Бүгүн, 12-апрелде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырзаны жана Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юкие Мокуо айымды кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Япония Өкмөтү тарабынан Кыргызстанга, анын ичинде Жалал-Абад облусуна көрсөтүлүп жаткан бир катар багыттардагы долбоорлорго терең ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча Япония Өкмөтү облустун саламаттыкты сактоо тармагынын мекемелерине заманбап медициналык жабдуулар жана аппараттар менен камсыз кылуудагы алгылыктуу иш-аракеттерин баса белгилеп кетти. Жалпы жонунан 2005-2017-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо мекемелерине Япония Өкмөтү тарабынан ар кандай багыттагы долбоорлордун алкагында 566 908 долларды түзгөн медициналык жабдуулар менен аппараттар тапшырылган. Мындан сырткары Бишкек-Ош автомагистралынын 564 км. Сузак районунун Көк-Арт дарыясына гранттык негизде 12 млн. доллардык жаңы көпүрөнү куруп беришкен.
Күн чыгыш өлкөсүнүн – Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ёсихиро Ямамура Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук карым-катнашты дипломатиялык жол менен гана чыңдабастан экономикалык кызматташуу багытындагы иштерге дагы кеңири көңүл бурарына токтолду. Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкие Мокуо айым Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында энелер менен балдардын ден соолугун коргоо жаатында атайын долбоорлор иштеп жаткандыгына токтолду. Бул максатта ЮНИСЕФ тарабынан 2,5 млн. доллар каражат каралган. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алуусуна катышкан КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Япония Өкмөтү тарабынан Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине көрсөтүп жаткан олуттуу жардамдарына терең ыраазычылыгын билдирди.