Menu

КООМ

Видео - Тажик байкерлери өз өлкөсүн таанытуу максатында АКШны кыдырышат

Тажик байкерлеринин командасы өз өлкөсүн америкалыктарга таанытуу максатында мотожүрүш менен АКШны кыдырат.

Байкерлердин жүрүшү Майамиден башталып, Лос-Анжелесте аяктайт. Төрт эркек жана эки аялдан турган топ жалпысынан 10 чакырым аралыкты басып өтүүгө белсенүүдө.

Команданын жетекчиси жана Тажикстан мотобирлигинин лидери Фарход Калоновдун билдиришинче, бул — «Биз тажиктербиз» деген ураан алдында өтүп жаткан үчүнчү эл аралык мотожүрүш. Айтымында, анын максаты америкалыктарга Тажикстанды таанытуу — жүрүштүн катышуучулары каттамдын башынан аягына чейин тажик желегин алып жүрүшөт.

Команда мүчөсү Давлат Хушвахтов АКШда жашаган тажиктердин жашоосу менен да таанышууга ниеттенип жатышканын айтты. «Боулдере шаарында көптөгөн жылдар мурун курулган тажик чайканасын көргүбүз келет. Америкалыктарга Тажикстан жөнүндө айтып бергибиз келет, анткени алар биздин өлкө жөнүндө көп билишпейт да», – деди ал.

Тажик байкерлери 8-майда Дүйшөмбү – Стамбул – Майами каттамы менен учушат.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкекте 9-майда көчөгө 20-30 миң киши чыгат

Быйыл 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата салтка айланган “Өлбөс полк” маршы уюштурулганы турат. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченконун айтымында, быйылкы маршка катышууну каалагандардын саны өтө эле көп. “Болжол менен 20-30 миң киши чыгат го деп ойлоп жатабыз. Бир топ кызыктуу иш-чараларды уюштурганы турабыз. Азырынча сыр боло турсун” – деп Лисниченко көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Баса, “Өлбөс полктун” маршына Өзбекстанда тыюу салынды.

Булак: “Фабула”

Жалал-Абад шаарында жер астынан өтүүчү өтмөк курулат

Жалал-Абад шаарындагы борбордук Ленин жана Нагийма Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жер астынан жөө адамдар өтүүчү өтмөк жол курулат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон расмий иш сапарынын учурунда Жалал-Абад шаарындагы  жөө адамдар өтүүчү өтмөк жол курулуучу жерде шаар тургандары менен жолугушту.

Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго шаардын борборундагы Ленин жана Н. Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине светофор коюлгандыгына карабастан, автотранспорт каражаттарын башкарган айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн ортосунда авариялык кырсыктар көп катталаарын белгиледи. Ошондуктан шаар тургундары борбордук көчөлөрдүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү атайын өтмөк жол куруу өтүнүчтөрү менен кайрылышкандыгын билдирди.

—   Жалал-Абад шаары республикадагы ири шаарлардын катарына кирет. Ошондуктан шаардын инфраструктурасын жакшыртууга Кыргыз Өкмөтү тарабынан такай көңүл  бурулат. Бул максатта облустардын борбору болгон шаарларды өнүктүрүү долбооруна ылайык республикалык бюджеттен атайын каражат каралууда. Ага ылайык Жалал-Абад шаарында 6 көчөнү оңдоо, 2 орто мектепти, 1 спорт залды жана жер астынан өтүүчү өтмөк жол куруу иш чарасы быйылкы жылдын иш планында каралган,- деди КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.

Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин жана Н. Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине курулуучу жер астынан өтүүчү өтмөк жолдун узундугу 30,9 метр, туурасы 7,8 метрди түзөт жана аны бүткөрүүгө республикалык бюджеттен 21 млн. 776 332 сом каралууда. Учурда анын курулушун ишке ашыруу боюнча ачык тендер жарыяланды.

Жалал-Абад шаарында буга чейин Ленин көчөсүнө 5 млн. 700 миң сомго узундугу 25 метр жана туурасы 3 метр келген жана 3,5 млн. сомго узундугу 21 метр, туурасы 3 метр келген 2 жөө адамдар жер үстүнөн өтүүчү атайын үстү жабылган өтмөктөр курулуп, ишке берилген.

1-май майрам катарынан чыгарылды

Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Кыргызстанда 1 -май дем алыш деп жарыяланган. Расмий маалыматтарга караганда, ушул тапта өлкөнүн жалпы калкынын сегиз пайызы жумушсуз. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүндө 55 миң адам жумушу жок деп каттоого алынган, анын 30 миңге чукулу аялдар. Бир жыл мурун эки жүз миңдей адам ишсиз экени айтылган. Америкада жумушчулар 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен 1886-жылдын 1-май күнү нааразылыкка чыгышкан. Полиция акцияны күч менен басып, кан төгүлгөн. 1889-жылы жумушчулардын II Интернационал бирикмеси негизделген. 1890-жылдын 1-майында Европанын бир катар мамлекеттеринде Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү белгиленген. Кыргызстанда алгач 1919-жылы Пишпек шаарында уюштурулган. Бирок кошуна Тажикстанда 92 жылдан бери майрамдалып келген 1-май – Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү быйыл эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды. Чечимди тажик парламенти былтыр ноябрда кабыл алган. Парламент терагасы Шукуржон Зухуров 1 -май Тажикстанда мамлекеттик жана улуттук майрамдардын катарында кала берээрин, бирок мындан ары иш күн болоорун жарыялады. Мындай билдирүүгө депутаттар, алардын ичинде коммунистер дагы каршы болгон жок. Советтер Союзу учурунда 1-майга өзгөчө даярдыктар көрүлүп, ал парад менен коштолчу. Салтанат “Тынчтык! Эмгек! Май” деген ураан алдында өтчү. Учурда жаз жана эмгек майрамын дүйнөдөгү 142 өлкө белгилейт. Кыргызстанда 1 -май – эс алуу күнү.

Булак: “Фабула”

Сооронбай Жээнбеков эртең 3-майда Ош шаарында калкты жана республиканын аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу маселеси боюнча жыйын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эртең, 3-майда Ош шаарында калкты жана республиканын аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу маселеси боюнча селектордук жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  маалымдады.

Ага  өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, финансы министри Адылбек Касымалиев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев,  «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы  Бактыбек Жумашев катышат.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жыйынга он-лайн режиминде видеоконференция аркылуу катышышат.

 

Араң тапкан "баламды" "Шанфен цемент" жайлайбы?

Энергетикалык эгемендигибиздин символу болгон “Датка-Кемин” электр станцияларына коркунуч жаралууда. “Кемин” подстанциясынан жарым чакырым аралыкта цемент заводун курабыз деген “Шанфен ЗЭТ цемент” ишканасы “эч кандай зыяны тийбейт. Эгер подстанцияда авария болсо өзүбүз оңдоп беребиз” – деп өлүп-талып жатышат. “Цемент заводдон чыккан чаң аралаш толгон-токой химиялык заттар станцияны иштен чыгарат, электр чубалгылары дат басып, эч нерсеге жарабай калат” – деп адистер авариянын алдын алууга чакырууда. Ээленип алган завод ээлери болсо эки жылдан бери эч кимди укпай келет. Жалпы улуттук деңгээлдеги стратегиялык мааниси зор “Кемин” подстанциясын талкалоо ишин тартынбай баштагандардын артында ким турат деген суроо кызык болууда.

Булак: “Фабула”

Эки аял алууну мыйзамдаштыруу зарылбы?

Эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек деген пикирлер акыркы убактарда кеп айтыла баштады. Мындай мыйзамды кабыл алуу менен улутту сактап калабыз жана 2-болуп тийген аялдын тең укуктуулугун коргоого болот дешүүдө, аталган мыйзамды колдоого алгандар. А каршы чыккандар муну менен маселе чечилип кетпейт экендигин айтышууда. Чынында макул эместер кеп. Өзгөчө аялдар мындай пикирлерге каршы экендиктерин билдиришүүдө. Ким кандай дегенде да, ар ким өз түшүнүгүнө, көз карашына карата оюн айтат эмеспи…

Коомдогу талкууну жаратып жаткан суроо менен биз дагы айрым элге белгилүү болгон жарандарыбызга кайрылып көрдүк.

Бүбүкан Досалиева, журналист:

– Эки аял алуу Кыргызстанда баары көрүп, билип, таанып бүткөн көрүнүш болуп калды. Бир гана өзгөчөлүк – эки аял алууга уруксат берген мыйзам жок, тыюу салынган жобо аткарылган жери жок. Демек, бул биздин коомдогу карама-каршы көрүнүштүн анык далили. Ал эми өзүм эки аял алууга каршымын, ага негиздер: бир аялын, балдарын бага албай жатып башка аялга көз артуу ансыз да көп социалдык жетимдерди көбөйтөт, аялдардын психологиялык жабырлануусун күчөтөт, келечек муундун жалтак, мокок жана кемтик комплекстүү болуп калышына алып барат. Ал эми эки аял алууга кудурети жеткен эркектердин экиден да көп жашыруун аялдары бар экени көпчүлүккө белгилүү.

Жанета, ырчы:

– Ооба, кээ бирөөлөр 2 аял алууну мыйзамдаштыруу керек. Ошондо биз кыргыз улутун сактап калабыз. Экинчи болуп тийген аялдын укугун коргойбуз деп жатышат. Бирок буга мен кошула албайм. 2 аял алуу менен эле бул көйгөйлөр чечилип кетпейт. Азыр бизде эки аялды социалдык жактан камсыздап, жеткиликтүү көңүл бөлө ала турган эркектер аз.

Эки аялды бага ала тургандар мыйзамы жок эле алып, очор-бачар болуп жашап жатат. Мыйзам кабыл алынганда эле иштеп кетээрине көзүм да жетпейт. Мыйзам кабыл алгынган күндө да, аялдардын укуктары тең сакталышына күмөнүм бар. Себеби азыр ар бири эгоист. Эч качан башка аялдын жашоосуна аралашуусун каалабайт. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы азыр эрте го. Аң-сезим өсүп, жетилүү керек. Мыйзамдан мурда өзүбүз даяр болушубуз шарт дейм. Коом даяр эмес, мыйзам эч качан элге сиңбейт. Анан да ар бир адам бир гана түгөйү менен татыктуу өмүр сүрүп, бактылуу жашаса ошол деле чоң салым. Улутту өстүрүү үчүн жакшы уул-кыздарды тарбиялап өстүрүү зарыл го дейм.

Кыял Мансурова, кыякчы:

– Терс эле көз караштамын. Азыр заман башка. Илгерки доорго салыштыруунун, ага кайра баруунун зарылчылыгы жок. Замандын талабына жараша өмүр сүрүш керек. 2 аял алууну каалагандар алып эле жатышат. Бирок маселе чечилип кеткенин көргөн жокмун. Биринчи аялы макул болсо деп жатышат. Аял эч качан макул болбойт. Балким, 2 аял алган эркек менен жашаганга мажбур болот. А баса, титулдук улутту сактоо керек деп жатышат. Аны сактоо үчүн сөзсүз эле экиден аял алуу зарыл эмес. Башка да жолдору бар. Азыр бизде аял заты менен эркектер саны жагынан тең эле. Андыктан экиден аял алуунун эч кандай зарылчылыгы жок деп эсептейм. Күйөөсүнө 2-аял алып бергиси келген патриот кыздарга эч ким тоскоолдук жаратпайт. Эрдиктерин элге жарыя кылбай эле жасай беришсин.

Эмилия Бурканова, ырчы:

-Мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршымын. Туура эмес деп эсептейм. Азыр бир аял менен ынтымакта жашай албай ажырашып жаткандар абдан көп болуп жатат. Эки аял менен ажырашса алардын тагдыры эмне болот. Канча деген бала жетим калат? Мыйзамды кабыл алган менен жоопкерчиликти эч ким моюнга албайт да. Кайра эле аялдар кыйналышат. Ортодо балдар ата-энесиз өсөт. Ошондуктан мындай мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

– Мыйзамдаштырууга каршымын. Бүгүн буга мыйзам жол бербегени менен, эки аял алуу көндүмгө айланып баратат. Айрымдар социалдык абалы начар экенине карабай, мусулманчылыкта төрт аял алууга уруксат берилген деп, байларды көрүп эле алып жатышат. Жыйынтыгы кандай болуп жатат? Акыры бага албай, биринчи аялы менен ажырашып, эки ортодо балдары жетим калып жатат. Чынында баланы жарык дүйнөгө алып келүү менен ата – эненин миссиясы бүтпөйт. Баланы багыш керек, билим бериш керек, үйлөп-жайлап, бутуна тургузуш керек. Ырас, кыргызда эки аял алууга тыюу салынган эмес. Бирок бир аял менен жашоо моралдык – этикалык көндүм болуп эсептелген. Эки аял алуу үчүн эркекке кандайдыр бир өзгөчө себеп болушу ылаазым болгон. Маселен, аял төрөбөсө, оорукчан болсо же кандайдыр бир себептерден улам күйөөсүнө уруксат берсе.

-ЭКИ АЯЛ АЛУУНУ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ МЕНЕН ТИТУЛДУК УЛУТТУ САКТАП КАЛАБЫЗ ДЕГЕНДЕР ДА БОЛУП ЖАТЫШАТ…

– Албетте, кыргыздарга бул проблема мүнөздүү. Бирок муну чечүү өтө кыйын. Азыр айылдардын демографиясын карасаңыз. Ал жакта аялдар шаарга караганда көбүрөөк төрөйт. Ошондой болсо да мурдагы СССР учурундагыдай эмес. Бүгүн аялдар көп төрөйүн десе деле, экономикалык жана финансылык абал ага жол бербейт. Ошого айылдарда деле аялдар аз төрөп жатышат. Башка айтканда биздин абалыбыз демографиялык өсүү проблемасын өзү жөнгө салып жатат. Шаарларда болсо аялдар 1 же 2 бала менен чектелип жатат. Башка төрөй алышпайт. Финансылык абал мүмкүнчүлүктөрдү бөгөп жатат. Бирок ар бир үй-бүлө ата жана энеден турат десек, анда ар бир үй-бүлө 1 же 2 баладан эмес, тескерисинче 3 же төрт балалуу болуулары шарт. Мына ошондо тиги ата-эне өзүнүн ордуна дагы эки баш кошуп, элдин санын көбөйтүүгө же башкача айтканда, демографиялык проблеманы чечүүгө салым кошот. Экинчи аялды алып алып, андан 1 же 2 балалуу болуу менен демографиялык проблеманы чечүүгө болбойт. Б.а. баланын төрөлүшү менен маселе чечилбейт. Улут өскүсү келсе, элдин санын көбөйтүү үчүн аракеттениши керек. Б.а. ар бир ата-эне 2 баладан башка, кошумча 2 же андан көп балалуу болушу керек.

-Туура айтасыз. Бирок бүгүн мамлекет мындай пропаганда жүргүзө албайт, себеби ал өз элин бага албай жатат.

Булак: “Фабула”

Айдоочулардын да абийирдүүсү бар

Ордо калаабыздагы маршруттук таксилердин айдоочуларын сөкпөгөн киши жок болсо керек. Себеби акчанын артынан кууп, адам өмүрүн 10 сомдон ашык баалабай, шаардагы авариялык кырдаалды жараткандардын көбү дал ошол “маршрутчулар”. Ошол “айбандардын” айынан далай өмүрлөр да кыйылган, жакшынакай жарандар майыпка айланган. Бирок арасында абийирдүүлөрү да бар. Мисалы кечээ Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинен көрүп алып көз кубанган маршруттук таксинин айдоочусуна алкыштан башка айтаарыбыз жок. Ал маршруткасынын алдыңкы терезесине “кош бойлуу айымдарга жол кире акысыз” деп жазылган кагаз чаптап алган. Энени сыйлаган адам мыйзамды да сыйлайт. Акчанын артынан куубайт, унаасындагы жүргүнчүлөрдүн өмүрү Кудайдын аманаты экенин дагы унутпайт. Кудай буйруп, Бишкек шаары “жапайы маршрутчулардан” биротоло кутулуп, жакшынакай автобустар, троллейбустар жүрүп баштаганда, дал ушундай абийирдүү айдоочулар сөзсүз ишке тартылышы керек.

Булак: “Фабула”

Аудио - СДПКчы депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутканы

СДПКчы депутат Жылдыз Мусабекова “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркуловага телефон чалып, Тоң районунун тургуну Рита Исмаилованын депутат Мусабекова тууралу айткан сын пикирин гезитке жазганы үчүн оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп жатканы:

– Үпөлсүңбү, сүпөлсүңбү жалапсыңбы, сойкусуңбу, мен сени эртең бетиңди түздөп, көтүң менен теңдеп коём. Мен Жылдыз Мусабековамын. Нарындык, Атбашинскаямын. Эй, жалап, блядь! Он эркекке салып берем. Мен сени билем, каякта жашайсың, Мусабекова деп жазган ар бир сөзүң үчүн миллион коем. Бетиңди түздөп, тилип туруп туз себем. Билген жагыңа бар, мен Мусабековамын. Блядь, жалап, ебан!

https://www.youtube.com/watch?v=Pc-3MAEBz6k

 

Жаңы паспорт бериле баштады

Бүгүндөн тарта Кыргызстандын жарандарына биометрикалык паспорт бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында, документтин коргоо белгилери эл аралык талаптарга жооп берет. Аталган паспорт адамдын тек-жайын ырастоочу электрондук маалыматтарды камтып, колдонуу чөйрөсү кеңейтилет. Сыртынан азыркы ID картага окшогон электрондук паспорттун ичинде атайын чип болот. Жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу 19 маалымат ошол чипке камтылат. Биринчи жолу алып жаткан бардык жарандарга бул документ жыл аягына чейин акысыз берилет. Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2016-жылы башталган.

Булак: “Фабула”

Меню