Menu

КООМ

Чернобыль апаатынын катышуучулары медициналык жардамдын күчөтүлүшүн талап кылышат

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү Чернобыль апаатынын катышуучуларына карата медициналык жардамды күчөтүшү зарыл. Мындай пикирин Чернобыль апаатына катышкандардын Жалал-Абад шаарындагы биримдигинин төрагасы Мамазакир Мадияров билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, 1994-жылы Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандардын саны 126 киши болгон. Азыр алардын 1,2,3-топтогу майыптык алган 24ү гана шаарда жүрүшөт. Калгандары ар кайсы себептерге байланыштуу башка аймактарга кетишкен жана айрымдары Чернобылда алган нурлануудан улам көз жумушкан.

Албетте, мамлекет тарабынан компенсациялар, пенсиялар берилип турат, андан тышкары дарыланууга да жеңилдиктер берилет. Бирок, ал көрсөтүлүп жаткан жардам аздык кылат

-Бул апааттын кесепеттерин жоюуга катышкандардын баары 1,2,3-топтогу майыптар, ден-соолуктарын жоготушкан. Жылына дарыланып турууга мажбур болушат. Ал эми алган пенсия, компенсациялар кеткен чыгымдарды жабууга жетпейт. Нурлануудан улам алган дарт укумдан-тукумга өтүп, алардын балдары да медициналык мекемелерде каттоодо турушат. Ошондуктан, мамлекет аларга медициналык жактан жардамды, алардын балдарына да камкордукту күчөтүшү керек, – дейт ал.

 

В Бишкеке прошло совещание по обеспечению безопасности детей

В мэрии города Бишкек под председательством мэра Албека Ибраимова  состоялось совещание по обеспечению безопасности детей.

Во время совещания представитель УПМ города Бишкек проинформировал участников совещания о причинах произошедшего ДТП в котором пострадали школьники. В данное время проводятся все необходимые  следственные мероприятия.

Заслушав информацию, Албек Ибраимов поручил УПМ города Бишкек  провести разъяснительную работу среди населения  по вопросу соблюдения  ПДД, а также мероприятия для учащихся образовательных организаций столицы по безопасности и разработать план регулирования деятельности такси микроавтобусов.

В данное время мэрией города Бишкек уже осуществляется комплекс мер по обеспечению безопасности, охраны жизни и здоровья детей в образовательных организациях.

На совещании приняли участие вице-мэр Бишкека Айгуль Рыскулова, начальник управления образования Сауле Мейрманова, начальник управления городского транспорта Болот Мамышев, заместитель начальника  ГУВД города Бишкек Аскат Султаналиев, начальник УПМ Талант Барпиев и директоры центров районного образования.

Жалал-Абадда сармерденге катышкан жигиттерди кыздар тобу жеңип алды

Жалал-Абад шаарыдык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардагы Маданият техникумунда өнөр кесибин аркалаган жаштар арасында «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата кыз-жигиттердин сармердени уюштурулуп, анда кыздар тобу жигиттерди артта калтырышты. Бул туурлуу аталган окуу жайдын окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Токторалы Шеримбетов билдирди.

Анын айтымында, окуу жайда мындай маданий иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турат. Маданий руханий байлыкты жайылтууну колго алуу, улуттук өнөрдү жашар арасында кеңири жайылтуу максатын көздөгөн бул иш-чара жалпы техникумдун жамаатынын купулуна толду.

-Кыз-жигиттер эки тарап болуп, тамаша сөздөр менен айтышып, кыргыздын макал-ылакаптарын, обондуу ырларды, түрдүү күүлөрдү музыкалык аспаптарда кол ойното аткарышып, кызыктуу жанылмачтар аркылуу тамашып, улуттук бийлерди бийлешти. Алардын кийген улуттук кийимдери өзгөчөлөнүп, аткаруучулук чеберчилиги калыстар тобу тарабынан бааланды жана алдыңкы орунга таймашка катышкан кыздардын тобу чыгышты, – дейт ал.

Маданият техникумдагы «Социалдык маданий ишмердүүлүктү уюштуруу» бөлүмү тарабынан алдыда дагы да бир топ кызыктуу маданий иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып жатышат.

Балдарды мектепке эмес, согушка жөнөтүп жаткандай коркунучту кантип жоюуга болот?

Акыркы мезгилде реслубликабыздын аймагында жол-транспорт кырсыктары көп катталып, алардын көпчүлүгү адам өлүмү менен аяктоодо. Статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда өлкөбүздө орточо күн сайын 3-4 адам жол кырсыктарынан каза болууда же майып болуп калууда. Бул согуш учурундагы адам өмүрүнүн кыйылышына барабар. Эмне үчүн тынч мезгилде эле эч кандай курал-жарактан атылган октон же террордук актыдан эмес (андайдын бетин ары кылсын), жолдо баратып же кесилиштерден өтүп бараткан адамдардын өмүрү жалп этип өчүп калууда?

ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Иманалы Саркуловдун айтуусунда, Кыргызстандагы 86% жол-транспорт кырсыктары айдоочулардын күнөөсүнөн болот экен. Бул сандан 42% авариялар жогорку ылдамдыкта айдоодон болгон. 20,1% – жолдо жүрүү эрежесин бузуу жана туура эмес автомашина айдоо, 14%ы каршылаш жолго чыга калуу жана 8,6%ы мас абалында машина айдаган айдоочулардын күнөөсүнөн болууда. Өткөн жумада эле Бишкектин №74 мектебинин тушунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү кесилиштен “Мерседес” маркасындагы автомашина эки окуучуну басып кетип, алар экөөсү тең оор абалда ооруканага жеткирилип жана бирөөсү азыр кома абалында жатат. Баарынан кызыгы, ошол эки окуучуну басып кеткен айдоочу мындан эки жыл мурда да машина менен бир адамды басып кетип, өмүрүн кыйып, кайра эле ошол кесепетти жасап отурат. Демек, бул ирет да кырсык болгон жерден качып кеткен отуз жаштардагы айдоочу мыйзамга ылайык жазасын албай, укук коргоо, сот органдары “гумандуулук” мамиле жасаган.

Ошондой эле Бишкек-Торугарт жолунун Кемин районунун аймагында эки жуманын аралыгында эки ирет ири жол кырсыгы катталып, анда биринчи учурда үч машина кагылышып, 6, экинчи ирет да үч машина кагылышып, 5 адамдын өмүрүнүн кыйылышы, бул трассада каршылаш жолдордун ортосун бөлүп турган тосмонун жоктугунан болуп жаткандыгын айгинелейт.

Жол-транспорт кырсыктарынын көп катталып жатышы мамлекеттик деңгээлге чейин чыгып, 25-апрелде парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде бул маселе каралды. Анда депутаттар өкмөттүн жол коопсуздук эрежелери жана Бишкек, Ош шаарларынын көчөлөрүнө программалык-аппараттык видеобайкоо комплексин, фото жана видеофиксация орнотуу боюнча жасап жаткан иштери тууралуу отчетун укту.

Жол-транспорт кырсыктарын азайтуу маселеси парламентте өткөн жылы 21-декабрда да каралып, аракеттеги мыйзамдар жол кырсыктарын кыскартууга таасир эте албай аткандыгы белгиленген. Мындан улам мас абалында транспорт каражаттарын башкаргандыгы үчүн жазаны олуттуу күчтөндүрүүнүн зарылчылыгы жаралган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору жолдордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында даярдалган жана жол-транспорт кырсыктарынын санын төмөндөтүүнүн, анын ичинде алкоголдук, баңги заттык же башка мас абалында ден-соолукка ар кандай деңгээлдеги зыян алып келген транспорт каражаттарын башкарган адамдардын катышуусун азайтуунун зарылчылыгынан келип чыккан.

Алкоголдук, баңгизаттык же башкача мас абалында кайталап транспортту башкаргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликтин ордуна жазык жоопкерчилигин кароо сунуш кылынган жана беш жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен жүз саат мөөнөтүндө коомдук ишке тартуу түрүндөгү негизги жаза менен бирге ошол адам башкарган транспорт каражатын конфискациялоо да сунуш кылынган.

Мындан тышкары, КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жазанын жаңы түрүн- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан өмүр бою ажыратуу жазасын киргизүү сунушталып жатат.

Мындан тышкары, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске өздөрүнүн кызмат абалдарын аткарбагандыгы же толук өлчөмдө аткарбагандыгы үчүн кайгуул милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган жаңы берене киргизилүүдө.

Көпчүлүк депутаттар арасында мас абалында автоунаа кырсыгына себепкер болгон адам бир жыл ичиндеги 2 ирет мас абалында кырсыгы эсептелеби же деги эле 2 ирет кайталоосу саналабы деген суроолор жаралып, сунушталган жазалар өтө кескин эмеспи (?) деген пикирлерин ортого салышкан. Ошону менен катар жолдо мас абалындагы
жарандар өздөрү унаага урунган учурлар, эгер мас абалындагы айдоочуну кармап, кайра коё берип жиберген жагдай боюнча дагы маселелер бар экендиги белгиленген.

Ушул жумада Бишкектин тургундары да борбор калаанын жолдорундагы абалга тынчсыздануусун билдиришти. Жарандык активист Назира Бейшеналиева өткөн апта соңунда Бишкекте окуучулар кабылган жол кырсыгы катталганын, анда балдарды эки тарапка чачырата сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткенин айтты.

Акыры ал кармалып, эки жыл мурун дагы адамды сүзүп, өлтүрүп алганы маалым болгон. Мындан улам активисттер буга карата чара көрүү керектигин билдирип чыгышкан. “Балдарыбыз мектепке баратканда согушка жөнөткөндөй болуп коркуп отурабыз. Биз тиешелүү ишкана өкүлдөрү менен сүйлөштүк. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга жарым жыл убакыт кетет экен. Жол эрежеси катуу көзөмөлгө алынбагандыктан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат. Буга бийлик тез арада чара көрүшү керек”,- деди Бейшеналиева.

Ошондой эле алар видеокөзөмөл орнотуп, Кайгуул милициясынын ишмердүүлүгүн күчөтүп, айдоочулук күбөлүктү татыктууларга берүү жана жол кырсыктары үчүн чиновниктердин жоопкерчиликти күчөтүү керектигин белгилешет. Активистер билдиргендей, өткөн жыл ичинде эле 128 бала жол кырсыктан каза болгон. Ошондой эле мындай кырсыктардан жабыркаган балдардын саны бир жыл ичинде 10 пайызга көбөйгөн! Жыл сайын 1000-1200 кыргызстандык жолдон ажал табууда.

Ленин райондук соту 22-апрелде эки окуучуну коюп кеткен айдоочу Мирлан Ажибековду №1 тергөө абагына эки айга камоо боюнча чечим чыгарды. Учурда кырсыкты иликтөө-тергөө иштерин Ленин райондук милициясы жүрүзүүдө. 29 жаштагы Мирлан Ажибеков 21-апрелде Бишкекте эки окуучу баланы коюп кеткен деп шектелүүдө. Эске салсак, 21-апрелде Бишкекте №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Алар жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратып, кырсыкка кабылышкан. Унаанын айдоочусу качып кетип, кечке жуук кармалган.

Бирок ички иштер министрлиги бир нече жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну кечеңдетүүдө. Анын себеби эмне? Болгону ири трассаларга видеокамера орнотуп коюунун канчалык кыйынчылыгы бар? Балким, ал адам факторуна, камералар орнотулса, жолдордо ЖКК инспекторлору болбой, алар “шабашка” иштей албай каларына такалбайбы?!

Булак: “Майдан.kg” 

Жогорку Кеңеште коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн айыппул өлчөмүн жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеӊеште коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн жогорулатууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Музаффар Исаков, Альфия Самигуллина, Махабат Мавлянова, Евгения Строкова. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутаттар тобу коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн көбөйтүүдөн сырткары, тамекинин сатык баасын көтөрүү демилгесин да көтөрүүдө. «Тамекинин наркы кымбат болсо, анда аны балдар сатып алалбайт. Эгерде баа 40 сомго көтөрүлсө, бери дегенде бюджетке кошумча 196 млн сом түшөт», – дейт депутат Дастан Бекешев.

Ал үчүн КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Андан сырткары, тармактык комитеттин сунушу менен добушка эки вариант коюлуп жатканы белгилүү болду: коомдук жайларда таптакыр тыюу салуу же тамекини атайын жайларда чегүү.

Депутат Акылбек Жапаров тамеки чеккенге таптакыр тыюу салып, айыппулду кескин көтөргөнгө караганда, андай адамдарга коомдук жайларда атайын шарт түзүп берүү кыйла натыйжалуу болорун, бул бойдон мыйзамдын толук иштеп кетишинен күнөм санай турганын билдирди. Мындай пикирге баяндамачы да кошулуп, атайын кабина уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Альфия Самигуллина мыйзам долбоорундагы «тамеки чегүү» деген сөздү жалпылаштырып эле «тамеки пайдалануу» деген сөз менен ашмаштырууну сунуштап, ошондо сөз мааниси так болорун айткан. Анын пикиринде тамекини пайдалануунун көп түрү бар: «тамеки чегүү», «насвай тартуу», «тамеки чайноо», «тамеки жыттоо» ж.б.у.с.

Чернобыль апаатынын катышуучулары медициналык жардамдын күчөтүлүшүн талап кылышат

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү Чернобыль апаатынын катышуучуларына карата медициналык жардамды күчөтүшү зарыл. Мындай пикирин Чернобыль апаатына катышкандардын Жалал-Абад шаарындагы биримдигинин төрагасы Мамазакир Мадияров билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, 1994-жылы Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандардын саны 126 киши болгон. Азыр алардын 1,2,3-топтогу майыптык алган 24ү гана шаарда жүрүшөт. Калгандары ар кайсы себептерге байланыштуу башка аймактарга кетишкен жана айрымдары Чернобылда алган нурлануудан улам көз жумушкан.

Албетте, мамлекет тарабынан компенсациялар, пенсиялар берилип турат, андан тышкары дарыланууга да жеңилдиктер берилет. Бирок, ал көрсөтүлүп жаткан жардам аздык кылат

-Бул апааттын кесепеттерин жоюуга катышкандардын баары 1,2,3-топтогу майыптар, ден-соолуктарын жоготушкан. Жылына дарыланып турууга мажбур болушат. Ал эми алган пенсия, компенсациялар кеткен чыгымдарды жабууга жетпейт. Нурлануудан улам алган дарт укумдан-тукумга өтүп, алардын балдары да медициналык мекемелерде каттоодо турушат. Ошондуктан, мамлекет аларга медициналык жактан жардамды, алардын балдарына да камкордукту күчөтүшү керек, – дейт ал.

 

Кыргызстанда 647 согуштун ардагери калды

Кыргызстанда 1-апрелге карата Улуу Ата Мекендик согуштун 647 эле ардагер калганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жар салды. Алардын ичинен майыптары 176, концлагерде туткунда болгондор 25, Ленинград блокадасына- катышкандар 28 экен. Ал эми эмгектин ардагерлеринин саны 3164. Ардагерлер 2010-жылдан бери акчалай компенсация катары 7000 сом алып келишет. Тылдын ардагерлери болгону 2000 сом алышат. Ал эми Ленинград блокадасына катышкандар, туткунда калгандарга 2010-жылдан бери 1000 мин сом төлөнүп келет. Быйыл бийлик ардагерлерибизге кандай белек берип кубантаары белгисиз. Ал эми өзбек президенти ар бир ардагерге 500 доллар жана өкмөт эсебинен ажылыкка алып барып келүүнү убада кылган.

Булак: “Фабула”

Бүгүн Талас шаарында чек арачыларга курулуучу үйдүн жер пайына капсула салынды

Бүгүн 25-апрель күнү Талас шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусундагы чек ара башкармалыгынын кызматкерлери үчүн курула турган 24 батирлүү үйдүн жерпайын түптөө жана ага  капсула салуу аземи болду. Бул тууралуу Мухамеджан Суранчиев – Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы мааымдады.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев жана Талас облусунун чек ара кызматчылары катышышты.

Облус жетекчиси Дайыр Кенекеев   өз куттуктоо сөзүндө эгемендүү эркин өлкөбүздүн чек араларын кыраакылык менен кайтарып, анын коопсуздугун камсыз кылууга зор салым кошуп жаткан чек арачыларга Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Өкмөтү тарабынан   көп көңүл бурулуп,   жакшы эмгектик шарттарды түзүү боюнча бардык аракеттер жасалып жаткандыгын белгилеп кетти.  Тактап айтканда, Талас районунун Көк-Ой айылында чек арачылар үчүн заманбап казарма, штаб курулуп, “Арал”, “Сатыкей” чек ара заставалары үчүн дагы жакшынакай шарттар түзүлгөн. Мына ушундай демилгелүү  иштер дагы улана бермекчи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү курулушу башталып жаткан 24 батирлүү үйдү куруу укугун  Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен “БИОР” курулуш өндүрүштүк компаниясы утуп алып, ушул компания бардык курулуш иштерин аткарууга киришти. Бул курулуштун жалпы сметалык баасы 46 млн.760 миң сом турат.    Талас шаарынын борбордук бөлүгүндө  бүгүн башталган 24 батирлүү үйдүн курулушу быйыл күздө 1-октябрга карата бүткөрүлүп пайдаланууга берилмекчи.

Жетимиштеги элеттик акын Салкын Нуркулованын 5-китеби чыкты

Жетимиш жашты багынткан көп кырдуу элеттик таланттуу акын жана жазуучу Салкын Нуркулова айтылуу табияты кайталангыс кооз келген Арстанбапка улагалаш жайгашкан Жапаш айылында туулуп өскөн. Отуз жылдан ашуун мектепте иштеп, келечек жаш муундарга башталгыч класстын мугалими катары таалим-тарбия берди. Элеттик талант Салкын Нуркулова 70 жаш курагында ырлар, тамсилдер, драма жана дастандарды камтыган 5 китептин автору болуп калды.

    Сейил Аталиева жетектеген Жалал-Абад облустук китепканасынын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Салкын Нуркулованын чыгармачылык кечеси өткөрүлдү. Бул туурасында Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кечеге облустун аймагында жашап иштеген акын-жазуучулар жана поэзияны аздектеп сүйгөн окурмандар катышты. Облустук китепкананын окурмандарды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Айзада Кабирова кеченин катышуучуларына Салкын Нуркулованын чыгармачылыгы туурасында кеңири баяндама жасады. Ал эми мектеп окуучулары болсо Салкын Нуркулованын ырларынан көркөм окууларды аткарышты.

Базар-Коргон районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Акимбек Нуралиев райондун жетекчилеринин куттуктоосун жеткирип, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасын тапшырды.

– Салкын Нуркулова уникалдуу өзгөчө талант. Отуз жылдан ашуун мектепте башталгыч класстардын мугалими катары татыктуу эмгек өтөп, эмгек ардагери татыктуу наамына арзыган. Боордош казак элинин “Кызжибек” дастанын араб тилинен кыргызчага жогорку чеберчиликте которууга жетишкен. Салкын эже чыгармачыл инсандардын башын бириктирген “Эргүү” чыгармачылык коомдук бирикмесинин мүчөсү,- дейт Жалал-Абад облустук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана журналист Самидин Стамбеков.

Кеченин соңунда акын жана жазуучу Салкын Нуркулова талантын урматтап келгендерге терең ыраазычылыгын билдирди. Элеттик талант ээси Салкын Нуркулова Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, облустук “Эргүү” коомдук чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү. Жетимишти таянган элеттик акын жана жазуучу азыр дагы чыгармачылыктын үстүндө изденүү менен талбай эмгектенип келүүдө.

Борьба с нарушителями санитарных норм и благоустройства столицы продолжается

При проведении очередного объезда по санитарному состоянию города инспекторами СЭИ (Санитарно-экологической инспекции) столичной мэрии было установлено, что прилегающая территория стоматологии «Гигиея» по ул. Ибраимова №29 находится в антисанитарном состоянии. Об этом сообщает пресс-служба мэрии г. Бишкек.

Инспектором СЭИ был составлен протокол в отношении владельца Аманбаевой Д.А. по ст.488  Кодекса КР «Об административной ответственности» и направлендля дальнейшего рассмотрения в административную комиссию Свердловского района.

 
Меню