Menu

КООМ

"Манастагы" коррупция качан токтойт?

«Убагында “Манас” аэропортунун жетекчилиги баасы 2 млн доллар турган “бортовое питание” оборудованиесин 12 млн долларга сатып алыптыр. Баягыда Өмүрбек Текебаев айтса, актандыңар эле.

Мен ЖКдагы аттуу баштуу инсандардан сурап көрсөм Венада ал аппаратты 3 млн долларга сунуштаган экен. Эмне үчүн 2 млн доллар турган нерсени 12 миллионго сатып алышкан?» – деп сдпкчы депутат Рыскелди Момбеков маселени кабыргасынан койду. Деги эле аталган «Манас» аба майданындагы коррупцияны ким тыят? Бул бизге кокусунан билинип калган фактылардын бири, ал эми бизге билинбей тымызын эмне деген контрабандалык иштер жүрүп жатат? Эмне себептен бийлик бул жаатта чечкиндүү кадамдарды жасабай, кайдыгер мамиле кылууда? Кимдин кызыкчылыгы күч болууда?

Булак: “Ачык саясат”

"Улутуң ким" деп эми сурабай турган болду

Паспорттогу улутун көрсөткөн графа алынып салынды. Шордуу кыргызым, эми бизден эч ким улутуң ким деп сурабайт. Бийлик көздөгөн максатына жетти. Батыштын саясаты ишке ашты. Кылымдаган тарыхы бар кыргыз элинин ырыскысы бөксөрүп жатканын туйган бирөө барбы? Эми жаңы берилген паспорттор, эч кандай улутту көрсөткөн графасы жок бериле баштайт. Бирок, азыркы бийлик бир нерсени эсине түйүп койсун. Улутту көрсөткөн графаны алып салууга жалпы кыргыз эли каршы турду. Муну эч ким жокко чыгара албайт.

Булак: “Ачык саясат”

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Баткен областындагы кайрылмандар менен жолукту

Баткен облусунда Акыйкатчы Кубат Оторбаев иш сапарынын учурунда Өзбекстандан Баткен областындагы Чонгара айылына көчүп келген кайрылмандарга жолукту. Алардын көчүп келгенине 7 жыл болгон экен. Келген учурдан баштап, кайрылмандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облустук өкүлчүлүгүнө жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала албай жатышат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал маселе чечилген жок. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады.

 

Андан тышкары, Кызыл Кыя шаарындагы Таджикстандан келген этникалык кыргыздар акыйкатчы Кубат Оторбаевге жамааттык кайрылуу жасашты. Кайрылмандык күбөлүктөрүн убагында ала албай жатышкандыктарын, жер берилбей жаткандыгын, документтери жок болгондугуна байланыштуу дарылануу, билим алуу укуктарынан айрылып калып жаткандыктарын кабарлашты. Баткен алыс аймак болгондугуна байланыштуу үнү бийликке жетпей жаткандыгын айтышты.

Өз кезегинде, Акыйкатчы Кубат Оторбаев айтылган маалыматтар менен иштөөнүн жеке көзөмөлгө алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон жолугушуусунда бул маселелерди талкуулоого ниеттенүүдө.

Ошто КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов дин кызматкерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов кечээ, 27-апрелде Ош шаарындагы Сулайман-Тоо борбордук мечитинде дин кызматкерлери менен жолугушушту. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Аталган жолугушуу жыйынга Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун Жапаров, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Ош филиалынын мүдүрү Алымжан Жунусов, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун өкүлү Медер Абдыманапов, облустук жана шаардык казыяттардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда Зайырбек Эргешов дин чөйрөсүндөгү азыркы абал, анын өнүгүү тенденциялары жана бул багыттагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, диний билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, айтылган сунуштарга укуктук-нормативдик базалардын жол-жоболорунун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан сырткары КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдеринин алкагында мамлекеттик органдар, диний уюмдар жана диний лидерлер мындан ары карай да мамлекеттүүлүктү жана өлкө элинин биримдигин чыңдоо үчүн биргелешип иштөөсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулду.

 

Дайыр Кенкеевге таластыктар нааразы

Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеевге карата нааразычылыктар күч алууда. Талас шаарынын ички жолдору сапатсыз курулганы аз келгенсип, талкаланбаган бүтүн жолдорго асфальт төшөлүп, ал эми тамтыгы чыккан жолдор ошол бойдон калган экен. Учурда шаар ичи чаң-тополоң болуп, баштаган иштер аягына чыкпай жатыптыр. Дайыр мырза элдин нааразычылыгын жаратпай, башталган иштерди аягына чыгарса болмок. “Жаш жетекчи келди, эми ишибиз оңолот” – деп кубанып турган элдин шаабайы сууп турган кези.

Булак: “Ачык саясат”

Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университети эл аралык статуска ээ болду

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматына таянсак, шаардагы жалпы түштүк аймагына белгилүү жогорку кесиптик билим ордосу болгон Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) Эл аралык университет деп аталды. Бул жаңы статус окуу жайдын негиздөөчүсү болгон Кыргыз кооперативдер биримдигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү токтомдору, чечимдери, күбөлүктөрү менен тастыкталды. Бул тууралуу аталган окуу жайынын ректору, Экономика илимдеринин доктору жана профессор Абдилбает Мамасыдыков билдирди.

Окуу жайы 2005-жылга чейин Жалал-Абад Коммерциялык институту деп аталчу, 2005-жылдан Экономика жана ишкердик университети деп атын өзгөрткөн. Статустун өзгөрүшүнө окуу жайынын материалдык-техникалык базасынын өсүшү, жогорку кесиптик билим берүүчү жана кошумча структураларынын диверсификацияланышы, чет мамлекеттик шериктештер менен мамилелеринин тыгыз болушу, андан эл аралык мамилелеринин кеңейиши себеп болду.

-Окуу жайыбыз Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрү боюнча алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жай катары ачылып (КР Президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги жарлыгы менен), мына 24 жылдан бери жогорку кесиптик билим берүү тармагында ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө. Университет мамлекеттик бюджеттен эч каржыланбайт, өздүк каражаттары жогорку жана орто кесиптик билим берүү ишмердигинен, илимий жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнөн топтолот. Кызмат көрсөтүүлөрүнөн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, уюм-мекемелери пайдаланып турат, анткени университет экономика, менеджмент, юриспруденция боюнча адистешкен билим, илим борбору, – дейт А. Мамасыдыков.

Эскерте кетсек, акыркы жылдары окуу жайына инвестиция тартуу артып, ал 51 миллион 761,12 миң сомду түздү. Жакынкы аралыкта ЭИУнун негизги шериктеши “Демир банктан” коопсуздукту камсыздоого жана эсеп-кысап иштеринин сапатын арттырууга 2 миллион 920,0 миң сом жана 3500 евро келип түшүшү күтүлүүдө.

"Коопсуз шаар" долбоору эмнеге иштебей жатат?

Акыркы беш ай ичинде катталган кырсыктырдан 61 адам каза тапса, 1168 адам жабыр тарткан, анын ичинен жүргүнчү ташыган коомдук транспоттордон жабыркаганы 66 адамды түзгөн. Мындай ири жол кырсыктарынын катталышы эмнеден улам болууда? Буга ким күнөөлүү? “Коопсуз шаар” долбоору эмне себептен ишке ашпай жатат?

Рита Карасартова, укук коргоочу:

– Мен билгенден тендер боюнча чатак болуп, иш сотко кеткен. Тилекке каршы, атка минерлер, тендерди өз капчыгын толтуруп алганга мүмкүнчүлүк катары көрүп калганы өкүнүчтүү. Бүгүн коррупцияга илешсек, балдарыбыздын келечегин уурдап жатканыбызды билишибиз керек.

Дастан Бекешов, ЖК депутаты:

– Бүгүн, өкмөттүн отчёту каралганда, бир топ депутаттар ушул эле суроону Премьер-министрге беришти, бирок жооп бир эле: дагы деле соттун чечими жоктугунан өкмөт долбоорду баштабай жатат дешүүдө. Бирок буюрса, жергиликтүү органдар бир айдан кийин кээ бир жерлерде видео байкоолорду коюп башташат.

Булак: “Ачык саясат”

Сурамжылоолор боюнча КР президенти Омурбек Бабанов болушу мүмкүн

Общественное Объединение «Люди Мира» провел независимый опрос населения, проживающего в Кыргызской Республике, а также граждан КР находящихся заграницей. В опросе по данным организации приняло участие 48 тысяч 937 граждан нашей страны: из них 45 тысяч 29 человек (92%) проживает непосредственно в Республике, а 3 тысячи 908 граждан (8%), находятся по тем или иным причинам заграницей.

Участникам опроса был задан вопрос: » Если завтра состоятся выборы президента Кыргызстана, за какую кандидатуру Вы готовы отдать свой голос?»

В результате практически большая часть респондентов в случае выборов предпочла бы кандидатуру Омурбека Бабанова. Таким образом список потенциальных кандидатов в президенты с наибольшим отрывом возглавил лидер фракции «Республика-Ата Журт». Отметим, что за него проголосовало 14367 тысяч респондентов или же 30%, тогда как 8314 респондентов (16%) вовсе будут голосовать против всех.

Стоит добавить, что вариантами ответов среди категории респондентов, не желающих идти на выборы были следующими: «Не пойду на выборы – потому, что никому не верю», «Толку идти на выборы, если все решат без нас», «На политической арене все те же лица. Не из кого выбирать, так как нет новых лиц».

Вторым по рейтингу среди опрошенных людей оказался действующий премьер-министр Сооронбай Жеенбеков, за него отдали голоса 8688 респондентов, или 17%.

Оставшиеся 37% процентов голосов распределились среди остальных потенциальных президентов Кыргызской Республики в незначительном  Более детальная картина результатов опроса представлена

ФИО Ээлеген кызматы 
1. Бабанов Омурбек Токтогулович Депутат ЖК КР. Лидер фракции «Республика- Ата Журт» 14867 (30%)
2 Жээнбеков Сооронбай Ширипович Премьер-министр КР 8688 (18%)
з. Сариев Темир Аргымбаевич Экс-Премьер-министр КР 4877 (10%)
4. Торобаев Бакыт Эргешевич Депутат ЖК КР. Лидер фракшш «Онутуу-Прогресс» 3410 (7%)
5 Мырзакматов Мелис Жоошбаевич Экс-мэр г.Ош 2789 (6%)
6 Конгангиев Молдомуса Ташболотович Экс-министр внутренних дел КР 2317 (5%)
7 Текебаев Омурбек Черкешевич Депутат ЖК КР, лидер фракции «Ата-Мекен» 1667 (4%)
8 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Экс-тор ага ЖК КР 1201 (2,5%)
9 Исаев Канатбек Кедейкакович Депутат ЖК КР фракция «Кыргызстан» 620 (1,5%)
10 Отунбаева Роза Исааковна Экс-Президент КР 172 (0.50%)
11 Исаков Сапар Джумакадырович Руководитель Аппарата Президента КР 15 (0,05%)
12 Против всех 8314 (16%)

Кошуп кетүүчү нерсе,

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев расмий иш сапары менен Аксы районунда болду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев расмий иш сапары менен Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Облус башчысынын жазгы талаа жумуштары менен жеринде таанышуусунда Аксы районунун акими Масалбак Мырзамамытов, Аксы райондук суу чарба башкармасынын башчысы Ысмайыл Ибраимов жана Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Нурбек Мураталиев бирге коштоп жүрүштү. Алгач жетекчилер Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу “Желтийбес-1” насосотук станциясынын учурдагы иши менен таанышышты. Насостук станциянын башчысы Сүйүнбек Иманалиев билдиргендей бул жерде 8 даана насостук станция коюлган. Анын 5и такай иштеп, үчөө резервде турат. Тээ союз убагында, 1978-жылы ишке берилген “Желтийбес-1” насостук станциясы 1834 га аянтка суу чыгарып берүү кубаттуулугуна ээ жана саатына 2,5 миң куб суу айдап берет.

Үч-Коргон айыл аймагынын Кум участкасында Кытайдан келген ишкер Шен Зин 2,5 га аянтка күнөскана куруп, ал жерде помидор, бадыраң, калемпир менен болгар калемпиринин бир нече түрлөрүн өстүрүүдө. Бадыраңдын алгачкы түшүмүн жыйноо иштери башталды. Кытайлык ишкер өз ишин талаптагыдай жүргүзүү максатында аялын жана эки агроном адисин өз мекенинен алып келген. Ал эми жергиликтүү тургундардан 20 адам жумуш менен камсыз болгон.

Суу керектөөчүлөр ассоциясынын башчысы Кенжалы Райымкулов 2200 метр келген ички каналдар толугу менен сапаттуу тазалангандыгын маалымдады. Ал эми бюджеттин тартыштыгынан РП-1 каналын толук тазалоодо көйгөйлөр бар экендигин жашырбай, ортого салды. Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевге балдар бакчасын куруу создугуп келаткандыгын айтышты. Мындан сырткары жаңы курулган ФАПтын каражаты ыксыз ашыкча көрсөтүлгөндүгүн, бул маселени текшерүү зарылдыгын белгилешти. Ал эми 300 кожолук калк жашаган Жылкол айылынын тургундары Чоң наманган каналына курулган көпүрөнү жазгы сел алып кеткендигин, аны талаптагыдай ремонттоо жумуштары создугуп келаткандыгын тынчсыздануу менен белгилешти. Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев бул маселени тез арада чечүү тапшырмасын Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов менен Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Нурбек Мураталиевге табыштады.

Жергиликтүү жаш ишкер Асыл Көчүмкулов 4 га аянтка мөмө берүүчү бак-дарактарды олтургузуп, анын ичинен 1 га. 20 сотых аянттына күнөскана куруп, ал жерге помидор менен бадыраңды өстүрүү иштерин астейдил колго алышкан. Ондогон жергиликтүү жаштар мунун аркасынан жумуш менен камсыз болуп олтурушат. Алардын демилгелүү иш-аракеттерине жетекчилер ыраазы болушуп, алардын иштерине ийгилик каалашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Жолдошбек Кожобеков атындагы орто мектептин курулуш иштери менен дагы жеринде таанышты. Мектептин курулушун “Файзи” ЖЧКсынын курууучулары куруп жатышат. Курулушка 36 млн. сом каралган болсо, учурда 29 млн. сомдук жумуштар аткарылып, 80 пайыз жумуштар аткарылып бүткөрүлдү. Азыр эски мектепте 325 окуучулар билим алып жатышат. Жаңы окуу жылына карата мектептин курулушу толугу менен бүткөрүлүп, ал ишке берилээрин прораб Жаныбек Жээнтаев ишенимдүү айтты. Ыйгарым укуктуу өкүл курулуш ишинин сапатына катуу көңүл бурулуусу керектигин жергиликтүү бийлик башчылары менен курулуш уюмунун жетекчилерине дайындады.

Назарбаев Шымкентте интеллигенция өкүлдөрү менен жолукту

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Түшүк-Казакстан облусуна иш сапар менен барып, Шымкентте жергиликтүү интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушуунун алдында президент “казак элине миң алкыш!” монументинин ачылыш аземине катышты. Ал Казакстан элинин ассамблеясынын жаңыртылган имаратынын алдында орнотулган. Монумент аймактагы 20 этно-маданий бирикмелердин демилгесинин негизинде тургузулду.

Назарбаев Шымкенттеги сапары учурунда жашылча-жемиш чыгаруучу жана кайра иштетүүчү ишканада дагы болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню