Menu

КООМ

Өкмөт бөлгөн жана элден түшкөн каражат Дача-Су айылында кырсыктаган жарандарга кандай шарттар менен бөлүнүп берилгени туура?

Рита Борбукеева, мамлекеттик ызматкер:

“КӨП КАБАТТУУ ҮЙ БОЛГОНДО ЖЕР МАСЕЛЕСИ ДА БОЛМОК ЭМЕС”

– Дача-СУ айылында жабыр тарткандарга өкмөт көп кабаттуу үй берсе жакшы болмок. Башка жактан издебей, жер маселеси дагы чечилмек. Ушундай шартта гана проблема өзүнөн-өзү оңой чечилмек.

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты:

“ӨКМӨТТҮН АДИЛЕТТҮҮ ЧЕЧИМИН КҮТӨМ”

– Бул маселени өкмөт чечиш керек! Өкмөт ар тараптуу, адилеттүү чечишин талап кылам!!! Депутаттар бул маселени толугу менен өкмөткө бериш керек деп эсептеймин! Анткени өкмөт башынан Дача-СУнун маселелерин билишет. Участкалардын кандай статусу бар, ким жерге муктаж, мектеп жана бала бакчалардын маселелери жана башка маселелердин бардыгы аларга айкын. Айрымдары батирде турушат, айрымдардын башка көйгөйлөрү бар. Бул жагын карап чыгуу керек. Өкмөттүн адилеттүү чечими болот деп мен ишенем.

Абдималик Эламанов, Жалал-Абад шаарынын экс 1-вице мэри:

“АР БИР ЖАРАНГА МОРАЛДЫК КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨНҮП БЕРИЛҮҮСҮ ШАРТ

– Ош окуясы болуп өткөндө 1 миллиондон каза болгондорго төлөнүп берилип, үй-жай менен камсыз болгон эле. Бул Дача-СУдагы кырсык боюнча ошол айылда жашаган ар бир жаранга моралдык компенсация төлөнүп берилүүсү шарт, кандайдыр бир деңгээлде баары азапка батты, коркту жана коркунучта жашап, дагы деле тынч уйку жок… Ошондуктан ар бир үй-бүлөгө 1млн. сом төлөп, үй маселесин чечсе калкка жардам болмок. Ал эми үй-бүлөсү жабыр тартып курман болгондорго күнөөлүү тарап 100 миң доллардан төлөп берүүсүн талап кылуу керек жана учууга тыюу салуу зарыл.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

“МЕН БИЙЛИК БАШЧЫ БОЛСОМ ЖЕР ТААП, КӨП КАБАТТУУ ҮЙ САЛДЫРЫП БЕРМЕКМИН”

– Мен бийлик башчы болсом жер таап, көп кабаттуу үй салдырып бермекмин. Ошондо эл да шарт түзүлдү, маселе чечилди деп ыраазы болушмак.

Калк-Аман Бердибаев, укук коргоочу:

“АЛАР КҮНӨӨСҮЗ ЖАБЫР ТАРТКАНДАР”

– Каражат негизинен 3 багытта конкреттүү категориялар менен каралышы керек. Биринчиден, үй-бүлө мүчөсүн жоготуу үчүн компенсация;

Экинчиден, баш калкалоочу турак-жай маселесине. Ал эми үчүнчүдөн, ден соолук маселеси. Кырсыктан жабыркаган, ден соолугуна залал келтиргендерге өзүнчө каралашыш керек.

Ар бир багыт боюнча өкмөт каражат бөлүп берүүгө милдеттүү. Анткени алар күнөөсүз эле жабыр тартышты. Билет алып, самолетко өздөрү жанын тобокел кылган жок.

Ренат Самудинов, активист:

‘БААРЫ АЧЫК-АЙКЫН БОЛУШ КЕРЕК. ТВдан, ГЕЗИТТЕРДЕН АЧЫК ОТЧЕТУН БЕРИП ТУРУШУ КЕРЕК”

– Дача-СУга өкмөттөн да көп каражатты элдер чогултту. Анан ошол чогулган суммадан кээ бир атка минерлер өөнөп калалы деген сөздөр тарап жатат. Мага ошол Дача-СУдан бир эже келип: “Бөлүнүп жаткан каражаттын жарымын бизге берсеңер тизмеге кийиребиз, бербесеңер ар кандай шылтоо менен чийип салабыз” – дегендерди айтып берди. Ошондой сөздөр тарап жатканда, бийлик тарап ачык-айкындык үчүн комиссия түзүп, ал комиссиянын катарына жерги-иктүү Дача-СУнун тургундарынан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана бийликтин өкүлдөрүнөн түзүш керек. Анан баары ачык-айкын болуш керек. ТВдан, гезитгерден ачык отчетун берип турушу керек. Антпесе дагы туура эмес сөздөр тарай берет. Бийликке болгон ишеним азая берет.

Булак: “Фабула”

Таанымал илимпоз жана коомдук ишмер айым, саясий илимдердин доктору, профессор Гүлмира Мамбеталиева дүйнө салды

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелде таңга маал таанымал илимпоз жана коомдук ишмер айым, саясий илимдердин доктору, профессор, “Дордой” ассоцациясынын вице-президенти, меценат Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева узакка созулган оорунун айынан дүйнө салды. Бул тууралуу журналист Кабыл Макешов редакцияга маалымдады.

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева 1956-жылы 29-январда Бишкек шаарында  көрүнүктүү журналист Сулайман Мамбеталиевдин үй-бүлөсүндө туулган. Нарын шаарындагы № 2 Чкалов атындагы орто мектепти аяктаган.

Гүлмира Сулаймановна 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин “Тарых жана коом таануу” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

Ал эмгек ишмердүүлүгүн 1978-жылдын март айында Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде улуу илимий кызматкерликти аркалоо менен баштаган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун философия жана илимий коммунизм кафедрасында илимий жана окутуучулук ишке киришкен. 1984-1987-жылдары Кыргыз ССРинин ИАсынын философия жана укук таануу институтунун аспирантурасын  ийгиликтүү аяктаган. Андан соң К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун философия кафедрасында ага окутуучу болуп эмгектенген.

1996-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИАсынын) философия жана укук таануу институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1999-жылы “Оптималдаштыруу өнүгүп келе жаткан түшүнүк катары: логикалык-гносеологиялык анализ” темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, философия илимдеринин кандидаты даражасын алган.

2001–2008-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин “Тарых жана социалдык дисциплиналар” кафедрасында доцент болуп эмгектенген. 2006-жылдын январынан 2009-жылдын январына чейин КР УИАсынын философия жана укук таануу институтунун саясат таануу бөлүмүнүн изденүүчүсү болуп бекитилген.

2008-жылдын октябрь айынан бери дүйнөдөн өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын “Дүйнөлүк саясат жана эл аралык мамилелер” кафедрасында эмгектенип келди.

2009-жылы Г.С.Мамбеталиева «Улуттардын Шериктештиги азиялык мүчө-өлкөлөрдөгү саясий процесстердин фактору катары» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, саясат таануу илимдеринин доктору даражасына ээ болгон. 2016-жылы 24-ноябрда “саясат таануу адистиги боюнча профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде – 5тен ашуун монографиянын жана жогооку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Глобалдаштыруу контекстиндеги оптималдаштыруунун феномени”, “Улуттар Шериктештиги мүчө-өлкөлөрдүн саясий процесстеринин фактору катары: Азиялык өлчөм”, ошондой эле Индия, Египет, Кувейт, Монголия, Орусия, Казакстан ж.б. мамлекеттердин илимий жана саясий журналдарында басылып чыгарылган илимий макалалар бар. Ал калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган.  Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы – оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.

2001-жылдан бери ал Нарын шаарындагы “АS” Көркөм өнөр галереясын жетектеп келген эле. Аталган галереяда жергиликтүү кыл калемчилеринен тышкары АКШ, Франция жана Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулуп келген.

2002-жылдан бери «Бал таттуу» коомдук уюмунун жетекчиси болуп келген. Таланттуу жаштарга өзгөчө көңүл бурат: анын демилгеси жана меценаттык демөөрчүлүгү менен 20 жылдан бери жыл сайын мектеп окуучулары үчүн жаш таланттардын “Жаш таланттар” облустук жана “Мен – жылдыз” республикалык кароо сынактары жана фестивалдары өткөрүлүп келген. Бул конкурстун жеңүүчүлөрү, жаш таланттар анын колдоосу менен Австралия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн эл аралык чыгармачылык конкурстарына катышууга мүмкүнчүлүк алышып, Гран-при жана башка байгелүү орундарды ээлешкен.

2006-жылдан тартып ал кыргыз айымдарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу этнограф Какен Мамбеталиева атындагы Эл аралык коомдук фондду түзүп жана ырааттуу жетекчиси катары иштеп келди. Бул фонд Кыргызстандагы жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги этномаданий жана этносоциалдык процесстердин көйгөйлөрү, Борбордук Азиядагы көп этностук коомдун маселелери боюнча бир республикалык жана эки эл аралык конференцияларды уюштурган жана алардын материалдарын бир нече китеп кылып жарыялаган. Аталган фонд таланттуу окумуштуу, педагог К.Мамбеталиеванын илимий мурасын сактоо, коомдук тармактардагы изилдөөчүлөргө кайрымдуулук колдоо көрсөтүү, тектеш коомдук илимдерге, анын ичинде этнография, антропология, тарых жана башка тармактардын ич ара тыгыз байланышын чыңдоо максаттарында ар тараптуу иштер аткарып келди.

Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева “Жыл тандоосу – 2005” конкурсунун “Жылдын меценаты” номинациясынын лауреаты болгон. Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2006-ж., 2009-ж.). Ал ошондой эле Мустафа Кемал (Ататүрк) Эл аралык илимий жана маданий кайрымдуулук фондунун сыйлыгынын лауреаты – Ардак грамотанын жана алтын медалынын ээси (2006-ж.) болгон. Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2006-ж. Бишкек мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 2006-ж. КРнын Маданият министрлигинин “КРнын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси жана 2012-ж. КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2014-ж. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Нарын облусунун (2011-ж.), Нарын шаарынын, Нарын жана Ат-Башы райондорунун (2007-ж.) ардактуу атуулу болгон.

Гүлмира Мамбеталиева азыркы таптагы “Дордой” ассоциациясынын президенти, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков менен 1977-жылы баш кошкон. Алар эки уулду тарбиялап өстүрүштү.

Таанымал илимпоз жана коомдук ишмер айым, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор, “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-апрелде саат 10:00до Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында башталат.

Өз өмүрүнүн соңку демине чейин эл-жери үчүн кызмат кылып өрнөктүү жашап өткөн айым Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала бермекчи.

“Кумтөр” качанкыга чейин Канаданын мыйзамы менен иштейт?

«Кумтөр» алтын кени 1989-жылы советтик геологдор тарабынан ачылган, бирок түбөлүк тоңголок муздун шартында иштетүүнүн татаалдыгынан улам, коммерциялык жагынан ишке ашырууга болбой турган кен деп эсептелген. Бирок 1992-жылы Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин жана Канаданын “Камеко” корпорациясынын ортосундагы макулдашууга кол коюлган, анда “Камекого” кенди иштетүүнүн эксклюзивдүү укугу берилип, “Кумтөрдөгү” алтындын алгачкы уютмасы 1996-жылдын 31-декабрында алынган.

Ошол мезгилде алтындын запасы 953 тонна болсо, 2010-жылдын ап­рель окуясына чейин 260 тонна ал­тын казылып алынып, 693 тонна ал­тындын запасы калган. А бүгүн бийлик эмне деп жатат? 150 тонна алтын запасы калды деп алакан жайышууда. Анда 543 тонна алтын кайда кетти?

Акаев менен Бакиевдин бийлигинин тушунда 13 жылда 260 тонна алтын казылып алынса, кантип эле Атамбаев бийлик жүргүзгөн акыркы төрт жылда 543 тонна алтын жоголууда. Балким эл оозунда айтылып жүргөн «Кумтөрдө» кичинекей са­молет коно турган аянтча бар, ошол жерден алтындарды Канадага чыгарып кетишет» деген божомолдор чындыкка жакын болуп жүрбөсүн…

Балким бийлик башындагылар 543 тонна алтынды өлкөдөн чыгуу үчүн «Кумтөр» маселесин чечүүнү улам артка жылдырып, элди алдоо үчүн бир канча премьер-министрди садага чаап, төрт жыл убакытты создуктуруп келишти…

1990-1997-жылдары Макмалда талкуу жүргөндө, “Кумтөрдүн” келишими бир тараптуу экенин адистер менен биргеликте, көрүнүктүү профессорлор Б.Мамбетов, И.Айтматов, Т.Усубалиев келишим кылмыштуу экенин айтып чыккан эле. Бирок бул келишимге А.Акаевдин күчү ме­нен кол коюлуп, өзү жеке көзөмөлгө алган. Ошондон бери алтын ордосу президенттин көзөмөлүндө тураарын унутпайлык.

Кечээ эле улутташтыруу зарыл же 50-50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү керек деп кыйкырып жаткан саясатчылар бүгүн өз ойлорун кескин түрдө өзгөртүшүүдө. Бирок «Кумтөрдө» алтындын запасы азайып, ууланган калдыктардын көбөйүп кеткениненби деген суроого азырынча жооп жок.

“Кумтөрдө” дүйнөлүк масштабдагы катастрофа күтүлүшү мүмкүн

Биз «Кумтор» маселесин көтөргөндө, анын экологиябызга тийгизип жаткан терс таасирлерин көз жаздымда калтырып келебиз. Мына канадалык ишкерлер мөңгүлөрдүн үстүнө тоо кен калдыктарын жайгаштырышып, ал жерде азыркы учурда 1 млрд, тоннадан ашык калдыктар бар экендиги баарыбызга маалым.

Ошондой эле 1996-2011-жылдар аралыгында 80 млн. куб. метр музду чагып алышкан. Калдыктардын басымдуулугунан жана муздарды чаккандыктан мөңгүлөрдүн жылышы күчөй баштаган. А бул жөнөкөй көңүл бурууга арзыбаган көйгөй эмес. Мунун баары эмне себептен келип чыкты? Канадалыктардын нормага ылайык эмес, тескерисинче норма­га каршы технологиялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн келип чыгууда. А эмне үчүн кыргыз бийлиги чет элдик ишкерлердин биздин экологияга келтирген зыяндары тууралуу ооз ачышпайт? Эгерде биз бул нерсенин алдын албасак “Кумтөрдө” дүйнөлүк масш­табдагы катастрофа күтүлүп жатат.

Анткени Петров көлүнүн жээги эрип, жарылып кетүү коркунучуна келип такалды. Эгер жарылып кетсе, ал төмөн жагындагы уу калдык сактоочту жууп кетип, түз эле Нарын суусуна алып барып куят. Бул дүйнөлүк масштабдагы катастрофанын башталышы болуп калышы толук мүмкүн. Анткени уу калдык сактоочу жайда 200 миллион тоннадай цианид жатат.

Ал эми Нарын суусу, коңшу мамлекеттерди аралап, Арал деңизине чейин жетет. Бул чөлкөмдо 10 миллиондон ашуун адам ушул суулар ме­нен тирлик кылышат. Бул 10 мил­лион адам суусуз калат деген сөз.

Канаданын мыйзамдарынын чегинде иш алып барабызбы?

Экинчи маселе жакында баарыбыз күбө болдук. Кыргыз бийлиги «Кумтөрдү» улутташтыруу же канадалыктар менен 50-50 пайыз үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан үчүн пайдасыз жана мүмкүн эмес деп коомчулук күтпөгөн билдирүү жасады. Ушул билдирүүнү айтуу үчүн кыргыз өкмөтүнө эки жыл керек болдубу?

Убагында кыргыз бийлиги «Центерра» менен пайдасын тең бөлүшкөн ишкана түзүүнү колдоп, ал тургай сүйлөшүүлөр аяктап калды деп парламентти гана эмес, элди да ишендирип келбеди беле? Ал гана эмес, биргелешкен ишкана түзүү үчүн бизге кеңеш беришет дешип, эки жыл аралыгында эл аралык үч компанияга, мүмкүн эмес деген сөздү айтуу үчүн 3,5 миллион евродон төлөп келиштиби?

Анан дагы эң таң калычтуусу уба­гында бир өкмөт башчыбыз «Биз болгону башкаруу менеджментин кыргыз тараптын пайдасына оптималдаштырышыбыз керек. Албетте, баары Канаданын мыйзамдарынын чегинде болот» – деп айты эле. Эм­не үчүн өлкөбүздүн кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголбой, чет өлкөлүк инвесторлордун же башка өлкөнүн мыйзамдары менен чечилиши керек?

Кытайдан алынган насыяларыбызды Бээжиндин мыйзамы менен төлөсөк, өз жерибизде жайгашкан алтын кенибиз үчүн өзүбүз чет элдик иш­керлердин алдында Канаданын мый­замы менен жооп берсек, анда Кыр­гыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецеши жана Өкмөтү деп өзүбүздү- өзүбүз эмнеге ооз көптүрүп- айтып жүрөбүз? Анда биздин көз карандысыздыгыбыз кайда калды?

Биз Кытайдын же Америка Кошмо Штаттарынын карамагындагы көз каранды мамлекетпизби? Өз же­рибизде өз мыйзамдарыбыз менен мамлекетгин кызыкчылыгын коргой албаган бийликтин кереги барбы?

Мына убагында “Кумтөрдө” казыла турган алтындын запасы 208 тонна эмес, 157 тоннаны гана түзөт. Ошондуктан “Кумтөрдөн” түшчү пайда 21 пайызга кыскарат деген чет элдик ишкананын бир гана билдирүүсү, башкасын кой, президент Алмазбек Атамбаевди эл аралык маалымат каражаттарына чейин биргелешкен ишкана түзүлөт деп айтып келген сөздөрүн төгүнгө чыгарып, кыргыз бий­лиги мүмкүн эмес деп алакан жайып, парламент алиге чейин эстерин жыя албай дендароо болуп отуруп калбады беле же калппы?

Кыргыз бийлигин каалагандай калчап көнүп калган чет өлкөлүк иш­керлердин бир гана билдирүүсү бүтүндөй кыргыз бийлигин “нокаут” кетире алаарын да көрдүк. Бирок убакытты созуп, чет элдик ишкерлер­дин таламын талашкансып отурган өкмөт, тиешелүү органдар өз пикирлерин айтып, эмне себептен алтын­дын запасы азайганын алиге чейин текшерише элек? Эмне үчүн анда өк­мөт сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, эки тарапка тең пайдалуу чечимдер кабыл алынат деп, бул маселени улам артка жылдырып келди. Мындан ким утушка ээ болууда? Бир гана “Центерра”. Анткени алар мурункудай 67-33 пайыз деген келишим боюнча иштеп, мурункудай эле 67 пайыз кирешеге ээ болушууда. Демек кыргыз бийлиги билип туруп «Центерранын» кирешенин 67 пайызын алышына шарт түзүп жатат. Эмне үчүн?.

Булак: “Фабула”

ОшМЮИда тарых жумалыгы

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык коллежинде тарых жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

«Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында уюштурулуп жаткан жумалыктын программасында  түрдүү иш-чаралар камтылган. Тарых предмети боюнча окутуучу Кызбурак Бадалова «Тарых жана доор» аттуу теманын астында тайпаларды жарыштыруу аркылуу сынак сабагын  өткөрдү. Алар жаңы усулдагы сынак сабактын шарттары боюнча өткөн доорлордогу тарыхый окуяларды сахнада жандуу образдар аркылуу көрсөтүүгө аракеттеништи. Анда билими боюнча беттешкен тайпалар калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго да  тарыхый окуялардын мисалында даталар менен жооп кайтарышты.

_-Атайын жумалык өткөрүп жаткандыгыбыздын максаты студенттерибиздин тарых жана улуттук маданият боюнча билимин жогорулатуу,-дейт юридикалык коллеждин директору юридика илимдеринин кандидаты Толгонай Ураимова.

Кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салттарын тарыхый окуялар менен айкалыштырып,  образдуу чагылдырылышы студенттердин мыкты даярдыктарын айгинеледи. Айрыкча студенттер тарабынан чыгарылган тарыхый темадагы дубал газеталар окурмандарда кызыгууну жаратты.

Тайпалардын өткөн доорлорго карата тарыхый баяндамаларынын мазмуну боюнча баалаган калыстар тобу  сынактын чыныгы жеңүүчүлөрүн аныктап берди. Сынак сабагын таланттуу студенттердин концерттик программалары коштоду.  Аягында ар тараптуу мыкты даярдыктары менен жогору упайга ээ болуп, жеңишке жетишкен тайпаларга атайын дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Санарип жетпеген айылдарга атайын жабдуу орнотула баштады

Кыргызстанга автоматтык санарип ретрансляторлордун алгачкы партиясы келди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты.

Тогуз ретранслятор Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында орнотулат. Жалпысынан мындай жабдууну санарип телекөрсөтүү сигналдары жетпеген 326 айылга өткөрүү пландалууда.

Быйыл 15-майда Кыргызстанда аналог телекөрсөтүү өчүрүлүп, өлкө толугу бойдон санарипке өтөрү пландалууда. Бирок аталган 326 айылда аналог сигналдары тиешелүү жабдуу орнотулуп бүткөнгө чейин сакталып турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Арстанбапта жер көчкүдөн каза болгондор жерге берилди

23-апрелде Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Янги Хаят участкасында капилеттен жүргөн 300 куб метр жер көчкүнүн кесепетинен улам каза болушкан Арстанбап айылынын тургундары, 1992-жылы туулган Диярбек Умаров менен 1985-жылы туулган Абдукадыр Юлдашев каза болушкан. Бүгүн, 24-апрелде  каза болгондордун тажиясы окулуп, сөөктөрү жерге берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Табигый кырсыктан каза болгон тургундардын жакындарына ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өздүк фондунан эки үй-бүлөгө 50 миң сомдон акчалай жардамын тапшырышты.

Жер көчкү 23-апрелде саат 17-15терде түшкөн. Янги Хаят участкасынын 8 жашоочусу узундугу 100 метрди түзгөн жерге суу түтүктөрүн орнотуп жатышканда күтүүсүздөн табигый кырсык жүз берген. Алардын төртөөсү жер көчкүдөн качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Жер көчкү басып калган төрт адамды окуя жүз берери менен жардамга барышкан жергиликтүү жашоочулар куткарып калышкан. Ал эми эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал эми эки адам көчкүнүн алдында калып, каза болушкан. Учурда ооруканада жатышкан, 1993-жылы туулган Машрап уулу Жумали жана 1962-жылы туулган Кадиржан Умаровдун абалдары дарыгерлерлердин айтуусу боюнча бир топ дурус. Табигый кырсыктан каза болгон Диярбек Умаровдун артында бир баласы жана кош бойлуу жубайы, ал эми Абдукадыр Юлдашевдин артында 2 баласы калды.

Жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган Арстанбап айыл аймагынын Янги Хаят участкасындагы 7 үй-бүлө жакын туугандарыныкына көчүрүлдү. Азыркы мезгилде Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында 21 миңден ашуун калк жашайт. Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов белгилегендей, учурда райондун аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу сакталган 56 кооптуу участкалар аныкталган. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын адистери Янги Хаят участкасында көчкү жүрүү коркунучу бар экендигин жергиликтүү тургундарга буга чейин катуу эскертип келишкен. Базар-Коргон районунун жер көчкү жүрүү кооптуу коркунучу бар Могол, Талды-Булак жана Арстанбап айыл аймактарынын калкын коопсуз жайларга көчүрүү боюнча учурда Живпром участкасында жер аянттарын трансформациялоо иштери жүрүп жатат.

Рустам Мамановдун чагымчылдыгы...

Ушул Рустам Мамановдун жоругу бүтпөс болду. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн өкүл баласы менен мушташа турганын журналист Аслан Сартбаевдин оозу аркылуу кабарлады.

Аслан мырза Рустам Азис менен мушташмакчы болуп, мончодо күтүп жатканын Фейсбук баракчасына жазды. Минтип Рустам мырза түштүктөн чыккан тың чыкмаларга тиш кайрап, өзүн өзгөлөрдөн жогору койгонун качан токтотот? Же эмне баарынан кыйын көрүнгүсү келеби? Антейин десен, рингге чакыргандардын алдында бетме-бет жолукканда шүмүрөйүп калаарын көргөн-билгендер кеп кылып эле жүрүшөт. Анан неге чагымчылдык кыла берет? Эсине келбейби эми, жаш бала болбогондон кийин…

Булак: “Фабула”

Видео - "Сентябрь" телеканалын жабуу аракети башталды

“Белизгейт”, “Маевскийгейт” сыяктуу операцияларда негизги ролду ойноп берген Коомдук телеканал каралоо менен жалган жабууну жаңы дем менен баштагандай. 23-апрелде “прайм-тайм” же эң кымбат деп саналган кечки эфирдик убакыттын 19 мүнөтү Текебаевди каралоого арналды.

Атайын түрмөгө барып 25 жыл эркинен ажыратылган Алмаз Абековдон кенен маек алган КТРК журналисттери акыры “Сентябрь” телеканалынын техникалары менкики болчу деп айттырышты.

Булак: “Сентябрь”

Алдастаган Аманкулов кимди алдагысы келет?

Эске сала кетсек 2016-жылы Рио олимпиадасында Кыргызстан бир дагы медалга ээ болбой, куржалак кайтып келишкен. Ал эми ошол кошунабызТүркмөнстандан 9 спортчу барып бир дагы медалга ээ болбой калгандыгы үчүн спортчулардын машыктыруучулары толук иштен айдалышкан. Биздикилер болсо ныпым эч нерсе болбогондой басып жүрүшөт. Анын үстүнө реформадан кабар жок. Кечээ комитет жыйынында эл өкүлдөрү Канат Аманкуловду бурчка такашты. Аманкулов алдастап, азыркы убакта УКМКнын астындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы олимпиадага кеткен чыгымдар боюнча тергөө жүргүзүп жатканын, олимпиададан кийин коллегия болуп өткөнүн, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн тиешелүү адамдар кызматтан алынганын айтты. Бирок биз спорт тармагындагы жооптуу жетекчи кызматтан алынганын укпаптырбыз. Аманкулов кимди иштен алды?

Булак: “Фабула”

Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буушуп

Борборубузда көзгө басар Эл аралык “Манас” аэропортубуз бар. Аэропортто дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна болбосо да, көпчүлүк бөлүгүнө аба каттамдары бар. Мына ошол аэропортубузда жүргүнчүлөрдү учактын бортунда тамак-аш менен камсыз кылган цехти ЖАК “Компани Манас менеджмент” кымбат баада сатып алган. Ошол учурда бардык жаңы технологиясы менен жабдылган цех 4-5 миллион доллар турса, биздин эргулдар 12 миллион долларга сатып алып, ортодон түшкөн каражатка капчыктарын кампайткан. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, борттогу жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыз кылуучу цехтин ээси ошол убактагы бизнесменге, учурдагы экинин-бири болгон үлкөн чиновникке 5 миллион доллар деп, бирок соодалашуунун жыйынтыгында 4 миллионго сатмак болгон экен. Бирок белгисиз себептерден улам ал операция ишке ашпай калган. Мына ошол 4 миллион долларлык цехти ошол убактагы “Манас” аэропортунун президенти, азыркы мэр Ибраимов үч эсе кымбат сатып алып чоң чуу чыккан. Бул маселе көтөрүлүп, жалпыга маалым болсо дагы, аэропорттун азыркы президенти Чукуев: “21 миллион долларлык цехти узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп олтуруп 12 миллион долларга алдык” – деп камырабайт.

Меню