Menu

КООМ

“Чек арасыз кабарчылар”: Тажикстанда басма сөз эркиндигин абалы начар

Тажикстан өкмөтү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен саясий оппозицияны жектеп, көз карандысыз медиага кысым жасоодо. Бул тууралуу эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) уюму билдирүүдө. Уюмдун 26-мартта жарыялаган “Басма сөз эркиндигинин индекси” баяндамасында Тажикстан 149унчу орунга жайгашкан.

RSF эксперттеринин пикиринде, Тажикстанда коопсуздук кызматкерлери тарабынан көз карандысыз журналисттерди коркутуп-үркүтүү адаттагы көрүнүшкө айланган. Бийлик дайыма социалдык түйүндөргө жана маалымат сайттарына бөгөт коюп турат. Баяндамада 2016-жылы бир нече басылмалардын жабылганы, өкмөт ММКлардын редакциялык саясаттарын көзөмөлдөөнү күчөткөнү айтылат.

Тажикстан Орусия, Беларус, Казакстан менен бирге “кызыл зонага” киргизилген.

Тажикстан бийлиги баяндаманын объективдүүлүгүнө ынанган жок. Парламенттин төмөнкү палатасынын маалымат комитетинин төрагасы Олим Салимзода баяндама өлкөдөгү чыныгы абалды чагылдырбай турганын билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда басма сөз эркиндиги – Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы.

“Чек арасыз кабарчылар” былтыр дагы Тажикстандагы көз карандысыз басылмаларга жасалган кысымды сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ферганада президент Мирзиёев менен жолукканы жаткан активист сабалды

26-апрелге караган түнү Ферганада эл аралык “Жалындуу жүрөктөр клубу” укук коргоо уюмунун 68 жаштагы активистти Исмаил Маллабаев сабалды.

– 26-апрелге караган түнү мага белгисиз адамдар кол салышты, алар мени башка жана бетке койгулашты. Мен Фергана шаардык “Тез жардам” кызматына чалууга аргасыз болдум. Дарыгерлер окуя болгон жерге милиция чакырышты. Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Кол салуу – менин кесиптик ишиме байланыштуу го деп ойлойм, – деди Исмаил Маллабаев.

26-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Фергана өрөөнүнө келмек.

Ферганадагы укук коргоо уюмунун активисти Исмаил Маллабаевге элдин үнүн президент Мирзиёевге жеткирүү жоопкерчилиги жүктөлгөн. Жергиликтүү тургундар электр жана газ менен камсыз кылуу кызматтарынын ишине, андан тышкары башка коммуналдык тейлөөлөрдүн начардыгына нааразы.

Кол салууга кабылганына карабай, активист президент менен жолугуу үчүн шаардык “Элдик кабылдама” бөлүмүнө барган. Бирок президент келген эмес. Чогулган элди башка жетекчилер кабыл алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өлкөдө эки телеканалдын ортосунда чыр чыкты

“Сентябрь” телеканалы КТРКны сотко бербей турган болду. Бул тууралуу  “Сентябрдын” башкаруучусу Кайыргүл Урумканова билдирди:

– Азыр медиа чөйрөдө абал жакшы эмес. Журналисттер айтчу нерсесин айтайын дейт, бирок эртең сотко берип салат деп коркот. КТРКнын башчысына “биз силерди сотко бербейбиз, бирок 19 мүнөттүк сюжет жасаптырсыңар, бизге деле эфир бергиле, биз да айтып берели же өзүбүздүн сюжетибизди берели” деп кат жөнөттүк. Кара көө жабылып келди. Башында журналист “тартып алышты” деп, ал эми эң аягында Абеков өзү “мен саттым 300 миң долларга” деп жатат. Бирок бизге саткан эмес, партнерлоруна сатыптыр да. Эгер партнеруна сатса, биз билбейбиз да.

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков соттошууга даяр экенин айтып, “Сентябрь” телеканалына өз позициясын билдирүүгө мүмкүнчүлүк көрсөтүү даярдалып жатканда эле берилгенин, бирок алар аны пайдаланбагынын айтууда:

– Соттошууга, сот, укук коргоо органдарынын алдында жооп берүүгө биз толук даярбыз. Себеби мен юрист катары да айта алам, ал жерде бир дагы сөз же сүйлөм мыйзамды бузбайт. Кабарчыбыз барып “көрсөткүлөчү, силердикиби же “АлиппеТВныкыбы”?” десе киргизген жок, көрсөткөн жок. Кайра шылдыңдап, мазактап кубалап чыгып, анан сыртка жөнөкөй кабарчыны чыгарып коюшкан. Ал “Бизде “АлиппеТВнын” жабдуусу жок” деп койду. Эгер жашыра турган эч нерсеси жок болсо эмнеге жетекчиси чыкпайт, аргументтерин, жабдуусун көрсөтпөйт? Көрсөтүп койсо ошону менен бүтөт эле да.

Жакында КТРКнын “Жумакайрык” көрсөтүүсүндө “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Алмаз Абековго караштуу болгон “Алиппе ТВ” билим берүү телеканалынын жабдуусу оппозициялык “Сентябрь” телеканалына алынган деген мазмундагы сюжет берилген. Бул үчүн канал жетекчилиги КТРКны сотко берерин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дача СУда жабыркагандарга 100 млн сомдон ашык каражат которулду

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына деп элден чогулган акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен алардын жеке банк эсептерине которулду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Чогулган акчанын жалпы суммасы 100 миллион 499 миң 300 сом.

Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, каражат ар бир жеке эсепке жабыркагандардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча которулду. Ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча түрдүү механизмдерге жол бербөө үчүн үй сатып алууга бөлүнгөн каражатты башкаруу мамлекеттик комиссиянын көзөмөлүндө калтырылды.

Мындан тышкары «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

Быйыл 16-январда Бишкектин “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына учак кулап, 39 өмүр кыйылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Талас шаарында  Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 31 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

Бүгүн 26-апрель күнү Талас шаарынын эс алуу паркындагы Баатырлар аллеясына орнотулган Чернобыль АЭСиндеги апаатты жоюуга катышкан жана андан радиоактивдүү нурлануу алып, айыккыс оорудан  кайтыш  болгон адамдарга арналып коюлган эстеликтин алдында Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 31 жылдыгына арналып митинг –реквием болуп өттү. Бул туурасында  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Митинг реквиемдин башталышында курман болгондорго арналып коюлган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, алардын жаркын элестери бир минута унчукпай туруу менен эскрилди. Чернобыль апаатын жоюуга катышкандардын жана митинг-реквиемге келишкен коомчулук өкүлдөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев сөз сүйлөп, мындан туура 31 жыл мурун 1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин аймагында жайгашкан Чернобыль Атомдук Электрстанциясынын төртүнчү энергоблогу күтүүсүздөн жарылып, чоң кыйроого учурагандыгын эскерүү иретинде айтып берди.  Адам тарыхындагы мына ушундай кырсыктын зыяндарын жоюуга ошол кездеги Советтер Союзунун бардык республикаларынан, анын ичинен Кыргызстандан дагы миңдеген    адамдар чакырылып, алар бул кырсыкты жоюуда чоң эрдик менен иштешишкен.

Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын маалыматына ылайык ошол кезде Талас облусунан жалпысы 101адам Мекендин чакырууcуна жооп кылып, өз ыктыярлары менен Чернобыль кырсыгын жоюуга жөнөп кетишкен.  Азыр  облус боюнча 58 адам эмгектенип, жашап жүрүшөт.  Мына ушул адамдарга бүгүн облустун коомчулугунун атынан сый-урматтар көрсөтүлүп, Талас шаардык мэриясы Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкан ардагерлерге 34 миң сом акчалай жардамдарды көрсөттү.

Ал эми облустагы Чернобыль коомдук бирикмесинин төрагасы Өмүрбек Чатаев жыл сайын чернобылчылар үчүн ушундай эскерүү митингин өткөрүп, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келишкен облус, шаар-райондук жетекчилерге терең ыраазылык билдирди.

 

Кыргыз-өзбек мамилелери жакшырып, жарандардын кирип-чыгуусу, соода-сатык алакалар жанданууда

Сыягы, азыркы кыргыз жана өзбек бийликтери эки өлкөнүн чейрек кылымдан бери чечилбей келаткан мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселесин аягына чыгат окшойт. Анткени Өзбекстандын Наманган шаарында 10-20-апрелде КРнын Өкмөтунүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы, Өкмөттүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылган өкмөттүк делегация Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги кеңешмесине катышты. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды. Айрыкча Ш.Мирзиёев президент болгондон бери кыргыз-өзбек мамилелери жакшырып, жарандардын кирип-чыгуусу, соода-сатык алакалар жанданууда. Эң негизгиси күн алыс чек арадагы атышуу, мал уурулук сыяктуу терс көрүнүштөр токтоду. Ошондой эле кыргыз президенти А.Атамбаевдин Ш.Мирзиёев алгач кабыл алган чет өлкөлүк президент болгондугу да жакшы жөрөлгөнун белгиси болгон. Жакын арада А.Атамбаевдин кайрадан Өзбекстанга расмий иш сапар менен барары айтылууда. Сыягы, бул ирет дал ушул такталган чек араларды биротоло демаркациялоо боюнча документке кол коюу башкы документ болот окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Жалал-Абадда Чернобыль апаатынын 31 жылдыгы белгиленди  

 

Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын 31 жылдыгы “Жеңиш” эс алуу багында белгиленди. Бул иш-чарага Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баштаган шаар жетекчилери, апааттын катышуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү катышышты. Апааттын кесепетинен курман болгондорго Куран окутулуп, бир мүнөт эскерүү жарыяланды. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, шаарда 1994-жылы 124 Чернобыль апаатына катышкандар болсо, бүгүнкү күндө алардын 24ү гана шаарыбызда жашайт. Жергиликтүү бийлик 2008-жылдан баштап апааттын кесепеттерин жоюуга катышкан ар бир кишиге 500 сомдон жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган.

Шаар жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү бул техногендик ири апаат тууралуу эскеришип, ага катышкан кыргызстандыктардын эрдикке тете аракеттерин жогору баалашты.Ошондой эле аларга жакшы каалоолорун билдиришти.

Эске сала кетсек, 1989-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунда жарылуу болуп, ага Кыргызстандан 4 миң 800 адам барып катышкан.

 

Карапайым эл ичинен президенттикке талапкер алып чыгууну көздөгөн "Хан Ордо - 7 ата" аталыгы ишин токтотту

“Хан Ордо – 7 ата” коомунун координатору Айтпай Абдыкадыровдун айтымында, 25 жылдан бери жашоодо эзилген, жумушсуздук айынан турмушу оңолбогон, жакындарынан күтүүсүз айрылган элдин тагдырын ойлоп, республикадагы аттуу-баштуу аксакалар ушундай кыймыл түзүү чечимине келген.

“Кытай философу Конфуций: “Бир жолу жасаганды дагы кайталасаң, аның бара-бара көнүмүшкө айланат. Көнүмүштү көбөйтсөң – аның адатка айланат.Адаттан мүнөз жаралат. Мүнөздөн тагдыр түптөлөт”,- деп кыргыз элине да айткан окшойт. Бирок, 25 жылдан бери акылдуунун сөзүн укпадык! Акылдуунун илимин албадык! Көздүүнүн артынан эрчибедик! Тескерисинче: шайлоо сайын куру убада, трактор бере салмай, жол оңдомой, бүтпөй калган курулушту бүтүрө салуу же тамак берүү жана таасирдүү адамдарга акча берүүлөр 25 жылдан бери адат болуп калды.
Ага да макул десек, элдин жашоо-турмушу оңолбой, туңгуюкка кептелип жатпайбы. Ошондуктан, карапайым эл ичинен мыкты азаматты тандап, президенттик кызматка шайлоодо анын талапкерлигин көрсөтүү аракетин жасаганбыз”,- дейт ал.

“Биз жумушубузду аягына чыгара алган жокпуз. Президентик шайлоого катышабыз деп “Хан ордо -7 ата” аталыкты түзүп жаткан учурда эле катышуучулар олку-солку болуу менен бир пикирге келбей, кээ бири жоопкерчиликтен четтешти. Апрель айында аталыктын жыйын өткөрүү планы ишке ашпай калды. Натыйжада 23-апрель 2017-жылы “Хан ордо-7 ата” аталыгы өз ишин токтотту”,- деп билдирди Айтпай мырза.

“Кыргыз эли 25 жыл эгемендик жылдарда кимдердин ким экенин аябай жакшы эле билип калышты. Бирок, “өңдү көрсө жүз таят” болбойлу. Акылдуунун тилин алып, көздүүнүн артынан эрчий турган убакыт келди. Тирүү туруп, угуп-көруп, убакытты текке кетирбейли!”-деп ураан чакырган кыймылдын өз ишин токтотушуна чынында эмне себеп болду? Же кайрале бийликтин кысымыбы? Же пулдуулар аксакалдарды азгырып, алдап же коркутуп чындап карапайым эл ичинен талапкер чыгышына каршылык кылыштыбы? Бул азырынча белгисиз, бирок, анын чоо-жайын иликтеп жатабыз.

Булак: “Майдан.kg”

“Маңкурт! Бузуку! Сасык” - ушу тапта мамлекет башчынын оозунан түшпөгөн сөздөрдүн чын мааниси кандай?

2017-жылдын 15-мартында президент А.Атамбаев чет өлкөлүк дипломапардын (Латвия, Индия, Эфиопия ж.б.) ишеним грамотасын алуу учурундагы салтанаттуу жолугушуусунда сөз сүйлөп, “маңкурттар!.. Эл бузарлар! Сасык”,- деген салыштырууларды келтирди. Президент А.Атамбаев КР Конституциясынын негизинде жана демократиянын прициптерине ылайык элдик шайлоо аркылуу президенттик кызматка келген. Ошол манкурт, эл бузар, сасык саясатчы – шайлоочулардын добушу аркылуу А.Атамбаев президенттик кызматты аркалап жатат. Эгерде ошол аталган маңкурттар, эл бузарлар, сасык саясатчылар болбогондо, А.Ш.Атамбаевди президенттик кызматка ким шайлайт эле (?) деген суроо туулат. Ал ортодо “Ата Мекендин” юристтери Атамбаевдин “сасык” деген сөзүн негиз тутуп, сотко кайрылган. Соттогулар КР Улуттук илимдер академиясына “сасык” деген сөздү чечмелөө үчүн кайрылышса, алар “муну чечмелеген адис жок”,- деп адамды кашайтып турат. Биз бул сөздөр эмнени туюндурат, ошого кайрылып көрдүк…

“Манкурт” деген ким?

“Маңкурт деген эс-акылдан ажыраган бир сөлөкөт: өзу ким, эл-жери кайда, ысымы ким, ата-энеси ким, кайда, качан чоңойгон, – эчтеме эсинде калбайт, эчтемени билбейт, кыскасы өзүн адам деп эсептебей калат. “Маңкурт” итке окшоп ээсин гана эрчип калат, ээсин гана тааныйт.

“…Адамдын адам болгон касиети жаралганда кошо жаралып, өлгөндө өзү менен кошо кетчү, айбандан айырмалап турган жалгыз касиети эс-акыл болсо, аны түп-тамыры менен жулуп салса, – бу не деген шумдук, андан көрө туткунду жүрөгүн өлтүрөр кыйноого салса же түз эле башын алып салса тигиге салыштырганда адилетчилик болбойбу. Бу шорго көбүнесе согушта колго түшкөн жаш жигиттер малынчу. Оболу жуңжаңдар туткундун чачын бир жолу оң, анан тескери кырып жылтыратат. Оболу төөнүн терисин калың, оор келген моюн терисин сыйрып ала коюп, аны устаралап кырып ийип, анан кеп кылып туткундун жалаң башына кийгизет. Шири ысык күнгө кургаган сайын кысып, туткундун үнү кудайга жетип, көзү чанагынан чыгып, тартпаган азапты тартат да, өлгөнү өлүп тынат, өлбөй калганы өткөн өмүрүн, ата-тегин такыр эстей алгыс маңкурт кул болуп кала берет….

– Отурчу, сүйлөшөлү,- деди Найман-Эне оор үшкүрүнүп.

Экөө бет маңдай отурушту.

– Мени тааныйсыңбы?- деди эне.

Маңкурт башын чайкады.

– Сенин атың ким ?

– Маңкурт,- деди ал.

– Сени азыр ошентип аташат. Мурдагы атың эсиңдеби? Чын атыңды эстечи?

Маңкурт тунжурайт….
– Жоламан! Уулум! – Уулум эмне болгон деп чочулаган Найман-Эне  үн салып баратты. Анан ээрде толгоно берди да… – Атпа! – деп кыйкырганга араң жарады. Акмаяны бура тартып бет маңдайлашууга үлгүрбөдү, ышкырып келген жебе сол колтугуна сайылды.

Өлтүрөр жебе ушул эле. Найман-Эне чоктук өркөчтү кучактап, ооп жыгылып баратты. Бирок башы жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, аба кайкып учуп чыкты. Жөн учпай, адамча үн салып учуп чыкты: “Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай!”. (“Кылым карытаар бир күн”, Ч.Айтматов).

Табиятта жана турмушта кыргыз эли оозеки жана жазма чыгармаларды угуп, окуп, тарбияланып жана балдарын тарбиялап келгени чындык. Айтылган сөз жана чыгармалар аркылуу эл өз турмушунда кыргыз каада-салтын, үрп-адатын мыйзамдарга шайкештирүү менен жашап келет.

Кыргыз улуту табиятта сөзгө баа бергендиги, сөзгө жыгып, сөзгө жыгылып, сөз баркын билгендиги менен коңшу өлкө элдеринен айырмаланып турат. Ошондуктан кыргыз улутунда оозеки чыгармалар ооздон-оозго өтүп, каада-салттын, үрп-адаттын түптөлүшүнө чоң өбөлгө түзгөн жана түзүп келет. Ошондо кимдин оозунан кимдин дарегине “маңкурттар”,- деп айтылбасын, ал төмөнкү түшүнүктү берет:

– биринчиден, “маңкурт” деген сөз айтылган чакта аны – өз тууган энесин өлтүргөндөргө теңеген десе болот;

-экинчиден, “маңкурт” деген сөз – бар болгон ою кара курсак, башка эч камы жок, бирөөлөрдү ээрчип калат дегендик;

– үчүнчүдөн, – “маңкурт” деген сөз – өзү ким, эл-жери кайда экенин, ысмы ким, ата-энеси ким, кайда экенин билбегендик;

-төртүнчүдөн, “маңкурт” – адамдык касиети жок, эс-акылынан ажыраган, айбандан айырмасы жок – макулук.

Кыргыз эли: “кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт”,- деп бекеринен айтпаган чыгаар. Африка өлкөлөрүндөгү жылаңач жашаган аборигендер дагы эле адам этин жешкени боюнча тележурналистер айтышат, эми мындан ары дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөн кыргыз журтунда “маңкурттар” бар экенин тележурналисттер сөз козгосо ким күнөөлүү болот?

“Эл бузарлар” ким?

“Эл бузар” деген сөздүн мааниси – азгыруу, эликтирүү, жолдон чыгаруу жана ыплас аракеттерге барууну түшүндүрөт. “Букардын каны Темиркан бузулган кызын тыйсачы”,- деп айтылган сөздө да бир мандем бар. Педофилдерди, баччаваздарды, денесин саткан аял затын эми кантап атайбыз?

Журт бузар!- деди (Бекназарга карата) Абил бий калчылдап…

– Ушул журт бузганбы, паңсат аке? Жок! Мен алаканда турган акыбалды айттым. Бөөдө өлүмдөн жигиттердин башын арачаладым” (“Сынган кылыч” романы, Т.Касымбеков).

Демек, “эл бузар” деген сөздү ошондой жагдайда эч ким айткан эмес экен.

1990-жылдардагы Өзгөн, Ош тополоңу жана 2010-жылдагы Ош окуясындагы улуттар арасындагы жаңжал, канчалаган адам өлүмү менен коштолсо да “эл бузарлар” деген сөз термини колдонулган эмес эле.

Эл бузарлар (журналистер, саясатчылар, коомдук ишмерер) кыргыз элинин жашоосуна ушунчалык коркунуч жаратып, жамандыкты жаратып жатышабы (?) деген суроо туулат.

Саясатчылар, журналисттер А.Атамбаевдин 2,7 га Максим Бакиевге тийиштүү жер тилкесин сатып алганы, “16-январдагы самолеттогу жүк хан айымдыкыбы?”- деген суроолор, Дача СУ жеринде адамдар күтүүсүз каза болсо да президенттин апат болгон жерге барбагандыгы же телеберүүдөн элге кайрылуу жасабагандыгы боюнча жана шоопурларынын жогорку кызматка дайындалышы ж.б. боюнча маалыматты таркатканы чындык. Ошондой эле айыл өкмөттөрдүн башчылары да СДПК партиясынан экени айтылууда.

Бул жагдайда “эл бузарлар” деген сөздүн айтылышы – “күн тийсе мага гана тийсин, баарын жеке гана мен көрөйүн, байлык топтолсо мага топтолсун, бүт эл мага гана карасын”- деген ойлору бар адамдын сөзү деп эсептесе болобу? Ошондой эле экинчи жакты кемсинтүү жана каралоо максатында айтылчу кеп да. Кыргыз тилинде “бузуку” жана “ыплас” сөзү синоним сөздөр.

“Сасык” деген сездүн мааниси кандай?

Тээ атам замандан бери эле кыргыз элинде “сасык” деген сөз адам чычканда -түшкөн бокко айтылып келген. Колунан эчтеке келбей же бирдеке жасай албай калган адамды да бокко теңешкен.

Ал эми табиятта башка нерселерден бөлүнгөндү искесек – “жыт” деп айтылат. Ошондуктан ал сөз – эне жыты, бала жыты, гүл жыты, тамак жыты, чириген нерсенин жыты, түтүндун жыты ж.б. айтылат. Кыргыз тилинде “сасык”, “бок” деген сөз айтылышы ар башка, бирок мааниси бирдей синоним сөздөр.
XXX

Илгертен элибиз “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө”- деп айтат. Ошондуктан, ким болсок да, бир нерсе дээрдин алдында кебибизди таразалап, салмактап сүйлөгөндү үйрөнсөк…

Булак: “Майдан.kg”

Фото - Чубак ажы Жалиов Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Өзгөн районуна болгон сапарынын алкагында Өзгөн шаарындагы “Топанса Отунбу” атындагы борбордук мечитинде жалпы райондун эли менен жолугушту. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Аталган жолугушууга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана райондун аймактарынан келген жашоочулар катышышты. Жолугушууда Чубак ажы Жалилов “Фитна” темасында баян жасап, илимий сабак өтүп берди.

Ал өз сабагында фитнанын бардык күнөөлөргө себеп болуучу, дүйнөдөгү эң чоң көйгөй экендигин белгилеп, жалпы коомчулукту учурдагы ар түрдүү ушак-айыңдардан жана түрдүү азгырыктардан оолак болууга чакырды. Ошондой эле туура эмес маалымат алып, фитнанын азгырыгына ишенип Сирия курмандыктарына айланган жарандарды мисал келтирип,  ар бир ата-эне балдардын интернеттен туура эмес маалыматтарды алуусун көзөмөлдөп, динди үйрөтүүдө расмий мечит имамдарына кайрылуу керектигин билдирди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө катышуучулар тарабынан берилген бардык суроолорго кеңири токтолуп, Ислам шариятынын негизинде жоопторду берди.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов Өзгөн районуна болгон сапарынын алкагында райондук акимчиликте өткөн “Радикализм Исламдан эмес” аттуу иш-чарага да катышкан болчу.

 

Меню