Menu

КООМ

Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Эмгек Кодексинин 113 беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык, эс алуу жумуш эмес күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында жумуш күндөрдү которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш күн графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы эс алуу күнү, 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Ошону менен 2017-жылдын 8-майы эс алуу күн болгондуктан кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алышат. Ал эми 2017-жылдын 13-майы жумуш күн деп эсептелет.

 

 

Наманганда Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелери боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү

Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 10-20-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылган өкмөттүк делегация Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги кеңешмесине катышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы коңшулу мамилелерди чыңдоо жана аталган багыттагы биргелешкен иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешме жыйынтыгында чек ара маселелери боюнча биргелешкен иштерди улантуу жана Кыргызстанда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашылды.

 

Памирбек Казыбаев, Алыкул Осмоновду изилдөөчү, тарыхчы, журналист: «Алыкул Осмонов жашаган үй оңдоп-түздөөгө муктаж»

 

Памирбек Казыбаев көп жылдардан бери залкар акыныбыз Алыкул Осмоновдун өмүр жолун, чыгармачылыгын тереңдеп изилдеп келе жаткан белгилүү инсандардын бири. Мындан тышкары акындын үй музейин карап, ал жерге баргандарга айтып берген дагы ушул киши. Памирбек байке эч жерден айлык албай бекер иштеген Алыкулдун фанаты деп билебиз. Алыкулдун бул үй музейи мындан 72 жыл мурун салынган экен. Алыкулдун үйү азыр кандай акыбалда болуп калганы менен көпчүлүктүн иши деле жоктой. Бүгүн редакциябызга Памирбек Казыбаев баш бакты. Памирбек байке өз маселеси менен эмес, Алыкулдун үй музейинин адам ыйлай турган абалын айтып, балким жогору жактагыларга жетип калса жардам болобу деген үмүт менен келиптир.

— Памир мырза, Алыкул акын бул үйдү кайсы жылы сатып алыптыр, же салдырганбы?

— Алыкул акын бул үйдү 1945-жылы сатып алган. Ал эми документ боюнча карасак бул үй 1941-жылы салынган экен. Алыкул 1945-жылы сатып алып өмүрүнүн аягына чейин жашап, чыгармачылыгында эң мыкты делген ырларын, поэмаларын, драма, котормолорун жараткан касиеттүү биз үчүн ыйык үйдө, тагыраагы 1951-жылдын 12-декабрына чейин ошол үйдө жашаган. Ошондуктан бул жер Алыкулдун өз мээнети, китептеринен түшкөн өз акчасына сатып алган, каза болгондон кийин сөөгү чыккан, окурмандар үчүн касиеттүү, маанилүү жер деп ойлойбуз. Мен өзү эгерде эсептеп көрсөм 30 жылдан бери Алыкул деп күйүп-бышып келе жатам. Ошонун 17 жылы үйдүн ичи, музейи менен өттү. Көз ачып жумганча 17 жыл өтүптүр. Азыр музей бузулуп, оңдоого муктаж болуп турат дегеним. Мындан тышкары биз биринчи алганда үйдүн 4 эле дубалы бар болчу. Ошонун баарын ар кандай экспонаттарга, сүрөттөргө толтуруп койдук. Азыр дагы табылган материалдарды коёлу десек үйдүн бөлмөлөрү тардык кыла баштады. Биринчиден үйдү кеңейтиш керек, экспонаттарды дагы заманбап дизайнде ирээти менен койсок деген ниетибиз бар. Алыкул таануу деген чоң илим бар. Ошонун ортоңку мууну менмин деп ойлойм.

— Сизге чейин ким бар эле?

— Бул илимди Шаршенбек Үмөталиев деген агайыбыз баштаган. Алыкулду изилдеп, Ала-Арчадагы мүрзө башына эстелигин тургуздурган Шаршенбек агай болгон. Раиса Кыдырбаева деген академик эжекебиз орусча “Алыкулдун лирикасы”- деп диссертация коргогон. Андан кийин Камбаралы Бобулов деген агайыбыз эле. Ал киши Алыкул дегенде жанын берип, ичкен ашын жерге койгон адам болгон. Камбаралы агай 1990-жылы Ленинграддан чыккан “Алыкул Осмонов” деген орусча китептин түзүүчүсү. Анан Кеңеш Жусупов агай эле. Кеңеш байке Алыкулдун жеке турмушуна байланыштуу “Ыр сабындагы өмүр”- деген аталыштагы китебин жазып чыккан. Ошондон кийинки мууну менмин деп ойлойм. Мен алардын жасаган иштерин улантып кетсем дейм. Алар көбүнчө чыгармачылыгына басым жасашкан. Мен анын жашаган үйүн музейге айландырууга, турак-жайына көбүрөөк басым жасап жатам. 2000-жылы өкмөткө чейин кат жазып жатып, шаардык мэрия биздин коомдук бирикмеге Алыкулдун үй музейин өткөрүп беришкен. 2000-жылдан бери акындын үй музейи иштеп келе жатат.

— Негизи үй мэриянын менчиги болуп эсептелинет да?

— Ооба. Бирок ушундай акыбалга келип калганда алар деле каралашып иштеш керек болчу. Шаардык бийликтен эч кандай жардам болгон жок. Канча жолу кат жазып кайрылдык, музейге жардам эмес жооп да жазып беришкен жок. Негизи башынан бери демөөрчүлөрдүн акчасы менен иш жүргүзүп келе жатабыз. Эгерде эч кандай мэрия жардам бербесе анда үйдүн менчигин бизге толугу менен өткөрүп берсе жакшы болот. Себеби кээ бир демөөрчүлөр келгенде сөзсүз “бул үйдүн ээси ким”- деп сурашат. Чет өлкөлүктөр келип сураса “мэриянын менчигинде” десек эле кол шилтеп коюшууда. Болбосо алар жардам беришмек. Ушул жагы да бар. Алыкулдун көптөгөн чыгармалары 100 жылдыгына карата ар кандай иштер болду, бирок муну улантыш керек. Бул жөнүндө жаңы иликтөөлөр, изилдөөлөр бар. Ушулар жарыкка чыкса жакшы болмок. Алыкулдун англисче жыйнагы мындан 20 жыл мурда чыккан. Өзүмдүн “Мезгил жана Алыкул”- деген китебим мындан 1990-жылы, 2006-жылы чыгаргам, аны дагы толуктап чыгарсам дейм.

— Интернетте дагы Алыкулдун үйүнүн жаман акыбалы жөнүндө маалыматтар чыгып жаткан болчу?

— Өткөндө музейге студенттер келишиптир. “Силерге окшогон жаштардан жардам керек эле. Силер азыр замандан артта калышпай интернетке жакынсыңар”- дегенмин. “Ата-Түрк Ала-Тоо” жогорку окуу жайынын студенти Бакай деген жигит “Алыкулдун үй музейинде болдук. Памирбек агай бизге кайрылды”- деп жазып ийиптир. Ошондон бир жума өтпөй эле “Жатакана жаштары”- деген кыймыл бар экен. Ошолордон келип ишембилигин жасап кетишти. Мындан сырткары адистерди чакырып жалпы оңдоого канча акча кетээрин да эсептетишти.

— Канча акча каражаты керек экен?

Божомол менен 500000 сомду айтып жатышат. Экспонаттар көбөйгөндүктөн кошумча имарат куралы деп ойлогонбуз. Буга чейин мэрияга айта берип тилибиз тешилгидей эле болду. Болбогондон кийин өзүбүз эле демөөрчүлөрдү таап, диаметри 7 метр, узундугу 3 жарым метр болгон боз үй тибиндеги үйдү “Алыкулдун ыр өргөөсү” деп салып жатабыз. Азыр чынын айтканда ал жерде боз үйдүн көлөмүндө болуп Алыкулдун видеолору, теле-радиодогу материалдар болобу, сүрөттөрдү коюп, студенттер, окуучулар келсе көрсөтөбүз. Менимче 50 орундук болот го. Ортосунда 2 сотыхтай бош жерибиз бар. Ал жерди гүлдөрдү олтургузуп гүлчамбар кылып койсок жаштар олтуруп ырларын окуп, ар кандай талкууларды жүргүзсө жакшы болмок. Курманбек Бакиев Чүй областын губернатор болуп башкарып турганда жакшы жардам берген. Алыкулдун арбагы колдоп кийин президент болду.

— Буларды аткарууга аракет кылып жатасызбы?

— Өткөндө балдар интернетке жарыялаптыр, телевидение келип жатышат. Кечээ НТС теле каналынан келип тартып кетишти. КТРК сыяктуу чоң теле каналдар бизге аудио-видео көрө турган экрандарды белек кылсак, койдурсак деп ойлонуп жүрөм. Көп жылдан бери Чолпон-Атага дагы аракет кылып жүрөбүз. 2009-жылы Алыкулдун музейин касиеттүү көл боюнда ачканбыз. “Алыкул” деген кеме болсо деген маселе көтөргөнбүз. Ал жакта ишкер жигиттер бар эле. Өздөрүнө жүк ташыган кемени сатып алышкан экен. “Жүк ташыганга болбой калды, темирге эле өткөрүп ийет окшойбуз”- дешкенинен сатпай эле жүргүнчүлөргө ылайыктап жасап “Алыкул” деп ат койгула десем ынабай коюшкан. Кийин акырында “агай сиздин айтканыңыз туура экен”- деп чалышты. Былтыр күзүндө ал кеме курулуп бүтүп, “Алыкул”- деп аты берилип сууга түштү. Чолпон-Атада Алыкулдун музейинин жанында “Алыкул сейил багы”- деп түптөлүп жатат. Алыкулдун паркы биздин коомдук бирикмеге карабайт. Жалпы Чолпон-Ата шаарынын паркы болуп эсептелинет. Ал жердин 9,5 гектар жери бар экен. Жер боюнча маселе чечилген. Бирок мурда ал жерде санатория катары Саламаттыкты сактоо министрлиги ээлеп турганда салынган имараттар бар экен. Министр аны бузгусу келбейт же кызыкчылыктары барбы иши кылса иш токтоп калды. Кеме токтой турган пристанга шаар мэри уруксат берип, кемени курган жигиттер июнга чейин даярдайбыз дешти.

— Акындын ырларын дүйнөлүк башка тилдерге которуу менен дагы жигердүү иштеп жүргөнүңүз боюнча маалыматыбыз бар эле?

— Азыр мен Грузия тарап менен сүйлөшүп жатамын. Буга чейин Алыкулдун үйүн- Грузиянын эки элчиси келип көрүп кеткен. Грузиянын президенти Саакашвилинин апасы дагы келип үйдүн абалын көрүп абдан таң калып кеткен. Мен аларга кат жазып Алыкулду грузин тилине которбойсуңарбы деген маселе көтөргөм. Азыр аларга дагы бир маселени коюп жатам. Грузия Кара-Деңиз менен чектеш өлкө, ал жерде атайын кемелер токтоочу порттор бар эмеспи. Эгер мүмкүн болсо алар бизге “Шота Руставели” деген кемени алып келип беришсе, Алыкул экөөнү көлгө коё берсек сонун болмок. Жакшы тилек жарым ырыс дейт, көпчүлүк ойлор ишке ашып жатат, шартка жараша шүгүр деп жатабыз. Алыкулга жаштардын кайдыгер карабаганы абдан кубандырып жатат, буйруса Алыкул кыргыз барда жашай берет. Алыкул Осмонов жашаган үйү азыркы күндө оңдоп-түздөөгө муктаж. Кыргыз элинде өтө бай адамдар көп. “Көп түкүрсө көл болот”- дегендей дагы деле үмүтүбүз өчө элек. Залкар акын Алыкул Осмоновдон аянбайлы. Ким кол кабыш кылса, ал кыргыз поэзиясына, кыргыз маданиятына өтө чоң жардам кылган болот эле.

Булак: “Жаңы Ордо”

  ОшМЮИнин студенттеринин кайрымдуулугу     

  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студенттери ишемби күнү кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады. 

ОшМЮИнин тергөө-криминалистика факультетинин демилгеси менен уюштурулган акцияны колдоп чыгышкан студенттер Ош шаарындагы балдар жана боорукердик үйлөрүнө түрдүү азык-түлүктөрдү алып барышты. Айрыкча «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучулары студенттерди кубануу менен кабыл алышты. Анткени аталган жогорку окуу жайдын студент жаштары бул жерде тарбияланып жаткан балдарды бир тууганындай бооруна басып, жылуу мээримин арнашты.

Балдар менен бирге отуруп баарлашкан студенттер аларга белектерин берип, таттуу азык-түлүктөрүн таратышты.  Балдар менен кошо кубанган үй-бүлөлүк балдар үйүнүн директору Самара Токтомамбетова студент жаштардын кайрымдуулугуна чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.

–«Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында уюштурулуп жаткан бул акция  мындан ары да улантылат. Анткени ушундай иш чаралар жаштардын жүрөгүндө боорукердик жана ыймандуулук сезимдерин ойготуп, аларды чыныгы адамгерчиликтүү болууга тарбиялайт,- дейт ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.

Чындыгында атайын тарбиялык сааттарда студенттерге инсан адеби жана ыймандуулук боюнча пайдалуу кеп-кеңештердин берилип барышы өзүнүн оң натыйжасын көрсөтүүдө. Себеби аталган жогорку окуу жайдын кайрымдуу студенттери мындан ары шаардагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө да  колдоо көрөтүүгө ниеттенүүдө.

Кечиккен жаздын илеби...

Ушундай тема менен бала кезде көп жолу ыр жазгым келдиле (Чынын айтсам, «Кечиккен жаз» деген жөнөкөйле темада болчу). Жазып да көргөм. Ошолордун эсте калган бирөөсүн келтире кетейин:

Кечиктиң жаз, кар күрөп карап турам, Кечиктиң жаз, пок күрөп араң турам. Кечиктиң жаз, моюнга суу тамчылап, Сур булуттун астында балаң турат…

Бул саптар жамаачы чапан, жыртык өтүк кийген (ырабочий кийимдерди айтыватам) бала кезде лирикалык жактан боёгу жупуну жазылса дагын, мен үчүн күнү-бүгүнкүдөй сивежий, күнү-бүгүнкүдөй ачуу-таттуу мааниси бар. Ал кезде качан күн тийип, качан жер кургап, качан малкороодон, жампа-поктон арылабыз деп самачулек. Алардан кечээле кутулгандай болгонбуз. Эми кайра сагынып атабыз…

Бүгүн да жаз шыдыр келгиси келбей, өткөн жаз айларда кийген майкасын ийинге илбей туру. Курсак тушунда «табийгый» жыртыгы бар майкесин кийбей туру. Март айын бүтүндөй бепыралга байлап бергени аз келгенсип, апырел да ашуудан ашканына карабастан мурдунан суусу тамчылап, каражан менен сүйлөшкүсү келбей туру…

Быйылкы жыл элибиз үчүн бөтөнчө жыл болот деп өткөндө тилибузурдан бирөө чыгып айтты. Ишенимдүү айтты. Эмнеге деп сурасаңар, ишенимдүү булакка таянып жооп берип коелук – быйылкы күз өзү бир башкача мезгил болот экен дейт. Жашылдын баары Кызыл болгондо, кыска көлөкө узун болгондо, ороктун ою түшүм болгондо Агүйдө алмашуу жүрөткен. Эли-журтту алты жыл чайпалтпай жетектеген ажо ордун кийинки элбашыга, калктүтөргө, журтбагарга мыйзам жолу менен бошототкен. Ошого карата жаз да кечигип аткансыйт, кийинки жазда эми кимиси келет – баш көтөргөнү келеби, же каш көтөргөнү келеби, дегенсип. Эмесе, Мыйзам жолун баткак баспасын, бучкак баспасын, чычкак баспасын. Таза башталып, таза улансын.

Ошо менен быйылкы көктөм негедир кечигип атканына карата, кайра бир сыя-челекке калем тийгизейин, улуксаат болсо…
Кечиксең да, кезиксең да колум мына, Баткагын тазалайын, жолуң мына. Жамаачы чапан калды балачакка Жазында жаткан өзү сонун тура, Жамбаштап жатам десең, тонуң мына…

Булак: “Де-Факто”

Сооронбай Жээнбеков: Ош-Баткен-Исфана автожолун реабилитациялоо өлкөдөгү транспорттук көз карандысыздыкты бекемдейт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-апрелде, Баткен облусуна жумуш сапары менен барып, автожолдун 75-108 чакырымындагы жакын арада курулуш иштери  баштала турган участкасын көрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Өкмөт башчы аталган долбоор приоритеттүү инвестициялык долбоор катары 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясына киргендигин эске салды. «Ош-Баткен-Исфана» автожолун реабилитациялоо транспорттук көз карандысыздыкты бекемдеп, Баткен облусун башка аймактар менен байланыштырууну, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан менен үзгүлтүксүз траснпорттук байланышты камсыз кылат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында долбоордун жалпы суммасы 23 млн. АКШ долларын түзөт. Аталган долбоорду ишке ашыруу Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосунда ишке ашырылат. Жолду куруу иштери ушул жылы башталып, 2020-жылы бүтөрү пландалууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков,  «Ош-Баткен-Исфана»  автожолунун 75-108 чакырымындагы курулуш иштери баштала турган  участкасын көрүп, курулуш иштерин баштоону тездетүүнү тапшырды. Ал бардык иштерди убагында жана сапаттуу бүткөрүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу жана ички жолдорго көңүл буруу тапшырмасы берилди.

Андан соң Өкмөт башчы Ош облусуна барды. Ош шаарында ал Тилеке Баатыр жана Сай-Бою көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 2017-жылдын июль айында бүткөрүлөт.

Ош шаарында Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Эл аралык футбол Федерациясы (ФИФА) тарабынан каржыланган футбол академиясынын  жана республикалык бюджеттен каржыланган бокс мектеп-интернатынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учурда Өкмөт дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.

Ч.Турсунбеков кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн балдары менен жолугушту

21-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, депутат Каныбек Иманалиев кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрү Жусуп Абдрахмановдун, Төрөкул Айтматовдун, Иманалы Айдарбековдун, Баялы Исакеевдин жана Төрөбай Кулатовдун балдары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Чыныбай Турсунбеков совет учурундагы саясый репрессия курмандыктарынын балдарына кайрылып, эл-жер үчүн эмгек кылып, бейкүнөө курман болгон аталар жалпы кыргыз элинин атасы экенин баса белгиледи. “Ошол аталарыбыздын эбегейсиз эмгеги менен бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын пайдубалы түптөлгөн. Алар бир үй-бөлүнүн гана кызыкчылыгы үчүн курман болбостон, жалпы улуттун эртеӊи деп жүрүп каза тапкан. Андыктан, ар дайым эскерип жүрүү менен, алардын даӊазалуу ысымдарын түбөлүккө калтыруу бүгүнкү жана келечектеги муундун башкы милдети”, – дейт спикер.

“Улуу инсандардын урпактары катары балдарына кылган урматыбыз – тарыхка кылган сыйыбыз” деген Чыныбай Турсунбеков репрессия курмандыктарынын балдарына Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан материалдык жардам көрсөттү. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы аталган фонддон жыл сайын эки ирет ушундай материалдык жардам берилип турарын убада кылды.

Кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрүнүн урпактары ар дайым колдоо кылып келгендиги үчүн Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго, депутат Каныбек Иманалиевге ыраазычылыгын айтып, жалпы улуттун аталарына айланган инсандардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу багытындагы бир катар сунуштарын ортого салышты. Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын күндөлүгүн коомчулукка кеӊири жайылтуу зарылчылыгын айтса, Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексин жана андагы музейди жакшыртуу багытында иштерди улантуу керектигине токтолду.

Спартакиада «Мекен чеги» по военно-прикладным видам спорта среди учащихся 11 классов школ ленинского района, состоялась в учебном центре «ала-тоо» на территории войсковой части вооруженных сил Кыргызской Республики

Организатором мероприятия выступили районный центр образования и муниципальная администрация мэрии Бишкека по Ленинскому административному району. Об этом

В спартакиаде приняли участие ученики 11-классов, всего было 14 команд и 154 старшеклассника. Школьники соревновались по строевой подготовке, разбору и сбору АКМ, подтягивались, метали гранаты, и по другим видам военной подготовки.

На торжественном открытии участвовали глава муниципальной администрации мэрии Бишкека по Ленинскому административному району Нурдин Тынаев, начальник Управления воспитательной работы войсковой части 01001 Генерального штаба Вооруженных сил Кыргызской Республики полковник Кубанычбек Искаков и командир войсковой части 73809 сухопутных войск Генерального штаба Вооруженных сил Кыргызской Республики подполковник Болот Кочконов.

Спартакиада была приурочена к году нравственности, воспитания и культуры.

Карөзгөй мыйзамдарыңарга жол болсун, эл өкүлдөрү!

Кечээ жакында парламентте арак менен тамеки жөнүндө мыйзам долбоорун депутаттар талашып-тартышьш атканын көрүп, каным кайнап кетти. Эл шайлаган депутаттар, сиздер отурган креслоңордон алыс кеткен жоксуңар. Айыл жана алыскы райондогу карапайым элдердин турмушу жөнүңдө учкай эле кабардарсыңар. Тээ алыста, тоо арасында, ыркыраган суукта, тала-түздө тамекиден башка эрмектей турган эчтемеси жок, ошонун күчү менен таң атырып, малын багып, чөбүн чаап күн өткөзүп жүргөн байкуштарды аяган жоксуңар жана оюңарга келген деле жок. Көп жылдап тамекиге көнгөн киши «тамеки кымбаттап кетти» деп, жаман илдеттен бир эле күндүн ичинде арыла койбойт. Чеккен тамекисин таштабайт. Кымбатына карабай сатып алып чеге берет. Парламентте отурган депутаттардын басымдуу бөлүгү бизнесмендер. Алар арак менен тамекинин адамга зыяндуулугун шылтооломуш этип, бааларын көтөрүп атышат. Ансыз деле күн сайын кымбатчылык каптап келатат. Айласы кеткен эл акыры арактын ордуна самогонго, тамекинин ордуна насвайга өтөт. А булардын адамга зыяны жок дейбизби, ушу жөнүндө ойлонушту бекен биздин эл өкүлдөрү? Кыскасы, бул мыйзамыңар карөзгөй тономой мыйзам болуп калды. Андан көрө иштей турган таза мыйзамды айылга барып шашпай жазып келсеңер болмок.

Темирбек МАМБЕТАЛИЕВ, Нарын облусу

Булак: “Азия Ньюс”

Кечиккен жаздын илеби...

Ушундай тема менен бала кезде көп жолу ыр жазгым келдиле (Чынын айтсам, «Кечиккен жаз» деген жөнөкөйле темада болчу). Жазып да көргөм. Ошолордун эсте калган бирөөсүн келтире кетейин:

Кечиктиң жаз, кар күрөп карап турам, Кечиктиң жаз, пок күрөп араң турам. Кечиктиң жаз, моюнга суу тамчылап, Сур булуттун астында балаң турат…

Бул саптар жамаачы чапан, жыртык өтүк кийген (ырабочий кийимдерди айтыватам) бала кезде лирикалык жактан боёгу жупуну жазылса дагын, мен үчүн күнү-бүгүнкүдөй сивежий, күнү-бүгүнкүдөй ачуу-таттуу мааниси бар. Ал кезде качан күн тийип, качан жер кургап, качан малкороодон, жампа-поктон арылабыз деп самачулек. Алардан кечээле кутулгандай болгонбуз. Эми кайра сагынып атабыз…

Бүгүн да жаз шыдыр келгиси келбей, өткөн жаз айларда кийген майкасын ийинге илбей туру. Курсак тушунда «табийгый» жыртыгы бар майкесин кийбей туру. Март айын бүтүндөй бепыралга байлап бергени аз келгенсип, апырел да ашуудан ашканына карабастан мурдунан суусу тамчылап, каражан менен сүйлөшкүсү келбей туру…

Быйылкы жыл элибиз үчүн бөтөнчө жыл болот деп өткөндө тилибузурдан бирөө чыгып айтты. Ишенимдүү айтты. Эмнеге деп сурасаңар, ишенимдүү булакка таянып жооп берип коелук – быйылкы күз өзү бир башкача мезгил болот экен дейт. Жашылдын баары Кызыл болгондо, кыска көлөкө узун болгондо, ороктун ою түшүм болгондо Агүйдө алмашуу жүрөткен. Эли-журтту алты жыл чайпалтпай жетектеген ажо ордун кийинки элбашыга, калктүтөргө, журтбагарга мыйзам жолу менен бошототкен. Ошого карата жаз да кечигип аткансыйт, кийинки жазда эми кимиси келет – баш көтөргөнү келеби, же каш көтөргөнү келеби, дегенсип. Эмесе, Мыйзам жолун баткак баспасын, бучкак баспасын, чычкак баспасын. Таза башталып, таза улансын.

Ошо менен быйылкы көктөм негедир кечигип атканына карата, кайра бир сыя-челекке калем тийгизейин, улуксаат болсо…
Кечиксең да, кезиксең да колум мына, Баткагын тазалайын, жолуң мына. Жамаачы чапан калды балачакка Жазында жаткан өзү сонун тура, Жамбаштап жатам десең, тонуң мына…

Булак: “Де-Факто”

Меню