенсип, табалап чыкты го. Анан Бекен мырза мени ошол “эл ичине жик салган, регионалчы, бөлүп-жаргыч кызга боор тарткансып сүйлодү”деп жатпайбы. Мен ал кыздын жо-ругун катуу сынга алганда ошол эле Бекендин трайбалист достору “лайк” басканы азыркыча турат го интернетте. Мен ал тентек кызды колдогон жокмун. Болгону “асып олтүрөбүз, атып өлтүрөбүз, чатын айырабыз, елкеден кууп чыга-быз, өрттөйбүз” деген сөздөр кете баштаганда “о-оууй койгула, ал кыз өзү деле катасын түшүндү ок-шойт, өлтүрбөй эле биринчи ирет эскертүү менен чектелели, урмат-туу туугандар”, деп койгонум үчүн жер жебериме жетип, жамандага-нына катуу капа болдум. Трайбалист катары күнөөлөгөнү эч нерсе эмес, мени бир арсыз, намызсыз адам катары керсеткенге жандал-бастап, карандай калп айтканга чейин кирип, “Аслан Сартбаев (“Азия ньюс” гезитинин редактору) Сабыр Муканбетовду шакал, чее деген ыплас сездер менен аша-та сагупт атса деле анын жанында жүрөт, ары оолсо кетип калоаит беле” деген пикирди коомчулукка таңуулайт. Алтымышка таяп калган кыргыздын абышкасы, сөздүн баркын биле турган, соз баккан тармактын адамы ушинтип манипуляция кылып, кара жанын жеп атса кантип чыдап, кантип келе-чектен үмүт кыласың. Ооба Аслан Сартбаев мае абалында элдин көзүнчө мени сөгүп асьшганы, мен маска теңелбей кетип калганым чын. Бирок андан кийин эки жыл-ча кечирим сураганына карабай, “Азия Ньюска” барбай “Майдан” гезитинде иштеп, кийин Аслан Сартбаевдин башына күн тушүп, камакка алынганда, коллективдин өтүнүчү боюнча “Азия Ньюска” редакторлукка макул болгонумду эл билбесе да, Бекен билет эле го. Эми мындай эки жүздүүлүк менен бет тырмаарлыкка жол берүү жаш-тардын арасында болсо да, биз сы-яктуу алтымышка таяган, ак сакал болгону калгандардын арасында болбошу керек! Болбосо кыргыз ошондон ары жок болуп кетет.

– Бул чатак эмнеден улам тутанды?

– Ошол каран калган учак кулап, эл кырылып, тантык кыз тан-тырагандан башталды. Мен ба-шында, тантык кызды эл катары сындап жаткам. Анан эле, ото ка-туу, элди бөлүп жарган создор ай-тылып, кошумча каармандардын аттары кошула баштады. Байкасам бир жактуудай сезилди. Тантык кыз аркалык экени ачыкталып, ага “Ак үй колоч эле жыттанып калды” деген Кемел Ашыралиевди ко-шуп былчылдатып киришти. Бир нерсени иликтеп конгон жаным Кемел аганы кошуп сындап туруп, “мындайлар бардык жакта бар” деген ойду ортого салып, түштүктөн Үсөн Сыдыков менен Надира Нарматованы (Ү.Сыдыковдун “25 жыл аркалыктарды бийлик-ке жолотпойбуз”, Н.Нарматова – “жалаң туштүктүктөрдү камап жатат” дегенин) мисалга салдым да балээге калдым. Жабылып ин-

Электрондук сот адилеттиги - эртеңки күн

Эл аралык донорлор Кыргызстанда сот реформасын ишке ашыруу үчүн көп эле жардам беришүүдө. Коомчулук алардын эмне кылып жатканы, дегеле бул долбоорлордун канчалык пайдасы бар экендиги тууралуу кабары барбы? Мына ушундай долбоорлордун бири Европа биримдигинин Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө долбоору. Анын эксперти Кристоф Копецки сотторду башкаруу жана электрондук сот адилеттигине жетишүү боюнча бир топтон бери иштеп жатыптыр.

-Кристоф, сот мекемесин башкаруу үчүн өзгөчө жөндөм керекпи?

-Сот мекемесин жетектөөгө персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, сот имаратынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ага кайрылган жарандар менен мамиле түзүү кирет. Биринчи кайрылган адам үчүн ушул иштер кандай жолго коюлганы чоң таасир калтырат.

-Сиз кандай конкретүү маселенин үстүндө иштеп жатасыз?

-Биз азыр соттордун төрагалары үчүн атайын окуу курсунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени бардык иштерге соттун төрагасы жооп берет. Биз Кыргызстандын аймактарын кыдырганда айрымдар мындай иштерден түшүнүгү жок экенин көрсөтүштү. Анан калса, Кыргызстанда ар бир үч жыл сайын соттун төрагасы жаңы дайындалып турат. Башкарууну үйрөнүп аны иш жүзүндө пайдалана билүү үчүн бул убакыт абдан аз. Мен мисалы, Австриядан болом. Австрияда жана Германияда соттун төрагасы болуп дайындалган адам жашы өтүп кеткиче ошол кызматта кала бериши мүмкүн. Биз Жогорку соттун Сот Адилеттигинин Жогорку мектеби менен бирдикте атайын окутуу курсун иштеп чыксак, кийин ал куррикулум катары ал мектепте окутула бермекчи.

-Эми электрондук сот адилеттиги деген эмне?

-Электрондук сот адилеттиги – компьютер, интернет аркылуу ишке аша турган иш кагаздарын жүргүзүү. Биздин алдыдагы максат- сот өндүрүшү үчүн атайын компьютердик программаны иштеп чыгуу. Бул автоматташтырылган информациялык система (АИС) деп аталат. Бул система аркылуу соттук процесстердин өтүшүн, кайсы бир маалыматты издөө, статистикалык маалыматтар, документтердин айланышын жөнгө салууга болот. Азыр документ издөө, статистика­лык маалыматтарды жыйноо кол менен жасалгандыктан, аны жасоо абдан оор бойдон калууда. Мисалы, ар бир кварталда сот канцеляриясы статистикалык маалыматтардын үстүндө бир жумадай
иштешет. Анткени алар андай маалыматтарды сот департаментине жиберип туруусу керек. Келечекте, сиз миса­лы бир эле кнопканы басып койсоңуз, керектүү статисти­калык маалыматтар чогулуп калат. Ошон үчүн биздин милдет-ушуларды аткара турган программаны иштеп чыгып, 3 сотто пилоттук долбоор катары буларды ишке киргизип жатабыз. Биринчи пилоттук долбоорду Аламүдүн райондук сотуна киргиздик, азыр Свердлов райондук сотуна да киргизип жатабыз. Үчүнчүсү, Бишкек шаардык райондор аралык сотуна да киргизилет. Ушинтип бирин­чи инстанциядагы соттордун бардык талаптарына туура келе турган программаны киргизсек, экинчи этапта экинчи инстанциядагы сот­тордун ишине ылайыкталган программа иштелип чыгат.

Ушу жылдын аягына чейин ошо программаны иштеп чыгып, үч пилоттук сотто иштей баштайт. Биз бул үчүн программа жасай турган жергиликтүү компанияны тандадык.

Ошондой эле ДАТА-борбор же борборлоштурулган маалыматтарды иштеп чыга турган борборду да каржылайбыз. Азыркы учурда бир чечимди кабыл алсаң, аны башкаларга жеткирүү да бирдей болуш керек. Ал чечим ушул ДАТА-борбор аркылуу тарайт. Судьялар коопсуз интернет каналы аркылуу борбордо жайгашкан ушул ДАТА-борборго кошулушат. Бул жерде коопсуздук өтө жогору деңгээлде корголуш керек, анткени мында бар­дык маалыматтар сакталат. Заманбап технологияларды колдонуу ушундай мүмкүндүктөрдү ачып жатат. Биз ушундай иштер боюнча Адилет сот мамлекеттик мекемеси менен тыгыз иштешип жатабыз. Адилет сот азыр атайын программаны иштеп жаткан жергиликтүү компа­ния менен иштешип, кийин алар бардык эксплуатацияны өз колдоруна алышып, пайда болгон мүчүлүштүктөрдү четтетип, жаңы пайда болгон технологияларды киргизип турушат.

Биз программаны иштеп чыгууну лицензиясы жок, ачык код аркылуу иштей тургандай кылып жасап жата­быз. Башкача айтканда программалык камсыздоо үчүн лицензия сатылып алынбайт жана баары мыйзамдуу. Эгер биз Майкрософттун же дагы башка фирманын лицензиясын сатып алуу менен гана иш алып бара турган болсок, буга абдан чоң каражат кетет. Долбоордун башында бул маселе чечилип, ушул жол менен кетүүгө токтогонбуз. Мисалы, Австрияда мындай иштер Майкрософттун лицензиясы аркылуу гана ишке ашат, бул абдан кымбат. Азыр Европада да ушул боюнча талаш-тартыш жүрүп жатат. Анткени бардык иштерди жүргүзүү бир америкалык концерндин чечимине көз каранды болуп жатпайбы.

Булак: “Ачык саясат”

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Бүгүн баланы окутуп убара болбой эле акчалуу  саясатчыга шоопур, завхоз, секретарь кылып койсоң эле болду деген пикир элде жаралып калды»

Өлкөбүздө болуп жаткан саясий процесстерге баа берип, алардын маани-маңызын чечмелеп берүү максатында саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров менен пикир алмашып келебиз. Бул сапар да окурман журтчулугуна маектин жаңы түрмөгүн тартууламакчыбыз.

— Табылды мырза, кыргыз коомчулугунун бүгүнкү абалы канааттандырарлыкпы? СССР учурунда кыргыздар артта калган эл деп айтылып келди эле. Бүгүн чама-чаркыбыз, абалыбыз кандай?

— Менимче коомдун саясий жана менталдык абалы өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерди туура түшүнүүгө жардам берет. Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн бери өзүнүн саясий системасын калыптандыра албай, олку-солку абалда болуп келет. Ошол кезде Аскар Акаев “Биз президенттик системаны киргизишибиз керек. Бизге Франциянын модели туура келет. Бийлик төмөндөн жогору карай тизилген. Айыл өкмөтүнөн президенттик институтка чейин жоопкерчилик бирдей болушу шарт. Кылмыш кылса президент да жооп бериши керек” деп айткан эле. Ошол кезде Францияда Ф. Миттеран президент болуп турган. Кийин ага президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш иши ачылып, ал соттолду. Акаев чынында эле ылдыйдан өйдө карай бийликтин пирамидасын түздү. Айыл өкмөтү, акимият, губернатор, өкмөт башчы, президент деп аткаруу бийлиги түзүлдү. Бүгүн аны мындан да мыктылап, жаңылоого аракеттер болуп жатат. Бирок, ошол эле учурда Акаев да Миттерандай эле же андан да жаман абалда калды. Революциянын негизинде өлкөдөн куулуп чыгып, бийликтен жылбышты. Башкача айтканда Акаев өзү түзгөн жана түптөлүшүнө өзү салым кошкон жаңы кландык кыргыз бизнесинин тепсендисинде калды. Алар байып алгандан кийин Аскар Акаевдин кереги жок болуп калды. Бирок, Акаевди кууп чыгып, ордуна келген Бакиев деле жыргап кеткен жок. Тууган-уругун өзгөчө тукум катары көрсөтүп, баардык бийликти ээлеп алышканы менен алар да кулады. Мына ушуга карап ой жүгүртсөк, кыргыз коомчулугу салыштырмалуу жогорку эле деңгээлдеги эл. Анткени, биздин элди алдаса болот, бирок дайыма жана көпкө алдоого болбойт. Себеби, кыргызстандыктар Африканын же Аравиянын караңгы элиндей эмес. Билимдүү калк. Баары өлкөдө эмне болуп жатканын анализдеп, билип, туюп турат. Кыргызстанда болуп өткөн эки революция чектен чыгып бийлик жүргүзүүгө болбой турганын далилдеди. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери элдин саясий лидерлерге бир эле талабы бар. Ал эки революциянын сабагы менен шайкеш. Элдин талабы өлкөдө демократияны куруу, биздин укум-тукумубуз демократиялык мамлекетте түбөлүктүү жашоосун камсыз кылуу. Кимде-ким буга каршы бийлик жүргүзсө, аракеттенсе, анын эсебин эл табат. Конституциялык нормаларга ылайык бийлик бутагы – эл. Конституцияга таянып, бийликти алып коюшу мүмкүн.

— 7-апрель революциясынан кийин көп партиялуулук системага жол ачылды. Бирок, партиялар бийликке ээ болдубу же Акаев-Бакиевдин учурундагыдай эле бир үй-бүлө жана клан бийлеп жатабы? Жакында эле президент Атамбаевдин мурунку дагы бир шоопуру Түркияга жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы Кытайга элчи болуп бекибедиби?

— Туура, 7-апрель революциясынан кийин өлкөдө көп партиялуулук системанын түзүлүшүнө чоң шарттар түзүлдү. 2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган жаңы Конституция боюнча өлкө парламенттик деп таанылып, көп партиялуулук мыйзамдаштарылып, саясий конкуренцияга жол ачылган. Демократиялык шайлоолор болуп, 5 партия парламентке келди. Бул 7-апрель революциясынын эң башкы жеңиштеринин бири десек болот. Бирок, ошол эле учурда кийинки парламенттик шайлоолордо бул Конституциялык укук, демилгелер талкаланган. Парламенттик шайлоолордо дежур же клон партиялар пайда болду. Башкача айтканда бийлик кайрадан өлкөнү көзөмөлгө алгысы келди. Жайынтыгында парламенттин босогосун клон партиялар аттады. Анын негизинде парламент эч нерсеге жарабаган институтка айланды. Партиялардын тизмелери 7-этаждын контролунда түзүлгөндүктөн парламенттин сапаты да өтө начар болуп калды. Ошого эл бүгүн парламентти жактырбай, шылдыңга алып жатат. Партиялар эркин эмес. Депутаттар, саясатчылар партиялардын баары бийликтен көз каранды. Партиялар лидерлеринен көз каранды. Ошондуктан, ал гана эмес КСДП партиясы да бүгүн Өкмөттү жана өлкөнү контролдой албайт. Саясатчылар, депутаттар, эксперттер президент жана анын тегереги КСДПны жөн гана өзүлөрүнүн кызыкчылыктарында пайдалануу үчүн колдонуп жатышаарын айтып келүүдө. Президенттин аппараты жана тегереги жаңы клан, жаңы каста болуп чыга келди. Булар бийликти, партиялардын баарын контролго алып келет. Мисалы, кадр саясатын алалы. Эгерде мурда жогорку кызматтарга президенттин жансакчылары, жардамчылары, секретаршалары көрсөтүлгөн болсо, эми бүгүн булардын тууган-уруктары да көрсөтүлүп калды. 20 жылдан бери КСДПда мүчө болуп же анын калыптанышына салымын кошуп келген адамдар, алардын урук-тууганы эсепке кирбей калышты. Лидердин тегереги баарын монополдоштуруп алды. Өлкөдө пайда болгон жаңы кланды же кастаны Өмүрбек Текебаевдин “президент өзүнүн эмчектеш туугандары” деп баалап, “ошолорго таянып бийлик жүргүзүп жатат” дегени бар. Эл ичинде “Президент өзүнүн ишсиз калган шоопурларына, жансакчыларына, завхозуна кызмат берип жатат, кызык заман болду го. Балдарды окутпай эле бир байга шоопур, жансакчы кылып койгондон өтөөрү жок болуп калды” деген сөздөр кеңири айтыла баштады. Бүгүнкү саясий элита өлкөдө өтө жаман жөрөлгөнү же өнөкөттү жайылтып жатат. Кийинки президенттер деле ушуну кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эң өкүнүчтүүсү бул абал өлкөдө саясий партиялардын өнүгүшүнө бөгөт коюп, тескерисинче жаңы кландардын, касталардын пайда болушун шарттап жаткандыгында. Эгер муну башкача айтсак, анда жаңы кландарды саясий синдикат же картель деп түшүнсөк болот. Синдикат саясий партияны пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыктарында бийликке келип, бийликти колдонуп жатат. Бакиевдин учурунда элде “Балам криминалга мүчө болуптур, Кудай буюрса эми турмушубуз оңолот” деген сөздөр айтыла баштаган. Бүгүн болсо “Баланы окутуп убара болбой эле, бир чоң акчалуу саясатычыга шоопур, завхоз, секретарь кылып койсоң эле болду экен да” деген пикир жаралып калды.

— Андай болсо бүгүнкү түзүлгөн саясий системага кандай мүнөздөмө берсе болот?

— Бизде саясий лидерлер көп партиялуулук система курабыз дегени менен иш жүзүндө кландык системаны бекемдеп жатышат. Партиянын лидери өзүнүн тегерегине өзүнүн кланын топтоп жатат. Бул клан синдикат же картель сымал лидерге баш ийген, ага жан дили менен берилген адамдардын топтому. Ал адамдар лидерге санаалаш, акыл кошчу адамдар эмес, тескерисинче анын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган топ. Бүгүнкү көрүнүштөр Кыргызстанды мындан ары ушундай синдикат же картель өңдүү кландык топтор өз кызыкчылыктарында башкарып калышы мүмкүн экендигин көрсөтүп жатат.

— Бул жаман өнөкөт эмнеси менен терс таасир тийгизиши мүмкүн?

— Бул өтө кооптуу. Эгерде ар бир партиянын лидери ушинтип өзүнүн партиясынын башына клан, синдикат түзө берсе, кийин булар акырындык менен элди чоң кагышылууларга алып келиши ыктымал. Мисалы, Акаевдер качканда, М. Бакиев Айдардын мүлкүн алып калган. Бүгүн эгер бийлик алмашып калса анда азыркы президенттин тегереги да өз мүлктөрүн башкаларга өткөрүп берип калышары мүмкүн. Себеби, булардын айрымдары азыр эле ар кандай жолдор менен башкалардын мүлкүнө ээ болуп жатышканын жазып жатышпайбы. 7 жыл аралыгында булар өтө көп байлыкка ээ болушту. Жалал-Абаддагы “7-канал”, Оштогу “Ош ТВ”, “11-канал”, бир топ гезиттер бир эле адамдын колунда. Бул телеканалдарды ар кандай жолдор менен мыйзамдарды буйтап өтүп тартып алышканын айтышат. Мындай мажбурлоо, коркутуп-үркүтүү жолдору менен сатып алууларды мыйзамдуу рейдерлик же мародерлук деп айтса болот.

— Анда бийликтин 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү аябай байып кеткен деп аларды күнөөгө тартып жатканы жөн эле шылтообу?

— Ооба, бул шылтоо. 7- апрель революциясынан кийин бийликке келгендерден жалкоолор менен жатып ичээрлер эле байыбай калбаса, карапайым элден башкасынын баары байыган. Президенттин тегереги да өзгөчө байыганын Текебаевдин изилдөөлөрү далилдебедиби. Текебаев чукуй калса эле анын тегерегиндегилерге байланыштуу коррупциялык иштери ачыкталып жатпадыбы. Текебаевдин аракеттери менен чыныгы мародерлукту, Бакиевдердин мүлктөрүн азыркы бийликте олтурган адамдар жана алардын жакындары жасагандыгы ачыкталып олтурат. Эгерде Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү байыды дешсе, бийликтегилер деле алардан кем калбай байыганы, керек болсо алардан эки-үч эсе көпбүрөөк байыганы анык болуп олтурат. Бийлик өз оппоненттерин бизден байып кетип, бийлигибизге көз артып жүрүшпөсүн деген кооптонуунун негизинде куугунтук уюштуруп жатат. Себеби, 7- апрель революциясынан кийин ким гана байыган жок? Карапайым элден башканын баары байыды. Өзгөчө, ошол кезде бийликке келген наадандар, жүзүкаралар, шылуундар байыды. Себеби, Бакиевдердин убагында эле мындай шойкумдар үчүн баюу жолу чабылып калган. Бийликти пайдаланып, саясатчыны камап алып, анын байлыгын тартып алуу ошол кезде эле жолго коюлган болчу. Азыркы бийликтегилер да ошол мыйзамдуу рэкет жолун кеңири колдонуп байыды десек болот. Мисалы, К. Ташиев, М. Мырзакматовдор президенттикке кандидатураларын коёрун дайыма билдирип келишкен. Бирок, экөөнө тең кылмыш иши ачылган. Ошондон кийин экөө тең телевидениелеринен ажыраган. Алардын ТВларын мажбурлоо жолу менен тартып алган деген пикир туура. Бүгүн өлкөдө эл берген ишенимди, мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалануу жүрүп жатканын мен эле эмес, парламент, саясатчылар, эксперттер, жалпы коомчулук көрүп, билип, жүрөгү менен туюп турат. Бирок, парламенттин колунан эч нерсе келбей калды. Азыр Конституция, мыйзамдар иштебей калды. Граждандар өз укуктарын коргой албай турган абал өкүм сүрүүдө. Эң кейиштүүсү өлкөдө болуп жаткан процесстер, саясий куугунтуктар бир ууч адамдын кызыкчылыгында эле болуп жатат. Мен дагы Ф. Куловдун президенттин тегереги деген сөзүн, бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн дедим. Эл бардыгы эки эле адамдын кызыкчылыгында жүрүп жатканын айтып жатат. Анын бири Ак үйдүн 7-кабатында, ал эми экинчиси УМКК төрүндө олтурат деп жатышат. Бүгүн өлкөдө ачык куугунтук болуп жатканын ар бир чай ичкен жерден же кухнядан айтып калышты. Бакиев да кулаар алдында жаштар «беспредел болуп калды» деп айтып калышкан. Кийин ошол жаштар чогуусу менен келип Ак үйдү курчап, Бакиевдерден акыйкат сурап, кетүүсүн талап кылышкан. Бүгүн да жаштардын арасында «беспредел болуп калды» деген сөздөр айтыла баштады. Бирок, наадандык, көралбастык, ич күйдүүлүк бийликтегилерди ачуу чындыкка моюн сундурбай, кара күчкө салып, өзүнүн саясий оппоненттерине бет тырмаалык мамиле кылууга түртүп жатат. Чынын айтсам, ММКларда бийликтегилердин байлыгы тууралуу канчалаган материалдар чыкпады. ММКлар 7-апрель революциясына чейин жөнөкөй автомобили жок жигиттердин бийликке келгенден кийин эле эбегейсиз байлыкка ээ болуп калганын жазып бүтүрө албай коюшту. Байлыктарын санай албай келди. Ошонун бардыгына тең бийлик эч кандай реакция берген жок. Акыйкат үчүн да бул байлыктардын баары маңдай тер акчага табылды деп билдирип коюуга жарашкан жок. Бирок, ошол эле учурда бийлик Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү 7-апрелден кийин байып кетти деген шылтоо менен саясий оппоненттерине «охота» уюуштуруп жатат. Ар кандай жалаалар менен Текебаев камалып олтурат. Бийликтин башка саясий оппоненттерине да кылмыш иштери катар-катар ачылууда. Бийлик наадандык менен өз саясий оппоненттерине атайы операцияларды уюштуруп, жалаанын негизинде камап алып, анан барып кылмыш курамын табуу үчүн тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Эч уялбай эле «базардагы кемпир айтты» деген негиздемеде камакка алып жатышат, эч далили жок. «Мен уккам, үчөөбүз турганбыз» деген сөзгө ишенип камакка алышууда. Кудум эле репрессция жылдарындагыдай окуялар башыбыздан өтүп жатат. Менимче, бүгүн ким кандай байыды деп бирин-бири чукугандын ордуна, өлкөнү бул туңгуюктан кантип чыгарабыз деп чогуу-чаран аракеттенишсе, мамлекетке да, элге да чоң пайда болмок.

— Президенттин кадр саясатын кандай баалайсыз? ММКлар Икрам Илмияновду өтө көп сындап жатышат. Мурда аны Баткен областын карайт дешсе, акыркы мезгилдерде аны түштүктү толук көзөмөлдөйт деп жатышат. Эл оозунда Ахмат Бакиевдин заманы кайра келди деп айтылып жатпайбы?

— Мен жогоруда айтпадымбы, Кыргызстанда бүгүн партиялык башкаруу жана партиялык саясат жок. КСДП эч нерсе чече албайт. Кадр саясаты эчак талкаланган. Президент институту кадр саясаты боюнча коомчулук менен иш алып барган жок.

Мамлекеттик бийлик мурдагы ишсиз калган жакын адамдарга, шоопур, секретарша, жансакчы, завхоз, кошелек жана алардын туугандарына кызмат берүү үчүн колдонулуп жатат. Мындай ыкма Бакиевдин доорунан бери жайылтылган. Бул бийликти кыянаттык менен пайдаланууга жатат. Мунун айынан айрым министрликтер чоң залал тартууда. Мисалы, Билим берүү министрлигине эки жолу тең бул чөйрөнү такыр билбеген адамдар министр болушту. Өлкөнүн профессорлук-окутуучу составы башкача айтканда интеллигенциянын каймагы менен иштешүүгө ушундай адамдар бекип жатат. Кадр саясатын жүргүзүү үчүн шоопур жана башкалар сынак өткөрүп, илимдин докторлорунан экзамен алып жатышат. Акыры шылдың болушуп, бул анекдотго айланып жатканын кантип танабыз?

— Кыргызстанда Дж. Соростун аты көпчүлүккө белгилүү. Ал кишинин тыйыны менен да көп иштер жасалганы айтылып жүрөт. Трамп менен Соростун ортосунда проблемалар бар экени ачыкка чыгууда. Бул тиреш бизге окшогон өлкөлөргө таасир тийгизбейби?

— Биз мурда Сорос мырза кайрымдуулукка өтө көп маани берет деп билчүбүз. Бирок, 2005-жылкы революциялардан кийин Кыргызстанда ал жана ага окшогон бай адамдар чет өлкөлөрдө кайрымдуулук жана билим берүү жаатында аракеттенебиз деген шылтоо менен өлкөгө кирип, акырындык менен өз тамырын жайып алган. Кийин керек учурда революция кылып коёт турбайбы деп чоочуп калышкан жайы бар. Бүгүн АКШда Трамп бардык байларды акчаңарды өлкөгө алып келгиле, бул жакка иш орундарын ачкыла деп жаткан учур. Ошого Дж. Сорос да сынга туш болду. Бирок, булардын өтө бай болгондугуна жараша каршы күч болуп жаткан чагы. Булар биригип кетсе акчага миллиондогон элдерди митингге чыгарып коюуга мүмкүнчүлүктөрү жетет. Ал эми чакан өлкөнүн геосаясий багытын өзгөртүп салыш, өлкөгө революция кылып коюш булар үчүн оңой эле. ММКлардын жазганына караганда Сорос 7 млрд доллар салык төлөгөн эмес.

— Саясатчыларга эмненин негизинде баа бересиз? Өткөндө Бабановду президенттик шайлоолордо фаворит кандидат болоорун айтпадыңыз беле…

— Ар кандай методдор бар. Чынында эле Бабанов күзгү шайлоолордо болуп көрбөгөндөй колдоого ээ болушу мүмкүн. Мындан башка Бакыт Төрөбаев, Темир Сариевдер да бар. Бүгүнкү Конституцияда ар кандай жолдор менен буларды нейтрализациялап койсо болот. Ошого булар тууралуу ар кандай сөздөр тарап жатат. Мисалы, бийлик Бабановго премьерликти, ал эми Төрөбаевге спикерликти сунуштаптыр деген сөз тароодо. Ошого булардын штабдары мураскерге иштейт экен деген сөздөр саясатчыларды аралап жүрөт. Бул сөздөр бир эсептен бийлик өз кандидатын кантип сүйрөп чыгышты билбей, ар кандай варианттарды караштырып жатканынан кабар берет. Бир эсептен булар менен эсептешиш керек экендигин көрсөтүп жатат. Ошондуктан биринчи турда анчейин деле биригүү болбосо керек. Бирок, экинчи турда саясатчылардын баардыгы оппозициядагы саясатчыны колдоп чыгышы толук ыктымал. Же болбосо бийлик булардын баарын коркутуп, экинчи турда мураскерге иштетиши мүмкүн. Бирок, бүгүн Кыргызстанга Текебаев-Бабанов же Текебаев-Сариев, Текебаев-Төрөбаев, Текебаев-Келдибеков дегендей тандемдеги лидерлер керек болуп жатат. Мисалы, Текебаев президент болсо, Бабанов премьер болуп, бирин-бири контролдоп өлкөгө да, элге да чоң пайда болмок деп ойлойм. Же болбосо Сариев-Бабанов, Сариев-Төрөбаев, Сариев-Келдибеков же ушуга тескери курамдагы тандемдер түзүлсө, шайлоолор кызыктуу өтүп, өлкөнүн келечегине пайдалуу болмокпу деп ойлойм.

— Өлкөдөгү саясий абал өтө татаал болуп турат. Элдин турмушу өтө начарлап баратат. Бийликтин аброю күндөн күнгө түшүүдө. Эмне себептен өлкө бүгүнкү күнгө кептелип калды? Атамбаев эмнесинен жазды? Балким, ал кандайдыр бир саясий ката кетирип алган жокпу? Кыргыздар айткандай ажыдаардын куйругун басып алган жокпу? Атамбаевдин рейтинги түшүп, эл анчейин ишенбей калбадыбы. Саясатчылар болсо андан мурдагыдай коркпой калды. Мунун сыры эмнеде?

— Мунун эң негизги себеби, өлкөдө акыйкаттык жоголду. Бакиевдин учурунда дагы акыйкаттык жоголгондо «Акыйкат» деген жаңы партия пайда болгон. Бүгүн да эл акыйкаттын жоголгонун айтып жатат. Текебаевди, Жапаровду камоолору, «атамекенчилерди» куугунтуктоолорго эл ишенбей калды. Баары тең саясат экени анык болуп далилденди. Анан калса, бүгүн Атамбаевди өлкөнүн тышында да, ичинде да мөөнөтү бүтүп бараткан президент жана саясатчы катары кабыл алып жатышат. Ошого андан бүгүн эч ким коркпой калды. Кечээ эле Текебаевди камадык деп тойлоп жатышты эле, бүгүн Эдил Байсалов ачык каршы чыга баштады. Бүрсүгүнү башкасы чыгат. Шайлоо күнү баары жабырап каршы чыгып кетиши мүмкүн. Атамбаевди саясатчылар кандай адам экенин туура түшүнүүгө, мунун ачкычын ачууга, кодун жандырууга өзү жардам берди. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой былтыр Атамбаев кыргыз элине арнап 10 ыр жазып калтыраарын билдирген. Бул билдирүүгө саясатчылар, эксперттер, тыңчылар, атайы кызматтардын баары кулак түрүп калышты. Алар президент Атамбаев ошол ырларда өзүнүн ким, кандай саясатчы экенин жана өзүнүн бул турмуштагы орду, максаттары жөнүндө билдириши мүмкүн деп ойлошту. Мага ошол ырларынан «Судьбе на зло» деген ыры эмнегедир өтө маанилүү көрүндү. Мен ушул ырында ал баарын айткандай туйдум. Мен саясатчылар менен сүйлөшкөнүмдө да алар Атамбаев «Судьбе на зло» деген ырында баарын айтып, өзүнүн мүнөздөмөсүнө чекит койгонун айтышат. Ошол ырын жакшылап угуп көргөн адам Атамбаевдин ким экенин анык түшүнө алат. Албетте, аны ар бир адам өзүнчө түшүнүшү мүмкүн. Бирок, чынында эле мага ал ошол ырында өзү жөнүндө өтө так айтып, ички сырын ачып салгандай туюлат. Мына ошол ырынан кийин эле өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленип кетти. 31-августтагы окуялардан кийин өлкө жана коомчулук карама-каршылыктарга тушукту. Андан соң Дача-СУ трагедиясы болду. Эгер эсиңиздерде болсо, ошол ырларга чейин бийлик өтө авторитеттүү болуп, бүгүнкүдөй кооптуу абал жок болчу. Бийлик өлкөнү эч кандай күчтүн жардамысыз контролго алып турчу. Бүгүн болсо, абал таптаза башка. Бийлик абалды күч менен кармап турууга аргасыз болуп жатат. Жер-жерлерде бийликтин аракетин Бакиевдин акыркы мезгилиндегидей баалай башташты. Өзгөчө жаштар жактырбай жатат. Илгери «кайда барсаң да Мамайдын көрү» дегендей, бүгүн да «Бийлик беспредел кылып жатат» деген эле сөз. Айрым жерлерде өлкө түзүлгөн абалды өтө кооптуу деп баалап, мал союп түлөө өткөрүп жатышат. Абал болсо барган сайын оорлоп баратат. Бийлик да күч колдонуудан баш тартпай келет. Атамбаев ошол ыры менен өзүн жалпы саясатчыларга жана коомчулукка каршы коюп алганы байкалып турат. Эң кызыгы саясатчылар да, эксперттер да, эл да өлкөдөгү болуп жаткан камоолор эки адамдын кызыкчылыгында эле жүрүп жатканын билип жатат. Ал түгүл кухняда чай ичкен жерде ачык эле бул процесстер куугунтук, камоолор Атамбаев менен Сегизбаевге эле керек деп айтып жатышат. Албетте, бул жерде мындай сөздөрдү таратып жаткандар бардык жоопкерчиликти буларга түртүп салууну көздөп жатышы да мүмкүн. Бирок, бийлик көшөрүп өзүнүкүнөн кайтпай жатканы анык болуп жатат.

— Демек, бийлик оңою менен артка кайтпайт десек болот экен да. Бийлик ва-банк кетти десек болот экен да. Атамбаев чын эле эски саясатчыларды өзү менен кошо ала кетем деген убадасын аткарганы жатат деп түшүнсөк туура болобу?

— Кесе айтуу кыйын. Кандайдыр бир деңгээлде десек болот чыгаар. Ошондой болгону менен Атамбаевге андай укукту эч ким берген жок да. Туура, өлкөдө коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок, бул камоолорду алда канча мурда жүргүзүшсө туура болмок. Бул камоолор, куугунтуктар президенттик шайлоолордун алдында болуп жатканы саясатчыларды да, коомчулукту да түйшөлтүп жатпайбы? Маселенин баары ушунда болуп жатат. Бул аракеттер биринчи кезекте саясий кызыкчылыктардын негизинде жүрүп жатканы оркоюп көрүнүп турат. Ошондуктан, бул бүтпөс окуяга айланып калды. Бийлик Текебаевди эптеп ар кандай жалган жалаа материалдар менен камап коюшу мүмкүн. Бирок, иш аны менен бүтүп калбайт. Бул иш кийин кайрадан жанданат да, тескерисинче бүгүнкү аны камагандар кийин өзүлөрү камалып кетиши ыктымал. Атамбаевден башкасы, себеби Ф. Кулов айткандай анын ал кезде экс-президент катары иммунитети болот.

— Атамбаев Текебаевдин иши боюнча 9 күбө бар деп билдирди эле го?

— Менимче, Атамбаевди УКМК ошентип сүйлөтүп алып жатышы мүмкүн. Бирок, УКМК кызматы тапкан күбөлөргө ишенип болбойт да. Биринчиден, алар коркутуп -үркүтүүнүн негизинде баарын моюндарына алып, айта бериши мүмкүн. Атамбаевдин мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра башкача көрсөтмөлөрдү бере башташарын күтсө болот. Экинчиден, Текебаев дүйнөлүк аренада өтө таанымал саясатчы. Кийин ошол күбөлөр же алардын тууган-уругу дүйнөлүк коомчулукка, эл аралык уюмдарга кайрылып, аларды кыйноонун, уруп-сабоонун, коркутуп-үркүтүүнүн негизинде моюнга алдырышкан деп чыгышсачы? Бул маселенин кайра каралышын шарттайт. Мунун баары бийлик өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуунун негизги булагы болуп жатканын көрсөтүп жатат.

— Коопсуздук кеңешмеге элчилерди чакырып алып, Текебаевдин иши боюнча 9 күбө бар деп билдирүү жасоо, дүйнө өлкөлөрүн Текебаевдин иши боюнча күбөлөр жетиштүү, ошого биз аны камап жатабыз деп ишендиргиси келдиби?

— Ошондой деп да айтсак болот. Себеби, Коопсуздук кеңешине элчилер чакырылбашы керек болчу да. Бийлик Текебаевди саясий негизде камалып жатат деген пикир дүйнөлүк коомчулукка да тарабасы үчүн Коопсуздук кеңешине атайы элчилерди чакырып, анан ошол жерде аларга угуза Текебаевдин иши боюнча 9 күбө бар деп президент Атамбаевди айттырып алышты десек жаңылбайбыз.

— Бирок, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да өлкөнү өзүнүн мураскери менен башкарып турат деп жатышпайбы? Мураскер Атамбаев бекитип кеткен УКМКнын төрагасы, Генералдык прокурорго эч нерсе кыла албайт дешет го?

— Мураскер кутулгусу келсе алардан оңой эле кутулат. Эгер мураскерди булар угушпаса, баш ийбесе, анда аларга каршы Текебаевди, Жапаровду колдонуп коюшу мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулуктун кысымына шылтап буларды боштондукка чыгарып жибериши мүмкүн. Анан аңгеменин баары ошондо башталат.

— Президент А.Атамбаевдин дүйнөлүк аренада аброю кандай деп баа бересиз? Тышкы сапарлары мурдагыдай өтпөй калгансып калбадыбы. Мисалы, өткөндө Кытайга барып, чоң проектилер боюнча сүйлөшүүлөр болот дешти эле. Темир жол маселеси чечилет дегендей маалыматтар кетип жаткан. Бирок, бул сапар эч маалыматсыз аяктап, Атамбаев өзү өргүүгө чыгып, дарыланып калып калып, өлкөгө кеч кайтпадыбы?

— Ооба, бүгүнкү күндө дүйнө өлкөлөрү Атамбаевди кетүүчү президент катары карап калды. Ошого Кытайга же башка жакка барганда аны өтө жакшы кабыл алганы менен эч кандай документтерге кол коюлбай, маселелер чечилбей калды. Бул бардык эле «кет-кети» келип калган президенттерге мүнөздүү. Путинге, Си Цзиньпинге, Трампка, Эрдоганга Атамбаевдин кереги жок. Алар эмки президенттик шайлоолордон утуп чыккан жаңы лидер менен иштешүү үчүн бардык проектилерди тоңдуруп коюшту. Жаңы лидер жаңыча шыпырат дегендей, жаңы адам менен эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди таптаза башка нукта чечсе болот деп жатышат. Президенттик шайлоолордун жыйынтыгын күтүп калышты.

— «Дача-СУга кулаган самолёттун жүгүнүн ээси али күнчө белгисиз. Бирок, ага түрктөр 36 миллион доллар төлөгөндүгү тууралуу маалымат тарап, талаш жаратпадыбы…

— Менимче, бул кырсыкта 40тай адам курман болгондугуна байланыштуу президент, бийлик биринчилерден болуп жүктүн ээси ким экенин аныктаганга аракет кылыш керек болчу. Тескерисинче, бийлик жүктүн ээси ким экенин аныктоого киришкен Текебаевди камакка алды. Анан кантип бийликтин аброю түшпөсүн? Жүктүн ээси 36 млн доллар алды деген маалымат тарап жатса да бийлик үн катпай жатат. Бул түрдүү сөздөрдүн жаралышына түрткү болууда. Эгерде Жапаровду «Кумтөр» камоого заказ берсе, Текебаевди жүктүн ээлери заказ берген деген да божомолдор айтылууда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Видео - Ахматбек Келдибеков: "Жабыркагандарга жапа тырмак жардам берели! Кээ бирөөлөр аны-муну сүйлөп коюп жатат, ага капа болбогула! Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша сүйлөйт"

Кечээ 30-апрелде, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдер Өзгөндөгү кырсык болгон жака барышып, ал жактагы элдин абалы менен жеринен таанышып келишти.

Нургожо ажы Жапаров: «Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм»

“Садыр Жапаровдун туулган жеринде коргоо комитети түзүлөт экен”-деген кабарды угуп биз дагы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылына сапар тарттык. Биз барганда Садыр Жапаровдун ага- тууганы, 84 жаштагы атасы Нургожо аксакал тосуп алды. Нургожо аксакал уулунун акталып чыгаарына жана ак экенине толугу менен ишенээрин айтып олтурду. Көз жашын агызып, уулун күтүп олтурган атаны көрүү, анын айтканын кагаз бетине түшүрүү ушунчалык оор болду. Садыр Нургожоевичтин ага-тууганы, айылдаштары, достору анын кандай экенин айтышып, чын жүрөгү менен элим деп күйгөн адамды бийлик карасанатайлык менен камап олтурганын сөз кылышып, эл уулун бошотулушун талап кылышты.

Нургожо ажы Жапаров, Садыр Жапаровдун атасы:

“Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм”

— Баламды күтүп минтип Кудайдан зар тилеп калам деген оюма да келген эмес. Менин уулум киши тоноптурбу? Мамлекеттин казынасын тоноптурбу? Канчалык деңгээлде зыян кылыптыр? Канжалатып сойгудай канчалык чоң күнөөсү бар эле уулумдун? Бир суроого жооп таппай ооруп да калдым. Жашым 84кө келди. Баса албай, ооруп төшөккө жатып, намаз да окуй албай калдым. Ушул убакытка чейин Садырга Кудайдан коркуп жаша, ак иште, зыян кылбагын деп айтып тарбиялагам. Балам мени угуп чоңойду, ошол эле айткан акылдарымды угуп иштеп келе жаткан. Өлүм мени коркута албайт, жашаарымды жашадым Кудайга шүгүр. Баламды көрбөй кете беремби деп корком. Байбичем муну уккандан бери ооруканада жатат. Мына азыр канжалаган абалы түшүмө кирип кыйналып жүрөм. Ошол күнөөсүз камагандардын дагы мендей атасы бардыр. Уулумдун канжалаган сүрөтүн күндө карап сай сөөгүм зыркырап жатат. Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм. Уулум гана эмес, неберелеримди, балдарымды кошуп камап салышыптыр. Бул эмне деген шумдук? Ушунча дагы акыйкатсыздык болобу айланайындар. Менин үнүмдү жогору жактагыларга айта баргыла. Мейли менден, элдин сөзүнөн коркпосо дагы Кудайдан корксун. Мен аны келе бер балам деп коюп өзүм салып бериптирмин. Оор кылмышкерди кармагандай баса калып кармап кетишиптир. Мен, бир туугандары, апасы турган жерде Садыр кайда качмак? 3 жылдан бери келе элек, келип учурашып анан бармак сурагына. Өзү деле айтты го аны. Эмне кылаар айламды таппай калдым, бир гана силер менин үнүмдү жеткире аласыңар. Эл деле уулумдун ак экенин түшүнүп турат, бирок 4 ооз сүйлөп койгондун баарын камап жатпайбы. Анан алар деле айласы кетип унчукпай жатышат да.

Жумакадыр Жапаров, агасы:

“Садырдын оюнда арамдыгы болсо, мамлекетке кылмыш кылып койгон адам болсо келбейт болчу”

— Садырдын бул иште ак экенине 100 пайыз ишенем. Анткени Садыр менин көз алдымда чоңойгон бала. Аны бир тууган катары жакшы билем. Ал кенедей кезинен бирөөгө жамандык, кыянаттык кылбаган, ак жүргөн бала. Садыр мурда депутат болгондо дагы көп кишилер жамандык кылышкан. Ошондо Садыр “таш менен урганды аш менен ургула, кектебегиле”- деп далайды ашын берип сыйлаган. Бирөөгө жамандык кылбагыла, ага Кудай жеткирет деп айтчу. Азыр дагы 5 маал намаз окуйт. Атасы, апасы, үй -бүлөбүз менен намаз окуйбуз. Бирөөгө жамандык кылбайбыз, бирөөдөн сурабайбыз. Садыр “Элдин жашоосу оңолсун, эл кыйналбасын, жакшы жашасын”- деп айтчу дайыма. Чет мамлекеттен келээрде дагы өзүнүн сөздөрүндө “биздин мигранттардын жашоосун көрдүм, ыйлагым келди, кыргыздын жаш кыздары жер шыпырып, даараткана жууп жүрүшөт. Эмнеге өз мамлекетибизде иштебейт? Жигиттер эмнеге Кыргызстанда иштебейт?”- деп айткан. Садырдын оюнда арамдыгы бар, мамлекетке кылмыш кылып койгон адам болсо ал антип келбейт болчу. Мен Садыр камалганда чек арада тургам. Миң киши дебейин 500 аскер барып оор кылмышкерди кармагандай кармап кетишти. Бир кишини кармаганга ошончо аскер жумшайбы. Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда башка мамлекеттин атуулдарды биздин элди сабап, тоноп кетип жатат, ошолорду бир аскер барып коргобойт. А таза кишини ушунча кордук кылышат. Өзүн-өзү кескилегенине дагы ишенбейм. Ал антип өзүнүн жанын кыюуга барбайт. Анчалыкка бара турган бала эмес болчу. Садыр деген акыл- эси ордунда, түшүнүктүү, Кудай деген адам. Кудай деген адам эч убакта өзүнүн жанын өзү кыйбайт. Муну Садыр жакшы билет, болгону аны күчкө салып эле кескилеп салышты. Кудайдын көзү түз болсо Садыр акталып чыгаар күндү күтөбүз.

Жыпаркүл Акматеримова, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Садырды ата-энеси менен жолуктуруп, үй камагына чыгарып берсе деген тилегибиз бар”

— Мен Кең-Суу айылынын келинимин, келгениме 35 жыл болду. 7 баланын энесимин, көп жылдары мамлекеттик структурада иштегенмин. Мен Садыр Жапаровдун колдоочуларынын биримин. Баарыбыз тең элибизден, айылыбыздан чыгып жаткан мыкты жигитти өкмөт туура эмес мамиле жасап, келе жаткан жеринен кармап кетти. Мыйзамсыз беренелерди койгондугуна карабастан биз ушундай акцияга, митингдерге чыгып жатабыз. Бул деген тынчтык митингдери. Биздин эли-журтубуз, бир-туугандары баары Садырдын жасап кеткен адилеттүү эмгектерин, жардамдарын эске алып бүгүн тынчтык митингине чыктык. Мен Садырды кенедейинен билем. Ал биздин айылдан чыккан мыкты жигитибиз. Карапайым үй-бүлөдө туулуп өскөн, өз эмгеги менен баар тапкан, ата-энеси мыкты инсандар. Садыр көрүп туруп коррупцияга чыдабай бетке айткандыгы менен бийликтегилерге жаман көрүнүп алды. Биздин алдыга коюп жаткан талаптарыбыз чоңдорго жетип, Садырды соту болгонго чейин жок дегенде бир туугандары, ата-энеси менен жолуктуруп үй камагына чыгарып берсе деген тилегибиз бар.

Жайлообай Абыкаев, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Эл-жер үчүн жанын аябаган Садырдай балдарыбызды боштондукка чыгарып беришин суранабыз”

— Мен ушул айылдын аксакалымын. Жогорку бийликтегилер, биздин эми өсүп келе жаткан, эл-жер үчүн жанын аябаган Садырдай балдарыбызды боштондукка, адилеттүүлүк менен чыгарып беришин суранабыз. Элдин, журттун баласы болчу. Жалган жалааны жаап, алып барып олтургузуп коюуга биз нааразыбыз. Ушунчалык кордукка да салабы? Ошол бийликте чогуу болгон өгүзгө тууган күн, музоого да тууйт. Музоого тууган күн, өгүзгө да тууйт. Ошондуктан азыркы бийликте тургандар калыстап, актап балабызды эркиндикке чыгарып беришин сурайбыз. Садырдын ак экенине ишенебиз. Калп айтпаган калктын баласы болчу.

Торгой Шерикбаев, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Садыр өзүнүн көздөгөн максатынан кайтпаган жигит”

— Садырдын бала кезинин жүрүм-турумун билем. Ал жакшы жүрүп, кызматтарга көтөрүлүп келе жатканын баалачумун. Кийин Ысык-Көл облусу, өзгөчө Түп району таптакыр олтуруп калганда нефти менен иштеп, кайра куруу убагында абдан элге жардам берди. Кедей-кембагалдарга көп жардамдарды берип жүрдү. Эл оозуна илинип жүрүп 3-чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Ошол шайлоодо чоң тоскоолдуктар болду, бирок баардык сыноолордон өткөн. Кыргызстан элине өзү деле кайрылуу жасап, барып калам деп айтып жаткан. Бала-чакасы, бир туугандары биз тосуп барсак чоң басмачыны кармагандай Кордайдын талаасынан кармап кетишти. Бул абдан туура эмес. Ал биздин пикирибизче УКМКга келип, өзүнүн келгенин билдирип, Горький паркында эл менен учурашып, андан кийин айылга келип жолугушмак. Азыр ата-энесинин акыбалы абдан кыйын болуп жатат. Садыр коррупцияга аралашкыдай мамлекеттик жумуштарда иштеген деле жок. Болгону Бакиевдин учурунда мамлекеттик жумушта комиссар болуп иштеди. Ал убакта деле көп жакшы иштерди жасап, жабылуу жаткан иштердин бетин ачты. Анан эле төңкөрүш болуп калды. Эгер ал өкмөттүн жумушуна аралашып, коррупция жасаганда өкмөт муну ийне-жибине чейин эчак изилдеп, кыйшык баскан туура эмес иштеринин баарын аралаштырмак. Коррупцияга аралашпагандыгы үчүн өкмөт асыла албай олтурушат. Садыр ушунчалык таза, өзүнүн көздөгөн максатынан кайтпаган жигит. Ал Алматыда жүргөндө ага-туугандар “сени Кыргызстанда жаман нерсе күтүп жатат, камашат, билип жатсаң керек”- деп жатканда “мен акмын, эмнеге жооп берем. Эл алдында жооп берем, Кумтөрдү аягына чыгарышым керек”- деп болбой коюп ушул азапка малынып алды.

Кенжебек Өскөнбаев, Кең-Суу айылынын тургуну:

“Садырдай балдарды камап олтурса келечекте жаш муундар баш көтөрө албай калышат”

— Садыр экөөбүз чогуу окуганбыз. Бала кезибизден чогуу чоңойгонбуз. Садырдын кулк-мүнөзүн мен кенедей кезинен билем. Ал абдан чынчыл, акылдуу, патриот жигит. Улууларга, кичүүлөргө мамилеси жакшы, өтө адамгерчиликтүү жигит. Азыр күйүп жатканым анын мыйзамсыз камалып жатканы болуп турат. Садыр эл үчүн Кумтөр маселесин көтөрүп алып бийлик куугунтугунда болуп үй-бүлөсү, бала чакасы менен кыйналып жатканын кыргыз эли көрүп турат. Азыр бул жердегилердин баарынын жүрөгү ачышып ооруп Садыр деп кыйналып турабыз. Садыр кандай ойлонот, кандай максат кылат эң жакшы билем, андыктан ак экенине дагы толугу менен ишенем. Садырдай балдарды камап олтурса, келечекте жаш муундар баш көтөрө албай калышат. Бийликтин кылган иштери таптакыр туура эмес, жаман иштерди жасап жатышат. Садырыбызды эркиндикке чыгарып, Кумтөр маселесин толук чечип беришсе деп бийликте тургандарга кайрылам. Биздин балабызда күнөө жок. Ошол балабызды калыстык менен Кудайдан коркушса чыгарып беришсин деп айтмакмын.

Жаңыл Ырысбаева, Садыр Жапаровдун аяш апасы:

“Алмаз балам, биздин сыймыгыбыз Садырды бошотуп бер, ал кылмыш деле кылган жок”

— Мен ушул учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаевге кайрылат элем. Айланайын Алмаз балам, Садырды кичинекейинен билем. Садырды өз балдарыбызга кошуп эле чогуу тарбиялап өстүрдүк. Өтө жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдө өскөн бала. Биздин сыймыгыбызды, Садырды бошотуп бер, ал кылмыш деле кылган жок. Коркунучтуу кылмышкер катары кармабаңыз деп айтат элем. Садыр өтө чынчыл анан жөнөкөй бала болуп өскөн. Ал биздин эл сыймыктанган акылдуу бала болчу. Күнөөсүз жерден камап, жүрөгүбүздү оорутту. Биздин балдар менен кошо ойноп чоңойду. Жаман жагы болсо биз көрөт элек, угат элек, кантип эле билбей калалы. Садырдын бала-чакасын кошуп камабай чыгарып алып деле сурагын жүргүзө берсе эч кайда качып кетпестир.

Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Эдиль Байсалов рассказал журналисту Нарыну Айыпу подробности своего частного расследования по турецкому бизнесу Алмазбека Атамбаева

“Общественный деятель Эдиль Байсалов рассказал журналисту Нарыну Айыпу подробности своего частного расследования по турецкому бизнесу Алмазбека Атамбаева”

Видео - Ахматбек Келдибеков: "Жабыркагандарга жапа тырмак жардам берели! Кээ бирөөлөр аны-муну сүйлөп коюп жатат, ага капа болбогула! Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша сүйлөйт"

Кечээ 30-апрелде, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдер Өзгөндөгү кырсык болгон жака барышып, ал жактагы элдин абалы менен жеринен таанышып келишти.

Видео - Кырсык болгон Аюу-Сай айылынын тургуну чындыкты айтып берди

Өзгөндөгү Аюу-Сай айылынын тургуну кырсык боюнча чындыкты ачыкка чыгарды. Болуп өткөн кырсыкта карындашынан, атасынан айрылган жигит, мурда текшерүү жүргүзгөн кызматкерлер аларга “сиздин үйүңүзгө көчкү түшпөйт, кепилдик беребиз” -деп айтышканын белгиледи.

https://www.facebook.com/guliza.suvanova/posts/1484001668339852

Жалпак-Ташта жер көчкү 11 турак үйдү басып калды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып 2017-жылдын 30-апрель күнү карата 300 метрге чейин жылган. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Негизинен жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай бар анын 10 турак-жайын басты. Кооптуу аймакта андан сырткары 4 соц.объектиге (1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП жана 1 мечитке) коркунуч бар.

Жашоочулар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Буга чейин КР ӨКМнин тарабынан 15 чатыр тигилген. Азыр 28 турак үй ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жер көчкү 11 турак үйдү басып 12-үйдү ороп калган жана Шор-Суусун бөгөп, суу топтолууда.

КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Д.Каримов, КР ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Кулмаматов жана КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинен Т.Ажибаев, айыл аймак башчысы Кутман Эралиев жана Жарандык коргонуу комиссия менен биргеликте кооптуу жайда жашап жаткан турак үй ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иш чаралары каралууда.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду буйругу менен  46 даана чатыр, 46 даана тазалык каражаттары бөлүнүп, орнотуу иштерин жүргүзүп жатат.

Меню