Menu

КООМ

Аксы районунда зыянкеч чегирткелер шаштыны алып жатат

 

Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Катыраңкы-Сай жайытында саранчанын Марокко аталышындагы чегирткелердин түрү жанданып, жайыттын чөбүнө олуттуу зыяндарын тийгизе баштады. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Зыянкечтер каптаган Катыраңкы-Сай жайытына КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов жана Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Нурбек Мураталиев барышып, зыянкечтерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде кабар алышып, таанышып чыгышты.

Өлкөбүзгө Япониянын Jaika фирмасынын колдоосу менен берилген  жип Toiota-Рikap үлгүсүндөгү 7 микронер автомашина Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы чегирткелердин очогу пайда болгон жайыттарда химиялык дарыларды чачуу жолу менен чегирткелерге каршы иштетүү берүү иштерин тынбай жүргүзүп жатышат. Аксы району боюнча 6,5 миң га жайыттар изилденип, анын 2,5 миң га аянтында саранчанын Марокко аталышындагы жаш чегирткелердин очоктору пайда болгондугу аныкталган.

— Жаздын келиши менен күн жылыганда зыянкеч чегирткелер жанданып, жайыттардын чөбүнө олуттуу зыяндарын тийгизе башташат. Азыркы мезгилде саранча чегирткелери массалык түрдө жанданып, кыймылга келе башташты. Биринчи муундагы зыянкечтер азыр секирип, чөп жайыттарга зыяндарын тийгизе башташты. Кийин алар канаттары чыккан соң  чегирткелер узак аралыкка массалык түрдө учуп-конуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болущат. Ал убакытта алар айыл чарба багытындагы жерлерге эгилген эгиндер менен жашылча-жемиштерге олуттуу зыяндарын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан аларды азыртан кырып-жоюп жок кылуу үчүн химиялык жол менен дарылоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Эртең менен жана кечки салкында дарылоо иштерин жүргүзүү натыйжалуу болот. Ал эми күн ысып калганда чачып жаткан дары-дармектерибиздин бир бөлүгү бууланып кетиши мүмкүн. Атайын микронердеги 100 литр сыйган идиштеги химиялык дарылар 100 га аянтты иштетүүгө толук жетет. Ал эми азыр күнүнө 300 га аянттагы зыянкечтерге каршы иштетүүгө толук үлгүрүп жатабыз. Зыянкеч чегирткелерге каршы натыйжалуу иш алып барууда Бишкектен келишкен саранчага каршы экспедиция жүргүзүү ишин алып баруучу кызматкерлерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз,- дейт Жалал-Абад облустук региондор аралык химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Кайрат Садыков.

Азыркы учурда Ноокен районунун Достук айыл аймагына караштуу Манас-Сай жайытына дагы 1 даана микронер жөнөтүлүп, зыянкечтерге каршы химиялык дарыларды чачуу иштерин жүргүзүлүп жатат.

Милициядагы Мирлан Каниметовдой күчтүү кадрдын күчүн албаганыбыз Кудайга деле жакпайт го?

Тээ кышында ИИМ алдындагы ГУБОП башчылыгынан Мирлан Каниметовду жакшынакай иштеп жаткан жеринен кызматынан алышкан. Ушул күндөрү милициянын полковниги эс алып, өткөн-кеткен күндөрүнө сереп салып, бала-бакыра, үй-бүлөсүнө убактысын арнап жүрөт. Аныгында мындай профессионал кадрдын үйүндө отурганы мамлекеттин өзүнө утулуш гана болууда. Кылмышкерлерге кыргыйдай тийген полковниктин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөгү эрдиктери, жан аябай октон жалтанбай атышканга дейре барганы кезегинде бүтүндөй өлкөгө дүң болгон. Артындагы миңдеген милиционерлерге, жүздөгөн курсант жаштарга кылмышкерлер менен күрөшүүдөгү таңгаларлыктай ыкмалары менен үлгү болчу мына ушундай чыныгы полковникти күрсүлдөп турган чагында күчүн алып калсак болбойт беле? Өздүк курам ичинде таасири, кадыр-баркы күчтүү кызматкерлерди буттан чалып отуруп, эмнеге жетебиз? Анан калса Каниметовдун кызматтан кетиши менен өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордогу «крысалардан» өйдө тымызын баш көтөрүшүп, күчтүү жетекчиден кутулушкандарына кудуңдап жаткандыгын эшиттик. Кылмышкерлердин дөө, бөө, чөөсүнө карабай ийинине киргизген Каниметовдой кадрлардын ишсиз отурганы азырынча кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү үчүн утуш гана болууда.

Булак: “Азия Ньюс”

Аксы районундагы Кызыл-Жар айылдык ооруканасы заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалды

Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жар айылдык ооруканасы калктын ден соолугун коргоодо акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдуулар менен жетиштүү камсыздалды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кызыл-Жар айылдык ооруканасында жалпысынан 55 койка орунга ылайыкташтырылса анын ичинен 8 койка орун хирургия бөлүмүнө туура келет. Айылдык ооруканада үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кошо алганда 14 жогорку билимдүү дарыгерлер жана 32 медайымдар эмгектенишет.

Кызыл-Жар айылдык ооруканасы 1987-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Атайын жазылган долбоорго ылайык Япониянын Өкмөтү тарабынан быйылкы жылы ооруканага 2 даана пультоксиметр жана абадан кислород бөлүп чыгаруучу 1 концентратор жабдуусу тартуу кылынды.

-Бейтаптын ден соолугунун абалы кандай экендигин көз ирмем ичинде аныктоочу 2 даана пультоксиметр жана абадан кислород бөлүп чыгаруучу концентратор биз дарыгерлер үчүн аба менен суудай эң зарыл медициналык жабдуулар болуп саналат. Айыл жергесиндеги иштеген дарыгерлер үчүн ооруканаларга мындай жабдуулардын келүүсү чындыгында чоң жаңылык болду. Айыл элинин ден соолугун көзөмөлгө алууда жана дарылоодо бул жабдуулар менен аппараттардын жардамы абдан чоң болууда,- дейт Кызыл-Жар айылдык ооруканасынын анестиазолог-реаниматологу Жумагүл Малаева.

Кызыл-Жар айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Аскар Атабеков ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамымтов, Жалал-Абад облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Мияновго айылдык оорукананын капиталдык ремонттоодон толук чыккандыгын жана калктын ден соолугун коргоодо үзүрлүү иштеп жатышкан дарыгерлер менен медайымдардын иштери туурасында кеңири баяндап берди. Үч-Коргон айыл аймагында иштеп жатышкан ишкерлер Кызыл-Жар айылдык ооруканасын капиталдык ремонттоодон чыгарууга жергиликтүү ишкерлер 430 миң сом, айылдык оорукананын эмгек жамааты 22 миң сом жана жергиликтүү тургундар 48 миң сом демөөрчүлүк жардамдарын беришкен. Жакынкы күндөрү айылдык ооруканага чакан хирургиялык жабдуулардын топтому алынып келинүүсү күтүлүүдө. Учурда Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 22 миңден ашуун калк жашайт.

Сооронбай Жээнбеков автожолдордун учурдагы абалын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, өлкөнүн автожолдорунун учурдагы абалын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы автожолдордун учурдагы абалын талкулоо учурунда жолдордун абалына, алардын ремонтуна жана курулушуна өлкөнүн Президенти жана Өкмөт тарабынан чоң көңүл бурулуп жатканын, бул максаттарга республикалык бюджеттен ири көлөмдө акча-каражаттар бөлүнүп, мындан сырткары ар кандай донорлордун каражаттары да жумшалып жатканын белгиледи.

“Элдин бийликке болгон ишеничи мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иштин сапатына, ошондой эле автожолдордун курулушунун сапатына көз каранды. Акыркы күндөрү коомчулук тарабынан жаңы салынган жолдор сапатсыз курулгандыгынан улам бузулуп жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришүүдө. Коомчулуктун көңүлү автожолдордун курулушуна бурулган, өзгөчө Балыкчы – Корумду, Маданият – Жалал-Абад, Бишкек – Кара-Балта автожолдоруна дагы”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Подряддык уюмдар жол курулушуна, анын эксплуатацияланышына жана техникалык тейлөөсүнө кепилдик убактысынын мөөнөтү кыска болгондуктан өз ишинде жоопкерчиликти алышпайт. Же практика көрсөткөндөй жолдордогу аң-чөнөктөрдү оңдоо боюнча ишке эң төмөн баа көрсөткөн компания утуп алып, анын ишинин натыйжасы бир жылдык убакытты көтөрө албай, кайра бузулат.

Мындан улам Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинен жолдордо аткарылып жаткан иштерди дыкат карап жана көзөмөлдөп, каржы ресурстарынын эффективдүү эмес пайдаланышына мүмкүнчүлүк бербөө керектигин талап кылды. Ошондой эле мекеменин жетекчилигине министрликтеги ишмердүүлүктүн системасын түп тамырынан өзгөртүп, кадр маселесин жакшыртууну тапшырды. Мындан сырткары ири жүк ташуучу унааларга тийиштүү болгон суроолорду чечип, бул маселеде дагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тиешелүү иштерди жүргүзүүсү зарыл.
“Жолдорго эң чоң зыянды ири габариттүү унаалар менен жүк ташыгандар алып келүүдө, анткени алар ташылып жаткан жүктүн чыныгы салмагын жашырышат. Аларга жардамчы болгон жана так салмакты жашырууга кызыктар болгон кызматкерлердин айынан жолдор бузулуп, жаңы салынган жолдор жарактан чыгууда. Тийиштүү түзүмдөрдүн ар бир жетекчиси жогоруда айтылган бузууларга жол берсе жеке башы менен жооп берип, жоопкерчиликке тартылат”, – деп Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Зинакан Толтоева, Ысык-Көл облусунун тургуну: "Асхатты туура эле кызматтан шыпырды"

Ысык-Көлдө Асхат Акибаев деген бир популист бар болчу. Ар дайым өзүн кыйын сезип, акылдуусунуп, калган эл келесоо, эч нерсе билбеген адам сымал көөдөнүн чапкылап жүрчү. Жанына адам жолотчу эмес. Ушу кишини туура эле кызматтан алды. Мындай жигиттер барган жерин өнүктүрүп, өстүрүүнүн ордуна жеке керт башьш ойлоп, «канткенде байыйм, канткенде элдин мүлкүн тартып алам» деп баш оорутчу. 2016-жылы Көчмөндөр оюну өтүп, эл арасында «Асхат акчаны күрөдү» деген кеп жүрүп кетти. «Калк айтса калп айтпайт» эмеспи. Демек, канчалык бир деңгээлде чындыгы болсо керек. Эми кызматтан алынгандан бери мурдунун суусу куюлганданбы же башка бир себептери барбы «Аврораны» айланчыктап кетпей калды. Мүмкүн күйүтү башына чыгып, ошо жакка барып алып күндө ичип атабы же башчы айым менен жеке мамилесиби? Канткен күндө да «Кепилдик фондун» түзүп, элдин мүлкүн, элге тиешелүү акчага суук колун салып үлгүрбөй калганына эл сүйүнүп атат. Дегинкисинде, эми Асхатты бийликке жолотпош керек. «Күлү бир жерге додо болбогон адамдан түңүл» деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Бул кеп жеке оюмда Асхатка тиешелүү. Оокатын жөн кылса деген кеңешимди айткым келет.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Жалал-Абадда китеп акциясы өттү  

 

Жалал-Абад маданият техникумунун «Китепкана таануу жана иш жүргүзүү» бөлүмүнүн студенттери тарабынан китеп баркын көтөрүү, китеп сүйүүчүлөрүн көбөйтүү максатында «Ачык маанай» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын библиография таануу сабагынын мугалими Чолпон Жаркулова билдирди.

-Аталган акцияны шаар тургундары туура кабыл алышты. Анткени акыркы жылдары жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусу жоголуп баратканы байкалууда. Негизи китеп элдин маданиятын, адепа-ахлагын жогорулатат. Ошол себептен китеп окуунун келечекте канчалык денгээлде пайдалуу экендигин жеткируу максатында ушул коомдук акцияны уюштурдук, – дейт ал.

“Китепкана жана иш жүргүзүү” бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Түнчүрөк Уланбекованын айтымында, акциянын алкагында элге атайын жаңы китептердин тизмеси жазылган буклеттер менен кошо шириндиктер таркатылды. Негизи жаңы жарык көргөн китептердин жакшы таасилери бар экенин белгилешти. Буклетте Мурза Капаровдун «Тандалмалар», Гулзат Жусупахунованын «Асыл жерим тумарым», Насыпбек Асанбаевдин «Дудук чал» аттуу кызыктуу чыгармалары бар экенин кошумчаланды.

-Ал эми шаар тургундары мындай китеп окуу акциясына кызыгуу менен ал китептерди кайсыл жерден алууга болорун сурашып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти, – дейт ал.

Белгилей кетсек, техникумдун аталган бөлүмүндө китепкана ишмердүүлүгү менен китепти жайылтуунун формаларын үйрөтөт. Ошондой эле иш кагаздардын туура жүргүзүлүүсү жана архив иштерин окутат.

Асан Исаев, Ат-Башы районунун тургуну: "Кыргыз мотоциклдин ордуна ат минген"

Орус тилдүү гезиттер бизди «Абсурдстан» деп жазгаңдарына макул болбой, күйбөгөн жерим күл болчу эле. Эми толук макул боло баштадым. Өмүрүндө бир да жолу мотоциклди айдамак тургай отурбаган, жанында эки литр спирт жүргөн, көбүнүн жашы 50дөн ашып калган ветврачтарга мотоцикл алып бергендерге бир четинен күлкүм келсе, бир четинен аябай жиним келди. Өзүңөр билгендей, биздин өлкөдө ветврач деген адистер ансыз деле аз санда. Орустар айтчу эле «жаман көргөн кошунабыз мотоцикл алса экен. Гроб на колесах. Батыраак өлсө экен» дешип. Эми кудай сактасын, биздин ветврачтар орустар эмес да. Ошентсе да, мотоциклдин ордуна ошол эле баага бир кунан, бир байтал алып берсе сонун болбойт беле. Кунанын минип, барчу жерине барып, малчыларды кыдырат. Байталды болсо малынын санын көбөйтүп, кийинки жылы кулундуу болуп дегендей. Ушул жагдайда кийинки эки жылда эмне болот? Мотоцикл сынат же дөңгөлөгү жарылат (эгер аман болсо), жүрбөй калат. Ал эми кунаны болсо бышты, бир асый, толук кандуу ат. Ал эми байталы эки жолу тукумдап, башы үчөө бээ болот. Ушу жагын мамлекет ойлоштурса болмок.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Ашхабадда мугалимдерге айлык берүү кайрадан кечиктирилүүдө

Ашхабадда мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлерине маяна берүү кечиктирилүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, мугалимдер марттын айлыгын алыша элек.

“Апрель аяктап баратат, бизге болсо марттын айылыгын берише элек. Аванс дагы ала алган жокпуз. Күндө жумуштан кийин банкоматтарга барып айлык түшкөн жокпу деп текшеребиз. Бирок акча жок. Жетекчиликке кайрылганыбызда жума сайын айылык караталарга которуларын айтышат”,-деди ашхабаддык мугалим.

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары, пенсионер жана майыптардын пенсиялары, жөлөк пулдар, студенттердин стипендиялары, мындан тышкары айрым аймактардагы дыйкандардын кирешелери пластикалык карталарга которулат.

Айлык акыларды берүүнү жапырт түрдө кечиктирүү учурлары алгач ирет былтыр жазда белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Встреча с министром Труда и занятости Республики Корея

25 апреля 2017 года состоялся визит министра труда и занятости Республики Корея Ли Ки Квон в Кыргызскую Республику. В рамках визита состоялась встреча в Министерстве труда и социального развития КР.

На встрече приняли участие министр труда и социального развития КР Исакунова Таалайкуль Базаркуловна и заместитель председателя Государственной службы миграции при Правительстве Кыргызской Республики Асанбаев Алмазбек Жолчуевич.

В ходе встречи обсужден  ряд актуальных вопросов  по развитию двухстороннего сотрудничества, увеличению числа трудящихся-мигрантов, осуществляющих трудовую деятельность в Республике Корея.

Заместитель председателя Госслужбы миграции А. Асанбаев выразил просьбу по увеличению трудовых контрактов из Кореи для граждан Кыргызстана, возможности расширения сферы трудоустройства для кыргызстанцев,  на сегодня кыргызстанцы заняты в основном в производстве и в сфере сельского хозяйства.

Особо подчеркнул важность содействия со стороны Министерства труда и занятости Кореи в вопросе информированности корейских работодателей о трудовых ресурсах Кыргызстана.

В свою очередь министр труда и занятости Республики Корея Ли Ки Квон высоко оценил  всесторонее  развитие Кыргызской Республики за последние 5 лет,  подчеркнул свою готовность активизировать двусторонние отношения в сфере занятости и вывести их на новый качественный уровень. Также особо отметил важность  назначения представителя Госслужбы миграции в Республике Корея для налаживания контактов с новыми работадателями, что поспособствует  увеличению трудовой квоты для кыргызстаских граждан.

Рустам Маманов: "Президентибиз Алмазбек Шаршенович туура кылат, мен да «Фабула» менен «Кыргызтудейди» 10 миллион сомго сотко берем"

“Алюминий королу”, карате боюнча кара курдун ээси, белгилүү саясый ишмер, экс-депутат мырза биздин учкай суроолорго жооп узатты. Эмесе, барктап, баалап алыңыз, урматтуу окурман.

– Арыбаңыз Рустам мырза, соңку убакта жергиликтүү басылмалар сизди ашкере жамандап жатышат го? Кылдан кыйкым издегендей… Не жамандык кылдыңыз эле?

Негизи аларды Кудайга койдум. Бирок, мен жөнүндө ашкере ушак, тескери маалыматтарды тараткан «Фабула», «Кыргызтудейди» бир убагы келгенде жазалайм. Шашпай турушсун! Жуунбаган, сасык Рыскелди Момбеков менен Бегалы Наргозуев кечирим сурашпаса, анда бир күнү тизеге турушат… Ыйлашат…

– Кашайып, экөө тең кежир да. Сизден кечирим сурабайт го?

– Жазгандарына жооп беришсин! Мен аларга эмне жамандык кылдым? Ушулар дайыма мага асылып эле калды…

– Сиздин карате менен машыкканыңызды баары эле биле бербесе керек. Кокус тиги экөөнө жолугуп калсаңыз, ээк талаштыра тээп жибербейсизби?

– Кудай сактасын! Бир мүчөм тийсе алар жок болушу мүмкүн. Бирок, мен алар менен мыйзам талаасында сүйлөшөм. Жакында мен жөнүндө калп маалымат жазган редакцияларды сотко берип, катуу жазасын берем.

– Мисалы, канча миллион сомго?

– 10 миллионго чейин. Сөзүмө турам. Негизи президентибиз Алмазбек Шаршенович ушакчыларды жазалоо жагынан туура сөз айткан. Аларды сотко берип, жүзүн ачып, мыйзам алдында жазалаш керек.

– Сиз боюнча дагы бир маалымат бар, депутат Азиз Турсунбаевге чоң суммада акча берип, кайра ала албай жүргөнүңүз чынбы?

– Азике экөөбүздүн ортобузда алыш-бериш дайыма бар. Биз бири-бирибизди эч качан карыз катары санабайбыз. Тескерисинче, кам көрөбүз. Экөөбүз 25 жылдан бери доспуз. Азизди мен терең мааниде урматтайм, анын жигитчилиги бийик, эч убакта сатып кетпейт. Ал мени өкүл балам… Демек, ата-бала эч качан карыз болбойт.

– Чолоев, Мантай дагы досторуңузбу? Экөө сизди сатып кетишти беле?

– Сатып деле кетишкен эмес. Алар аман эле болушсун! Болгону Чолоев кээде ар кимдин сөзүнө аралашып калса керек, Мантай болсо Болот Сүйүнбаевди «Ордо» ресторанына дайыма чакырып, коноктоп жүрөт. Боке түз жүргөн жигит, аны бузбаса дейм да… Экөөнү элдин баары көрүп атат. Эртең заман өзгөрөт, анан көрөбүз го…

– Алтынбек Сулайманов сиздин шакиртиңизби?

– Ооба. Мен убагында аны баламдай көтөргөм. Чогуу иштешип калдык. Алтынбек мыкты жигит, жаш кезинде кызуу кандуу болсо, азыр оор басырыктуу саясатчы. Өстү. «Бир Болдун» лидери болуп, мамлекетке кызматын кылып атат. Келечеги кең буюрса!

Булак: “Азия Ньюс”

Меню